Сонун тема. Атам жонундо айтуудан тажабайм. Кайсы классымда экенин деле билбейм, бир тантырап ыр жазгам, ошол ыр дагы эле эсимден кетпейт. Ардагымсын,
алтынымсын апаке, салыштырып тенебеймин эч кимге,. Насаатчымсын,
кымбатымсын,
атаке, жол корсоткон илим менен билимге деген. Муну студент кезде да тынбай кайталап айта берер элем. Азыр да айтам, ата-энем бар, мен бармын. Апам - сырдашым,кымбатым атам - насаатчым, кенешчим, сынчым. Менин жасаган эмгегимди, кылган ишимди биринчи атам сындап, атам баа берет. Бала кезде баарыбызды отургузуп алып экзамен алганы ото эсимде калыптыр. Азыр да бир туугандар топтолуп калсак, суроо бересизби деп кулуп калабыз. Эркелеген кезде эркеледим кыздардын эн кичуусу болгондуктан.
Бир гана созунон айттырбай билип туюп турам. Мен учун кийим алыш азыр деле кыйын, ата-энемди ээрчитип алып кээде дагы деле кийим кыдырмайга отом. Башка эжелеримди кой муну кийбе тигини кий дешет да, мага келгенде каалаганымды алперишет, ал гана эмес, менин табитимди билип калганы суйунтот да. Оспурум кыздардын кийимин корсотуп "мына бул болот ээ, сага" деп кээде кулуп калышат. Азыр да жазып отуруп аларды саганып, уйго кетким келди. Кыскасы, атакем энсеген бийиктикке жетем деп журом. Албетте, таза абийир, адал эмгек менен! Кудум алар айткандай акыл менен, тарбия менен. Ардактаар асылдарым, алтындарым аман болушсун деп тилейм.
Атамды жакшы көрөм, аны сагындым!
#22 02 Март 2011 - 19:40
Рахмаат Акжол байке
Аябай жакшы тема ачыпсыз.
Мен да жазып кетсем ичте болгон нерселерди.
Менин атам даарыгер болчу (хирург-стоматолог). Кичинемде үйдө түрдүү даары дармектер тура берчү. Мен да бир күнү бир пакетче ревит витаминин жеп алып үч күн реанимацияда жаткан экенмин. Кичинемде, үч же төрт жаштарымдан баштап атамын жанынан жылбай чоңойдум окшойт, Оооруканадагы бөлмөсүндө даарылаганын көрүп отура берчүмүн. Үй бүлөөдө эң улуусу болгондугума бы же билбейм, айтоор жанында ээрчитип жүрчү. Балык кармаганы чыгат элек атам менен. Ал жакта шашлык, балык кууруп жана бышырып жейт элек, балыкты мындай кармайт, тигиндей ккармайт деп үйрөткөн.
Биз атамдын жумушуна байланыштуу тоо тарапта, кыштакта жашайт элек. ал жерде бир эле мектеп бар эле. Атам мени орусча үйрөнсүн деп тай эжемдикине, шаарга окууга жөнөткөн, аябааай кыйналган, эки деген баа күндөлүгүмдө жаңылык деле болбой калган. Ошентсе да атам анча урушпайт эле, болгону балам оку деп көп айтчу, туура эмес нерселерди аткарсам аябай урушчу, балдардан таяк жесем, атамдан да таяк жечүмүн, кичинемден эле арызданба деп урушканын билем, актанганымды да көргөндө аябай жини келчү, актанба деп урушканынан дале актангандан корком, кечке маалдары белин тебелетчү, анан жомокторду, дастандарды айтып берчү, жети атаңды урууңду бир деп кулакка куйчу, анан дайыма эле он сегизге чыкканыңда үйлөйм дей берчү.
Алтынчы классты аяктап кыргыз түрк лицейлерине экзамен болуп ага катыштырган. Бир нече күндөн кийин жыййынтыктар келгенде, экинчи турга биздин класстан он алты адам өткөн экен, бирок мен тизмеде жок элем, атам аябай кейиген ошондо, ушул бир сынактан өтө албадыңбы деп, жини келгенинен эми айылда окуйсун деп айткан. Бирок бир жумадан кийин мектепке дагы бир кат келген, мен жана бир кыз экинчи турга, эң мыктылардын катарына өткөндүгү тууралуу, ошондо атам аябай сүйүнгөн, экинчи турга барып, экзамен тапшырган соң жүз пайыздык жеңилдетүү менен өткөнүмдү укканда сүйүнгөнүн көрүп мен да сүйүнгөм, университетке тапшырып өткөнүмдө да аябай кубанган.
Атам мага жана башкаларга көп нерсе үйрөтчү, бирок өзүм үйрөндүм дегиле деп айтчу, эмнеге экенин билбейм.
Биз атам менен тамашалашып жүрчү элек үйгө барганымда, тилекке каршы үч жыл мурун каза болду. Бирок дале ошол атам жараткан идеалды көздөй умтулам, атамдай болгум келет. айылга барбаганыма эки жыл болуп бара жатат, барганда бүт баары атамды эстетет. кээде отуруп айылга барганда атам менен муну кылабыз аны кылабыз деп кыялга батып кетем, бирок бираздан соң атам каза болгону эсиме түшөт. Аябай сагынам атакемди, бирок ушундай экен...

Ишенгениң ит болсо,иттин күнүн көрөсүң
#23 03 Март 2011 - 07:34
Журокту сыгасын да э'. Бул жакта отуруп менин ыйлагым келип кетти..
Contra vim mortis non est medicamen in hortis
#24 03 Март 2011 - 08:28
Атаны ким эле жаман корсун? Баары жакшы корсо керек. Мен атам менен досмун! Чогу футбол коруп, пиво ичип дегендей футболистерди согуп коюп отура беребиз. Ата болсун бул дуйнодо.
#25 03 Март 2011 - 18:43
«Кыз киши атасына окшош болсо, бактылуу болот» деп койушат эмеспи, ошондой эле, мен дагы атама окшошмун. Атам дагы, сен менин эле копиямсын кызым, бактылуу болосун, деп калат. Менин атам дагы жакшы кишилердин бири. Бирок, ото эле честный. Коп эле чон кызматтарда иштеди, бирок бир дагы башка элге окшоп байлыкка жугургон жок. Баарыбызды окугула, адам болгула деп, коп айтат. Мени 1чи класска мектепке киргизгени,
жугуруп журуп, ботинкасы жыртылгыча ЖОЖго откозгону эсимден кетпейт. Азыркыга чейин окууга откозгондугун айта берет. Албетте, мен ал учун атама ыраазымын. Ким билет, атам болбосо окубай калат белеем!? Ата-энебиз бизге катуу деле соз айтышпайт, сабагандары деле болгон жок. Ата-энем аман эсен болушсун!
!!! Мен аларды аябаааай жакшы кором!!!
!!
Адам баласы оз бактысынын устаты!
#26 05 Март 2011 - 10:22
Мен атамды аябай сагындымэн жакын адамым атам каяка барбасын артынан калчуу эмесмин 1класстан 9класска чейин ата-энелер чогулушуна атам барсын деп ылачуумун
азыр атам менен суйлошкондо кандайсыз деп аран айтам анан ыйлап тура берем
KG
#27 10 Март 2011 - 21:22
Мен да атамы ото жакшы кором. Бой жеткенге чейин жанында бирге журдум...тоого барса тоого,ойго барса ойго...Ошондуктан да кобунчо уй иштерине аралашпай атамын сырты иштерине кол-кабыш кылдым. Мен окууга келе бергенде атам абдан эле жаман болду...эн жакын жан жолдошунан ажырагандай.
..Эми айылга барганда да мурункудай атамын жанында бирге журо албасам керек...Айылда бойго жеткен кыздарды жигиттер эле эмес мечиттин жанында олтурган чалдар да козу агып карайт эмеспи...
Убакыт - дарыгер
#28 13 Март 2011 - 04:59
Atamdy men da sagyndym okuunu butkon4o janynda jurup andan kiin Bishkeke okuuga ketkenimde jaman boldu ele kantip koshtoshom dep:( andan kop otpoi ele 4et olkogo baryp keleiin degen oiumdu aitkanda aibaiai jaman bolgon osun jalgys 4et olkogo kantip jonotom dep, birok men ary jagynan beri jagynan 4ygyp jurup akyry kondurgom Atam m-n tes ele til tabysham negisi.Ketkenin ketip alyp asyr baryp bir korup kelgenge sar bolup jurom. Uido jurgondo ke4ke tamashalashyp jurup kunubus konulduu ot4u ele, ushu ubakka 4eiin bir dagy jaman sozun uga elekmin.Kee kundoru koshunabysdy korup kal4ym baldaryn kagyp silkip daje urup jatkanyn, oshondo ee Kudai dep koi4um i4imden bisdin atabys ushundai bolboi kalganyna kudaiga shugur dep.
Mamam urushup jatsa boldu emi urushpai ele koi4u ekin4i antpeit dep bolushup ele basyp jurot asyrga 4eiin:)
Korbogonumo 2 jyldan ashyp ketti sagynyp aran ele jurom kusa bolgon jaman turbaiby
Asyr telefondon suiloshsok meni yilabasyn dep nemis4e sozdordon aralashtyryp tamashalap suiloi beret ke4ke, osu dagy yilagysy kelip aran suiloit.
Kudaiym buirusa jakynda baram, osho kun ka4an kelet dep kunumdu sanap jurom bir kun tes otup ketse suiunup koiup.
Ata Enelerge Kudaiym ar daiym den sooluk bersin, oorubai syktabai baldarynyn mandaiynda kulup jainap juro berishsin!
Arstan baike temanysga rahmat jakshy tema a4ypsyz.

Люблю свою пампушку и её папу тоже:)
#29 16 Март 2011 - 22:04
Саламатсыздарбы
Теманын автору Акжол байкеге рахмат.Жакшы тема ачыпсыз.
Атам жонундо айтуудан эч тажабайм.Атам бизге акыл насаатын айтып ушул даражага жеткиргенине ыраазымын.Менин атам дагы жакшы кишилердин бири.
Атам бизди эркелетип оюбуздагыдай кылып остурду.Ата каарын корбодук.Кудайым ата-энелерибиздин ден соолугун чын,омурун узак кылсын!Бактыбызга бар болунуздар.

#30 17 Март 2011 - 00:46
Абдан жакшы тема экен.азаматсын Арстан!мен да атамды жакшы кором.Карып баратат.Барган сайын батасын берип турат.дем алыш кундору телефон чалып суйлошпой калсам издей баштайт.Ата-
энеме ыраазымын жакшы тарбиялап адам кылганына.Кантип алардын эмгегин актаар экенмин.
Күтүүсүз келген бакыттай.
Бир келип кетчи мен жакка.
Бир келип кетчи мен жакка.
#31 23 Апрель 2011 - 21:29
Эхх..кечээ жакында атан ооруп жатып калды деген смс келгенде,жаман болдум озумду коеоорго жер таппай,эч нерсе козго корунбой,жумушта чан тополон кылып жибердим кетем деп,атама звонтетип сурасам жакшымын балам сарсана болбо дегенин угуп озумо аран келдим.
Жаратканым куч кубат берип ата энелерибиз аман болушсунчу, силер биздин жашообузсунар Кудайдан мин мертебе тилеп келеп омурлору узуун болсун,коп жашашсын! !!

О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#32 24 Апрель 2011 - 01:09
Мен да атакемди аябай жакшы көрөм,узак сапарга узатып жатканда мени(европага) ыйлаганын эстесем азыр да ыйлап алам.Атам ушунчалык акылдуу адам экенин биздин тарбиябыздан сезем.Атакем барда мен эч нерседен коркпойм,ата эне менен баланын жүрөгүн ушунчалык байланыштырып койгонуна таң калам.Ата энебиз барда баардык ой тилектерибиздин баары орундалат,алар биздин каныбыз,жаныбыз,
жүрөгүбүз,Азыр ата энемдин мээримине зар болуп жаткан убагым.Алыста болсок да эркелеткенден тажабайт,күндө сүйлөшсөм да кусалыгым таркабайт.Аман болушсун атакелер жана апакелер.
#33 03 Май 2011 - 00:04
Arstan baike jakshu tema achuptursuz,choon raxmat!
Men da Atamdu ayabay sagundum,ayabay jakshu kishi.Uidogu kuzdardan atama en jakunu,en erkesi men bolup ostum.Ayabay strogii kishi bolgonduktan,baarubuzga kattu tarbia berdi,men bolvoile kaljunday berchumun:))koshunalar da tartunushchu,eger biroo bir nerse surap kelse atam anan men jogumda kelishchu eken:)Apam bolso altun da,kuz bala enesine jakun bolot emespi,mende naoborot:)kanday jumush bolbosun birinchi atam menen suiloshom,anan apama aitabuz:)Aitkan sozu eki bolboit atamdun.Kichinekei kezimde ui tapshurmalarun teksherip,kontrol' dogonu menen mektepke ata-eneler chogulushuna barchu emes.Shof``er bolgonduktan bir az jalkoolugu bar ele.Jasanup alup ele shaarga ketip kalchu,kelgeninde sozsuz maga bir nerse ala kelchu,akcha degen uzulchu emes menden,uidon en kop maga berchu:)Uluu baikem chet olkogo ketkeninde men 7-klassta okuchum,anan erkektin ishi but maga juktoldu oshondo ayabay kuinalgam,atam erte menen ketip,kechinde kelchu,ayul jergesinde jashaganduktan talaa ishterine da kop chuga berchu emes.Maga shultap koichu,apam baikush "koi bul kuz bala,talaaga but erkekter chugat,barvait ozun bar" dese ataman murun men "ata shaarga bar beriniz men buturom" dep alup ittei kuinalchumun:)),oshondo talaada olturup alup,erkekko ozu ele chuksa mne bolot dep jaman korup kalchumun:)))Kechinde charchasam da bildirvei,kulup uigo kelchumun:))Atam ayabay ele uraazu bolot ele.Maga kattuu ishenet,ishenichin atkarushum kerek dep ele kuinala berchumun:)Kechinde ayul jergesinde svet ocho beret emespi,svet ochkondo baarubuzdu(6 balasun:) chogultup alup,tabyshmaktardu aitup,tapkandarga akcha berchu priz dep:)anan atam-apam menen chooguu TV korup olturup kalganubuzda,kino korup oltursan balee bolup uyat nerseler bashtalup ketkende "karabagula" dep turup TV nin zvygyn ochurup apam ekoo korushchu,butkondo "emi karai bergile"degeni jakchyda:)))
Dagy bir okuia esimde eken.Bir jolu adatuncha shaardan keldi,uigo mashinasun aidap kirgize bervei ele,meni chakurup aidap uiron deit.Mashina aidagan ukmush jakchy,maga tavulvaile kaldu da:)Aiuldun etegine bir aidap barup kele jatup,avaria bolup keteiiin degenbiz,kopurodon otup kalganda "tormozdu bas,gazdan butundu al dese"men tormozdon butumdu alup gasdu katty basup jiberip mashina oinop ketken,katty korkkonumdan ryl`dan da kolumdu tartup alupturmun,atam toktotup anan ech nerse emes,kuday saktadu dep kulup uigo kelgenibiz esimde,menin bolso jurogum tushup kalgan:))Mektepti butup,shaarga kelgenimde ayabay ele kuinaluptur,sessia butup aiulga barsam "kuzum okubaile koiboisunbu" degenin estep azurga cheiin kulobuz:)azur kudayga shugur kichinekei inim chonoiup jardam beret eken.
Dagy men alus jolgo chugup jatkanda aitkan sozun estep kettim "Kuzum akulun menen bol" dep aitup uzattu ele,atamdun sozun eki kulup bolovu:))azur tez-tez bailanushup turam.Koro elegime 3 juldan ottu,ata-enemdin den-soolugun,omurun kudaydan tileim.Bizdin beshenebizge ar dayum bar bolup,uul-kuzdarunun urmatun korup juro berishsin!Jashasun altunday bolgon ATALAR & APALAR!!!

#34 22 Январь 2012 - 16:29
Ата-эне
Ата-энем деп кылгын жакшы мамиле
Кичиненден багып сени чонойткон
Коп адамдар ата-энесин сыйлабай
Оз бактысын билип туруп жоготкон
Тура калгын алар турса оордунан
Урмат кылгын кармап алып колунан
Акыл-насаат айтып жатса кулак сал
Колдон келсе анын баарын эстеп кал
Милдетин чон ата-энендин алдында
Кутулбайсын ал милдеттен дагы да
Кызмат кылгын ата-энендин козу барда
Отсо убакыт кайталбайсын артка кайра
Алар учун дуба кылгын жаш агызып
Балам деп сен учун жашап келген
Карыганда балам мени баксын десен
Алаканды ата-энене ачкын кенен!!!
Ата-энем деп кылгын жакшы мамиле
Кичиненден багып сени чонойткон
Коп адамдар ата-энесин сыйлабай
Оз бактысын билип туруп жоготкон
Тура калгын алар турса оордунан
Урмат кылгын кармап алып колунан
Акыл-насаат айтып жатса кулак сал
Колдон келсе анын баарын эстеп кал
Милдетин чон ата-энендин алдында
Кутулбайсын ал милдеттен дагы да
Кызмат кылгын ата-энендин козу барда
Отсо убакыт кайталбайсын артка кайра
Алар учун дуба кылгын жаш агызып
Балам деп сен учун жашап келген
Карыганда балам мени баксын десен
Алаканды ата-энене ачкын кенен!!!
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#35 23 Январь 2012 - 01:59
Мен атам менен чогуу тургандыктан сагынбай элемин. Кундо чогуу тамактанып , суйлошуп чер жазып турабыз.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#36 25 Январь 2012 - 03:02
Arstan (22 Январь 2012 - 16:29) жазган:
Ата-эне
Ата-энем деп кылгын жакшы мамиле
Кичиненден багып сени чонойткон
Коп адамдар ата-энесин сыйлабай
Оз бактысын билип туруп жоготкон
Тура калгын алар турса оордунан
Урмат кылгын кармап алып колунан
Акыл-насаат айтып жатса кулак сал
Колдон келсе анын баарын эстеп кал
Милдетин чон ата-энендин алдында
Кутулбайсын ал милдеттен дагы да
Кызмат кылгын ата-энендин козу барда
Отсо убакыт кайталбайсын артка кайра
Алар учун дуба кылгын жаш агызып
Балам деп сен учун жашап келген
Карыганда балам мени баксын десен
Алаканды ата-энене ачкын кенен!!!
Ата-энем деп кылгын жакшы мамиле
Кичиненден багып сени чонойткон
Коп адамдар ата-энесин сыйлабай
Оз бактысын билип туруп жоготкон
Тура калгын алар турса оордунан
Урмат кылгын кармап алып колунан
Акыл-насаат айтып жатса кулак сал
Колдон келсе анын баарын эстеп кал
Милдетин чон ата-энендин алдында
Кутулбайсын ал милдеттен дагы да
Кызмат кылгын ата-энендин козу барда
Отсо убакыт кайталбайсын артка кайра
Алар учун дуба кылгын жаш агызып
Балам деп сен учун жашап келген
Карыганда балам мени баксын десен
Алаканды ата-энене ачкын кенен!!!
Коз жашымдан кол курсамда, эч качан кайтып келбейт!! !!!!! !
Эхххххх....... ..сагындым сизди Атаке...
Билдирүүнү түзөткөн: Barika: 25 Январь 2012 - 03:02
☆Дүйнөдө кымбат, өзүңсүң менин АПАКЕМ!☆
#38 27 Январь 2012 - 02:22
Эхх!! кандай бактылуумун э? атам апам бир тууганым бар!! мен бакыттын баары ушуларда деп ойлойм. мага мындан артык бакыттын кереги жок!!
мен да жашырбай айта алам апама караганда атамды кобуроок жакшы кором,анткени мен атакемдин кызы иним апамдын уулу,биз уйдо ушинтип болунуп алып урушчубуз(ойноп). Атакем асылым,аска зоом атакем ар дайым кызымка,чон эне деп турат ушу убака чеин,айрыкча чон эноов деген созу аябай жагат да,анан да мени манкуля деп коп эркелетчу чоноюп калганымда эле айтпай калды,менин чон энемдин мурду узун манкуля эмес керек болсо мен шаардан айылды коздой жолго чыкканда корунот дечу кичикейимде. .. дайым эркелетет.. атооооов мммм десем болду айтканым айткан дегеним деген аткарылчу.. эсимен эч кетпейт да дайым мектепке баратканда адат эле да акча алмай.атоо акча беринизчи десем апам урушчу кундо эле акчаны алып эмне кыласын деп,аны билген атам апам карабай турса,чон эне акча жок эртен берем деп унун катту чыгарып айтар эле да жашырып баарибир берет эле мен болсо акчаны алып мейли атоов жок болсо эртен берес ээ деп кудундаган боюнча сабака жоноор элем..
анан да атакем аябай тамакты даамду жасайт. чынын айтсам апам 25жылдан бери атам экоо жашашса да апам аш(плов)басканды жакшы билбейт конок келеби озубузгобу дайым атакем басат..
Арстан акем айткандай атакем уйдо бир да согунгон эмес,апама бир да кол которбоптур. бизге да бир катуу соз айтып же урган эмес .мунозу оор басырыктуу аз суйлогон адам,анан жини келгенде жанына эч ким барбайт...
атакем асыл атакем мен сизди аябай жакшы кором. анан да былтыр апмдын айтып кулгонун эстеп кеттим азыр. Уйго жуучулар келсе мени кадимкидей кызганат имиш да,азыр эле алып кетип калчуудай,апам айтат аябай кыжаалат болуп тиги келген кишилерди жактырбай тезиреек кетирбейсинби, кызыбыз али жаш дебейсинби деп байкуш апамдын мээсин жеген экен. апам азырга чеин тамашалап коп мыскылдайт атакемди сага койсо чон эненди эч кимге бербейсин деп
тез тез эле телефон чалып турат,чон эноов кандаайс деп! чын эле куч кубат берип турат кадимкидей. .
ар дайым торубуздун корку болуп журо беришсин апаларыбыз менен аталарыбыз! !!!!! !!!1

Барпылыктар рулит))
#39 06 Февраль 2012 - 07:34
Рыспай Абдыкадыровдун ырларын укканда атамды сагынып ыйлай берем,анткени атамды 2чи Рыспай деп койушат.Ал эми Рыспайдын ырларын мен күндө угам.
#40 09 Февраль 2012 - 15:53
эххххххх Кандай га сонун создор жазылган.....
.ыйлагым келип кетти.....озумдун Атакемди эстеп.....Биздин бактыбызга ата-энебиз тируу,аман болушсунчу.
....Мен дагы Апама караганда,Атакеме аябай жакын элем,ичимдеги болгон сырымды,арыз-
муунумду,бир гана Атакеме айтчумун,эч качан уялып,тартынып,
бир нерсени жашырган эмесмин.Апам кээде тан калчу:"Кыз деген озу апасына сырын айтып,кенеш алат,сен тескеринче Атана айтасын бар жокту уялбай,кыз деген кичине тартынып туруш керек."деп.
...бир жакка барганда Атакемден сурап кетип калчумун,Апам"
эмнеге менден уруксат сураган жоксун?"десе,
"Атамдан сурадым,болот да"дечумун.
..эххххххххх сагындым Атакемди.....
Кээде жанына баргым келет.......бирок Апамды таштап кетуудон корком......Апам учун жашайм.......
Только злые люди, зла боятся!