Ачуу бат келсе эмне кылыш керек? нервная болуп баратам.
#41 05 Июнь 2015 - 09:32
Ачуум онойлук менен келбейт. Бирок бир ачуум келсе жаманмын.)
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#43 05 Июнь 2015 - 12:55
Адамдын ачуусу келген учурда үнү катуулай баштайт. Ачуу күчөгөн сайын, анын кыйкырыгы да күчөй берет. Анткени, адамдар бири-бирине ачууланган мезгилде, алардын жүрөгү алыстай баштайт да, ага жеткирүү үчүн катуу кыйкырууга туура келет. Ачуу күчөгөн сайын жүрөк алыстай берет, жүрөк алыстаган сайын үн көтөрүлө берет. Ал эми тескерисинче,
адамдар бири-бирин жакшы көрүшсө, жүрөктөрү жакындай баштайт. Жүрөк жакындаган сайын алар акырын сүйлөшүп, жакшы көрүү сезими абдан күчөгөн учурда шыбырашып калышат. Ал эмес бири-бирин абдан жакшы көргөн эки адам шыбырашууга да муктаж болбостон, жөн гана көз карашы менен сүйлөшүп калган учурлар да болот. Демек, бирөөнү жакшы көрүү да, жаман көрүү да, жүрөктүн иши болгондуктан,
бул иштер адамдын ыйманына көз каранды болот. Ошондуктан пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) аларды ыйманга байланыштырып:
"Силер бири-бириңерди жакшы көрмөйүнчө ыймандуу боло албайсыңар"
- деген.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#44 05 Июнь 2015 - 12:56
Ачууну басуу үчүн илимде да, элдик адатта да муздак сууну колдонушат.
Ачууланган,
же мас болуп калган адамдардын башына бир чака муздак сууну куя салуу менен аны соолуктурууга болорун көрүп жүрөбүз. Ошондой эле ачууланган адамды тынчтандыруу үчүн сот залында, ж.б. жайларда стол үстүнө бир стакан муздак сууну коюп коюшат. Бул туурасында мындан он төрт кылым мурда эле пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун): "Шайтан силердин каныңар менен айланат. Кимдин ачуусу келсе, даарат алсын. Анткени, шайтан оттон жаралаган, отту суу өчүрөт" - деп айткан. Ошондой эле ачууну басуунун дагы бир жолу туурасында,
пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) минтип айткан: "Ким ачуусу келген учурда турган болсо, анда отурсун. Ким отурган болсо, жатып алсын". Чындыгында ачуу келген мезгилде адам өйдөлөй баштайт. Отурган болсо тура калат. Ал эми бул амалдардын тескерисин жасоо менен шайтандын белин сындырууга болот. Эч ким, жатып алып урушуп жаткан эки адамды көргөн эмес.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#45 24 Ноябрь 2016 - 03:32
Ошо,
менде дагы ушул проблема
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
#47 02 Июнь 2019 - 07:28
Хадисте "Ачууң келсе отура кал, анда да болбосо даарат ал, себеби суу отту өчүрөт, а Шайтан оттон жаралган"
деп эскертип кеткен.
Демек отура калгыла жерди карап, ошондо да тарабаса, анда суу таап жакшылап даарат алып, эки рекет "Хаажат" намазын окуп, Жараткандан Сабр, руханий күч-кубат сурап дуа кылгыла.
Чыныгы күчтүү жана чыныгы ыймандуу адам ачуусу келгенде ушинтет. Жинденип, сөгүнүп, ар нерсени ыргытып артист болгондор алар уже чыныгы алсыздар жана акылсыздар, себеби антсе эле баары жайына келбешин билбейт, же билсе да күчсүз ыйманы күчтүү шайтанын жана нафсын жеңе албайт.
Демек отура калгыла жерди карап, ошондо да тарабаса, анда суу таап жакшылап даарат алып, эки рекет "Хаажат" намазын окуп, Жараткандан Сабр, руханий күч-кубат сурап дуа кылгыла.
Чыныгы күчтүү жана чыныгы ыймандуу адам ачуусу келгенде ушинтет. Жинденип, сөгүнүп, ар нерсени ыргытып артист болгондор алар уже чыныгы алсыздар жана акылсыздар, себеби антсе эле баары жайына келбешин билбейт, же билсе да күчсүз ыйманы күчтүү шайтанын жана нафсын жеңе албайт.
#48 02 Июнь 2019 - 09:20
Ачуум келсе эч кимге сүйлөбөй чүмкөнүп жатып алчу адатым бар. Мурда ачуум келгенде телефондор ыргып кетчү эле Байкуш "жаны бышык" экен, ошончо ыргыса да эч нерсе болбоду.
#49 02 Июнь 2019 - 10:15
Менин ачуум келгенде жолдошум "ии мурдундун учу кызарып баштаптыр го, бат эле мурдунун учун кызарта калат да" десе кулкум келип ачуум тарап кетет.
#50 09 Июль 2019 - 17:18
Жиним келгенде эле кыйкырып калам балдарга.Былтыры глицин ичип журдум кыйла жардам берчу эле.Азыр магний форте ичип атам.
#51 27 Июль 2019 - 19:32
Жолдошунузга ачуун келип соз кайтаргандын ордуна кургак чайдан оозго салып чайнайбериниз айтышканга оозунуз бошобой айтышпай каласын дегенин укканмын Чубак Ажынын.
Билдирүүнү түзөткөн: good-girl: 27 Июль 2019 - 19:34
#52 13 Июнь 2021 - 18:49
#53 25 Июнь 2021 - 13:25
Мурда чарт-чурт болуп кетчумун. Азыр унчукпай калгам. Бирок, унчукпай калгандан коро чыгарып алган жакшы экен. Ичине жутсан давление которулот, анан ашказан ооруйт экен...
В каждой шутке есть доля правды...
#54 30 Август 2021 - 11:01
Ачуум жакшы эле келет болуш керек )) Бирок бироо менен урушпайм ажылдашып, ачуумду келтирсе деле туура эмес айтып жатса деле ооба сеники туура деп коём же болбосо унчукпай коём, озумчо суйлонуп-суйлонуп алам да бир-эки кундо унутта калат.
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#55 30 Август 2021 - 14:22
Ачуунуз келсе даарат алыныз, 2 рекет нафил намаз окунуз чындап сонун жардам берет.
#56 31 Август 2021 - 10:56
просто болоор болбос нерсеге ачуунду келтире бербеш керек, болду.
#57 31 Август 2021 - 12:00
#58 31 Август 2021 - 12:01
#59 02 Сентябрь 2021 - 00:22