scorp Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 659 (0,14 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (163 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 31 Октябрь 11
- Кароолор:
- 62 950
- Соңку аракети
- 03 Май 2024 03:34
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 18, 1992
- Кызыгуусу:
- Life
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Суперстан
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
kozunek.
27 Апр 2024 - 04:15 -
k.a.s
06 Фев 2022 - 03:34 -
Ajara_13
08 Дек 2021 - 00:27 -
ChagyIgan7
29 Ноя 2021 - 14:07 -
Mahabat84
15 Окт 2021 - 23:29 -
Eldos.Ajara
23 Янв 2021 - 02:36 -
mega777
17 Окт 2020 - 09:54 -
Puper-pup
17 Авг 2020 - 20:29 -
MAPT
04 Авг 2020 - 01:48 -
ISKENDER-ALI
11 Июл 2020 - 12:35
Мен ачкан темалар
-
Бир үйдүн баяны
Жазылган күн: 7 Май 2017
Бул баян чындыктын негизинде жазылды. “Табышмактуу” бул үйдүн ээси убагында аты дүңгүрөп турган кыргыздын кулуну эле. Азыр да анын өтмүш тагдыры эч кимди кайдыгер калтырбагандыктан, баяндагы адамдардын аттарын өзгөртүп жазууга туура келди. “Бир үйдүн баяны” жөнөкөй аялдын айылдан шаарга келип, жумуш издеп жүрүп ушул табышмактуу үйгө туш келгенинен башталат. Бул өзү кимдин үйү эле? Эмнеге табышмактуу? Эмне үчүн бир үйдүн баяны? Бул суроонун жандырмагын автор өзү айтсын. Анткени ал дал ушул үйдөгү түрдүү окуялардын, оор тагдырлардын күбөсү болду.
Көчөлөр элдин агымына, машинанын көптүгүнө толуп шаар ичи жандуу. Кооз имараттар бир аз иреттүү салынып, жолдор кеннирээк болсо мындан дагы көрктүү болмок. Бардык шарттары келишкен заманбап үйлөр мурун бирин-серин гана болсо, азыр көбөйүп, материалдык байлык, жаңы илимий-техникалык ачылыштар элди таң калтыра да албай калды. Албетте баары элежыргап кеткен жок дечи, күнүмдүк оокатка жетпей жүргөндөр канча. Ошентсе да бул чакта турмушуңдун тынч өтүп жаткандыгына каниет кылып, бала-чакаңдын, тууган уругуңдун,жалпы элдин аманчылыгын гана тилеп жашап калат экенсиң. Эч кандай байлык да, мансап да, саясат да кзыктырбай жөн гана башыңдан өткөн окуяларды балдарыңа айтып бергиң келет. Убагында атам дагы өзү жөнүндө жазып: “Үлгүлүү жактарым болсо өрнөк алып, катачылык кетирсем кайталабай сабак алгыла” – дебеди беле. Ошол китепчени окуп чыккан бир көрүнүктүү инсан: “Ар бир ата-эне балдарына ушинтип жазып кетсе жакшы болмок”, - деген эле. Ошол сыңары мен да өзүм жөнүндө, чөйрөмдөгү адамдар жөнүндө бир аз болсо да жазууну ылайык көрдүм. Улуу, атактуу инсандар болобу, криминалдык чөйрөнүн кишисиби, саясатчыбы алардын жасаган иштери жөнүндө билгендер гана жазбаса бизге окшогон карапайым кишиге анын кызыгы деле жок. Тек гана адам катары анын жан дүйнөсү кандай экенин, билгениңди гана айткың келет. Саясатты түшүнбөгөндөн кийин жөнү жок эле аралаша бергендин кереги не. Андан көрө адамдарга канчалык жакшылык кылсаң ошол кайра кайтаарын унутпаш керек. Ар бир киши башкалардын жакшыраак жагын көбүрөөк көрө билсе, ошондо өзгө да тазарат, өзүң да тазарасың. Тукумуңдун жакшы жашашын кааласаң биринчиден өзүң таза болуп, бирөөнү жаман жакка түртүп пайдаланбашың керек. Ошон үчүн ар бир адамдын жакшы жагын гана айтсак. “Жаманды деле жакшы дей берсең акыры барып жакшы болот”, - деп коюшат го.
Мен окуучуларыма эч убакта жаман баа койчу эмесмин. Эң начар окуган окуучума да бир-эки жолу жакшы баа койгондон кийин алардын окууга кызыгуусу арта баштаганын байкачумун. Жыл аягында жыйынтыгыма өзүм да таң калып кубанчумун.
Албетте, кишинин жаман жасаган ишин, кылмышын жокко чыгара албайсың дечи. Бирок кылдаттык менен тарбиялап, жакшы нукка буруш керек го. Буга ондоп, жүздөп жылдар кетсе да жан дүйнөнү, коомду, жаратылышты, Жер энени тазартып жашоону сактоо милдет.
Жогоруда заманбап үйлөр курулуп жатканын айтпадымбы. Шаардын көркүнө көрк кошкон мындай үйлөр ал кезде саналуу гана болчу. Бул үй да борбордун кичи райондорунун биринде салынган. Сыртынан көргөн адам булбир чиновниктин же бизнесмендин үйү деп божомолдоору анык эле. Суктантып караган бул үй канчалаган оор тагдырлардын, бакубат жашоочулардын, бейкапар таза наристелердин, түркүн кесип ээлеринин тагдырына күбө болуп келе жатат. Анда баарын башынан баян этейин.
Бактылуу балалык, алгачкы аруу сезимдерди кучагына алган окуучулук күндөр, курч жаштыкты, билимге болгон чаңкооң канбай турган мезгил, махабатка малынган таттуу студенттик кечтер артта калып, үй-бүлө куруп ата-эне болдук. Жолдошум экөөбүз бири-бирибизди айттырбай түшүнүп, кайын-журтка да экөөбүз тең аябай алымдуу элек. Университетти бүтүргөн соң мен айылдагы мектепте иштеп калдым. Жолдошум болсо окуусун улантыш үчүн Санкт-Петербургга кетти. Кайын-журттун сен да кошо бар дегенине карабай, кайненемди аяп кыздарым менен айылда кала бердим. Кайненем экөөбүз ынтымакта жашадык. Ал кишини өз энемдей көрүп, колумдан келген жардамымды аяган жокмун. Мектепте иштеп, талаа жумуштарына да чыгып жүрдүм. Түнкү саат үчтөргө чейин сабак өтүүгө даярданып, көрсөтмө курал жасап, аябай жигердүү иштечүбүз. Окуучулар, мугалимдер үчүн өткөргөн кечелерди, конкурстарды азыр да эстеп жылмаябыз. Эки тоонун ортосунда жайгашкан ошол айылды, мектепти, андагы мугалимдерди, окуучуларды, айылдын ак көңүл адамдарын эстесем азыр дагы сагынып кетем. Өмүрүмдөгү эң жаркын элестер ошол мезгилдер болгон экен. Шаар турмушун жакшы билбесек да телевизордон көргөндөрүбүздү кайталап ар түрдүү конкурстарды уюштураар элек. Айылда телевизор жакшы тартпагандыктан шаарга тууган-уруктукуна, төркүнгө барганда бир-эки жолу көрүп калган Россиянын “Поле чудес” телеберүүсүн кайталап, конкурс уюштурмакчы болуп, эркек мугалимдерге тумба жасатканым эсимде. Айландырыш үчүн ичине эмненин моторун койгонун билбейм, бирок үнү аябай катуу чыкчу. Аябай кызыктуу өткөн бул оюнду сурангандарынан кайрадан айылдык клубда жаштар үчүн да уюштурганбыз. Ал мезгилде кафе деген шаарда эле болгондуктан мектепте Жаңы жыл алдында менин кабинетимди ресторандагыдай кылып жасап, мугалимдер үчүн Жаңы жылдык оюн-зоок кечесин уюштурганбыз.
Ал эми 8-мартта кайненемдин тоогун 7 сомго сатып алып бышырып, үч тарелкага устукан салып мен, Замира эже, Батина эже, Мурат агайлар болуп аукцион уюштуруп, ар бир тарелкадагы этти 15 сомдон сатканбыз. Бул күнкү кече дагы аябай кызыктуу өткөн. 45 сом болду тоогуңуз деп акча алып барсам үйдөгүлөр аябай күлүшкөн. Дайыма ар түрдүү кечелерди уюштуруп, шаар мектептеринин деңгээлине чыгууга аракеттенчүбүз.
Турмушта эмнелер гана болбойт. Кайнимдин ооруп калышы, айылдын оор түйшүгү мени чочуткан жок. Жолдошумдун окуусун бүтүп келишин күтүп жүрүп, арадан жети жыл өтүп кетти. Ошол жылдар ичинде болгон ийгиликтер, жаап-жашырып айталбай турган кыйынчылыктарды азыр эстесем өзүнчө эле бир жомок. Жан дилим менен берилип, ак мээнет өтөгөнүм, жети жылдык күтүүгө толгон сезимдеримди бир күн келип, так ошол күткөн адамым тебелеп кетээрин билсем кана ошондо. Мейли, ак жүрсөң кудайдан кайтат.
1996-жылы борборго көчүп келдик. Квартирадан квартирага көчүп жүрүп, жетип-жетпей тиричилик өтүп жатты. “Таланттуу кыздарыңар бар, жакшы шарт түзүп берсеңер болмок”, - дегендердин сөзүн уксак да каражаттан улам мүмкүнчүлүк болбой жатты. Жолдошум жакшы жумушка орношуп, эмижакшы маяна ала баштаган мезгилде ойдо жок жерден турмушубуз бузулду. Адам деген заматта өзгөрүп, жакындарынын келечегине гана эмес, өткөнүн да өчүргүсү келгенин көрүп күйүп кетет экенсиң. Мейли, эми эч кимди деле күнөөлөгүм келбейт. Балдарым аман болсо болду. Жалгыз бой болуп балдарды багыш, элден кем кылбай өстүрүш, жашоо агымы менен бирдей кетиш кыйын болсо да кудайга шүгүр бутубузга туруп кеттик. Эжем менен жездем Москвага барып соода кылып, мен аларга бул жактан товар салып акча чогулттук. Эки бөлмөлүү квартира алганда чүнчүп жүргөн кыздарымдын сүйүнгөнүн айтпа. Д аттуу курбу кызым жумуш таап берип, кыйла жардам берди. Жан дүйнөң эңшерилип, болуп жаткан окуялар өңүмбү же түшүмбү деп аңдай албай турган убакта айланаңда жакшы адамдардын бар болгону кандай жакшы. Анткени жолдошумдун кылган кылыгы менин жашоомдогу эң чоң сокку болчу.
Ушундай күндөр чубуруп өтүп жатты. Мен болсо жумуш издеп жүргөн күндөрүм эле. Кыргыз элинин сыймыгы болгон атактуу бир инсан менен тууганчылык жайыбыз бар эле. Ошол адамдын кызынын жардамы менен ушул табышмактуу үйгө жумушка орноштум. Ал мезгилде бул заңгыраган кимдин үйү экендиги мени кызыктырган жок. Ак эмгек, мээнетим менен кайсы жерде болсо да иштеп акча табыш керек эле. -
Кыргызстан же Кыргыз эли
Жазылган күн: 14 Апр 2017
Парламентте өлкөнүн расмий аталышын өзгөртүү сунушталды. Демилгени депутат Каныбек Иманалиев 13-апрелдеги Жогорку Кеңеш жыйынында айтты.
Кыргыз эли, Кыргыз жери же Кыргыз мамлекети деп озгортойлуу деп жатышат имиш.... суроо: Бизге керекби бул нерсе? -
Үчүнчү дүйнөлүк согуш
Жазылган күн: 13 Мар 2017
Ядерная, атомная, водородная жана башка ушундай коркунучтуу бомбалар жок болгондо учунчу дуйнолук согуш качан эле башталмакбы? -
Кыргызымдын башкаларга үлгү болчу сапаттары
Жазылган күн: 19 Янв 2017
Биз орустарды честный, чынчыл деп коебуз, немистерди пунктуальный дейбиз дагы ар башка улуттардын жакшы сапаттарын айтып озубузго улгу кылабыз.
Суроо. Башка улуттар кыргыздардын кайсыл сапатын оздоруно улгу кылат экен?