Баарыбыз билгендей адамдар 2 түргө бөлүнөт: "барселоначылар"
жана "реалмадридчилер"
болуп. Бул жактагылардын кимиси FCB га кимиси RMA ге жан тартат?
Жана ушул эки кит (акула) - командалардын беттештери жөнүндө ой бөлүшсөк.
P.S. uff, kiril tamgalary menen aran jazdym.
P.S.2 Месси жана Роналду темасы менен чаташтырба
- (82 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Эль-Класико El Clásico
#3 18 Июль 2013 - 07:44
Bul statistikasy eki komandanyn betteshterinin.

--------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- ---------------------- -----------------
Бул жерге түшүндүрмө жаза кеткенди унутуп калыпмын. Эптеп жогорудагы аббревиатураларды кыргызчага котордум. Туура келди болду бекен?
ЧИ - Испания Чемпионаты
КИ - Испания Кубогу
КЛ - Испания Лигасынын Кубогу
СКИ - Испания Суперкубогу
ЛЧ - Чемпиондор Лигасы
КУ - УЕФА Кубогу
КОК - Кубок Ээлеринин Кубогу
СКУ - УЕФА Суперкубогу
ЧМ - Клубдардын Дүйнөлүк Чемпионаты
Тов. - Мындай эле беттеш
Всего - бардыгы

> Mен эл менен <
#4 18 Июль 2013 - 10:35
Shanson, илген сүрөтүңүз түшүнүксүз.
..
Укпайт деп ушак айтпа,
Көрбөйт деп уурулук кылба.
Көрбөйт деп уурулук кылба.
#5 18 Июль 2013 - 11:10
Мен реал мадрид тараптамын.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#7 18 Июль 2013 - 15:00
Негедир ушул эки команда ойносо эле Реалга боорум ооруй берет
Тан атаар да кеч кирер,
Кайран омур эскирер
Кайран омур эскирер
#8 18 Июль 2013 - 15:33
#9 18 Июль 2013 - 15:48
#10 18 Июль 2013 - 23:38
#11 19 Июль 2013 - 21:05
fanat.kg (18 Июль 2013 - 10:35) жазган:
Shanson, илген сүрөтүңүз түшүнүксүз.
..
Сүрөттөгү цифралар команда канча жолу көрсөтүлгөн беттештин түрүндө жеңгенин көрсөтөт. Ничья болсо - бул "тең чыкты" деген кеп. Футбол деген эмне деп сурай көрбө эми.
Ал эми кыскартылган жазуулардын чечмелениши сүрөттүн ылдый жагында жазылган.
> Mен эл менен <
#12 17 Сентябрь 2013 - 23:11
"Молодежный эль-классико болот" деп атышты эле. Билгендер жокпу?
> Mен эл менен <
#13 26 Октябрь 2013 - 18:49
Баарыңар шымаланып Эль-Класикону күтүп жатасыңар анан? 
Бүгүн, 26/10/2013 Маскөө убактысы боюнча 20:00 дө Барселона шаарындагы Камп Ноу футбол стадионунда Испаниянын эки алп командасы беттешет. Бул өлкө чемпионатындагы жылдын чемпионун аныктоочу матч деп койсо боло турган беттешүү. Бул эки команданын буга чейинки беттешүүлөрүнөн маалымат катары бир аз үзүндүнү кыскача болсо да илип койсом.
Бул эки команда 1902-жылдан бери 225 матч ойношуп анын 87 син барселоналыктар жеңсе, 90 ун мадриддиктер утушуп, 48 жолу тең чыгышкан экен. Акыркы жолу ушул жылдын 2-мартында Реал Мадрид командасы каталондуктарды 2-1 эсебинде уткан.
Лига Чемпиондугунун 2001-02 жылкы жарым-финалындагы беттеште РМ барселоналыктарды өз талаасында 2 гол киргизип, Сантьяго Бернабеуданы жооптук беттеште 1-1 эсебинде тең чыгып акыры аягы бул жылкы Чемпиондор Лигасын РМ утуп алган. Бул РМ дин 9-кубогу болучу.
Испания Чемпиондугунун 2008/2009-жылкы сезонундагы 34-айлампасында РМ ди өз талаасында (СБ) Барселона 2-6 эсебинде уткан. Буга чейин РМ ди СБда 6 гол менен уткан эч ким болгон эмес. Булл матчта РМ дин ошол убактагы алптары – Икер Касильяс, Серхио Рамос, Фабио Каннаваро, Кристоф Метцельдер, Гути, Арьен Роббен, Весли Снейдер, Рафаэль ван дер Варт, Рауль, Рууд ван Нистелрой, Гонсало Игуаин дер болгон.
Голду бул матчта реалдыктардан Игуаин менен Серхио Рамос киргизсе, барселоналыктардан Анри (17, 58), Пуйоль (19), Месси (35, 75), Пике (83) киргизген
2010-жылдын 29-ноябрында Жозе Моуриньо жетектеген жана Криштиану Роналду баш болгон РМ командасын “Барселона” Камп Ноуда 5-0 эсебинде уткан. Ох, кандай гана матч болду эле! Эмоцияга толгон бул беттеште калыс 12 сары жана 1 кызыл кагазды чөнтөгүнөн сууруп чыгышка мажбур болгон. Голду Хави (10), Педро (18), Вилья (55, 58), Хеффрен (90) киргизишкен. Ушул эле жылы жооптук матчта (16/04/2011) эки команданын лидерлери Роналду менен Месси пенальтиден бирден гол жаратышкан.
2011-жылдын 20-апрелинде Королдун Кубогунда кайра бет келишип оюндун кошумча убагында Анхель Ди Марионун берген пасы менен Криштиану Роналду гол согуп үч жылдык жеңилүүлөрдөн кийин РМ командасы барселоналыктарды жеңген.
2011-жылдын 27-апрелинде жана 3-майында эки команда Чемпиондор Лигасынын 2010/2011-жылкы жарым финалында бет келишип Сантьяго Бернабеуда Месси 2 гол киргизсе, Камп Ноуда 1-1 эсебинде тең чыгышкан. (Барсадан Педро – Реалдан Марсело). Бул беттештердин жыйынтыгында чемпиондуктан андан ары Барселона жолун улап Манчестер Юнайтед менен ойноп, аны 3-1 эсебинде Лондондо уткан (Педро, Месси, Вилья).
2012-жылдын 21-апрелинде Реал Камп Ноуда барселоналыктарды 2-1 эсебинде утуп өлкөнүн бул жылкы чемпиондугун илип кеткен. Голду реалдыктардан Хедира жана Роналду, ал эми каршылаштарынан Санчес киргизген). Барселона Реалдан 9 упай артта калган. Реал бул жылы сезондо 100 упай топтоп, 121 гол киргизип жана 38 матчта 32 жолу утуп өзгөчө рекорд койгон.
2013-жылдын 26-февралында Испания Кубогунун жооптук беттешинде Реал Камп Ноуда каршылашын 3-1 эсебинде уткан. «Бул матч Роналдунун Пикени жана Ди Мариянын Пуйольду жаш баладай алдап кеткени менен эсте калды», - деп айтат телекомментатор. Ал эми эки күн өткөндөн кийин өлкөнүн чемпиондугунда Реал Мадрид өз талаасында барселоналыктарды 2-1 эсебинде кайрадан утуп алган.
Эң ири эсеп 1943-жылкы өлкө чемпиондугунда Реал Мадрид командасынын каршылашын 11:1 эсебинде утканында катталган. Кызыгы Барселона 1 голду 89-мүнөттө гана киргизгенге үлгүргөн.
Мына ушундай бул эки алп команданын кыскача беттеш тарыхы.

#14 26 Октябрь 2013 - 18:51
Менин жекече божомолум боюнча бүгүнкү беттеште Реал Мадрид командасы утат же тең чыгат. Бул жылкы Реал Мадрид күчтүү эле келе жатат. Барселона дагы өз репертуарында акыркы матчтарда эле тең чыгып калганы болбосо буга чейин баарын утуп келе жатат. Эми, көрөбүз.
> Mен эл менен <
#15 26 Октябрь 2013 - 19:28
Menin oium4a ten 4ygu bolso kerek ekobu ten mykty buirusa korobuz emi
#18 26 Октябрь 2013 - 21:28
Мен ушул оюнду корбой калат экенмин да.Азыр жумушка кетемин.Кантсе да Реал утса экен.

- (82 бет)
-
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »