karakyz23 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 92 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (86 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 24 Октябрь 16
- Кароолор:
- 8 467
- Соңку аракети
- 24 Авг 2023 16:26
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 26 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 27, 1998
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Бул сезим
Жазылган күн: 19 Авг 2023
NIkalike (25 Июль 2023 - 01:18) жазган:
Эх калп айтпасам дагы бир жолу окуп чыктым. Демек быйыл эле... Калганын эстеп жазуу сизге да оор болуп жатса керек... Окуган сайын ушул окуянын ичинде жашайм.Арадан канча жыл өттү. Ал жылдарда эмнелер гана болгон жок. Көп эле жолу көптүн арасынан кезигип калабыз. Ананчы классташ, бир айылдан болсок. Сен бир кыз, бир уулду болдуң. Эң кызыгы кызыңдын аты Назик. Кичинекей Назиктин ысымы мага сенин чексиз сезимдериңдин белгиси.
Кеттиң. Ырас эле кетип калдың э? Үй бүлөң менен АКШга көчүп кеттиң. Алыс... Эми биз көрүшчү күндөр болбосо деле ыраазымын. Көз менен сүйлөшүп, жүрөктөр менен сырдашып тажап кеттик. Сен акылдуусуң. Ортобуздагы эбегейсиз сезимди экөөбүз тең акыл менен башкарып жүрөбүз. Түшүнгөн адамга бул кандай кыйын! Жүрөктөгү лүпүлдөгөн сезимди шырп эттирбей басып, демин чыгарбай тумчуктуруу. .. Канчалык аба жетпей кысылып, кыйналып бараткан күндө да сен үчүн, мен үчүн өзүбүздүн тандообуз, балдарыбыз, үй бүлөбүз биринчи орунда экенин далилдеп келдик. Ушунча жылдан бери мен сага бир сөз айтпадым. Сен мага үн катпадың. Ананчы түтөп турган сезимди бир сөз менен үйлөп алоолонтуп алсак, илебине ээ боло албай, ал отко бей күнөө канча адамды куйкалап жибермекпиз? Жоок, биз деген акыл эстүү адамдарбыз. Мен жолдошумду сүйөм, сен жубайың менен бактылуусуң((( Башка эмне керек э? Сени айылга келип баары менен коштошуп кетти деп уктум. Жүрөгүм бир башкача толкуп алды.
Экөөбүз сырдашчу булак дагы эле шырылдап муздак, тунук бойдон агып турат. Бүгүн кечке биздин булакты тиктеп отурдум, негедир бир нерсемди жоготкондой эки жагымды карап коем. Биздин аруу сезимдерибиздин күбөсү. Бир убакта биз отурчу таштын түбүндөгү "Назик, өзгөчөм 2023" деген өтө чоң эмес ташка чегилген жазууну окуп калдым. Билинбегидей кылып чегип чыгыптыр. 2023... быйыл...мүмкүн эмес. Мени дайыма "Өзгөчөм" дечүсүң! Сен жаздың э? Сен... башым айланып кетти. 20 жылга жакындап калган сезимдерим. Майда калтырак баскан колдорум менен бетимди баскан бойдон ыйлап жаттым. Эмнеден жаздык? Кайсыл жерден тайдык? Жок, мен бул белгини көрбөшүм керек, бул мага жазылган жок! Ал өзүнүн кызынын атын жазып койду. А мен өзүмчө эле не болуп атам? Балким башка бирөө жазып койду. Калп эле белги, символ издеп жинди боло бербечи! Мен эмес...мен эмес... колума тийген таш менен жазууну чапкылап өчүрүп баштадым. Жоок...кайкырып алдым. Жин кирген немедей чоң таштын боорун колумдагы таш менен чапкылап, өксүдүм, толуп калган көкүрөгүм бошочудай эмес. Канча ыйладым, боздодум билбейм. Бир убакта колумдагы ургулап аткан кичине таштын бир бөлүгү сынып, башыма "каңк" деп бир тийип, көзүмөн от чыгып эсиме келе түштүм. Ылдыйды көздөй ысып аккан канды сууга жууп, колум менен бассам токточудай эмес. Демейде жанымда жүргөн бет аарчы да жок. Жалбырак менен бассам болбоду. Бутумдагы эки байпагымды чечип, так төбөм канап жатыптыр, башыма коюп, өпкөм көөп, көзүм шишип,кызыл ала кан болуп үйгө бет алдым. Албуутанып жаткан балдарды энеси бир койгондо эсине келе түшөт го. Мен да так ошондой болдум. Көзүм умачтай ачыла, декилдеп байпагым менен төбөмдү кармап жолдо келатам. Баарынан да үйдөгүлөргө эмне дейм? "Жыгылып түштүм" дейин десем, "Так төбөң менен сайылдыңбы? " дешет. "Тайып кеттим" дейин десем, эшикте жай, жамгыр да жок. "Тоголонуп барып ташка бир тийдим" десем да окшошпойт. Не десем? Өкүрүп, бакырып таш чапкыладым деп кантип айтам? Бирөө башка чаап качып кетти десем да болбойт. Не десем? Жаман өзүнчө драма болуп атсам, бул жагы ит эле болду. Оорукчан немедей байпагым менен башымды кучактап, шишип-көөп үйгө кирип бардым. -
Темасы: Мен жана тагдыр.
Жазылган күн: 12 Фев 2022
Убакыт билинбей өтөт тура. 2-курсту ийгиликтүү аяктап стипендияга илиндим. Ал ортодо Мирланга жиним келген сайын ар ким менен таанышып жүрүп жашоомдо дагы бир адамды жолуктурдум. Одноклассникиден номериңди берчи деп бирөө жазды. Мен ага "Анан" деген билдирүү жөнөттүм . Акыры бердим. Чалды. Сүйлөштүк,тааныштык. Акыры жолуктук. Менден улуураак байке эле. Ортодо эч кандай эч нерсе болгон жок. Мен болуп өткөн нерселер жөнүндө айтып бердим. Мага агалык кеңешин берди. Жеңилдеп& nbsp; калгандаймын негедир. Негизи эле жашоомдо адамдар менен бат тил табышам. Ал байке экөөбүз кээде ал жай сурашып жазышып,чалышып турабыз. Экөөбүз кеч күздө жолукканбыз. Эң кызыгы ал мурда ажырашкан экен. Анан да жашоосунда мага чейин менин атыма окшош адам жашоосунда чоң роль ойногон экен. Ошол себептен мени тааныбай туруп номеримди сураган. Кийин мага аны өзү айтып берди. Ошентип күндөр өтө берди. Чындыгында ал адам менен 2 жолу гана жолуктум.& nbsp;<div> Жок силер жаман көрбөгүлө окурман...Мен адам тандабайм. Мейли ал ажырашсын,мейли ал кылмышкер болсун. Мейли ал улуу муун,кичүү муун болсун мен бир гана жан дүйнөмдү түшүнгөн адам каалап калгам. Мына ошол кезде мага ошол адам жолукту...< /div> -
Темасы: Мен жана тагдыр.
Жазылган күн: 12 Фев 2022
Карасам арадан 3 жыл өтүптүр... -
Темасы: Бул сезим
Жазылган күн: 19 Авг 2019
-
Темасы: Мен жана тагдыр.
Жазылган күн: 8 Фев 2019
Денемди бироо жанчып салгандай... Деги бул кундордун аягы кандай бутот...Акыры ден соолугумдун таш талканы чыкпаса болду...
Мирлан экообуздун дагы эле мамилебиз бар.. Чалат,жазат деги тажабаган неме экен.Жолугуп да коёбуз кээде...Откондо китепканага келди...Уруштук. ..Айтат эмне эле кыйкырасын негизи сени менен шаурма жеп келбейлиби деп эле келгем...Мага баары бир...Ушунчалыктан ушундай баары бир...Жаман да корбойм жакшы да корбойм...Таптакыр сезимим жок...Озум ага айткандай жети областан кырк торт райондон кыз таап кетсе да мейли...Конулум калган...Мына 5 жылга чукулдады.Менин жашоомдо Мирлан деген "мите курт"бар экенине...Билбейм достор билбейм...Андан кийин да балдар менен тааныштым.Арасынан бир бала купулума толду...Хм ал дагы жоопсуз...Негизи мага Мирлан сабак болду.Азыр таанышсам эле балдардан "Университетди буттунор беле?,Кайда иштейсинер? "-деген суроо.Кадимкидей материалдык жагына карап калдым...Жакшы кундорду гана умут кылам...
Комментарийлер
karakyz23 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?