baby_k Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 115 (0,04 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (65 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 24 Октябрь 15
- Кароолор:
- 9 484
- Соңку аракети
- 26 Янв 2016 14:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 38 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 7, 1986
- Кызыгуусу:
- Психология жана саякат кылуу.
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Алматы.Казакстан.Бирок,нукура кыргыз.
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Бактымды баалай албадым......
Жазылган күн: 31 Дек 2015
Бул жакта жазылган көп окуяларда,кыз- келиндердин турмушу болбой калганы жөнүндө сурөттөлүштөр көп экен.Ошол үчун дал ушул окуяны бир аз да болсо сабак болсун дээр элем.
Карындашым өтө эрке.Баарынан кичүүсү болгондуктанбы, анын айтканын эки кылбайбыз.Адаттагыдай эле жумушта олтурсам,уюлдук телефонума чакыруу келип калды."Алло" деп жооп кылаарым менен эле,карындашымдын ыйлаганын үнүн угуп,чочуп кеттим."Аксаамаай, эмне болду?Эмне ыйлап жатасың?" дедим мен."Мени эч кимиси жаңы жылдык балатыга алып барбайбыз деп жатышат.Атам менен апам жумушта экен,а Салтанат болсо "барбайм" деди"деген эркелеген карындашым кайрадан уңулдап ыйлап баштады." Болду эми,токтот.Мен коркуп кетпедимби эмне болду деп","Айтсаң, Дастан ага,сен келесиңби?Мени сен алып барасыңбы?" деген үмүттүү үнөн "жок" дей албадым.Макул болуп,ошол эле күнү,Бишкекке жөнөп кеттим.Эртеси күнү,эрке карындашымды жаңы.жылга арналган балатысына алып барганымда, "ата-энелер сыртта күтүп тургула"деп бизди калтырып коюшту.Кичинекейлердин ырдап-бийлегендерин көрөлү деп келген биздин,шаабайыбыз сууп эле,олтуруп калдык.Жанымда сулуучумак келген эже экөөбүз тааныша кетип,кичинекейлер чыккыча баарлашып олтурдук.
Адам менен баарлаша келгенде,дал кызыкттуу тагдырларын уккум келген жайым бар,аны жашырбайм.Эже менен да сүйлөшүп олтуруп,анын бул жашоого каниет алып жашаганы менен,көп кыйынчылык өткөргөнүн сөздөрүнөе байкадым.
Убакыт да келип,кичинекейлер чыккандан,карындашымды жетелеп,таанышкан эже да эки кызын жетелей сыртка чыктык.Суук болгондон "Эже,жеткирип коёюн.Кыздар менен үшүп каласыздар" дегениме кыйылып жатып,макул болду.
Жашоо-турмуштарды кеп кылып олтуруп,өзүмдүн "сырдаш журналист" экенимди айтсам,эже өзүнүн 4 кызы бар экенин,жолдошу менен көп кыйынчылык өткөргөнүн кыйыта түштү.Үйүнө келгенден кийин,байланыш номеримди,электрондук дарегимди берип,"Сырыңызды айткыңыз келсе,байланышыңыз" деп,коштошуп үйгө жөнөдүк карындашым экөөбүз.
Ошол күндөн эки күн өткөндөн кийин эле,дем алуу күндөрүнөн келип,электрондук баракчамды ачсам,белгисиз даректен кат келиптир.Ача салып эле,мен тааныш кыргыз эженин тагдыр баянын окууга өттүм.
"Саламатсызбы, Дастан Эркинбекович! Келе жаткан Жаңы Жылыңыз менен!Сизге ден соолук жана иштериңизге ийгилик каалоо менен бирге,өз жүрөгүмдүн сырын ачууга бел байладым.
Балачагымдан эле кыялым татаал жана оор эле.Апам көп айтчу "Сен бул кыялың менен эч кимге жакпайсың" деп,ал эми университеттин акыркы жылдарында окуп жатканымда, ал сөзүнө "Эми сени ал кыялың менен эр албайт" дегени кошулду.Негедир, апам мени башка балдарына караганда,мээримди азыраак төгүптүр.Дайыма ары өтсө да,бери өтсө да кыялымдын ар бирин санап өтүп,урушаар эле.Көк беттигим менен,көп учурда сүйлөбөй кутулчумун.
Акыркы курстарда окуп жүргөндө,өзүбүз жактык эле жигит менен таанышып жарым жыл сүйлөшүп,баш коштук.Чындыгында, баш кошууга макулдугумду беришимдин бир себеби,бул апамдын сөзүнөн кутулуп,көрүнгүм келгени эле.
Жолдошум Жеңиш жылдыздуу жигит.Бою узун,келишимдүү. Үй бүлөөсүнө карамдуу келип,дайыма эч нерседен кем кылбайт.Экөөбүз бир жылдан кийин эле,кыздуу болдук.
Ошондой күндөрдө эле,жолдошумдун телефонуна чакыруу келип калды.Ал душка кирип кеткен эле.Жооп берээрии менен эле,кыздын назик үнү угулду."Алло, жаным кайдасың?Бүгүн жолугабызбы? "деди."Сиз кимсиз?"десем, "Мен сүйлөшкөн кызы,а сенчи?"деген үнүн угаарым менен эле,телефонду жерге кандай ыргытып жибергенимди билбейм.Башымды мыкчып эле ыйлап кирдим.Бул маалда душтан чыккан жолдошум,жаныма келип,бир телефонун көрүп,баарын түшүндү окшойт.Кийинип алып эле,чыгып кетти үйдөн.Жиним менен кийимдерин сумкасына салып,эшиктин алдына коюп койдум.Бирок, кетпеди.Келип, "Кызым жана сен менин үй бүлөөм.Кетпейм" деди.Уруш чыгарып,кыйкырсам да,болбоду.Ошол күндөн баштап эле көз көрүнө мени алмаштыра баштады.Жадакалса үйгө чейин аны кыздар издеп келчү болду.Кол көтөргөнү да башталды.Бул арада экинчи кыздуу болгонбуз.Батирде турчубуз.
Бир күнү улуу эжем жолдошу менен келип калды.Андан баарыбыз коркуп турчубуз.Айтканы айткан,дегени дегендей болот ал эжемдин.Жениш да үйдө жок эле.Дароо эле ага телефон чалып,эжем келгенин айтсам,жарым саатка жетпей жетип кеоди.Канчалык көзүмө чөп салса да,эжемди аябай барктап,сыйлап өз эжесиндей көрчү.
Ал кирип келгенде эле,эжем бир карады да,ошол бойдон таптакыр ага көңүл бөлбөдү.Аны Жеңиш деле сезди,сезип ал ансайын күйпөлөктөп, мага тамакка жардамдашып, бир кызымды карай калат.Ичимден ага жинип келип,"Ырас эле болот сага"деп турсас да,ичимен унчукпадым.
Тамак ичилип бүткөндөн кийин,жездем экөөбүзгө кайрылып "Кана,эмне кылалы деп жатасыңар?" деди.Жолдошум башын жерге салган абалда бир топко туруп,"Мен жашайм"деди. А мен болсо "Жашабайм. Тажадым"деп бышактап,көз жашымды төгүп кирдим.Жездем бир топ соз айтты."Турмуш оюнчук эмес.Ортодогу эки балага убал болот.Жеңиш, ойноп күлүп жүргөн курактан биз да өткөнбүз.Бирок, эмнеге мындай кылгың келсе,балдызымды алдың?Бул эки чүрпөнү жараттыңар? Ошонун баарын эмнеге ойлогон жоксуң,үйлөнөөрдө? "десе,Жеңиш башын салып олтурду.Эжем да эч бир ооз ачпады.Анын ооз ачпаганы Жеңиш экөөбүздү тең жеп жиберди.
"Ээсиң барда,токтот баарын.Алар сага эч качан жубайыңдан болуп бербейт.Балдарыңды ойло"деген жездем менен эжем сырткы чыгышты.Жеңиш болсо,үйдө калып калды ордунда.Жездем ылдыйга түшүп кеткенден кийин,эжем мага карап "Кетесиңби? "деди,а мен эмне дешимди билбей,ыйлай бердим.бир маалда колумдан булкуп тартып,"Эмне ыйлайсың?Ыйлаган сайын,күйөөң сүйүнүп жатса керек.Боло берет деп жатса керек.Ыйыңды токтот.Көз жаш эмне алып барат билесиңби?Энең же атаң өлгөндөй эле сыздайсың да.Токтот болду.Өзүң таап,өзүң сүйүп тийген жолдошуң болчу.Чыда.Буга чейин да чыдадың.Баары бир жеңесиң бир күнү"деди да,бетимден сүйүп сыртка чыгып кетти.Мен болсл,эжемдин айткан сөздөрүн кайра кайра ичимден кайталап жатып,үйгө кирдим.Ошол күндөн кийин деле Жеңиш бир айдай жакшыраак жүрдү,бирок, кайра эле башталды.Мен баарына чыдап аялдык милдетимди атуарып,түн бир оокумунда келсе да,тамагым даяр,эртең менен кийимдери өаза,үтүктөлүү, кыздарды тыкан кармап жүрдүм.
Канчалык уруш талаш,уруп согуу,көзгө чөп салуу көп болсо,мен ого бетер күчтөнүп,эжемдин сөздөрүн туу тутуп жүрө бердим.
Экм кызымдын ортосу эки жаш айырма болчу,экинчи кызымдан кийин төрт жыл өтүп боюмда болду.Бул учурда жолдошум Жеңиш негедир мурункудай көп баспай.Кыздар бала бакчага,окууга алып барып,жумушун да которуп,көбүрөөк көңүл бура баштады.
Кайрадан үчүнчү ирээт кыздуу болдук.Жолдошум уул күтүп жүргөнүн билчү элем.Жолдошум кошо төрөөтүмө катышып," кыздуу болдуңар" дегенде,"кыз күйүмдүү болот"деп чекемен сүйдү.
Үйүбүзгө бакыттын байрагы кайрадан орной баштады.Жолдошум көп басканын токтотуп,келечекке пландарды түзүп,үй алууга камданып баштадык.Пайдубалын тургузуп,үстүн жапкан жылы биз төртүнчү ирээт кыздуу болдук.
Эки ай өтпөй эле,өзүбүздүн батирдин жанындагы үйдү сатып жатканын угуп,биздин салып жаткан тамыбызды сатып,үсүтен акча кошуп,ошол үйдү алып алдык.Жолдошум да ислам жөнүндө көп китептерди окуп,даваатка чыгып,бир топко өзгөрдү.Мурунку көп баскан,көңүлүмдү ооруткан Жеңиштен. азыр дайын жок.
Ойлоп көрсөм,7жыл анын бул кылыктары менен күрөшүптүрмүн. Азыр,кудайга шүгүр,бактылуумун деп айта алам.Эжем да күйөө баласын кечирип,өзүнүн уулундай эле жардам берип,кеп-кеңешин аябайт."
Назгүл айымдын катын окуп бүтүп эле,жооп жаздым.
"Эже,саламатсызбы? Жаңы Жыл сиздердин үйгө да бакыт,ынтымак алып келсин!
Бул баяныңызды басмага жиберүүгө уруксатпы?" дедим.Жооп бат эле,макулдугу менен келди.Ошол эле күнү,редактор менен сүйлөшүп,басмага даярдалуучу кагаздарга, эженин сөзүнөн алып,"Бакыттын байрагы" деген тема менен,алардын катарына кошуп койдум. -
Темасы: Жардам керек болуп турат.
Жазылган күн: 30 Дек 2015
Менин аталаш агам да аябай иччу.7,8 жыл ичип эле жашап калган.Боорунан, журогунон оору пайда болуп,коп ооруканага тушо баштаган.Наркологго барып,канын тазалатып,бир ай лечение алды.Азыр шугур,ичпей эле турат.Бирок, акчасы аябай кымбат эле.Жана аны 4-5 жылдан кийин бир дарылатыш керекпи ушундай да,дарылар кучтуу экен.
"Экинчи ичсен ден соолугун которо албай олуп каласын" деп врач айтыптыр))Ошондон коркуп журобу дейм. -
Темасы: Үйлөнүү тойдогу кызыктуу окуялар.
Жазылган күн: 30 Дек 2015
Бир туугандарыбыздын баласы уйлонуп калды.Бою пасыраак эле,ошого караппы билбейм,жашы отуп калганда уйлоном деп калды.Чогуу иштеген кызын ала качып келмек болду.Нарынга алып бармак.Баарыбыз "Сон колго эс алып келебиз"деп ал жака бардык,"Эми мындан ары атамдар жайлоодо экен,биротоло бара кетели'' деп кыздын кыйылганына карабай эле алып кеттик.Жакшы эле жайлоого жеттик.Той ошол жакта болмок да.Боз уйдон кошогону коргондо эле,тиги кыз ызы чуу кылып баштады." Мен сени алдап кетет дебегем.сага ишенбедим" беле деп кыйкырынып атып,эптеп атып отургузушту. Эртеси куну ачуу базарга кетээрде,кат жазып берди.Алар барышса,кыздын уйундогулор киргизпей коюшуптур.Кайра аларды ээрчип алып келишиптир тоого.Карангы кирир калган,бир маалда эле уйдун жанына машина токтоп,ызы чуу кыйкырык башталды.Корсо кыздын жигити бар экен жана анын эки байкеси,энеси келип алып боз уйлорду кыдырып кызын издеп журот.Кошогону ачса,отурдум деген кыз жоолук халатын чечип,мурунку кийимдерин кийип туруп калыптыр)))
Тиги куйоо болчуну издеп журушот кыйкырып.Машинасын барып,жигитт бир каттуу нерсе менен терезесин кубуп салды.Таппагандан ызы чуу болуп,алып кетип калды.
Озубуз калгандан кийин,чын эле тууганыбызды издеп журобуз кыйкырып.Бир маалда койлор камалып турган короодон чыгып келе жатат.Корсо ошолордун арасына кирир кетиптир.Бою пас болуп корунбой калат экее.Шылдындап журдук го бир топко чейин -
Темасы: Сөздөрдү чечмелейбиз
Жазылган күн: 30 Дек 2015
AZIK01 (29 Декабрь 2015 - 10:11) жазган:
Бул жерде "Ортоктош болдум" дегенде "Шериктеш болдум" деген маанидн келтирилген го, менимче.
Экоонун мааниси бирдей эле.Болгону мучо уланган.
Менин суроом,огуну коомдук унаада бара жатып,эжелердин "кызым,кооз болуп ооруп калыптыр" деген созун уктум.Бул кандай оору?Биринчи угушум -
Темасы: Үй-бүлө куруу үчүн дипломдун зарылчылыгы барбы?
Жазылган күн: 29 Дек 2015
Комментарийлер
baby_k ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?