@islamjolu: Заалым элге заалым падыша, ыймандуу элге ыймандуу падыша.
m.twitter.com/islamjolu
Мына смс келген экен,эл кандай болсо башкаруучулар дагы ошондой боло берет экенда деп ойлоп койдум,жогору жактагылар ды окуп.
"Бүтүн Кыргызтан-Эмгек" партиясы боюнча оюңар кандай?
#42 03 Октябрь 2015 - 19:10
Aziyat_01 (03 Октябрь 2015 - 16:53) жазган:
Стимул.кж сен ооо 3-4 күндөн бери эле Мадумаровду жамандап жүрөсүң го -)
Мен Мадумаровду эле эмес ушул темалар ачылгандан бери бийликте ким иштесе баары жонундо жазып эле келтам оз ойумду. Мен жамандасам эле парламенткке келбей калмак беле Мадумаров. Болгону мурда кийин мамлекетибиздин онугушуно сакталышына туруктуулугуна тынчтыгына терс таасирин тигизген адамдарды унутпайлы,алар кайрадан дагы бийликке келууго аракеттенип жатат келсе дагы эмнени булдурот кандай болот деген мааниде жазгамын. Маа демектен атамбаевди эртереек кууп тушуп, ордуна отургузуп алгыла Мадумаровду.
Билдирүүнү түзөткөн: stimyl.kg: 03 Октябрь 2015 - 19:12
#43 03 Октябрь 2015 - 21:49
Мурда ката кетирген болсо,ошол катасын чукуп олтура бербей, ага дагы бир мумкунчулук бериш керекта. Өткөн өтту,кеткен кетти,сатылган сатылды окүнгөн менен ал нерселер кайтып келбейт. Азыр толька алдыга карап алдыга кетиш керек,арттагы нерселерге окүнүп олтура бербей!
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#44 06 Октябрь 2015 - 20:42
Лидерлер добуштардын санынан шектенүүдө
“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров күмөндүү шайлоо участокторундагы добуштарды кайрадан эсептөөнү сунуштоодо. ..
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өткөн...
Шайлоо: бурмаланган тизмеден ким утту?
Жарыяланган учуру: 06.10.2015
Анын айтуусунда, Ош менен Жалал-Абад облустарындагы эле электрондук жана кол менен саналган жыйынтыктын ортосундагы айырмачылык 37 миң добушту түзгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы мындай чоң айырмачылык болушу мүмкүн эместигин айтып, маалымат тактала турганын жарыялады.
Айраң-таң калтырган айырмачылык
“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынан айрым шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын кайрадан карап чыгуу маселесин көтөрдү. Буга аталган партия мисал келтирген электрондук эсеп менен кол санактын ортосундагы айырмачылык себеп болгон. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясы 6,15 пайыз добуш алып, жети пайыздык чектен аша албай калган болчу.
Адахан Мадумаров айырмачылык чоң экенин айтып, айрым шайлоо участоктордо добуштарды кайрадан санап чыгууга мүмкүнчүлүк берүүнү сурады:
- Болуп көрбөгөндөй чоң айырмачылык бар. Азыр биз Ош, Жалал-Абад облустары боюнча бардык протоколдорду чогулттук. Эки облустагы эле добуштардын айырмасы 37 миң добушту түздү. Эгер мындай боло турган болсо БШКдан күмөндүү участокторду кайра кол менен саноону талап кылабыз. Мисалы, бизге электрондук эсеп боюнча, Сузактан 600 uана добуш берилди деп көрсөтүлгөн. Бирок кол менен санаганда жети миңге жакын болуп чыкты.
2010-жылдагы шайлоодо дагы “Бүтүн Кыргызстан” партиясы жети пайыздык чекке жетпей калып, парламентке келбей калган болчу. Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын электрондук эсеп менен кол санактын ортосундагы добуштардын айырмачылыгы тууралуу маалыматы текшериле турганын жарыялады.
БШК мүчөсү Жеңиш Акматов электрондук эсептөө менен кол санактын ортосунда анчалык чоң айырмачылык болушу мүмкүн эместигин айтты:
- Ал Ошто деп айтыптыр. Кара-Суу, Араванда баары эле туура чыгыптыр. Бир жерде гана машина 39 бюллетенди жараксыздар арасына кошуп койгон. Ал эми Кара-Сууда нөл-нөл чыгыптыр. Кайсыл жерден 37 миң тапты - мен билбейм. Мынчалык чоң айырма чыгышы мүмкүн эмес. Азыр дагы бардык жакка чалып тактап жатабыз. Булардын бардыгы кагаз түрүндө келгенде гана билинет.
Эгерде Мадумаров айткан “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын пайдасына берилген 37 миң добуш аныктала турган болсо, анда партия жети пайыздык чектен өтүп, парламентке келүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бирок бул үчүн БШК мындай айырмачылык эмненин эсебинен жүргөнүнө түшүндүрмө берүүгө тийиш экенин талдоочулар белгилешет...

#45 06 Октябрь 2015 - 20:43
Добуштарды кайра саноого уруксат берилеби?
Ошол эле кезде шайлоодон өтпөй калган партиялардын бири “Ар-намыстын” өкүлү Равшан Жээнбеков эки түрдүү санактын ортосундагы айырмачылык тастыктала турган болсо, ал жалпы шайлоонун жыйынтыгына таасир этиши мүмкүн деп билдирди.
Равшан Жээнбеков шайлоодон өтпөй калган башка партиялар үчүн дагы бул маселе маанилүү экенин айтууда:
- Эгерде бул чын болсо, анда ал аябай маанилүү көрсөткүч. Анда шайлоонун жыйынтыгы коркунучтуу болушу мүмкүн. Ошондуктан сөзсүз түрдө добуштарды кайра саноого уруксат берилиши керек. Мадумаров ушинтип айткандан кийин башка партияларда дагы күмөн саноо күчөп жатат. Ошондуктан башка партиялар дагы добуштарды кайра саноону талап кылышы мүмкүн.
Бул жолу айрым шайлоо участокторундагы добуштарды кайра эсептөөгө бийлик уруксат береби деген суроо кабыргасынан турат.
Өкмөт башчынын биринчи орун басары Тайырбек Сарпашев бул маселени кароо мыйзам боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын укугунда экенин белгиледи:
- Ал кечээ эле шайлоонун жыйынтыгын таанып, моюнга албады беле? Көбү түшүнбөй, автоматташтырылган үкөктү дагы Сарпашев башкарат деп ойлошот окшойт. Шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу жана электрондук эсептөөдөн келип чыккан бардык маселелер үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы жооп берет. Эгерде шайлоочунун өздүгү такталбай калса биз жооп берет элек. Биз өзүбүздүн милдетибизди аткарып, биометрика аркылуу жарандардын тизмеси такталып, мына ошончо адам шайлоого келип берди. Эми анын жыйынтыгына байланыштуу маселени бир гана БШК чечет.
Буга чейинки парламенттик жана президенттик шайлоолордон кийин күмөндүү шайлоо участокторундагы добуштарды кайрадан эсептөө практикасы болгон эмес. Адатта оппозициянын мындай талабы канааттандырылбай калып кетчү...

#46 06 Октябрь 2015 - 22:43
Эх.... Ушу партия отпой калды а . Бир сом да албай журоктон добуш берген болчуумун. Мага берген бир сомго башка добуш сатып алсын деп. Бирок баары бир бийлик бийликтик кылып койду.
#47 26 Октябрь 2015 - 16:03
Адахан М. Мелис М. менен бириккенде эн коп добуш алмак деп ойлой беремда
Өлүм бул жашоонун бүтүшү эмес, балким жаңы жашоонун башталышы!!!
#48 27 Октябрь 2015 - 21:52
#49 15 Ноябрь 2015 - 11:48
Мадумаров Адахан Кимсанбаевич келечекте кийинки президент!
Бутун Кыргызстан Эмгек саясий партиясы - эн таза партия!
#51 02 Январь 2019 - 08:50
Адаханга эч ким бириге албайт анын жанында чыдап туруш кыйын озу айткандай
#52 02 Январь 2019 - 09:02
Акчанын кучу устомдук кылып турган мезгилде, бул партиянын бийликке жетуусу кыйын.