asanaka (31 Январь 2013 - 02:13) жазган:
Кантсем экен, баарын жыйнап таштасамбы,
Жаңыдан башка кадам таштасамбы.
Көңүлү, жок адамдан бакыт күтпөй,
Бүт баарын кайра баштан курасамбы.
Билдим, ооба, көңүлүң жок сенин менде,
Жада калса ойлонбойсуң мен жөнүндө.
Сүйөмүн деп ичтен сызып сүдүрөлгөн,
Ойумду билбейсиң да, кимде күнөө.
Кантсем экен, көңүл үзүп таштасамбы,
Билбей турам сүйө аламбы башка жанды.
Ал адамды чындап эле сүйүп калсам,
А балким унутаармын сени дагы.
Кантсем экен, сүйөмүн деп дагы айтсамбы,
Акыркы ирээт сүйүү андан сурасамбы.
Жалбарып чындыгы жок сүйүү күтпөй,
Ушунчамда баарын жыйнап таштасамбы.
Жаңыдан башка кадам таштасамбы.
Көңүлү, жок адамдан бакыт күтпөй,
Бүт баарын кайра баштан курасамбы.
Билдим, ооба, көңүлүң жок сенин менде,
Жада калса ойлонбойсуң мен жөнүндө.
Сүйөмүн деп ичтен сызып сүдүрөлгөн,
Ойумду билбейсиң да, кимде күнөө.
Кантсем экен, көңүл үзүп таштасамбы,
Билбей турам сүйө аламбы башка жанды.
Ал адамды чындап эле сүйүп калсам,
А балким унутаармын сени дагы.
Кантсем экен, сүйөмүн деп дагы айтсамбы,
Акыркы ирээт сүйүү андан сурасамбы.
Жалбарып чындыгы жок сүйүү күтпөй,
Ушунчамда баарын жыйнап таштасамбы.
Ушул ыр менин ойлорумду чагылдырып бериптир.