Көк чайдын пайдасы бар экендиги шексиз. Өзгөчө диеталык касиетке ээ. Гипертониялык ооруларга, боор ооруларына кабылгандарга сунушталат. Андан сырткары көк чайдын тазалоочу жөндөмү бар. Японияда атом бомбасынын курмандыктары нурдануунун таасиринен оңой чыгуу үчүн көк чай ичишет. Орто Азияда аны суусундукту кандыруу үчүн ичишет. Ошондой эле тамактын майларын жоготот. Америкалык жана япониялык изилдөөчүлөр белгилегендей чайдагы антиоксидант рак шишигинин өөрчүшүнө тоскоол болот. Көк чай кудуреттүүлүктү көтөргөндүктөн азыркы стресске толгон жашоодо эркектердин ичип турганы ашыкчалык кылбайт.
Эгер жаш балдардын тишине курт түшүүсүн каалабасаңыз тиштерин көк чайдын тунмасы менен тазалоого мажбурлаңыз. Анткени курамындагы фтор фирманын каражаттарына караганда алда канча таасирдүүрөөк. Эгер тунманы жутуп алса деле эч нерсе болбойт.
Билдирүүнү түзөткөн: Topcubai: 13 Июнь 2015 - 16:06