Оо Топчуке ачууланып чырдайсыз,
Тамашаны чындай көрүп ыйлайсыз.
Талантыңды тааныбаска кейибегин,
Эмгегиңди биз билебиз сыйлайбыз.
Суктандым фантазияңа баракелде,
Элестеттим жүргөнүмдү Лейлеклендде.
Ар бир бакта ийилип өрүк алчу,
Доллар шактап өсүп турса кана эле.
Кыялыңыз орундалчу заман келсе,
Мигрант болуп орустарың жайнап кетсе.
Кыргыз эли меймандоспуз өлтүрбөйбүз,
Васяга кол сунмакпыз кыйын кезде.
Негизинен патриотсуң Топчу мырза
Элиңе чеп болчудайсың мындан жазба.
Бираз токтоо сабырлык тилеп кетем,
Жазганымдын маанисин окуп тыңда.
Баягүнү көрүнбөсө карааның,
Чындап эле кылчак кылчак карадым.
Ойлодум мен жүрдүң бекен же күтүп,
Шейит кеткен Василийдин азасын.
Тамашага салып бир чымчыладым,
Васяны алып келип кымчып алдым.
Арабызда азил сын болуп турат,
Туура түшүн Топчуке кыртыйбагын.
Билдирүүнү түзөткөн: asylzaadam: 05 Июнь 2015 - 22:02