LETITGO Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Тартип бузгандар
- Билдирүүлөр:
- 449 (0,13 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (139 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 14 Июль 15
- Кароолор:
- 14 491
- Соңку аракети
- 20 Дек 2015 15:48
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Январь 1
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Migrant-rf
13 Ноя 2019 - 02:09 -
S-legacy
23 Окт 2019 - 04:26 -
Sezimaika
01 Май 2019 - 03:00 -
unt_75
11 Фев 2019 - 11:17 -
Aisi-orhidey
06 Сен 2016 - 16:24 -
janimai
03 Июн 2016 - 13:32 -
Altaibek
26 Янв 2016 - 02:04 -
Abdulla.
18 Янв 2016 - 04:26 -
Nurzada_0111
12 Ноя 2015 - 01:13 -
Strong.boy
09 Ноя 2015 - 17:14
Мен ачкан темалар
-
Каргыш тийгир ала-качуу
Жазылган күн: 25 Сен 2015
– Келчи жаным,-жигит бүшүркөй кайрылды.
– Жөнчү!-кыз ары карап жаткан калыбында
унчукту. Жигит эмне кылаар айласы
калбагандай саамга үнсүз отуруп калды да:
– Ушинте бересиңби эми? Кечирим сурадым
го?.. Бул саам жигиттин үнү ыйламсырап
чыкты. Кыз укпагандай болду. Кыймылдап
да койгон жок, тек гана уктап калган
кишиче бир калыпта дем алып жата берди.
Жигит үнсүз жооп күтүп, толуп турган жаш
кыздын төшөктөн билинип турган денесин
суктана карап турду. Кыязы, ал кыздын
жылаңач денесин элестетип кетти окшойт,
тамагында шилекейин “кылт” эткизе жутту
да, кыздын төшөктөн чыгып калган
жылаңач ийнине колун койду. Кыз унчуккан
жок. Атүгүл эч нерсе сезбеген кишидей ого
бетер дымый түштү. Тынчтыкты дагы
Дамирдин үнү бузду:
– Айжан, кел...-сөзүнүн аягын жутуп алып,
“күнөөмдү билип турам” дегендей бошоң үн
менен, – кел, эми жакшы жашайбыз?..
Учурунда ойлоно албай калдым, чын.
Кечирип койчу. Мен баарын башкача болот
го дегем... Ушинте берсек кантип жашоо
болот? Элге да уят болобуз. Акыры турмуш
өзү ушундай го...
Эмне дээрин билбей жигиттин башы
шылкыйып турду. Терезеден түшкөн айдын
нуру бөлмөнү экиге бөлүп, жарым-жартылай
ачылып турган көшөгөнүн ичин сүттөй
агартып, бөлмөнүн бир тарабын коюу
караңгылык каптап турган. Айдын шооласы
Дамирдин оң тарап бетинен ылдый куюлуп,
анын көзүндө турган жашты жылтылдатып
көрсөтүп жатты. Бир аз убакытка
тынчтыкка чөмүлө түшкөн бөлмөнү
Айжандын зирпилдеген жек көрүңкү үн
менен айтылган сөзү бузду:
– Турмуш өзү ушундай деп коёт! Турмушту
ушундай кылган ким?! Эмне, мен сени “мени
ала кач” дедим беле?! Зирпилдеп тура
калган Айжандын көзүндө жаш бар болчу.
Дамирдин бетине тигиле карап турду да,
кайра күү менен ары карап жатып алды.
– Мен сени ушунча таш боор экен деп
ойлогон эмесмин,-жигит алсыз унчукту.
– А мен сенин ушундай “лох” экениңди
биринчи көргөндө эле билгем,-кыз да өктөм
унчукту. Кыздын сөзүнө жигит ардана
түштү. Бир заматта шылкыйып турган
денеси чыңала түшүп, ак шейшепти мыкчый
кармап турду:
– Энеңди!.. Катын болбосоң жогол анда!-
деди да ордунан тура жүгүрдү. Коңшу
бөлмөдө буларды тыңшап жаткан эне да
баласынын аркасынан ич көйнөкчөн
далбактап чуркап жөнөдү. Бүгүн да анын
корккону ушул болчу. Канча күндөн бери
уктабай аңдыганынын да себеби ушул эле.
Жана эле жатаарга мезгил келгенден баштап
Кудайдын балакетин алып, эми бүгүн жакшы
болсо экен,-деп тиленип кирген. Анткени,
өткөн түндөн кийин эненин жүрөгү өлүп
калган экен. Өткөндө да так ушинтип
тыңшап жаткан болчу буларды. Бир убакта
күбүң-шыбың болуп жаткан экөө
кыйкырыша түшүшкөн дагы уулу эшикке
чуркап чыккан эле. Эмне болуп кетти,
чыксамбы чыкпасамбы деген эне чыдабай
уулунун артынан чыккан. Анда да түн
ушинтип мелмилдеп тынч турган болчу.
Чыга калып эле каалгасы бир аз ачылып
калган сарайга кирип барган. Көзүң
жамандыкты көрбөсүн! Уулу Дамир шыпта
асылып туруптур. “Баа!” этип чыңырууга
үлгүргөн эне жетип барып уулун бошотуп
калганга жетишкен. Жиптин анты болот
деген чын окшобойбу, мүнөттүн ичинде уулу
эсин жоготуп ийиптир. Чыңырыктан
үйдөгүлөрдүн баары ойгонуп, Дамиринин
бетине суу сээп атып араң эс алдырышкан.
Атасы сөгүнүп келинин каарып өткүсү келди
эле, бирок, антүүгө уруксат берген эмес эне.
Анткени, күнөө бизде деп ойлогон эле.
Ошол ошону менен бүттү го деген. Эми
эсине келишээр,-деген айласыз. Эми
минтип кайра ошол көрүнүш кайталанып
турганына жаны чыгып баратты эненин.
Бирок, бул саам Дамир асынууну ойлогон
эмес окшойт, бакчага кирип, арык жээгинде
отуруптур. Энесинин келгенин билген жок.
Тек гана кулдурттап агып жаткан арыктагы
сууну карап отура берди. Эне да баласынын
абалын түшүнүп, не кылаар айласын таппай
турду.
Достору
LETITGO Досторду кошо элек
Комментарийлер
LETITGO ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?