Мезгил бизге багынат Мезгил бизге багынат
#42 27 Июль 2018 - 20:43
Конбой кайда бармак? Айылдын тумон туйшугу, кайнененин ар кадамын карап турганы, кайнатанын салынкы кабагы, эртеден кечке тугонбогон жумуш Маралды бир топ чарчатып койду. Аппак жузу кунго куйуп, колдору чор болуп жарылып кетти. Озу да илмийген жаны, биротоло кичирейип, арыктагандан арыктап баратты. Окуусун да, жумушун да унутту. Кундо эртен менен эрте турат, ал учун, ар куну ар турдуу кызмат даяр болот. Ун чыгарбай ойго батып журуп, жумуштарын бутуруп журо берет. Кечке куткону, жолдошу!
Анын эшиктен "жарк"эте кулуп, кирип келе жатканын коргондо, бардык туйшугу унутула тушот. Экоо божурашып суйлошуп, тун бир оокумга чейин укташпайт.
Адилет жумушка орношту. Эртен менен кетип, кечирээк келет. Ал айылдын жашоосуна кичинесинен конгон эмеспи,жумуштан келээри менен жубайына жардамдашат. Колунан келбесе да тырбаландап, короодо бирдеме жасамыш болуп жургон Маралды коруп, бир жагынан аяса, бир жагынан ага болгон суйуусу кучойт.
Уйдогу мындай адамды кысып туруучу абал, экоонун маанайына кантип таасирин тийгизбей койсун?
Тамакты да унсуз ичишет, уйдо болгону торт эле жан. Ата'энеси дулдуюп суйлошпойт. Тез'тез тамактанып ордуларынан, этегин кага туруп кетишет. Мындайда Маралдын журогу сыздайт. Анын коз алдында, ата'эне менен перзенттин ортосу сууп барат. Ичтен ушкуруп тим болот. Адилет да ашыкча суйлобойт. Кээде ал атасы менен озунчо калганда, кайнатасынын уну бийик чыгып, столду "тарс" эттире муштаган унун угат келинчеги.
Абал оор!
Мындай шартта кантип экоо кенири жайнап журо алышмак. Мындай абалдан чыгуунун, бир жолу табылышы керек эле го? Кантип эле жолу жок болсун?
Кечиндеси жатаарга келгенде гана кичине конулдору которулуп, сырттагы кайгынын баарын унута тушушот. Марал гана чыдабай, айтып жиберет:
-Адик, балким туура эмес кылгандырбыз?
-Эмнени?
-Аларды коруп, мен кыйналып кеттим!
Адиги жооп бербей, созду башка жактан баштайт:
-Келчи озумо! Келинчегин кучактап, бетинен'мойнунан аймалап ооп кирет:
-Оохх мынча жыттуусун!
Жаштыгы денесине батпай чытырап, алоолонгон оттой болгон эки дене бир боло, махабаттын туу чокусуна чыгып, кумардын лазаттуу колуно карай, чабак урушат:
-Эркем, асылым!
Шейшепти уучтай кармаган Марал, жолдошунун чачтарынан сылайт:
-Жан биргем!
Эртен менен эрте ойгонгон Адилет, узун чачтары жаздыкка тогуло, бышылдап уктап жаткан ашыгын коруп, бир жагынан тагдырына ыраазы болот.
Ананчы? Кандай кырдаал болбосун, журок суйгон тугоюндун жанында, бейкапар уктап жатканын коруунун озу бакыт эмей эмине?
Шыбыш алдырбай ордунан туруп сыртка чыкты. Озуно, Маралга тийиштуу жумуштарын жасап,жумушка даярданды:
-Айымын тура элекпи?
Жалт караса апасы экен:
-Турду!
-Эмне озун жасап журосун буларды, кана озу?
-Менин кийимдеримди утуктоп жатат!
-Деги эмне мынча ожорсун сен?
-Апа баштабачы суранам?
-Озуно ушундай турмуш жагып жатабы айтчы?
-Жагат! Болду да эми, эмне кереги бар?
-Сайкалга уйлонсон, ушунча нааразычылык болмок эмес. Атанын да ачуусуна тийбейт элен. Эмнеси жакпайт анын?
-Апа, ал менин карындашым да?
-Ооба, бирдеме десен эле ошентип кутуласын! Кайдагы суйууну деп?
-Кереги жок!
Адилет маанайы тушо ичкери кирди. Эшиктин ачылган унунон Марал чоочуп ойгонду:
-Кап, уктап калыптырмын го?
Анын кебетесин коруп, Адилет кулуп жиберди:
-Уйкучум, турдунбу?
-Эмне ойготуп койбодунуз?
-Уктап алсын дедим, шашпай эле чыгабер, мен бутуруп койдум жумуштарынды!
Марал жолдошунун моюнуна асылды:
-Озумдун Адилетим да ушу!
Адилети да жооп кайтарып, жузунон кайра'кайра ооп алат.
Конул чиркин, кичинекей созго да коколоп учуп кетет, негизгиси ошол созду, чын дилинден арнай алсан?
Турмуш болгондон кийин баарыбир оош'кыйышы болбой койбойт тура! Баканы деле бассан, "бак" деген ун чыгат го? Жаны козуно корунуп калган кундору, Марал канча жолу коп созду айтып жиберейин деп, озун арандан кармап калат. Болмого жалгыз кирип, ыйлап'ыйлап алат. Кайненесинин мындай мамилесине оз апасын куноолойт. Анткени бир жолу анын:
-Бир уулумду апасы азгырып, эми кичинемди, кызы башын айлантып алганын кара! Окшошкон албарстылар, деги ушулардын эмнесине арбалды экен, байкуштарым? Шерменделер! деген созун уккан болчу.
-Балким ошондо апам, атамды таштап кетпегенде баары башкача болоор беле? деп ичинен сызат.
Бирок тушунбойт, канчалык ойлонгон менен, оюнун тубуно жетпейт.
Эмне учун Жылдызбек байке бул уйго басып келбейт, баарыбир оз ата'энеси го? Адилеттен сурагандан, ачыгы тартынды. Озу анын абалы да конул жылытаарлык эмес.
Бурма Адилетке канчалык каршы болуп, келинин кор тутпасын, конулун калтыра суйлоп, болоор'болбос нерседен кыйкым таап урушпасын, жумуштун да оорун Маралга жасатпасын, келин кирпигине кир жугузбады. Дээринде бар жан эмеспи? Бара'бара чыйралды. Эрте туруп жумушун бутургонду, мал караганды, чарбак тазалаганды уйронду. Тамактын, таттуунун турун жасайт. Керээли'кечке бир жаны жай алып, бир орунга отурбайт.
Адилеттин досторунун кобу шаарда иштеп, ошол жакта жашашчу. Ал болсо, жумушуна эле барып келбесе, дээрлик башка жака да чыкчу эмес. Марал жолдошунун акылдуу, копту билгенин баалачу. Ичинде аны, "мунун орду айылда эмес, дагы да коп билим алып, чет олколорго чыгып, кесиби боюнча иштеши керек"деп ойлой беруучу.
Бугун кунго дем алыш! Адилет да уйдо. Ата'энеси шаарга кетишкен. Кайненеси Маралды чоп жыйнагандарга нан жаап,Адилетти нанды ошолорго жеткирууну буюруп кеткен. Чон мискейге толтура жуурулган камырды ачытып, нан жасады келин.
Адилет ысыктан качып жанына кирди:
-Өөх иий, чарчап кеттим, кичине кыйшая турайынчы?
Марал адатынча эркелей кетти. Озу буларга уйдо эч ким жок болуп калса, кадимкидей майрам боло тушчу:
-Адикоов, менин тандырым даяр болуп калды, журу нанымды которуп алып чыгып беринчи?
-Карыганда калжандатканын тук жакпайт да?
-Журсонуз эми?
-Озун эле алып чыга берчи, кичине жатканымды да эмне коро албай жатасын?
-Болунчу эми, тандыр муздап калмак болду?
-Офф, чыкпаган кирине экенсин сенчи?
Марал бултундады :
-Озум эле алып чыгам макулбу? Шашпай турун, экинчи сизди, "сиз" деп чакырбайм.
Келинчегинин кебетесин коруп, каткырып кулду Адилет.
Нанды бышырып болуп, уй тарапка баса берген келин, капыстан туйулуп отура калды:
-Ади?
Адилет коркуп кетти, шашкалактап жетип барды:
-Марал эмне болду?
-Ичим, иччиимм!
Ону бозоруп, эрдин кесе тиштеп, буттарынан куч кетип калды:
-Мен азыр.
Унаасын айдап келип, Маралды артка отургузуп, газды басты:
-Эмне болду каерин? Мени коркутпа эркем?
Келинчеги жооп бербеди.
***
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 27 Июль 2018 - 20:49
#45 28 Июль 2018 - 23:57
#46 29 Июль 2018 - 14:35
Жабалактап чуркаган дарыгерлерди карап, эмне дээрин билбей туруп калды Адилет:
-Эмне болду, Маралга эмне болуптур?
Жашы элуулорду таяп калган, жазы мандай дарыгер тынчтандыра суйлоду:
-Баары жакшы уулум, биздин мындан башка жолубуз жок, келинчегиндин жатын тутукчосунун (труба) бирин кесип салууга туура келет!
-Эмне учун?
-Кээде ушундай жагдайлар да кездешет бизде, уруктук жатынга жетпей, ошол тутукчого бутуп калат (внематечная беременность).
-Озучу, озуно эч нерсе болбойбу?
Адилет чебелектеп жиберди:
-Кудай буйруса баары жакшы болот,кабатыр болбо!
Башын мыкчып, чоголой отуруп калды. Эми мунусу эмне болду? Эмне учун озун деп, ал жабыр тартып жатат, ушундан коро озу ооруса болбойт беле?
Жадырай кулуп, ар дайым эркелеп жургон жубайынын, азыр операция столунда кескилеп жатышкандарын элестетип, заманасы куурулуп кетти.
Ушундайда убакыттын отпогонун айт! Саат жебеси да ордунан жылбай, токтоп калган сыяктуу!
Чекесинен тер чыккан, азыр эле озу менен суйлошкон дарыгер аял чыкты. Адилет анын оозун, умуттуу тиктеди:
-Эже Марал жакшыбы? Эмнеге мындай болду?
-Жур уулум, ичкериден суйлошолу!
Анын болмосуно кирип, бет'мандайынан орун алды. Колун жууп, коз айнегин колуна алган ал ордуна отурду:
-Келинчегиндин абалы жакшы, операция ийгиликтуу отту. Наркоздон ойгоно элек. Себептери коп, бири озун суукка коп урунтуп алат,дагы бирине организминдеги башка оорулар себеп болуп калат. Негизгиси Жараткандын буйругу да?
-Эми эмне болот эже?
-Мындай шартта, белгилуу убакытты, кесе айта албайбыз. Балким бир жылдан кийин балким беш жыл, болбосо андан да узак,же мындан да эрте бойго бутуп калуусу ыктымал. Бир тутукчо менен балалуу болгондор, медицинада андай деле "керемет" эмес. Балалуу болгондор толтура, болгону сабыр кылып, озунун денсоолугуна жакшы кам коруп, дарыгерлердин айтканын туура аткарса эле, балалуу болот!
-Канча убакытта озуно келет?
-Озуно келгени эмес, жарааты буткончо, озун абайлап кароосу маанилуу уулум!
Дарыгер менен коштошуп, керектуу нерселеринин баарын алып берип сыртка чыкканда, кун кечтеп бараткан болчу. Телефонун караса,атасынан бир нече жолу чалуу келиптир. Кайра чалбады.
Рульга обоктоп отура берди. "Эми балалуу болбой каламбы?" деген сезим болгон жок. Ал жон гана кызды аяп жатты. Буулугуп ыйлагысы келди.
Атасы менен апасы укса жакшы соз айтпайт албетте. Дагы конулун оорутушу турган кеп.
Куугум'талаш уйго кирип барды. Апасы алдынан утурлай чыкты:
-Эмне бар'жокту ачык калтырып коюп, уйдо жоксунар, тиги кайда?
Адилет конулсуз жооп берди:
-Ооруканада!
Атасы созго кошулду:
-Эмне болду?
-Ооруп калды!
-Эмне болуп ооруп калат, айтпайсынбы маалкатпай?
-Бир кун жок болсок, эмнени баштадынар дагы?апасы да туурадан чыкты:
-Боюна туура эмес буткон дешти дарыгерлер, ошону алып салышты!
Бурма коздорун чекчейтип туруп калды.
-Абалы жакшыбы ?
-Ооба, эртен менен келгиле дешти!
Жакшы соз куткон болчу Адилет. Апасынан эмес, атасынан кобуроок куткон. Бирок эч нерсе дешпеди экоо тен.
Болмосуно кирип жатып калды.
Кайдагы уйку?
Туну менен ойлонуп тан атырып жиберди!
Эртеси келинчегин коргону бармак. Атасы эч нерсе болбогондой атын минип каякадыр кетти. Апасы казан'аягын кармап, баласына конул да бурбады. Баласы эч нерсе деген жок, деген учурда да угаар жообу дайын болчу.
Палатага кирсе, эрди кеберсип, ону бозоруп жаткан экен Марал. Коздору адатынча мундуу жылтырайт. Адилетти коро сала, обдула калды:
-Келдинби?
Адилет унчукпай келип эле, жубайынын мандайынан ооп, кумарлана жыттап алды:
-Мени коркутуп жибердин!
-Кечирчи!
-Эч нерсе эмес, сенин жанымда жургонун бакыт!
-Ади?
-Ов?
-Эми балалуу болбой калабызбы?
-Эмнеге андай дейсин, эрте эле умутунду узбо, баары жакшы болот дешпедиби доктурлар?
-А балким?
-Эч качан, уктунбу эч качан! Экинчи укпайын! Озунду кандай сезип жатасын?
-Жакшы элемин, бугун жумушка барбадынбы?
Адилет созду буруп кетти, антпесе дагы капаланып калчу создор айтылмак:
-Сен кыз мени, эми чындап эле "сен" деп алдынбы?
Марал алсыз жылмайып алды:
-Озундон кор, менин айтканымы аткарганында болот эле?
-Муну кара!
-Таарындынбы?
Адилет ансайын жакшы коруп кетти аялын:
-Жок таарынбайм, "сен" десен эле, бир жерим кемип калат беле, аман болсон болду мен учун!
Маралды уйго чыгарып келгенден тарта, Адилет озу карап жатты. Танылган жерин, бат'баттан алмаштырып туруу керек экендигин айткан дарыгерлер.
Оор жумуш жасатпай, колунан келишинче комоктошот.
Кыздын апасы ооруканага барып коргон бойдон, кайра коро албады. Айылдагы уйго бара алмак эмес. Кызынын абалын коруп, озун ичтен кемирди. Маралдын да тетири карап, коп суйлобой койгону андан бетер катуу тийди. Ыйлап алып, кайра артына кайтты.
Бурма келининин тынбай, бардык жумушту жасап жургонуно коно тушкон экен. Бир нерсе десе акыбалы бул болсо, эмне дээрин билбей жини келип журду.
Маралдын кысылганын айт! Озун тике алып журо албай, копко кыйналды. Ошентсе да эрте туруп, куйоосунун жумушка кийген кийимдерин даярдап бергенге жарайт. Кобуроок басып койсо да башы тегеренип, шалдырай тушот.
Бир куну жараатын алмаштырып танып алайын деп убараланып жатса, сырттан кайненеси кирди:
-Жат, мен танып берем!
Келин унчукпай чалкасынан жатып, ичин ачты. Бурма дарысын алып, суйкоп кирди. Анын олдоксон кыймылы, келиндин жанын оорутуп жиберди,ошентсе да козун жумуп, тиштенип турду. Кесилген жери бутоюн деп калган болчу, эмнегедир канап кетти. Кайненеси суйлонуп алды:
-Ушунча да кесишеби ботом, мунун качан бутот эми?
Унундо аягандыктын эмес, жек коруунун,ызалануунун белгиси бар эле.
Марал ичинен коркуп жатты. Ал катуу суйлогондон коркчу кайненесине. Капыстан Адилет кире калбаганда, эмне болот эле ким билсин?
-Апаа, эмне кылып жатасыз?
-Дарысын коюп берейин дегем.
Адилет шаша, дарыны колунан ала койду:
-Акырын суртуу керек да муну, каранчы, канап кетиптир?
Бурмага табылбай эле калды. Колундагысын кекете столго таштады:
-Ме, озун кара анда? Дегеле куйорман болуп чыга келет, какмар! Мунусун мен кескилеп салсам дагы.
Апасы чыгып кеткенден кийин, Адилет шашпай жараатты танды:
-Кызык элесин сен, оорутуп жатат апа, акырыныраак деп айтпадынбы?
-Корктум.
-Эмнеге?
-Азыр сага айткан созду мага деле айтмак!
-Баарыбир айтышын керек болчу, апамды бугун коргон жоксун го!
Мындай кундордун далайы отту. Марал айыгып, кунумдук тиричиликке кадыресе кирише баштаганына коп болду. Куйоосунун ата'энеси менен тил табыша албай кыйналып жатса да, Адилет менен мамилеси абдан таттуу болчу! Аларга мындай тоскоолдуктар таасирин тийгизе албоочудай эле.
Айызы кечиккен сайын улам кубанып, балалуу болууну кутуп журду. Кээде чындап эле бирдемелерди конулу каалап, жегиси келип, туруп алчу. Мындайда Адилет кундо жумуштан, келинчеги каалаган нерсени которо келчу. Тундо тошокко жатканда, башына коюп алып жечу.
Экоо заматта кыялдарга батып кетчу:
-Айтчы биринчиси уул болсо жакшыбы, же кыз?
-Кыз дечу Адилет:
-Эмне учун?
-Кыз бала атасына мээримдуу болот дешет го?
-А мага уул!
- Себеп?
-Билбейм, мен кичине кезимден бери эле уулдуу болом дей берчумун!
-Уул болсо деле боло берет, мага шерик болот да?
-А сенин шеригин бар го Жылдызбек байке?
Адилет копко унчукпай, анан жооп берди:
-Туура! Ал мен учун баарынан кымбат адам. Мен ага, эки дуйнодо тен ыраазымын!
-Эмне учун ал уйго келбейт Ади?
-Менделе анын келишин абдан каалайм, атам менен мамилеси жакшы эмес, балким ошол себептендир?
-Сага айтпады беле себебин?
-Жок, кел болду уктайлы, коп суйлоп баратасын!
Создору ушинтип туюк бутуп калчу. Келин ичинде бул нерсеге апасын куноолоп, кайра ал оюнан озу коркуп кетти.
Бирок кийин, айызы келип калып, маанайы тушуп, эки'уч кун тилден калат келин. Муну жолдошу да тушунот. Конулун которуп, кечке жанында болот.
Бактылуу мунотторго, капачылыктарга, келишпестиктен уруша кетчу кундорго толгон жылдар, бат эле зуулдап отуп кетти. Маралдын "балалуу болсом" деген, ак эткенден так эткен тилеги орундалбай, умуту очуп баратты . Же муну ата'эне деген жандар тушунбойт. Чындап эле, "ата'энени нааразы кылып, бактылуу боло албайсын! "деген создун чындыгы бар окшойт?
Канчалык аракет кылбасын, кайненесинин келинге болгон мунозу жумшарбады. Марал деле темирден жаралган эмес да, ал деле ысык жан, жылуу мамилеге муктаж болот?
Жаз келип калган убак эле. Адилет уйдогу мал'жандыктарды тоодогу малчыларга берип келуу учун, тоого кеткен. Ал уйдон алыстаса эле журогу кысыла тушот келиндин. Бул жолу да кыйылып коштошту.
Кечки тамактын камылгасын коруп, учоо дасторкон четине отурушту. Кысынып, экооно чай куюп берди келини. Кабагынан жактырбаганын билдирсе да, эч качан бетине суйлобогон кайнатасы тамагын кыра соз баштады:
-Ушунча убакыт отту, жетерлуу деп эле ойлойм, биздин сабырыбыз да чегине жетти. Же балалуу боло албасанар, же башка болбосо,кантип жашоо улансын мындан ары?
-Ата?
-Акырына чейин ук, созумду болбой!
Адилет барында да айтсам болмок бул созду, бирок жогу да жакшы болуп турат. Силер айткан ошол суйуу менен эле бардык нерсени чечууго болбойт, же ушундай турмуш озуно жагып атабы айтчы?
-Мен сиздерди капа кылчу дагы бир нерсе кылдымбы ата?
Келиндин коздоруно жаш айланды:
-Жок, мен Адилеттин ушул бойдон отуп кетишин каалабайм, сен баш тартпасан ал озу сени коюп жибербейт. Эстуу жансын, озун ойлонуп бир чечимге кел!
Атасы ордунан туруп кетти. Заардуу тиктеген кайненеси "лам" деп ооз ачпады.
Ашканада жалгыз калган Марал, унсуз ыйлап жатты. Жок дегенде бир ооз, "кызым" , же "Марал" деп атынан айтып койбогонуна кейиди. Дилинде ушул нерсеге даярданып жургон. Адилеттин да кыйналып жургонун сезген. Демек, ушул жерден айрылышат!
Кантип? Эми андай жанга жолугабы жокпу? Албетте жок! Адилеттей инсан бироо эле ал учун!
Бирок мындан ары, курошууго дарманы калбады. Умутсуз согуша бергенден эмне майнап чыкмак, андан коро женилип бергени пайдалуурак эмеспи?
Болмосуно кирип керектуу буюмдарын гана алды. Бир чекитти тиктеген бойдон отура берди. Эстеп корсо, Адилет менен откоргон кундорунун дээрлик бардыгы, суйууго оролгон, сезимдерге чулганган экен. Бир да конулун оорутчу соз айтпаптыр. Бул жылдар омурундогу эн бактылуу жылдар болуп, туболук эсинде калат.
-Кечир жаным! Мен сени суйбой калган жокмун, мен чарчадым!
Балким ушул жол экообузго тен туура жолдур? Мен окунбойм, эч нерсеге окунбойм!
Тан атканча кирпик какпады. Адатынча чачын тобосуно туйуп, сырты кийимин кийди. Уйдон акырын чыгып, артына бир карады. Эрксизден жашы кулап баратты.
Эмне кылсын бул деле, эгер башка жолу болгондо, кетпейт эле го?
Жолду катар бетин басып ыйлап баратты. Журогунун бир узуму ошол тоо арасындагы айылда жайгашкан, чон уйдо калды. Ичинен мин кайталап Адилеттен кечирим сурады.
Шаарга келип, эч кайда бурулбай эле, Ошко кетчу унаалардын жанына барды:
-Байке Ошко барасызбы?
-Ооба ооба, азыр бир адам алсак кетебиз, кел отур карындашым!
Апасына кайрылгысы келбеди. Туура чон энесин коздой жоноду!
Тосуп ал мээримдуу эне! Тагдырдын сыноосуна чыдай албаган неберен, сенин мээримине зар болуп, санаадан саргайып, сен тарапка баратат!
****
#47 29 Июль 2018 - 14:50
-Балам?
-Энеке!
Кыз ушул жытты канчадан бери сагыныптыр. Энесин кучактап эле ыйлап жиберди:
-Сагындым сизди!
-Мээнетинди алайын кучугум, деги амансынбы?
Башынан суу тегеретип, этегине чалына жалбарып тосуп алды. Эки иниси бойго жетип, бири оз алдынча уйбуло кутууго жетишиптир. Атасы мандай чачын ак аралап калганы менен, ошол бойдон кайраттуу. Чон атасы мындан бир жыл мурун дуйно салган эле.
Атасынын аялы жаркылдаган жылдыздуу жан экен. Ортолорунда бир уулу бар. Кабагым'кашым дебей чайын коюп, конок камылгасын корду.
Ашыкча созду эч кимиси суйлогон жок.
Качан гана баары оз ордуна жатып, Марал энеси экоо жалгыз калганда небереси баарын айтып берди.
Эшиктен жалгыз кирип келгенде эле эне журогу бир жамандыкты туйган. Кызынын кокулунон жыттап, кучактап жатты:
-Ыйдан пайда жок, ыйлаба! Жатып эс ал,башка тушконун коз корот, азырынча журо тур, сабырдуу бол балам! Калганын кийин суйлошобуз.
Оз ата'энендин уйу кандай жакшы!
Кыз энесин кучактап, бар туйшугун унута мемиреп уктап баратты.
..
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 29 Июль 2018 - 14:52
#48 29 Июль 2018 - 15:18
Адилет апасын тиктеген бойдон туруп калды:
-Эмнеге кетет?
-Мен кайдан билем эмнеге кеткенин?
-Бир нерсе дединизби?
-Эч нерсе дегеним жок, бирдеме болсо бизди куноолой бергенден уялбайсынбы Адилет?
Адилет эч нерсени уккан жок. Ишенгиси келбей, анын бир соз айтпай баса бергенин акылына сыйдыра албай турду:
-Эмнеге мындай кылдын? Сен чегинсен мен жалгыз калаарымды ойлободунбу, акылсызым десе!
Атасынын кыйкырганын, апасынын безилдегенин укпай, кийинип жолго чыкты.
Туура Жылдызбектин уйуно барды. Эшиктин тынымсыз такылдаганынан, байкеси шаша эшикти ачты:
-Адилет?
-Марал кайда?
-Эмне деп жатасын, Марал эмнеге бул жака келсин?
-Байке?
-Кир ичкери!
Инисинин кебетесин коруп, бир кездеги озунун абалын эстеди. Жаш болгон экен, коп нерсени ожорлукко салып женчу. Озун жазбай тарткан инисине бир чети капаланып турду:
-Эмне болдунар?
-Жок ал, мен тоодон келгенче кетип калыптыр!
-Атамдар бир нерсе дешкендир?
-Албетте да, Адилет жок болсо ошону кылышат да?
-Озунду басчы!
-Байке, мен ансыз жашай албайм, тагыраагы жашагым келбейт.
-Адилет озунду бас дедим!
Ангыча эшиктен Маралдын апасы кирди. Адилетти коруп кабагы бурколо тушту:
-Апа Марал келбедиби?
Адилет чыдабай кетти окшойт. Апасы кутпогон болчу:
-Марал? Маралга эмне болуптур?
Жылдызбек адатынча токтоо тушундуруп кирди:
-Озунду этияттасанчы алтыным!
Алтыны колдорун ушалап отуруп калды.
Кызынын кыйналганын эне деле сезип жургон, бирок жардам бере албаганынан ар дайым санаа тартчу.
Оюна бир нерсе тушкондой, кимдир бироого чалып кирди. Бир топ суйлошуп, трубканы койду:
-Марал ал жака барбаптыр!
Адилеттин айласы кетти. Эми кайда барат.
Шаарда, Маралдын бирге окуган достору, кесиптештеринин баарынан сураштырды. Жок!
Атасы улам Жылдызбекке, озуно чалып , чакыра бергенинен, айылга кайтууга аргасыз болду.
Ал жерде деле копко тура албай койду. Колуна иш барбай, жинди немедей, бир жерди тиктеген боюнча отура берет. Атасынын бир да созу кулагына кирбеди.
Маралдын дайынын таптырбай кеткенине бир чети жини келе баштады. Озун токтоо кармаган жигиттен дайын жок. Бир ордунда отура албай чебеленип, ары бери басат.
Акыры Маралдын чон энесиникине барууну туура корду. Бул акыркы жол болчу. Оюнда апасы аны алдап койгондой сезилди.
Артына кайтара албаса да, бир коруп, акыркы созун угуп албаса, коксоосу суучудай эмес.
Даректи Жылдызбектен алып, жолго чыкты.
....
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 29 Июль 2018 - 15:51
#49 29 Июль 2018 - 16:13
Маралды коруп, тапканына суйунсо, бир жагынан жини келип чыкты. Туз эле короого кирип барды. Эшиктин алдында Маралдан башка эч ким корунбоду. Жетип барып, булка озуно тартып кучактап алды:
-Сагынып кеттим сени!
Марал аргасыздан коздорун жумду. Мынчалык тез артынан келет деп ойлобогон.
Ичкери кирип, дивандан орун алды:
-Эмнеге качып кеттин?
-Качкан жокмун!
-Анан?
-Адилет суранам?
-Суранба, эч нерсе деп да айтпа! Мени менен кетесин азыр!
-Жок, мен барбайм!
-Барасын!
-Адик?
-Мен сага эмне дедим эле, эмне айтканды укпайсын, эмне оз алдынча бир нерселерди ойлонуп журо бересин?
-Алар сенин ата'энен!
-Демек, ошолор кет деген, туурабы?
-Мени эч ким кет деген жок, тушунчу?
-Тушунбойм! Тур кеттик!
-Ожорлонбочу?
-Кандай акын бар, эмне учун мындай кылдын? Биз башында эмне деп суйлоштук эле Марал?
-Ал оюмдан кайткан жокмун мен, балким алардын деле оюн угуп короорсун?
-Мага сенден башка эч кимдин кереги жок!
-Адилет уксан? Алар сага жамандык каалашпайт билем, а мен силерди таптакыр болуп таштай элегимде четке чыктым. Эгер алардын айтканын кылсан, алар да сени кечиришет! Мына коросун, жашоон жакшы болот!
-Токтот! Сен ушунчалык эле акылдуу болсон, эмнеге бактылуу болуунун жолун издебейсин, эмнеден коркосун, кимден качып жатасын?
-Адикоов, кел урушпайлычы?
-Мен сенден кечип кета албайм!
-Сени андай кыл деп эч ким зордобойт, журогундо, сезимдеринде ар дайым бирге болобуз, сен болгону турмуштун эле шартына конуп кой!
-Жок, мен буга коно албайм!
Адилет келинчегин бооруна басты. Ал эч качан мындай жытты эч кимден таппайт! Мына бакыт, мына бейпилдик! Копко турушту. Марал аны акырын озунон туртту:
-Ади кет! Биз бирге боло албайбыз!
Адилет танкалып , Маралдын коздоруно карады:
-Эмнеге озгордун? Озгорбочу сенден суранам! Сени жаман корушумо жол койбо!
-Мен озгорбодум, жон гана жагдайга жараша ойлондум!
-Ушулбу сенин ойлогонун?
-Ади кечирчи мени! Сен ойлобо мен эки созго женилип калды деп. Боло турган нерсе болчу, болду акыры.
Адилет омурундо эч качан болуп корбогон ачуулуу, жек корууго толгон коздору менен карады:
-Коркок!
Маралдын коз жаштары молт этти:
-Билем!
-Сен коркоксун уктунбу, коркоксун?
Ушунча жол басып келип, сенден бул жоопту угам деп ойлогон эмесмин мен!
-Жакшы кором сени Адилет!
Жаак эттери туйуло, кыжынып ордунан турду:
-А мага сенсиз жашоонун тыйынчалык кадыры жок, унутпа!
Эшикке атып чыгып, артынан ээрчий келе жаткан ашыгына карабай кетип калды.
Буттубу? Ушинтип эле, экоо эки жээкке сурулуп калышабы эми?
#51 29 Июль 2018 - 16:30
#52 29 Июль 2018 - 16:33
Маралдын бар жогун артына, которунуп кетти. Эми озундо,солокоту эле калды. Баарын алып кетти.
Ажырашууну эч кимдин башына салбасын кудайым! Бир бурчта могдоп калган небересин коруп, эненин журогу жанчылды. Ушкуруно тим болот. Бир нерсе деп айтуудан да айбыгат. Жандай коргон тун небереси. Ал торолгондо бул уйдо кадимкидей той болгон. Кулушуп чонойгон сайын, анын ар бир кылыгы уйдогулор учун, чон жанылык эле. Жерге койбой которушуп, кыткылыктап кулуп койсо деле кубанышчу. Бул уйго ырыскы, кут'береке алып келген наристе болчу. Уулу менен келининин да ымалаштырган ушул кызы эле го?
Эми мынтип бактылуу боло албай, же баладан жок, же турмуштан жок орто жолдо калып олтурса, эненин журогу кантип оорубай койсун?
Коп убакыт отпой Марал, атасынын аялынын кенеши менен, Казакстанга туугандарына кетмек болду. Адилетсиз жашоо оор болсо да, мындан ары чыйралбаса болчудай эмес. Ункуйуп отура берсе, бул уйдогулордун да абалы оорлошот. Марал андай эмес. Эч качан оорчулугун башкаларга жуктобойт, озун таштап койбойт.
Адилеттин жалгыз келгенин коргон Бурма ичинен "кымм"дей тушту. Келбей коюптур, кайнатасынын бирооз созу жетиптир деп ойлоду.
Азыр Адилетке бир соз аз , эки соз ашыкча. Андыктан унчукпай туруу керек. Негизги нерсе болду.
Адилет бар кучун жумуштан чыгарды. Маралды эмес озун'озу куноолоду. Ичтен жанын кыйнап, эч кимге суйлобой, туноргондон тунорду. Бирок ал келинчегин жаман коро албайт эле. Бат эле сагынды, жытына куса болду.
Уйго барса уй андан бетер томсорот. Кечинде муздак тошокто, Марал жазданып жаткан жаздыкты кучактап, копко чейин жыттап турат:
-Асылым! Жытын кете элек экен, эми сенсиз кандай айла кылаар экенмин! Сага ачууланууга эмес, таарынганга да акым жок экен, сенден капа болуу таптакыр мумкун эмес экен! Жалжылдаган коздорунду сагындым сенин!
Эсине аны жолуктурган биринчи кун тушту. Жоодурай карап, саламдашканда эле бар акылын уурдап алган экен.
Чындап эле эми кантет?
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 29 Июль 2018 - 16:37
#53 29 Июль 2018 - 16:53
Компьютерине унулуп жубайына кат жазды:
-Марал уктадынбы? Мени кечирчи?
Катты окуп, журогу сан'мин жеринен тилинди келиндин. Мына андагы адамды озуно тартып турган озгочолук.!
-Уктай элекмин!
-Мен дагы уктай албай жатам!
-Укта, эртен жумушка барасын!
-Кечирчи мени!
-Сен да мени кечир Ади!
-Мен сени бактылуу кыла албадым асылым?
-Мени бактысыз деп ким айтты?
-Берекем!
-Мен эч нерсеге нааразы эмесмин Адилет. Сендей жандын жары болгонума эч качан окунбойм!
-Марал?
-Оув?
-Сен айткандарынды аткарам, ата'энемдин сыймыктанган баласы болом мен!
-Сен озу акылдуу адамсын да?
-Бирок бир шарт менен?
-Айтчы?
-Менден эч качан алыстаба! Мен ардайым сенин жанымда экенинди сезип турайын!
----
-Марал дейм?
-???
-Ади эмнеге мынча ожорсун?
-Соз бер мага?
Марал туйшолду. Адилеттин ушунчалык ожор, экенин билчу:
-Макул, мен ар дайым жанындамын!
-Рахмат сага!
-Бейпил тун!
-Сага дагы жаным!
Андан коп отпой Марал кетти. Адилетке "кетип жатам" деп айталбады. Айтканда деле, озгортуп жиберээр эч нерсе жок болчу. Апасына болсо ичтеги таарынычы, ага койгон куноосу бойдон, кайрылбай кете берди.
Кышы суук, жайы мээ кайнаткан ысык Казакстандын борборуна алгач келгенде, абдан кыйналды. Жумуштан жумуш которуп, бир жерден экинчи жерге кочуп журуп, кыйынчылыктын баардык турун корду. Бирок кечинде жаздыкка башын коердо Адилеттин:
-Бейпил тун манкам! деген созун укканда бардыгын унутуп, саамга болсо да озун бактылуу сезет. Анан кантсин, колунда мындан артык эч нерсеси жок болсо?
-
#55 29 Июль 2018 - 20:12
#56 29 Июль 2018 - 21:19
#58 29 Июль 2018 - 22:00
-Болду да эми, мен эмне сиздерге жаш баламынбы, эмне мынча мени кыйнай бересинер?
-Кеткен келинди ким жакшы десин, ар ким оз ордун билуусу керек бул жашоодо?
-Апа?
-Эмне апа, эмне апа? Деги сендей ожорду корбогонмун мен. Укчу, балким Сайкалды келин кылып алып келсек...
Созун бутурбой апасынын оозундагы кепти жула качты Адилет:
-Эмнеге мени тушунгунор келбейт, эмнеге? Айтчы апа, Маралдан эмне жамандык кордун? Силерге баланардын бактылуу болгону маанилуу эмеспи?
-Жетишет!
Атасынын кыйкырганы экоону токтоттуу:
-Жон койсом акыркы кундору ашыкча кетип баратасын уулум! Уйлоном дедин, баарына коз жумам дедин, эмне болду акыры? Озу сенден кетип калды го? Эми сен дагы оз жолун менен кетуун керек. Бизди сенин мандайына байлап бербейт!
-Ата, ал жондон'жон кеткен жок. Аны биз мажбур кылдык кеткенге, баары менин айымдан болду!
-Ээ токтот келжирек создорунду! Тез арада уйлоносун, башка созду укпайын. "Кеткен аялына" жетишээрлик эле "аза куттун".
-Мен уйлонбойм башкага!
-Уйлоносун дедим!
-Эч качан!
Атасынын жаалы келип кетти бейм, тумшуктан ары коюп калды баласын. Ортого Бурма тушо калды:
-Болду эми, жаш бала болуп кеттинизби сиз дагы ?
Адилет ызаланып кетти:
-Уйлонбойм дедим го?
Эшикти жулка ачып, сыртка чуркап чыкты. Эшик карангы болчу. Бет келди чуркап кете берди. Атасынын козунчо ыйлагандан намыс кылды эле, ага болбой ачуу жаш тамагын кысып чыкты:
-Сени сагындым жаным, ушунчалык сагындым!
Токтобой чуркап отуруп, айыл алаканга салчудай болуп коруно турган, адырдын боорунда чакан тектирчеге келип калганын билди. Белден отуп буралган шиберге, чалкасынан жата кетти.
Уйлонгондоруно аз убакыт болгондо келинчегин ушул жерге алып келген болчу. Айлананын кооздугуна суктанган Марал, колдорун чапкылап суйунуп кеткен анда. Ал кубанганда ар дайым колдорун чаба берчу.
-Жаш бала эле болчун, азыр деле ошо бойдон болсон керек. Мени да сени да убакыт, эч качан озгорто албайт эмеспи?
Телефонун алып Маралдын номурун терди. Копто барып алды, колу бошобой жургон окшойт:
-Алоо Адик?
Маралдан башка аны эч ким Адик деп чакырган эмес. Ашыгынын унун угуп, андан бетер эрээркеп кетти:
-Эркемм!
-Ади, эмне болду сага, ыйлап жатасынбы?
-Жоок!
-Алдаба, айт эмне болду?
-Жашоо эмнеге мынча татаал Марал?
-Жашоо сонун жаным, татаалдаштырган озубуз!
-Анда неге мени таштап баса бердин айтчы?
-Адико?
-Сенсиз кыйналып кеттим мен!
Адилет суйлоп да ыйлап да жатты. Анын мынчалык конулу бош экенин билбеген эле Марал:
-Болду женилдеп алдынбы?
-Ооба!
-Анда ордунан туруп, уйго жоно, апамдар кабатыр болушат сенден?
-Сен кайдан билдин менин уйдо эмес экенимди?
-Сездим! Турагой Адилет, уйго бар, сен мага эмне дедин эле?
-Ыкы барбайм!
-Бар дейм!
Марал заматта конулун улап, коодонундо канча жакшы соз болсо ошонун баарын арнады. Ал да Адилетти абдан сагынган эле.
Экоо коштошкондон кийин, Адилет телефонун очуруп койду да, колун куушурган бойдон уктаганга аракет кылды. Коптон бери мындай тынчтыкты самап жургон болчу. Тунку сыдырым жел саамайын сылап, асманда жылдыздар жайнайт:
-Сенин барын кандай жакшы, бар экенинди сезуу андан да жакшы! Сен бар болчу жарыгым!жигит ушинтип шыбырап, коздору жумулуп баратты!
...
Билдирүүнү түзөткөн: Sushi_wok: 29 Июль 2018 - 22:04
#60 29 Июль 2018 - 22:28