MACKA. Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 125 (0,32 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (563 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 10 Февраль 15
- Кароолор:
- 18 579
- Соңку аракети
- 01 Ноя 2016 00:36
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Жынысы:
- Белгисиз
- Калаасы:
- Бишкек.
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
guard
19 Сен 2017 - 21:10 -
clay
31 Май 2017 - 17:15 -
Babi.
22 Мар 2017 - 23:11 -
Leylektik-77777
01 Фев 2017 - 16:50 -
Arlenchik
27 Ноя 2016 - 22:17 -
Asema06
18 Июн 2016 - 16:40 -
Mediziner
18 Июн 2016 - 16:31 -
Patriot..kg
18 Июн 2016 - 12:42 -
malik.kadyr
18 Июн 2016 - 05:18 -
Respect.
17 Июн 2016 - 23:56
Мен ачкан темалар
-
"Жоолукчандар", "Ак калпакчандар" эстафетасы.
Жазылган күн: 17 Янв 2016
Башка соц.тармактарда ар дайым ар кандай оюн-зооктор ойнотулуп, сынактар откорулуп келет. Мисалы "жоолукчан" эстафетасы, "Ак калпакчан" эстафетасы, "кол жазма" ж.б. Анан бул жакта да уюштуруп жиберсек эмне болот? Мисалы; бир форумчу айым жоолук салынган суротун коюп, кезекти андан ары бир форумчуга узатат, ал форумчу даагы бир форумчуга узатат. (Айымбы, мырзабы айырмасы жок). Комментарийлеринерди деле калтыра берсенер болот, бирок чектен чыкмай жок. Теманын шарты баарыбызга эле тушунуктуу болду деп ойлойм. Кеттик анда. -
Биологиялык жаш курак.
Жазылган күн: 23 Дек 2015
Адамдын паспортунда көрсөтүлгөн дата менен анын жашын билүүгө болот. Бирок айрым адамдар өзүнүн жашынан кары же жаш көрүнүшөт. Бул анын биологиялык жаш курагынан көз каранды. Көпчүлүгүбүз жакшы түшүнө бербеген биологиялык жаш курак тууралуу кеп козгойбуз. -
2015-жыл сиз учун кандай окуялары менен эсте калды.
Жазылган күн: 19 Дек 2015
Эркин тема болумун аралап журуп, "2013-жыл сиз учун кандай жыл болду?", "2014-жыл эмнелери менен эсте калды?" - деген темаларды утурлай эле, "2015-жыл сиз учун кандай окуялары менен эсте калды?" - деп тема ачып коюуну туура кордум. -
Т. Сариев: Эттин ордуна буурчак.
Жазылган күн: 19 Дек 2015
Темир Сариев призвал кыргызстанцев употреблять фасоль вместо мяса.
Премьер- министр КР Темир Сариев призвал кыргызстанцев употреблять фасоль вместо мяса. Об этом он заявил на круглом столе в пятницу.
"У нас по данным ВОЗ нехватка витаминов у граждан, а фрукты и овощи у нас гниют. Мы не умеем их употреблять. Нам надо изменить культуру потребления. Также, фасоль - по сравнению с мясом в 10 раз дешевле. Биологические ценности абсолютно одинаковы, но мы не используем фасоль. У нас он просто пропадает. Нам нужно изменять культуру потребления, прививать детям с самого раннего возраста. Кроме того, нужно придумывать новые блюда с национальным колоритом, чтобы и взрослые, и дети могли с удовольствием. Есть вот такие моменты, которые просто лежат на поверхности, где нам нужны совместные усилия," - сказал премьер-министр.
-
ТУРМУШ ТУЗАГЫ.
Жазылган күн: 4 Дек 2015
Жамгыр аралаш жааган кардын азырынча басылаар түрү жок. Кээде катуулап кайра басаңдап себелеп калат. Анча тоңдурчу суук жок болгон менен бир нече сааттан бери кыймылдабай жаткан "кайырчынын" денеси абдан үшүгөндүктөн эсине келе баштады. Көздөрү ачылбай, башы, кабырга тарабы сыздап оорутуп жатты. Колдорун араң кыймылдатып, чөнтөгүн сыйпалап бир нерсе издеген болот. Курткасынын ички чөнтөгүнөн кагазды кармалап "ии бар экен" деп ичинен күбүрөнүп алды. Ал кагаз Дүйшөнбектин жападан жалгыз деп эсептеген байлыгы эле.
Акырындан өзүнө келип, өйдө турайын деп баратып кайра жыгылды. "Оңбогурлар аябай эле сабашкан го, бутум сынганбы?" бутун ушалап калды. Колу тийген жери гана сыздап ооруганы болбосо бутта жан жок эле. Колуна таяна өбөктөп туш келген жагына жылып жөнөдү. Эл уйкуга жаткан убак болгондуктан, бийик кабаттуу үйдүн терезелеринен бирин-серин гана жарык байкалат. Алынын болушунча алдыга жөргөлөй берди. Кабат үйдүн жер төлөсүнөн күйүп турган терезени көрүп үмүтү жанды. Жарыкка жетип дагы эсин жоготту.
Бул жарык милициянын аймактык участкасынын иш жайы эле. Участкалык милициянын кызматкери Өмүр, шериги экөө эми гана иштерин бүтүрүп үйлөрүнө кайтмак болуп, жаңы гана сыртка чыгышкан. Каалганын сыртында жаткан Дүйшөнбекти көрүп чочуп кетишти. Чөнтөктөрүнөн кол чырактарын ала коюп, жаткан адамга үңүлүп калышты.
- Тирүү экен. Тез жардам чакыралыбы?
- Жолдош капитан, не кыласыз? Бул бомжду тааныдым мен. Биздин участкага жаңы пайда болду.
- Бул кадимки бомждарга окшобойт менимче.
- Жолдош капитан, ансыз да кеч болду, таштаныз кеттик. Мен машинаны от алдырып жылыта берейин.
Негедир шеригинин сөзүнө макул болуп кетмекчи болгон Өмүр тиги жаткан адамга жакшылык кылгысы келип турду. Акырын башын көтөрүп: - Байке, байке тура аласызбы? Кана келиңиз турабыз.
Аңгыча шериги машинанын терезесинен башын чыгарып:
- Жолдош капитан! Өмүр Дүйшөнбекович, таштаңыз эми кеттик!
Өмүр шеригин укса да укмаксанга салып, "кайырчыны" тургузуунун аракетинде.
- Кана байке, туруңуз эми, - деп колтуктап көтөрдү.
- Бутум... кайырчы онтоп алды. Бутуна тура албасына көзү жеткен Өмүр, кайырчыны жаш баладай таптак көтөрүп машинага келди.
- Жолдош капитан, муну кайда эми?
- Ач эшикти! Менин үйүмө жеткизебиз. Көрбөй турасыңбы абалын? Айгүл канткен менен врач эмеспи, жардамын көрсөтөт. - деген Өмүр "кайырчыны" арткы орунга жаткызды.
- Өмүр Дүйшөнбекович, жеңем бу бомж экөөңдү кошуп кууп чыкпасын кайра... каткырып калды шериги.
- Кеттик. Айда үйгө!
Комментарийлер
MACKA. ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?