Урматуу.формчулар менин синдим 11 класста окуйт букуройуп басып журот,туз жур деп да кордум,азыртан эле ушинтип басып калыптыр,сиздерден суурарым кандай конугулорду жасоо керек,кенеш берип койунуздар
Баракча 1 - 1
Белдин бүкүрөйбөшү үчүн кандай көнүгүүлөрдү жасоо керек? Кенеш кутом
#2 13 Февраль 2017 - 14:50
Турник ойносун, жарым жарым саат турникте асылып турса адамдын денеси кичине болсо да түзөлөт...
#3 13 Февраль 2017 - 15:02
мен да 9класста букуройуп басып журдум акыры туз басып турник ойноп устудо бироо айткандай асылып турдум азыр жакшыы эле
#4 14 Февраль 2017 - 17:25
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#6 18 Февраль 2017 - 14:47
Көпчүлүк карыган кезде белдин бүкчүйүүсүнөн жабыр тартып келет. Буга, албетте, жаш кезде ийинди, белди түз алып жүрбөгөндүк,
алардагы ооруларга көңүл бурбагандык себеп болот. Бүгүнкү күндө булардан башка да себептери медицина окумуштуулары тарабынан аныкталган.
Демек, карыганда да түз басууну кааласаңыз,
белдин бүкүрөйүшүнүн алдын алыңыз.
Себептери
– Окуучу кезде партада, же иш убагында дайым бүкүрөйүп отуруу;
– Кышкысын оор кийим кийүү;
– Узун бой, тагыраагы, айрым узун бойлуу адамдар боюнун узундугунан уялып эңкейип жүрүшөт. Бул дагы белдин бүкүрөйүшүнө алып келет;
– Белдин булчуңдарынын алсыздыгы. Бул физикалык активдүүлүктүн жетишсиздигинен болот;
– Денеге ашыкча физикалык күч келтирүү;
– Омуртка арасындагы дисктердин, булчуңдардын туура эмес өсүшү;
– Омурткалардын оор жаракат алышы;
– Грыжа, бел остеохондрозу, кургак учук, рахит оорулары.
Белгилери
– Келбет бузулат. Столдо С формасында отурат жана жатканда да ушул форманы сактайт;
– Белдин булчуңдары бат чарчап, оор жүк көтөргөндө анча билинбеген ооруксунтуу пайда болот;
– Моюн алга карай керилет;
– Дененин бузулушунан бой кыскарат;
– Кол, буттардын булчуңдарынын тонусу азаят;
– Адам көпкө чейин бир орунда отура албайт жана тик тура албайт, таяныч издеп калат;
– Арка тарап улам-улам ооруп оорулуунун тынчын алат;
– Кабыргалар ортосундагы нервдер кысылат;
– Жөн турганда да энтигип, дем алуусу кыйындайт;
– Кээде ички органдардын кысылышынан улам алардын иштеши бузулат: заң, заара кармалбай, көп кекирет;
– Буттардын сезгичтиги азаят;
– Артериалдык кан басымы түшөт;
– Эркектер сексуалдуулук жактан алсыздайт.
Бел, моюн, арканын бүкүрөйүшү илимде кифоз деген термин менен аталат. Статистика боюнча, дүйнөнүн 8-10 пайыз калкы кифоз оорусу менен жабыркайт. Бул дарт бардык курактагы, жадагалса жаш балдар менен өспүрүмдөрдө да кездешет. Ал эми белдин кифозу көбүнчө улуу муундагыларда, өзгөчө аялдарда көп байкалат.
Эмнеге алып келет?
– Белдин бүкчүйүшүнөн улам көкүрөк клеткаларынын көлөмү азайып, дем алуу булчуңдары өз кызматын толук аткара албай калат;
– Дем алуу органдарынын жана жүрөктүн иштеши начарлайт;
– Пневмония, бронхит, жүрөктүн ишемиясы ооруларына дуушар кылат;
– Омуртка арасындагы дисктер кичирейип, кызматын жоготот.
– Жүлүн мээнин түптөрү кысылат жана кан айлануу бузулат;
– Жүрөк-кан тамыр системасынын, тамак сиңирүүнүн иштеши бузулат.
Эмне кылуу керек?
Белдин бүкчүйүшүнүн алгачкы белгилери билинер замат атайын дарылоо көнүгүүлөрүн жасоо менен, белди укалоо жана ортопедиялык корсеттерди кийүү менен белдин кифозунун алдын алса болот. Карыган кезде бир форма калыптанып калгандыктан дарылоо натыйжалуу болбойт.
Белдин бүкчүйүшүнүн алдын алуучу көнүгүүлөр
1. Чалкаңыздан жатып колуңузду өйдө көтөрүп, созуңуз. Бул абалда 20-30 секунд жатыңыз. Андан соң буттарыңызды өйдө көтөрүп басып кетип жаткандай кыймылдатыңыз. Бул кыймылды да 20-30 секунд аткарыңыз. Жыйынтыгында белдин булчуңдары чоюлат.
2. Чалкаңыздан жатып колдоруңузду эки жакка жайыңыз. Буттарыңызды бүгүп, башыңызды оң жакка, жамбашыңызды сол жакка кыйшайтып 20-30 секунд жатыңыз. Андан соң ушул эле кыймылды тескерисинен кайталаңыз. Көнүгүүнү аткарып жатып жай дем алыңыз жана ар бир дем чыгарган сайын арка булчуңдарын болушунча чоюңуз.
<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: "Droid Sans", "Helvetica Neue", "Nimbus Sans L", sans-serif; font-size: 13px;"> 3. Чалкаңыздан жатып колдоруңузду жерге бош коюңуз. Буттарыңызды бүгүп, эки жакка керип, тамандарыңызды бири-бирине бириктириңиз. Андан соң дем алган сайын колдоруңуз менен жерди таянып аркаңыз менен жамбашыңызды өйдө көтөрүңүз. Мындай абалда 5-10 секунд жатып, дем чыгарганда акырындык менен баштапкы абалга келиңиз.
<br style="color: rgb(51, 51, 51); font-family: "Droid Sans", "Helvetica Neue", "Nimbus Sans L", sans-serif; font-size: 13px;"> 4. Чалкаңыздан жатып тизеңизди көкүрөккө алып келиңиз. Дем алып, кайра дем чыгарганда башыңызды тизеңизге тийгизиңиз. Эгер бул көнүгүү оор болсо, ар бир бутуңузду көкүрөккө кезеги менен алып келиңиз.