Сен аларга өкүл ата белең артынан жараштырып бөлүштүрүп жүрөбергидей.
Экөө бирин-бири түшүнүшпөдүбү демек жолдору бөлөк-бөлөк экен.Сен өз камыңды көр.
Билем кийин алар мени күнөөлөйт... бирок мен да чарчап айлам калбады...
#42 22 Октябрь 2019 - 09:58
Demon (05 Февраль 2012 - 22:50) жазган:
Окуяны баштан аяк айтып берген менен баари бир абал өзгөрбөйт ошондуктан жыйынтыкка токтолоюн. Үч жылдан бери сүйлөшүп күйүшүп сүйүшүп жүргөн адамдар бар. Анын үстүнө экөө бир биринен узакта, а мен тем более узактамын алардан. Көбүнчө үчөөбүз сүйлөшүп калабыз, анан мага кызыктай сезилип “койгула эээ мен жокле сүйлөшө бергилечи” десем, алар мага кайра капа болушат. “А мнеге?” деген суроого, “Сага ишенебиз, сенден башка жакшы түшүнгөн адам жок бизди” дешет. Маакул деп мен да сүйүнүп калам чооң киши болуп аларга насаат айтып. Бирок бала мелочь, кыз болсо сөз укпаган мерез болвалды акыркы күндөрү. Анан экөөбү көп урушчу болду. Дос мага кызды, ал эми аяш жигитти күнөөлөп, жамандап анан себебин билип берүүмдү өтүнүшөт. Анан ар кимиси менен отдельно сүйлөшүп, бунун сөзүн ага, анын сөзүн буга айтыватып (көп эле учурда өттө жаман сөздөрдү алып салып) экөөнү жараштырып жүрдүм. Бул абал кайталана берди, мага жакпай калды сөздөрдү оңдоп анан аркы беркини ташыган. Мына ошондуктан экөөнө жардам кылбай койдум, билгениңерди кылгыла, мага баарибир дедим да экөөнөн тең кол жуудум. Ошентип 2-февраль күнү экөө айрылды, болгондо да таанышканына үчүнчү жыл болгон күнү… Эми алардын проблемасы жок эле жашайм деватсам, кайра мага досум: “аяшыңа менин качестваларымды түшүндүрүп койгон эмес экенсиң да досум, аны сүйөм, ансыз жашоо кызыксыз, кайра ушуларды айтып аяшыңа, досума телефон чалып койчу де, жараштыр бизди, сураныч мен өзүм айтканга болбой атат” деп кат жазыптыр. Не кылышты билбей ойлонуп отурсам, аяштан смс келди “жашоо менен кош айтышып баратам, апама не деп койсом, совет бериң” деп. Анан телефонду да башканы да өчүрүп салдым, эмне болсоңор мага баарибир деп. Бирок кыжалат болуп атам. Кийин мени күнөөлөшөт билем, а бирок мен жок жерден алардын азабын тарткым келбейт. Ортомчу болгондун жаман жагы ушундай экен достор. Кыз өзүн өлтүрүп алса анан досумдан да айрылчу болсом эмне болот деп ойлонбой коё албадым. Силерге айтып жеңилдеп каламбы деген ой менен жаздым. Кыскасы мен ушундай кара өзгөй адаммын, аларга бир нерсе болсо менин тиешем жок да туурабы же кандай???
Неболушту ошондо досунуз менен аяшыныз?
Кайра табышып, бала'чакалуу болуп , бапырап жашап калыштыбы?