![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/71.gif)
Бирок азыр не флиртую... Корком
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/crazy-girl.gif)
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/smile.gif)
Мисалы, бир жолу студент кезимде Дордойго барып шым алмакмын. Дагы бир кофта көрө калып аны алып, шымыма акча анча-мынча жетпей калды. Эмне кылышты билбей катарларды кыдырып жүрө бердим. Бир шымды көрүп, аны алгым келди. Кудай жалгап, сатуучусу жаш бала экен. Контейнерге кирерим менен ага жылмайып, чачымды сылап, учурашып, кийимдерди карай баштадым. Ал дагы "Эмне карап жүрөсүз?" деп сурап калды. "Жөн эле кийим карап жүрөм, азырынча билбей жатам. Эмнелерди көп алып жатышат?" деп эле сөзгө тартып сүйлөшө кеттик. Ал дагы флиртти жакшы көрөт окшойт анан акыры тиги шымды кармап эле скидкасы менен алып кеткем.
Билгим келгени кыздардын баары эле өз кызыкчылыгы үчүн флиртке барышабы? Флиртти баары колдонушабы?
Кааласаңар мендей болуп мисал калтырсаңар болот.
Билдирүүнү түзөткөн: Umka220190: 22 Май 2014 - 17:19