s9zen098 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 158 (0,33 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (289 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 05 Декабрь 14
- Кароолор:
- 25 012
- Соңку аракети
- 31 Окт 2021 17:07
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 26 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 7, 1998
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Күндөлүк
Жазылган күн: 26 Апр 2019
Сага батынып айта албаганымдын, башкалар менен болушуп мойундай албаганымдын баарын ушул кундолук менен болушууну чечтим.
Кундолук жазаарымды билсен, адатынча мыскылдуу жылмайып,-" канчанчы кылымда жашап жатабыз? Башка жумушун жокпу? Убактынды пайдалуу нерсеге коротсон боло"- деп, акылдуу создорунду айтып, болушунча озунду которуп, мени басынтаарынды жакшы билем. Бирок бул кундолук албетте сенин колуна барат. Мен ошондой чечтим...
Жок-жок. Сен озунду жектеп, азаптанышын учун эмес. А сени баарынан бийик койуп, оз омурунон артык коруп, бирок сендей эле обу жок кербез, бой котормо мунозунун айынан биринчи кадам койууга намысы жол бербей, жан дуйносу жарты болгон бир адамдын болгонун билуун учун...
Сени биринчи коргон кунум, андагы сезимдер дале унутал элек, жашоомдун акыркы секундасына чейин унутулбаса да керек. Албетте ал кезде бир сен деп жашап калаарымды билген эмесмин. Тескерисинче жактырбай, ошол кундон менин биринчи душманыма айлангансын.
Кыш. Каникул бутуп, сабактар башталган биринчи кун, адатымча мектепке эрте келдим. Класска киргенде эле классташым Илимдин салам бергенине карабай козумо биринчи сен урундун. Классташтарымдын каникулга тарай электе айтып жаткан шаардан келчу жаны баласы ушул го деген ой мээмди аралап отту. Мен ойумду жыйгыча эле Илим, ойумду тактап, сенин кайдан келгендигинди, кимдин уйундо жашаарынды, аты-жонундо божурап жатты. Ага салам айттым да, калган созун укпаган киши болуп, сени жактырбаганымды билдире байкамаксанга салып, адатымча кабагымды туйо оордума отуп олтурдум. Класстын эн алдынкы окуучучусу болуп, жакшы окугандыгым жана агай-эжейлердин "суйуктуусу" болгонум учун гана классташтарым менин оор мунозумо маани бербей, жакшы мамиле жасап, жакын болгонго аракет жасашчу. Ага чейин конулум келген учурда гана салам айтып койгонум болбосо, башка убакта эч ким менен суйлошпой, сабактан башканы ойлобогон жаным ошол кышта бир-эки курбу кутуп, суйлогондорго жооп берип, класска бир аз аралаша баштагам. Ойлоп корсом откоол курак келип, озгоро баштаган убагым экен. Анан ал жылы биринчи "суйуумду" да таппадым беле. Тагыраагы ошол кезде "биринчи суйуум" деп ойлогом. Бирок кийин убакыттын отушу менен гана биринчи да, акыркы да суйуум сен экендигинди, ал болгону кызыгуу экени башыма жетти.
Канат бутуруучу класстын активисти, узун бойлуу, келбеттуу жигит эле, жакшы да ырдачу. Бир эле мен эмес, класстын бут кызы ашык болгонбуз.
Сен келгенден кийин менин жашоом таптакыр озгорду. Баягы карегим менен тен айланган классташтарым, эми сени жандай баштады. Анткени кыздарга шаардык жигиттин озу кызык болсо, балдарды уй тапшырмасы менен болушуп турганын твртты. Сага болгон ашыкча конул болууго эки жумадай ичим тарып, анан озумдун Канатым менен болуп атып маани бербей калдым. Бирок сабактан атаандашып, болбогон эле катанды издей бермей адат таап алдым. Сен да менден калышпай менин эле ката кетируумду кутуп турчусун. Анан экообуз талашып-тартышып, ызылдашып эле олтуруп калчубуз. Бири-бирибизди басынтууга ынгайлуу учурду гана байкап турчубуз. -
"Жайлоодо калган сезимдер"
Жазылган күн: 6 Мар 2016
Бердикожо Бийназаров
Жайлоодо калган сезимдер
Сабакты жакшы окуганы менен малга жакын өскөн Жамила кадыресе жигиттерден кем калышпай атка бек олтуруп, талаа-түстө көп жүрдү. Бала кезинен ата-энеси менен көчүп-конгонго көнгөн чыйрак кыз көбүнчө жайлоого мал айдап, ат үстүндө жүргөнгө көнгөн. Сегизинчи классты бүткөндөн кийин окууну таштап мал багып кетүүнү көңүлүндө эңсесе дагы, аны кандайдыр бир күч кармап, дагы эки жыл окуганга түрткү берди. Бир караган жанды суктандырган өңдү-түстү Жамилага чабандык кесипти эч ким ыраа көрбөйт эле.
Ооба, Жамиланын сабакты жакшы окуганын эске албаганыбызда да, анын аялзатына таандык сулуулугу көңүлдүн төрүнөн орун алып, аны мектепти аяктаары менен ала качабыз дегендер четтен чыкты. Убакыттын өтүшү менен бышкан мөмөдөй Жамила чырайына чыгып, ал басып бараткан көчөгө көрк кошулуп, шынаарлаган балдардын саны арбыды. Боз балдардын тийишкендерине көнө түшкөн Жамила барган сайын бул көрүнүшкө дагы көңүл бурбай, кош көңүл мамиле кылып калды.
Кыш мезгилинин илеби кайтып, эркектердин майрамы аталган 23-февраль дагы кирип келди. Бул күнү кыздар өздөрүнчө белек камдап, балдарды майрамдатуу үчүн кам көрүп жатышканда чогуу окуган кыздар "ким кимге белек берет?" деп өздөрүнчө күбүр-шыбыр боло түшүштү. Класста он эки кыз, он үч бала окуйт. Ар бир кыз бирден балага белек бермек болушту. Ал эми Эдил аттуу бала бир айдан бери сабакка келбегендиктен, аны эске алышкан жок.
Күн төбөдөн ооп, алтынчы сабак аяктаган кезде, классташтар тарых кабинетине киришти да, белек берүү аземин башташты. Жамила өзүнүн жээни Эрланга даярдалган белекти берип, ооз учунан куттуктаган болду.
Жамилага болгон сүйүүсүн ичине каткан Эрлан анын берген белегин туу тутуп, "мага белек берди, демек мага дагы Жамиланын көңүлү бар турбайбы" деп , чолок ойго алдырган жаш уландын кубанычында чек жок эле. Маңдайы жарыла сүйүнгөн Эрлан ансайын Жамилага жакындап, экөө жакын тууган экенин эсинен чыгарып, келечеги жок сүйүүнү баарынан бийик тутуп койду. Бир сааттан ашык убакытка созулган куттуктоо аземи аяктаган кезде, күн бир топ эле ылдыйлап калган эле. Шатыра-шатман күлкүгө толгон класс ичин алеки саатта жымжырттык ээлеп, классташтар сыртка чыкканда, мектептин алдында турган аскерден келген балдар суук көздөрүн агытыша, жаңы гана бышып, жетилип келе жаткан бойго жеткен кыздарды сынай карап турушкан.
Белек алган балдар аларга көңүл деле бурушкан жок. Ал эми кыздар кантип эле аларды байкабай, көз жаздымдан кетирип калышсын. Олоң чачы далысын жапкан Жамила топ кыздардын арасынан өзгөчө көзгө сүйкүмдүү көрүнүп, ортодо баратты.
Аскердик көк тумагын төбөсүнө кийген, узун бойлуу Темирбек, Жамиланы биринчи жолу көрүп жаткансып көз ирмебей карап, ага кызыкканын жашыра албай, "Кутмандын кызы укмуш чырайына чыккан го… көз жоосун алып. Бул кызды ким алса дагы арманы жок болсо керек. Мындай сулуу менен жашагандын өзү эле бакыт эмеспи" деп тамшанып алды. Жанында турган теңтуштарынын арасынан Эрмек:
- Болду эми, көп караба. Көзүң агып түшүп калат, - деп тамашалаган болду эле, Темирбек калп күлүп:
- Мындай сулууну карабаган көздүн кимге кереги бар. Чиркин кыз эмес бекен. Жөн эле асмандан түшкөн перинин кызынан кем калышпайт го. Баралына келгенде муну талашып, мушташкандар четтен чыгат. Күлүк ат менен сулуу кыз үчүн илгери керек болсо, эки айылдын эли чабышкан дагы учуру болгон экен. Анысыңары, бул Кутмандын кызы эки айылды болбосо дагы эки эрди чабыштырат. Айтты койду дебегиле, - деп сөзүнүн аягына чекит койгондо, Эрмек:
- Ия, Темирбек ашыкча мактап жибердиң көрүнөт. Мындай сулуулардан азыр көз адашат. Андан көрө майрамдык маанай кылып, бир барматуха алалы, сени эстен тандырган алиги сулууну алеки саатта унутасың, - деди.
Эрмектин бул айткан сөзүн ал жердегилер коштоп кетишти да, жыгачтан салынган көк дүкөндү көздөй бет алышты.
*****
23-февралдан бери Эрландын мүнөзү өзгөрдү. Буга эмне себеп болгонун өзүнөн башка жан адам билбейт. Бала кезинен бери көңүлүнүн төрүндө багып келген таежесинин кызынын колунан белек алуу, түшүнгөн кишиге бакыт эмей эмне? Эми Эрлан 8-мартка белек камдаш керек. Камдаганда дагы Жамила кызыккандай, көңүлү бурулгандай, ал кызыккан өзгөчө белек бербесе болбойт. Учуру келип турганда пайдаланбаса, кийин кеч болуп калышы толук мүмкүн. Эң негизгиси акча таап, райондун борборуна барып келүү, Эрландын жүрөгүн өйүгөн маселе айланды.
Аттиң, сүйүүнүн күчү эмне деген гана таттуу кыялга батырбайт дагы, эмне деген гана ойду ойлонтпойт. Жүрөгү дүкүлдөп, санаасы санга бөлүнгөн Эрлан убакыт 8-мартка жакындаган сайын, бир орунга олтура албай калды. Эми акча табыш үчүн жалгыз гана уурулук кылуу жолу калды. Антпесе сүйгөнүнө уят болот. Жамила үчүн баарына кайыл болгон Эрлан эмне кылса дагы акча таап, оюндагысын иш жүзүнө ашырбаса, жер үстүндө басып жүрө албайт. Эгер, ойлогон оюнун өтөөсүнө чыкпаса, анда намыс үчүн жер кесип кетүүгө даяр. 5-март күнү сабакка келген Эрлан, Жамилага жакын келип, ооз учунан сураган болду "сага эмне жагат?" деп. Жамила сырдуу жылмайып, сөз төркүнү эмне жөнүндө болуп жатканына дароо түшүнүп, "чын ниетиң менен берген нерсе" деп кыска жооп берип:
- Эрлан, көп чарпылбай эле кой. Экөөбүз жакын тууган эмеспизби. Мен сага эч таарынбайм. Белек берем деп убара болбой деле койсоң болот. Балдардын катарынан чыкпа, - деди. Бул айтылган сөздүн тереңинде аягандык, сенин колуңдан мага жаккан белек алуу азырынча эртелик кылат дегендик жатканын Эрлан дароо байкап, өкүнүп алды. "Кап, бекер сураган экенмин. Андан көрө өзүм билип эле белек алсам болмок экен" деп. Көңүлү чөгө түшкөн Эрлан, сыр бербегенге аракет кылып:
- Мен жөн эле сурап койдум, - деди да, сөздү башкага бургусу келип:
- Сарай жакка качан барасың? Ишемби күнү мен дагы барып келсемби дедим эле, - деп Жамиланын тик карай албай, көзүн андан ала качты. Жамила баарын сезип турса да, билмексен болуп:
- Аны азыр айта албайм. Эгер сарайга бара турган болсом сага айтып коём, - деди. Ошону менен ортодо сөз үзүлдү. Сабак бүткөнгө дейре Эрландын көңүлү суз тартып, капалуу жүрдү. Бирок, оюндагысын ишке ашыруудан баш тартпады.
Ошол түнү кечинде алдыга койгон планын ишке ашыруу үчүн, жалгыз жашаган Гүлүмкан эненин короосуна кирип, куйруктуу кара козусун уурдап чыгып, атка бөктөрө өңөрүн, коңшу айылды көздөй баратып, өзүн-өзү күнөөлөдү "бекер ушул жолду тандап алдым"- деп. Эгер Жамиланы сүйүп калбаганда, бул уурулук ишке барбайт эле. Баарына сүйүү жана 8-март майрамы себепкер болду. Жамила 23-февралда белек бербегенде, бул уурулукту оюна дагы албайт болучу. Эми ага жооп бериш үчүн, козуну жакшы баада сатуу гана калды. Ар кандай ойдун кучагында калган бала, коңшу айылдын четиндеги, алдына ала сүйлөшүлгөн сөз боюнча, айтылган үйгө келип, козуну берди да, акчаны алып, кайра изине ат тердетип, катуу жүрүш менен кайтты. Убакыт түн ортосуна жакындап, саатын жебеси он эки жарым болуп калган кезде айылына келип, тердеген атты короого аса байлап коюп "эми эмне алуу керек" деген ойдун жетегинде бир сааттан ашык убакыт ойлонуп жатып, көзү илинип баратканда, ордунан шарт туруп, атты отко коюп келип төшөккө кулады. Эртеси Эрлан таң эрте турду да, райондун борборуна барчу автобуска олтуруп белек алуу үчүн, тааныштардын көзүнө чалдыкпай жөнөп кетти.
Эх, сүйүү, сүйүү демекчи, сүйүүнүн күчүнө арбалган Эрлан арам жол менен тапкан акчасын уучтай кармап, райондун борборуна келип, дүкөндөн-дүкөн кыдырып, Жамилага ылайыктуу белек издеп таппай жүрдү. Акыры убакыттын өткөнү менен айылга кетчү автобуска үлгүрүп калыш үчүн, биринчи көргөн кымбат баалуу кол саатты сатып алып, жаңы жүргөнү жаткан автобуска эртерээк үлгүрүп, айылды көздөй жол тартты. Алган белегине көңүлү толгон Эрландын кабагы ачык.
"Бул алган белегимди көргөндө Жамила сөзсүз сүйүнөт" деген таттуу кыялга бөлөнгөн Эрлан, автобустан түшкөндө эле жагымсыз окуяга туш болду. Анткени, айылдык участканын милиционери райондон келчү автобусту күтүп турган эле.
Эрлан алгач эле милицияны көргөндө, өзүн жоготуп койду. "Коркконго кош көрүнөт" демекчи, милиция өзүн күтүп тургандай сезди. Анткени, Гүлүмкан эне сөзсүз милицияга кайрылышы турган иш эле. Милиционер бир сыйра автобустан түшүп жаткан кишилерди карап, өңү купкуу болгон Эрланга кайрылды.
- Каяктан келдиң, эмне өңүң купкуу, - деди.
-Райондун борборунан. Ооруп турам, - деп Эрлан так жооп берди. Колунда кармаган эч нерсеси болбогондон кийин милиционер, Эрландан шек алган жок. Эрлан анын жанынан бир аз узагандан соң гана өзүнө келип, кадамын ишенимдүү таштап, жолун улады. Чын- чынына келгенде, бул эне сүтү оозунан кете элек уланды эч ким мал уурдайт деп ойлобойт болучу. Айылдын милиционери дагы Эрландан шек алган жок. Болбосо бөлүмгө алып барганда эле, Эрлан коркконунан күнөөсүн моюнга алмак.
Үйгө келген Эрлан ички үйгө кирип, сүйгөнүнө, балалык аруу сүйүүсүн арнаган Жамилага арнап алган белегин колуна алып, дагы бир сыйра көз жүгүртүп, "эми мага Жамила көңүлүн сөзсүз бурат" деп күбүрөнүп алды да, белекти бекем жерге катып койду. Бул күнү жүрөгү алеп-желеп болгон Эрлан таттуу кыялга батып, көңүлү жайдары жүрдү. Бирок, бул жасаган ишинин аягы өкүнүчтүү аяктарын оюна дагы алган жок.
Эртеси эртең менен сабакка барганда, эң алгач эле уккан кабары бул болду. "Гүлүмкан эненин козусун уурулар уурдап кетиптир. Бүгүн мектепке милиция келип, жогорку класстын балдарын текшерет экен. 8-март майрамына карата ууруга баргандарды териштирет" деген сөздү укканда, Эрландын өңү өзгөрүлүп, көңүлү чөгө түштү. Дароо Гүлүмкан эне көз алдына тартылып, анын аянычтуу абалын элестетип, өзүнүн жасаган ишине өкүнүп алды. Ойго чөмүлгөн Эрлан качан гана Жамиланы көргөндө көңүлү көтөрүлүп, бүркөлгөн кабагы ачыла түштү. Биринчи сабак математика болучу. Бул сабактан жашы элүүгө жакындап калган Бурулкан эже берет. Сабакты жакшы өтөт. Бирок, ошончолук талапты коё билет. Математика сабагы болот дегенде окуучулардын кабагы бүркөлө түшөт.
Биринчи сабак ортолоп калган кезде, эшик чертилип мектептин завучу менен айылдык милиционер класска кирип келди. Окуучулар жапырт ордуларынан тура калышты. Завуч отургула дегенсип колу менен белги берип:
- Кечээ түнү Гүлүмкан эненин козусун уурдап кетиптир. Айыл ичинен шектүү эч ким жок. Андыктан сабактан кийин болгон бул класстагы балдар менин бөлмөмө киргиле, - деди. Башын жерден албаган Эрлан ичинен өзүн өзү күнөөлөп, бекер уурулукка барганына өкүнүп турду. Милиционер дагы Эрландын шек алып калгандай болду.
Үчүнчү сабак бүтүп, чоң танаписке чыкканда балдар кыздарга белек берүүнү туура көрүшүп, кыздарга эскертишти, "сыртка чыкпагыла" деп. Эрлан бул жолу эки анжы ойдо калды. Эгер кол саатты Жамилага бере турган болсо, айыбы ачылып кала тургандай сезилди. Көңүлү чөгүп, кыртышы эч нерсени сүйбөй, арткы партага барып олтуруп алды. Арадан аз убакыт өтпөй сабакты жакшы окуган Алтынбек ортого чыгып каалоо-тилек айтып, белек берүүнү баштады. Балдар өздөрү 23-февралда кимден белек алса, ошол кызга белектерин берип, куттуктап жатышты. Эрлан элден бөлүнүп Жамиланы өзүнчө чакырып, эч кимге билгизбей, камдаган белегин берип, акырын бетинен сүйүп "Жамила, сени мен абдан жакшы көрөм" деп айтып алып, уялып кетти. Жамила мындай белек алам деп Эрландан күткөн эмес. Алгач чочуп кетти да, качан Эрлан көзүн кысып белги бергенде гана сыр бербей кол саатты сумкасына салды. Бирок, Эрландын "сени мен абдан жакшы көрөм" деп айткан сөзүн өзүнө жууткусу келбей, азыраак көңүлү чөгө түштү. "Биз тууганбыз да" дегенсип. Ушул саам гана билди Жамила, сүйүү таяке, жээнге карабасын. Айтканга оңой, бирок сүйүүнүн кудурети күчтүү экенин качан гана адам аруу, таза сүйүүгө кабылганда билет эмеспи. Жамила сабак бүткөнгө чейин жээни Эрлан жөнүндө ойлонуп, көңүлү эч нерсеге чапкан жок. Бир чети "сени сүйөм, жакшы көрөм" деп жигиттердин айткан сөзүнө көнүп деле калган. Бирок эмнегедир Эрландын бул жолу айткан сөзү Жамиланы таасирлентип, чындап ойго салды.
АЧЫЛГАН АЙЫП
Мектептин завучу эбак эле ар бир класска бирден тыңчы даярдап, ким кимге кандай белек бергени жөнүндө билип алган. Жамилага кымбат баадагы кол саатты Эрлан белекке бергенин укканда эле, дароо шек алган завуч акыркы сабак ортолоп калганда, өзүнө чакыртты.
- Элебесов Эрлан, сени завуч чакырып жатат, - деп физика мугалими Рыскелди агай айтканда эле, Эрлан өзүн жоготуп койду. Өңү өзгөрүлүп:
- Эмнеге агай? - деп сурады.
Рыскелди агай үнүн өзгөртүп:
- Кайдан билем. Завуч мага отчёт бербейт. Бас, ылдам, - деп алдыга басты. Эрлан классташтарынан уялганынан, жердин катуулугунан гана калды. Кадамы жылбай тушалып калгандай сезилди. Завучтун бөлмөсүнө барганга чейин не деген ойлорду ойлогонго үлгүрдү. Эх, ошондогу Эрландын абалын сүрөттөп жазганга сөз жетпейт го.
Завуч чыдамы кетип күтүп жаткан эле. Эрлан сырттан киргенде эле, эң алгачкы суроосу бул болду:
- Кечээ райондун борборуна эмне жумуш менен бардың? - деди. Эрлан бул суроону күтпөгөндүктөн мукактана түштү. Завучту тик карай албай:
- Өзүмдүн жеке иштерим менен, - деп жооп берди, ооз учунан.
- Кандай жеке ишиң менен бардың? Так жооп берчи, - деп, талап койду.
Эрлан үнүн чыгарып:
- Кийим алсамбы дедим эле, - деп калп айтып, бул шылтоону тапканына өзү дагы сүйүнүп кетти.
- Анан кийим алдыңбы? - деп, завуч суроосун жаңыртып койду.
Эрлан башын жерге салган тейде:
- Жок, мен алайын деген кийим чак келбей калды. Анан кийинки аптада кайра барсамбы дегем.
Завуч көңүлү суз:
- Сен эмне калп айтып жатасың? "Классташым Жамилга кол саат алганы баргам"- деп, чык эле айтпайсыңбы. Ага андай чоң суммадагы акчаны кайдан алдың? Билесиңби, ага белекке берген саат канча турарын, биз эбак эле билип койгонбуз.
Эрлан бул сөздү укканда, туюкка кабылган жолоочудай сөз таба албай, бир топко үнсүз туруп калды. Ал турсун мен Жамилага кол саат бергенимди эжей кайдан билди деген ойду дагы ойлогонго жетишти. Завуч Замира Алиевна, Гүлүмкан эненин козусун Эрлан уурдаганын, анын турган турпатынан эле билип койду. Бирок дагы алдап сурап көрөйүн деп:
- Элебесов мен сенден сурап атам? Акчаны кайдан алдың? Бол тез айт. Болбосо милициянын бөлмөсүнө барганда айтасыңбы? Эч ким биле электе айт. Болбосо, бүт мектеп, болгон айылга сенин жоругуң белгилүү болот.
Эрлан башын жерден көтөрүп:
- Чогултуп жүргөн акчама алгам, - деди.
Завуч бул сөздү укканда:
- Калп айтасың. Эч жерде иштебесең, сен кантип акча чогулттуң? Ачык эле айтпайсыңбы, Гүлүмкан эненин козусун уурдап барып сатып, ошол акчага белек алдым,- деп. Сенин уурулукка барганыңды, алдагы турган кейпиң эле айтып турбайбы. Айылдык участковый милиционер дагы сенден шектенип жатат. Эгер сен азыр күнөөңдү моюнга алсаң, бул сыр ушул жерде гана калат, эч ким билбейт, - деди. Бул сөздү укканда Эрлан ыйлап жиберди да:
- Эже, Гүлүмкан эненин козусун уурдаганым чын. Эч кимге айтпасаңыз, - деп күнөөсүн моюнга алып, болгон ишти башынан айтып берди да, "жан адам билбесин, эртең акчасын алып келип берем" деди.
Завуч Эрландын сөзүн баштан-аяк угуп, бир чети аяса, бир чети ичинен кыжынып турду. Кантип эле мектеп окуучусу уурулукка барды? Биз анда эмне максат менен бул баланы окутуп-тарбиялап жатабыз" деп ойлоп бир азга ойго чөмүлө түштү. Эрлан туңгуюктан жол издеген кайберендей завучту жалооруп карады. Завуч өз ою менен алек боло ичинен туттугуп, аба жетишпегенсип, оор улутунуп алды да, сүрдүү көз караш менен Эрланды карап:
- Кайсы дитиң менен бардың? Сага эмне сүйүү эле керекпи? Эмитеден уурулукка барсаң, кийин кайда барасың, ыя? Ата-энең укса эмне дейт? Сен ушул ишти жасаардан мурда ойлодуңбу деги?
Эрлан башын жерге салган тейде үнсүз туруп берди. Бир кезде завуч үнүн жогору чыгарып:
- Козуну канча баага саттың? Бүгүнтөн калтырбай козунун өзүн ордуна алып келип кой? Болбосо, ата-энеңди чакырып өзүнчө сүйлөшөм, - деп тапшырманы катуу берди. Эрлан башын ийкеп, шашкалактап жиберди:
- Макул, буюрса, бүгүн кечке калтырбай бүтүрөм, эң негизгиси эч ким билбесе болду - деди.
Завуч Замира Алиевна абалынан жазбай:
- Эрлан, эгер бүгүн убаданы аткарбасаң, эртең ата-энелер жыйналышына салам. Болбосо милицияга салып берем, - деп коркуткан болду да, көзү менен белги берди чыгып кет деп. Эрлан завучтун бөлмөсүнөн чыкканда, өзүн кыйла жеңил сезип, улутунуп алды да, өзүн өзү жемелегенге өттү. "Кап, ким көрүп калды болду кен. Жамилага берген белекти. Кечинде эле берсем эмне? Ой, ушу менин шашмалыгым" деп илкий басып класска кирди. Сабак өтүп жаткан мугалим:
- Бар, ордуңа олтур! - деп сүйлөп аткан сөзүн улады. Эрлан ордуна олтуруп жатып өзүн сырдуу караган Жамийланын көздөрүнөн жагымдуулукту байкап, аз да болсо көңүлү көтөрүлө түштү да, ага жооп кылып жылмайган болду. Сабак өтүп жаткан мугалим үнүн бийик чыгарып:
- Сүйлөшпөй олтургула. Азыр мен өтүп жаткан тема экзаменге кирет, - деп эскерткен болду. -
Күтүлбөгөн байлык
Жазылган күн: 11 Янв 2016
Күтүлбөгөн байлык
- Ээ балам иштебей эле койо турсаң боло? - Сейде уулуна өз оюн айтты.
- Апа, кантип иштебей койом, сиз картайып баратасыз, үйлөнүш керек болот, анан да жашоо керек.
- Келгениңе аз эле болду, кичине эс алып анан деле иштесең болот да?
- Жо-ок апа, иштей берейин.
- Мейли өзүң бил балам, - Эне уулун өз оюна койду. Эртеси документин алып барып тачка алды да иштей баштады. Күндө бир аз иштеп тапканын алып келип жүрдү. Бир күнү түшкө жакын эс алмак болуп туруп калган. Тачкасын токтотуп коюп балдардын жанында турса Толик деген неме келип ага тийишип калды:
- Ээ дос, тың окшойсуң, ишке киргенден бери менин энчимди бере элексиң, - деп чыйт түкүрө бөйрөгүн таянып туруп жанындагыларга көзүн кысып койду.
- Эмне болду, азыр ар ким өзүнө тың, - деди Эмил эч нерсе оюнда жок.
- Тилиң узун го, балдар кантип сүйлөштү буга үйрөтүп койгулачы, - Толик керсейе тамекисин чычайта тиштеп башын чулгуй ары басты. Үч төрт бала аны тегеректеп бириси:
- Жумуштан кийин базардын артына кел, сүйлөшөбүз, - деп ары кетип калышты.
- Барам, эмнеден коркот элем, сүйлөшсө сүйлөшүп койобуз, - Эмил алардын артынан карап жооп берип койду. Алар кеткенден кийин жанында турган балдар ага:
- Эй, алар бул базардагы тачкисттерден взнос алышат, сени соо койбойт го? - деп бири айтса дагы бири аны мыскылдай күлдү.
- Сөз кайтарбай койсоң болмок, күндө ар бирибизден 30 сомдон алат, теңелбей эле бере берсеңчи.
- Алар адамдан чыккан айбандар, этият бол.
- Айтканынан кайтпаган немелер, - дешип аны аяп жатышты.
- Көрөбүз... - Эмил өз тачкасын айдап кетип калды. Кечке иштеп акчасын жанына салып алып болжогон жерге барды эле бир топ балдар күтүп туруптур, кызыккандары да жок эмес эле.
- Бул баатыр менен сүйлөшүп койгула, өзү келип берип тура турган болсун, - деп Толик керсейе карап калды. Он чактысы тегеректеп алды. Эмил үндөбөй ортодо туруп:
- Балдар, бул эмне деген, жакшылыкча эле сүйлөшпөйлүбү? - дегенде бир келип кулак түпкө уруп калды, жыгыла жаздап оңолду да алар менен бир топко мушташып, тигилер көптүк кылып сабап коюшту.
Үйүнө кеч келди. Эртеси ордунан туралбай жатып калды. Сейде күйпөлөктөп үстүнө үйрүлүп сураса эч нерсе айтпады: "Ооруп атам" деп гана койду. Бир жумадан кийин кайра чыкты. Бул жолу ал атайын ошол балдардан өч алуу үчүн келди. Ал күнү да эч нерсе бербей үйүн көздөй кетип атканда дагы тосуп калды.
- Сен эмнеге керсейесиң? Эсиңе келгендирсиң, мындан ары күнүгө элүү сомдон бересиң да жолуң менен бол! - Толик буйрук бере сүйлөдү.
- Эмнеге берем, өзүң иште! - Эмил аны атайын тоотпогондой айтты.
- Дагы эле түшүнө элек го мобу макоо, түшүнбөсө экинчи бул базарга келбес болсун.
Аңгыча ай-буйга келбей эле туш тарабынан соккуга алып киришти. Адегенде үлгүрбөй калган Эмил бул жолу ар биринин соккусун тосуп, ар кимисин ар тарапка жыга коюп бирөөсү менен алышып жатты. Бир аздан кийин аны ичке бир коюп, бир тепти эле түйүнчөк болуп жатып калды. Аргасы кете түшкөн Толик өзү чыкты, канткен менен ал тажрыйбалуу экен, Эмилдин соккусун тосуп, өзүн эки-үч жолу жыга койду. Жарым сааттай алышкан соң Толик чарчагандай шалдая түштү, аны байкаган Эмил тегеренип келип көк желкеге тепкенде талп этип жыгылып кетти. Карап турган балдардын баары Эмилди кубаттай кыйкырык чуу түшүп калды.
- Азаматсың!
- Эмил азамат!
Кыйкырык чуу түшкөн балдарды Толик акырая караганда алар бири-бирин тиктеп үндөбөй калышты. Эмил басып кеткенде тачкисттер да акырындык менен тарап кетишти. Ошондон кийин Эмилге эч ким унчукпай калды, ал арабасын кылдыратып жүрө берди. Ошол күнү үйүнө келгенде Сейде эне:
- Балам, чарчадыңбы? Кыйналсаң иштебей эле окууңду улантып бүтүрүп алсаң боло, - деди.
- Апа, окууну сырттан бүтүргөнгө аракет кылам, быйыл жазда өзүм барып котортуп келем.
- Ошентсең ошент балам, жалгыз жаныңа кыйналбай турган бол, менин болсо өсөөрүм калган жок, өлөөрүм калды.
- Койчу апа, сиз али жаш элесиз, - Эмил апасына эркелей жанына келип жылмая карап:
- Апа, бир сөз айтайынбы? - деп сырдуу күлүмсүрөп койду.
- Айта гой каралдым, - Эне уулун маанилүү сөз айтчудай кулак түрүп калды.
- Сиз азыр кырк алтыда эле турбайсызбы?
- Эмне болду, элүүгө жакындап калбадымбы, сени орун алдырып койсом, колумдан келишинче сенин турмушуңа кам көрүп койсом арманым жок садага, кана айта турганыңды айтчы?
Эне уулуна күлүмсүрөй карап жаагынан жыттап койду.
- Мени багам деп кыйналдыңыз, канча өмүрүңүздү жалгыз мени чоңойтууга кетирдиңиз, али да болсо жашсыз, ылайыктуу адам болсо...
- Ий-ий арам десе, айтып турганын кара, сен кичинеңде болсо бир жөн балам, эми баары бүттү го, сенин аманчылыгың менин бактым...
Сейде эне ойлуу өткөндөрдү эстей телмире отуруп калганда Эмил акырын туруп сыртка чыгып кетти. Сейде эненин өткөн өмүрү, уулун үйлөндүрөм деп машакатка түшүп уулун оорутуп алып тарткан азаптарын эстеп отурган ордунда оор улутунуп алды...
***
Сейде он жетиге чыгып буралып өсүп калганда айылдан чыгаргысы келбеген атасы:
- Кызым, окуйм-чокуйм дебей үйдө эле бол, кыз кишинин талаада жүргөнү болбойт, андан көрө үйдө бол, - деди.
- Ата, менин классташтарым кетип жатпайбы, аттестатым болсо жакшы, эчтеке билбегендер деле барабыз дешип документ даярдап жатышат.
- Кызым, болду токтот, экинчи окууга барайын дегениңди укпайын, андан көрө апаң менен сүйлөш.
Айылчы ордунан туруп сыртка чыгып кетип калды. Сейде мелтиреп оюндагысын айта албай туруп калды. Апасы Алыйма кызынын оюн түшүнүп турса да эчтеке дебей анын жанына келди:
- Кызым, атаңды ук, анын бир сөзүнөн кайтпаганын билесиң, сен улуу кызыбызсың, эки иниң менен сиңдиң жаш, - ойлуу отуруп анан кызына жалтайлай карады, - Атаңа тигил Токтомурат келип кетиптир...
- Эмнеге? - Сейде апасын таңгала карады.
- Токтомураттын жалгыз баласы бар экен, ошого сени алып бермек болуп, атаңа келиптир...
- Жок-жок, апа, эмитен күйөөгө тийбейм, келсе келе берсин, андай болсо мен качып кетем! - дегенде Айылчы кирип келди да жай аялына бурулду:
- Өзүн өзү билген баланы азыр кетем десе кетир, экинчи ата-энем бар экен дебесин!
- Атасы, балалык кылып атпайбы, ата-энеден кечип, айтканын укпаган бала болобу? - Алыйма кызын кучактай күйөөсүн жалооруй карады.
- Анда кызыңды күйөөгө кеткенче даярда, эгер сөздү укпаса үйдөн биротоло кетсин, менин сөзүм бүттү!
- Ата! - Сейде көзүнүн жашын көлдөтө башка сөз айтууга кудурети жетпей отуруп калды.
Ошентип Токтомураттын жалгыз баласы Бектурсунга турмушка чыкты. Эмнеси болсо да жашоого кайдыгер болуп атасынын сөзүн кыялбай күйөөгө тийип жашап калды. Бирок Бектурсун абдан жакшы күйөө болду. Сейденин көзүн карап, жүрөгүнөн сүйүп жашады. Уулдуу болуп, Эмил төрткө чыкканда кайнатасы, андан көп узабай кайненеси, алардын жылдыгы боло электе Бектурсун өлдү. Бир жылдын ичинде үч өлүктү чыгарып жалгыз Сейде уулун кучактап кала берди. Ыйлап-сыктап, жалгыздыктын азабын тартып Эмилди мектепти бүтөөрү менен айыл чарба институтуна киргизип койду. Үчүнчү курсунда аскерге кетти. Аскерден келгенден кийин үйлөнмөк болду. Айылдын өзүнө жакын сиңдисинин кызын алып бермек болуп сүйлөшүп көп өтпөй эле үйлөнтүп ала качтырып алды. Эгер ошондо Айжамалдын абийири таза чыкканда Эмил аны менен жашап калат беле?..
Топураган эл, жоро-жолдоштору менен шаан шөкөттүү оюн күлкү, шаңдуу ыр, бий өкүм сүрүп Айжамалдын "отурбайм" дегенине карабай жоолук салып, жеңеси жаткырмай болду. Кеч кирип кыз намысын коргоочу жеңеси төшөк салып жатканда Айжамал ботодой боздоп ыйлап жатты.
- Кыз, сага эмне болду? Күйөө бала өзүңө теңкур экен, жалгыз бала, эмне ыйлайсың? Бол эрте, мен дагы өз милдетимди аткарайын.
- Жеңе, мен жатпайм, алып кеткилечи, мен буга тийбейм! - Айжамал көзүнүн жашын көл кылып ыйлап жатты.
- Эсиң менен болчу, татынакай жигитти чанам десең азабыңды тартасың, кызды ушинтип алакачып эле алат, "таш түшкөн жеринде оор" деген ошол, эми эшик аттап кайра кетем дегениң кантип болсун?
- Жеңе-е, жеңекебай, - Айжамал жеңеси Саиданын бутунан кучактап жалдырап ийди, - Абийиримди төкпө жеңе, мени алып кет, мен... мен бул жерде кала албайм! - Эшикти карап алды.
Эмил сыртка чыгып кайра кирип келаткан, колукту менен жеңесинин сөзүн тыңшай туруп калды.
- Жеңекебай, мени жаткырам деп уят кылбаңыз, мен алданып калгам!! !
- Эмне дейт, кокуй?! - Саида кыздын оозун баса калды, - Сен мени шерменде кылганы турасыңбы?
Буларды угуп турган Эмил андан кийинки сөздөрүн угалбай бир азга туруп: "Бул мени уят кылып жатпай кетип калып абийирин жапканы турат окшойт, шыбырашып атышат. Эртең досторум, туугандарым Айжамал Эмилди теңсинбей кетип калды дешип кеп кылат, андан көрө мен сенин абийириңди төгүп туруп жеңеңе кошуп берейин" деп ойлоп кирип келди. Аны көрүп чоочуп кеткен Саида:
- Күйөө бала, кыздын көңүлү болбосо зордогондо эмне, атасынын сөзүн кыялбай отуруптур, сен да буйруган кызга жолугаарсың! - деп тайсалдай кеткенде Эмил Айжамалды колдон алып төшөктү көздөй тартты:
- Жеңе, кабатыр болбоңуз, Айжамал жаштык кылып уялып жатат, сиз бара бериңиз, өзүбүз эле жатабыз, - дегенде Саида эмне кылаарын билбей:
- Эмил айланайын, кызды кыйнабай эле койчу, эртеңкисин да ойло...
- Эртеңкиси жакшы болот жеңе, мен Айжамалды кор кылбайм, - Эмил болбой ыйлап каршылык кылган Айжамалды көшөгөнүн ичине алып кирип көшөгөнү түшүргөндө Саида эчтеме дей албай босогону аттап сыртка чыга жөнөдү.
Эмил атайын кызды төшөккө жыгып өз намысы үчүн мүдөөсүнө жетти, чалкасынан түшүп жатып алды да:
- Эми кете берсең болот Айжамал, мени теңсинбей кетти дегиче, - деп ары оодарылып жатып алды.
- Мени ушундан көрө өлтүрүп коюңуз, сизде адамгерчилик болсо абийримди жаап, жок дегенде бир-эки жума калайын, - Айжамал ыйлап отуруп буулуга сүйлөдү.
- Келгенде неге мага айтып койбодуң, жеңеңе айтканча мага айтсаң сыр экөөбүздүн ортобузда калат беле?
- Корктум, кетип калсам билинбей калат деп ойлогом...
- Эмне болду эле? - Эмил андан көңүлү калгандай кийинип жатып сурап койду.
- ? . . .
- Макул, азыр кетпесең кетпе, бирок мен чындыкты айтуум керек!
- Эмил, мени өлтүрбө, атам абдан катуу киши, балким кан басымы көтөрүлүп өлүп калышы мүмкүн.
- Эмне-е? Менин апамчы, ал укса эмне дейт, анын да намысы бар да, келиниң кордолгон неме экен десе анын абалы кантет?
- Жок дегенде бир жума Эмил, абийримди төкпө, отуң менен кирип күлүң менен чыгайын, кулуң болоюн, мени калкалап кой, абийримди төкпө?!
Айжамал эми Эмилдин бутуна жыгылып боздоп жатканда Саида кирип келди:
- Эмне болду, деги эми эмне кылабыз? - деп экөөнү алмак-салмак карап туруп калганда Эмил:
- Эми кете берсеңиздер болот! - деди ары карап.
Саида эчтеке дей албай Айжамалды жетип жаакка чаап жиберди. Эмил аны көрүп боору ооруп кетти, бирок үн дебеди: "Кой, тим койойун, апама деле билгизбейин, муну да аяп койойун, адам эмеспизби" деп ойлоп:
- Айжамал, мен да пендечиликтен кетпейин, бирок биротоло жашап калам деп ойлобо! - деди.
- Рахмат күйөө бала, ыраазымын айланайын, ушул жерден бозоруп чыкпайын, эки дүйнөдө ыраазымын! - деп сыртка чыкты.
Айжамал солкулдап ыйлап жатты. Эмил аны өзүнө каратты да:
- Айжамал, эгерде мындай сырыңды катпай, биз жолугуп жүргөндө ачык айтсаң болбойт беле, неге жашырдың? - деди жүзүнө тигиле.
- Эмил, мен сага айтайын дедим, бирок айта албадым, - Бетин жаап ыйлап жатты.
- Эми эмне болду? - Эмил саал ага жылмая карады, - Ушундан көрө ошондо чындыкты айтсаң ойлонмокмун, кеңешип иш кылат элек, балким өз жолубуз менен болмокпуз.
- Кечирип кой Эмил, ушунуңа эле ыраазымын, ата-энемдин төрүнө шерменде болуп барбай жөн эптеп кетип калсам болду...
- Айтсаң Айжамал, эмне болду эле?
- ? . . .
- Мейли, айтпасаң өзүң бил, ыйлабай эс ал!
Эмил анын үстүн жаап коюп сыртка чыгып кетти, түнкү муздак абада ары бери басып жүрүп: "Мен туура эмес кылдымбы, балким тим койсом болмок, абийирин ачпай кетирип койсом болмок беле? Анда апам байкуш төгүлүп чачылып баарын аябай мен үчүн жүгүрүп жүрсө, келини келип алып отурбай кете берсе эмне болот эле, эми эмне болот?", деп ойлонуп атты. Акыры Айжамалга кеңешип көрүп аны бир жумадан кийин үйүнө кетирейин деген ойго токтоду.
Саида эртең менен эрте туруп эч жанга билгизбей кетип калган. Муну Сейде эне эмне деп түшүнөөрүн билбей калды. Ошентип Саида кайненесине ыйлап-сыктап айтып жатканда кайнатасы угуп калып жүрөгү кармап ооруп калды. Үч күн жатып жарык менен кош айтышып кете берди. Айжамалды Сейде эне алып калды, ошол бойдон кеткен жок. Эмил апасына жөнөп жатканда:
- Апа, келиниңди ошол бойдон калтырып кел! - деп кала берген.
Өзү койордо барып топурак салып коюп кетип калды. Ошентип Эмил шылтоо менен Айжамалдан кутулду. Айыл апага бат эле Айжамалдын кыз эмес келгени кеп болуп айтылып атты: көрсө Саида кайынсиңдисине өч экен, өзү баарына жайып жибериптир. ..
Сейде эне ушуларды ойлоп отуруп көзүнөн жаш куюлуп кеткенин сезбей калды.
-
Арзып тапкан махабат
Жазылган күн: 9 Янв 2016
Биринчи сүйүү
1987-жыл. Кербенде училищада "Тракторист- машинист широкого профиля" деген кесип алып жаттым. 5-декабрь күнү окуудан чыгып, Дөң Кыштактан түшүп келе жатсам эки бала туруптур. Жол тар, бир адам өтө алгыс жерде, жакындап келсем жолду тосуп өткүзбөй тура беришти. Жакындап келип тыгылып экөөнүн ортосунан өтүп кетсем:
– Чоң кыз, саат канча болду? – деп сурады.
– 5ке 5 мүнөт калды, – деп башымы көтөрүп бирөөсүнө көзүм кокустан чагылып кетти. Тиммеле аппак, сопсонун бала экен, жүрөктөр тыпырап, дүпүлдөп сого баштаса болбу, тообо-тообо!
Өзүмү өзүм түшүнбөй калдым, жүрөк омпо-чомпо согуп. Кантип жылмайып жибергеними өзүм да билбей калдым.
– Таанышып алалы, атым Жаныбек, 1967-жылы 5‑апрелде туулгам, армиядан кече келдим, Германияда служить эттим, – деди. (ааа, эмнеге аппак десе армияда агарган экен).
Досунун аты Кубаныч экен. Ошентип адрес, телефон, эч нерсе айтпадым, таанышып кетип калдым.
Бир жума өттү – уйку жок, окугум келбейт, аппетит тартпайт, көз алдымда Жаныбек. Сезим ашкын-ташкын. Күндө күзгүдө бир саат жасанып баштадым, мүмкүн көрүп калам деп.))). Башкалар да байкап баштады:
– Эй, сен күндөн-күнгө эле сулуу болуп баратасың, деги эмне болду?! – дешип.
Жүрөк өлдү жабыркап. Жаңы жыл жакындап баштады.
20 күн өтүп, 25-декабрь болду. Арыктап кеттим ойлоно берип. Суббота күнү дем алышка кеттим ой басып, Итагарга. Базар күнү кечкери тынбадым, тонна-тонна кирлерди жуудум кол менен, тагара-тагара суу ысытып, тезектерди быкшытып жагып. Койлорду, уйларды, эчкилерди талаага айдап, атканаларды күрөп, акурларды тазалап, кечке чөп салдым малдарга. Кеч кирди, уйларды саап, челектерге сүт толтуруп келе жатсам, кошунанын баласы: "Сизди бир бала сурап атат, машина менен келиптир, биздин айылдан эмес" деди да кат берди. Окуп жүрөгүм жарылып кете жаздады: "Же адресиңди сурап албапмын, издеп сорго таптым, аябай алыс айылда жашайт экенсиң, уйку жок, аппетит тартпайт, жүрөгүм жанып кетти, себеби сен болушуң керек, көргөнү келдим, мүмкүнчүлүк болсо чык, күтөм" деп жазыптыр.
Кубанычым койнума батпай учуп кете жаздадым! Агаларыман коркуп, чыга албадым, түнү менен тынбай иттер үрдү, агаларым чыгып кирип:
– Бирөөлөр жүрү үйдү айланып, – дешти.))).
Таңга маал машиненин сигналы угулуп жүрүп кетти. Мен уктабадым, чыга да албадым.
Ошентип биринчи күнү Кербенге окууга келдим. Акыркы убакта өтө жасанып өзгөрүп кеткениме байланыштуу, өзүм теңдүү балдар да жактыра башташты. Бирок менин ойлорум, түштөрүм Жаныбек гана болду. Окуу аяктап үйгө кайттым: "Иииий эми таарынып, жолугушууга чыкпаганыма экинчи келбесе керек" деп. Бир маалда бир кыз артыман чуркап келип колума кат берди. Окусам кечинде киного чакырыптыр, ыйлап эле жибергим келди, анткени менин Шералы деген экинчи агам киного жибермек түгүл, күндүз көчөдө көп жүргүзбөчү. "Мен кат жазып берем, берип кой Жаныбекке" десем "майли" деди кат алып келген кыз. "Жаныбек, кечинде киного жибербейт мени, эртеменен саат 7.00гө кел" деп адрес жазып берип жибердим.
Уйку жок, ойлор учту сүйүү мекенине, жасанып светти жакпай көр келемиштей болуп 4тө туруп алып. Жүрөктөрдө майрам ажайып, сааттын секунддары токтоп калгансыды жылбай. 6.30да эле ыргып чыктым көчөгө, айткан жериме келсем туруптур Жаныбек нары-бери басып. Мени көрө калып көпкө турду мелтиреп. Анан:
– Саламатсыңбы, мен сени жакшы көрүп калдым, – деди түз эле. – Сен мени жактырбасаң керек, атайлап эрте менен чакырдың “келбей эле койсун” деп. Бирок мен келдим, – деди.
Менде сөз жок, үн жок, эки бетим кызарып, жүрөктөрүм соккону курткамын сыртынан кадимкидей билинип турду. Сүйлөп атат, сүйлөп атат, 20 күн мени издеп кыйналганын, Итагарга баратып сүйүнгөнүн: ‘Азыр көрөм’ деп. 40 мүнөттөй айтты, бир маалда токтой калып:
– Эй сен эмнеге сүйлөбөйсүң, өзүң жөнүндө бир нерселерди айтып берчи? – дейт.
Менде тил жок, үн жок. Байкуштун чый-пыйы чыгып кетти. Мен кантип айтмак элем: "Өлүп баратам, мен сени сенден мурда сүйүп калгам" деп? Кубанып ичимден үйлөгөн шардай, бомбага окшоп турум жарылайын деп, же билсе.))).
Орус класста окуган комплекси жок бала экен, армияда Германияда служит эткен, атасынын жалгыз баласы эркерээк экени да билинип турду.
Ошентип күндө эртеменен 6.30да окууга узатат, кайра саат 16.00дө окуудан үйгө узата турган болду.
Жаңы жыл бирге тосмок болдук. Мен дагы деле айтпадым ичимден өлүп сүйүп жүргөнүмдү, айтсам эле кетип калчудай корктум. Жакын жолосо калтырап титиреп:
– Омей, жапайысың! – деп уялтканын койбоду: – Эмне түшүнбөйсүң, үйлөнөм сага, окууду бүтпөй эле кой, үй даяр, баары дайар, багып алам, жаным!
"Жаным" дейт күндө, ансыз да айланып турган башты айлантып.
Жаңы жыл да келди, үйүнө чакырды, апасы, эжеси менен тааныштырды. Досторуна өтө сүйүнчүлөдү:
– Мен ушул кызга кудай буйурса үйлөнөм, өтө сонун кыз, бирок саал жапайыраак, – деп жылмайды.
Чоң дасторкон жайылды, музыка жаңырыгы ажайып. Абба, Джой, Ламбада, Алла Пугачева "Без меня тебе любимый мой, земля мала как остров" деп.
Менден көзүн албай Жаныбек отуру, башкалар байкап ырсаңдашып өлүшүп эле калышты, мен отурум кызарып Алматанын апорт алмасындай. .......
1988-Жаңы жылды тосуп Жаныбектин үйүндө отурдук, музыкалар жаңырып, жүрөктөр жалынга күйүп, кабынан чыгып кетейин деп. Бир маалда өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, свет өчтү, Валерий Леонтьев ырдап чыкты телевизордон "Исчезли солнечные дни, и птицы улетели" деп.
– Ииий энеңди! Өчүрчү Жаныбек, оногуну албарстыдай кылбай! – деп бир досуна жакпай.
Леонтьев телевизордо өчтү кап караңгы болуп. Кассетада Алла Пугачева "Жил был художник один, домик имел и холсты, но он актрису любил, ту что любила цветы" деп ырдап баштады. Колу иштен бошобой эки көзү мага кадалып мейман тосуп Жаныбек кыйналды. Бир досуна:
– Бар сен эшикке чыгып жардам берчи, мен али бир да жолу бийлебедим, – деп эшке чуркап кетти.
Свет бир өчөт, бир жанат, лүпүлдөп мен айнектин жанында эле турум соксойуп.
– Кечир, мен сени бийге чакырат элем, бирок Жаныбек “бирөөң кокустан бийлесеңер өлтүрөм” деди, – деп эч ким бийге чакырбады.
Бир маалда кассетада Эммануэль музыкасы башталды, желмогуздар кайдан таап алган, уккан кар да суу болуп агып кете турган музыка. Свет жок, капкараңгы, бирөө келип колуман кармап, кулагыма “мен Жаныбек” дейт, жүрөктү кабынан чыгарып. Белимен кармаса эки бетим эмес, кулагым да кызарып кетти.
– Ооууу расслабься, – дейт, же мен түшүнсөм, орусча эч билбечимин.
Өзүнөн өзү кыйналып:
– Жок дегенде кичине сүйөсүңбү мени, эй жапайы сулуу кыз? – дейт, тообо.
“Жапайы эмесмин” дейин десем же өбүшө албайм, же кыйратып бийлей албайм, эки көзүм эле мөлтүрөйт. “Мен да сени сүйөм” деп айтайын десем эч жарашпай тургансыйт. Таң атканча бийледик, бирок эч канбадык, тердеп-бышып канча энергия кетти. Эми укмуш сүйүү, түбүнө жете алгыз, колдор тиммеле чырмалып калды, тообо. Али эч нерсе боло элек, бийден эле ошончо сүйүү.
Эрте менен эрте баарыбыз топурап үйлөргө кайттык.
Сүйүү күчөгөндөн күчөп жатты, бир жыл өттү. 1989-жыл келип калды. Жаныбек жүдөп, арыктап кетти, мен дагы.
– Болду, үйлөнөм, башка чыдашка күч жок, – деди.
Жакын, тыгыз мамиле кылбагандыктан өтө кыйналып кеттик. Мен ‘жазда окууну бүтөрүп Москвага кетсем’ деген пландарды айттым эле, жаны чыгып кетти.
1989-жыл да келди. Март айы эле, бирок кар аралаш жамгыр жаап турду. Окуудан чыксам күтүп туруптур. Жылмаңдап бир балээни ойлоп тапкандай:
– Эх сулуу, эртең бактылуу болобуз, – деди. – Жүр, Кубаныч, Попон машинеде күтүп отуру. Бүгүн айлык алдым, шашлык жеп кайтабыз, макулсуңбу?
– Мен өзүм төлөйм, мен да стипендия алдым, – десем:
– Омейй, ушу сен күйдүрдүң, жапайысың, элестетсең кандай көрүнөт? Эми мен сага өмүр бою төлөйм, – десе болобу!
Эч элестете албадым, менин өлбөгөн кичинекей башымын ичиндеги төлөп бүтө алгыс пландарымы эмне кылар болду экен?.
– Өзүм төлөйм, болбосо барбайм, – дедим.
– Мейли-мейли, жапайы, – деди да, досторуна: – Эч таң калбагыла, муногу тоодон түшкөн жапайы өзүнө өзү төлөйт имиш, – деди.
Достору аябай күлүштү:
– Германияда служит эткенде көрдүң беле, немкалар да сенин жапайыңа окшоп кетет. бул жапайынын жанында эркек сезиш кыйын болду, балекет экенсиң тообо, кой кеттик, – деп шашлык жегени кеттик.
Шашлык жеп отуруп ар кандай кызык маек болду. Арак атпайды бири да ичпечи, ойлоруна да келбечи, же мен көрбөчүмүн.
– Эй, сен тракторист болбойсуң да, туурабы? Менин эжем үч айлык курс ачты швейный, окуп алчы, балакетиңди алайын. 60 сом турат курс, мен төлөйм, – деди.
Мен ага жаман көзүм менен:
– Эмне дедиң? Мен өзүм төлөйм, уят, сен менин эрим белең? – десем өлө күлүштү.
Попон:
– Лайлалалалай, балким бүгүн эриң болот, эх көздөрүң балбылдап сенин да жыргай турган күнүң жакындады, – десе болобу.
– Биз күндө сенин пловуна келебиз, жыргализм өмүрүңөргө күбө болгубуз келет, – деп, Кубаныч жыртылдады.
Кебек жеп бүттүк.
– Эми сени жеткизип койолу, – деп, машинени өзүнүн Ленин көчөсүнө карап зымырап жөнөдү.
Сразу түшүндүм ала кача турганын, ролго жабышып:
– Кой, али эрте, – деп жалдырадым.
Машинесинин кулучун сууруп алып бекем колумдан чыгарбай кармап отурдум.
– Мен сага чынын айтайын, ата-энем даярдык көрүп күтүп отуру, бүгүн үйлөнөм сага, болду бүттү! Уйку жок жададым жалгыз сенин сүрөтүң менен уктап, – деди.
Достору да:
– Эй эми сен профессор болмок белең, окуганың СПТУ жалаң көк мээлер окуйт. Өзүң тракторист. эй тообо, жапайы, сүйүнбөйсүңбү? ! Жаныбекте баары бар, машине, үй, жалгыз эле баласы, тайраңдап эле жашайсың, – дешти.
Жаныбек орус кыял, орусчалап:
– Блиииин, достала! – деп эки колу менен эки бетими кармап: – Шайтан, өллө мени сүйөсүң, көздөрүңөн билинип турат, менин кучагымда жатканыңды элестетип өлүп тирилип иттин жашоосунда жашайсың мага окшоп! – деп кыйкырып сөгүндү. Көздөрдөн кетти жаштар жамгыр болуп агып. эч качан ыйлаганымы көрбөгөн Жаныбек жаны кашайып: – Түш, жогол көзүмө көрүнбөй, сыйлаган ушунчалык жапайы. орус кызга үйлөнөм, закалибали дебилизм! – деп жүрүп кетти.
Жүрөгүмөн кан акты. Мозг “койчу ошону, баары жакшы” десе, жүрөгүм: “Жаныбектен башканын кереги жок, жашабайм! ” деп урушуп баратты. Мозг менен жүрөктүн ортосунда бир жума согуш болду, уйку жок. мозгдо оружиелер өтө көп экен, жүрөктү жалпайта чаап жеңди. Мозг айтты жүрөккө: “Бүгүнкү күндөн баштап сен менин кулумсуң, эмне десем ошону кыласың, кимди сүй десем ошону сүйөсүң, бүттү балалык” деп жүрөктү ордуна койду. “Тынч эштеңдебей сого бер, мен башкарам, мен жеңдим” деп МОЗГ башына таажысын кийип такка отурду.
Күндөр өтүп жатты зымырап. Мозг жүрөктү дем алышка жөнөттү: “эч бир пайдалуу жумуш кылбадың, жок дегенде дем ал” деп.))). Жаныбектен кабар жок, дайынсыз. Менден үмүт үзүлбөй, 3 айлык швеяны бүттүм, Жаныбектин суранганын эстеп. өтө көйнөктөрдү жакшы бычам, азыр да дүйнөлүк жарыштарга кызыма костюм өзүм тигем.
Жаз келди, окууду бүтүп чөпкө чыктык. Документтерди Бишкекке медициналык окуу жайынын, хирургия бөлүмүнө ырастадым. Жаныбек милициялык окуу жайында окуп жатканы белгилүү болду. Чөптө мен колхозчуларга повар болдум. Үч чооң палаткалар тигилди, бирөөсүндө балдар, бирөөсүндө кыздар, бирөөсүндө колхозчулар. Мугалимдер суранды: “Окууга кетердин алдында 20 күн иштеп бер” деп, мен макул болдум. Эртеден кечкери казан-аяк, суу ташып челектеп алыс жерден, тынымсыз жумуш, бир Авлетимдик от жаккыч жардамчы бала бар, шумдук тим эле, мотоциклы бар, тырылдатып нары бери чабат, куудул.
Бир күнү бир жаш мугалим кыз келди Кербенден: “СПТУнун келесоо кыздары тоодо бузулуп кетпесин, кайтарасың” деп директор жөнөтүптүр. Бишкектен окуу жайын жаңы бүтөрүптүр. Таанышып сүйлөшсөм, тообо, Жаныбектин таанышы болуп чыкты! Оозун көбүртүп баарын айтып берди, орусча кыргызча аралаштырып:
– керемет бала, төшөктө да сонун, – дейт, күйбөгөн жерими күл кылып.
МОЗГ жарылып кете жаздап, жүрөктү чакырды: “дем алдыңбы, иште эми бешене териң аккыча” деп. дагы балээ башталды. Шоркурап мен шоркенди бышылдап түнү менен ыйлайм акмагым чыгып. Мугалим кыздын жанында мен бир тупой, түшүнүгүм кап-караңгы, казандын xxxxx көбөсүндөй.
Бир күнү шортиктерди кийип жасанды мугалим кыз.
– ай, сизге эмне болду? – десем:
– лайлайлалалай, Жаныбек келе жатат! – десе болобу.
“Өлүп бир гана калбадың какбаш, шайтан!” деп капкир менен башына чапкым келди дейсиңер, араң эле жыртайып кычыраган төрт тишими көрсөтүп койдум.
Ииий, өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп бир күнү Жаныбек келди. менин сүйүү тарыхымы билбеген адам жок училищада. Кычырап 100 доллардай жашыл көйнөк, ак шым кийип, бир досу менен агайлар менен учурашып столго отуруп калды, обед убагы бүткөн эле. Палаткалар өйдө түрүлүп секин-секинден ар түрлүү аңдыган баштар чыга баштады. Адамдардын эки көзү менде: “эмне кылар экен?” деп, моюндарын үзүлгүчө созуп чатырдын түбүнөн жираф сыяктуу.))). Мен карала-шарала казан менен алышып, кечки тамактын камын жеп, от жаккыч дос балам Ороз тырылдап мопеди менен келди продукту алып, түшө калып:
– эй Падыша, биздин жаш мугалимдин жигити келди дешти Бишкектен, кана? – дейт..
– Оногу отурган ак шым, жашыл көйнөк – Жаныбек, – десем:
– Ииииий энеңдииии, бул сенин сүйгөнүң эмес беле, эми мушташасыңбы? Мен сага болушам, – деп койот, байкушум.
Жанагы Мадонна кыска шортик кийип, ажайып буттары эми бир жооон вареный колбасадай, шилекейлери агып чатырдан башы чыккандардын. А менин буттарым ичке, өтүккө салган көзөөдөй, тообо. Тырталаңдап бир жумуштарды кылып жүрүм.
Бир маалда Жаныбек мен жакка басып келип, эки колун кыйгач чөнтөгүнө салып үнсүз-сөзсүз карап турду.
– саламатсызбы, – дедим да унчукпай Ороз экөөбүз сабиз, кортошка аарчып отура бердик.
Жашыл көйнөкчөн, ак шымчан Жаныбек:
– эй чоң жигит, атың ким? – деди.
– Ороз, – деди авлетимдик менин от жагарым..
– Картошкаңды анан арчыйсың, мен муногу кыз менен сүйлөшө турган сөз бар, пожалуйста, – деди кербендик, Бишкекте окуган шаардык жигит. Ороз:
– мен алыс кетпейм, сөзүңөр угулбаган жерде турам, бир нерсе болсо мага айт, – десе болобу! “иий жаным, от жагарым!” деп мен сүйүнүп кымыңдап калдым..
– Жүр, жок дегенде чатырдын артына өтүп сүйлөшөлү, – деп Жаныбек колумдан жетеледи эле, ангыча агайым кыйкырды:
– охуу мына мыняка столго отуруп сүйлөшкүлө, чатырдын артын айрып башын созот оногу желмогуздар, – деп, колунун сөөмөйү менен 50гө жакын жирафтарды көрсөттү, биздин группадагы мойнун чатырдан созгондорду. – Болду, баарың ишке жөнөгүлө, тез-тез! – деп аларды кууп жатты машинеге.
Бир маалда шортикчен мугалим келди:
– что случилось? Я что-то пропустила? – деп.
Уктап калган имиш, ак шымчан жигитин күтпөй.
– Ой Жони, биздин концерт саат кечки жетиде.
Каныкей Эралиева жана Алибек деген комузчу Авлетим айлына келген имиш, эки сүйүшкөндөр концертке барат имиш. Агай айтты:
– ой айланайын, чык машинеге, жумушуңду кыл, сандарыңды сары айры чагып, анан алпамыштай болуп дагы жоонойосуң, – деп каткырып күлүп көзүн кысып койду мага. – Жониң отурат, күтөт сени, муногу карала шараладан кызганбасаң отур машинеге, – деди.
– Ой жок агай, Падиша малышка, а Жони мужик, – деп койот албарсты.
Бул орус чалыш байкушума сүйүү тарыхын эч ким айтпаптыр, мен да айтпадым, агай да унчукпаптыр. Кетти калбасадай буттарына жоолук байлап, деңиз боюнда сейилдей тургансып. Сөз жок, үн жок отурум мелтиреп ак шымчандын оозун карап.
– Сагындым, өтө сагындым, билесиңби, Жапайы кыз? – деп сөзүн баштады. Көзүмдөн столдун үстүнө түшкөн жаштар тамып ага баштады эрте жаздагы тамчылардай. – Эжекең менен сүйлөштүңбү? Эмнелер айтып берди? – деди.
– Сүйлөшпөдүм, эч нерсе айтпадым, – дедим.
– Алдадың, сага эжекең мен жөнүндө баарын айтып бериптир, – деди. – Мен сени сүйөм, бирок экөөбүздө эч өмүр болбогудай, мен сени эч түшүнө албадым. сүйөсүң мени, байкалып турат, бирок турмушка чыкпайсың мага. Билбейм, – деди, – эгер кокустан окууга өтүп калсаң Бишкекте жолугушабыз, – деди, окууга өтпөшүмү билип. – Канчасына билет алдың, мен тосуп алам. Бишкек чоң шаар, мен карап жүрөм, шумдук балдар көп, сага сары айрыдай жабышышат. Беттериңи жуубай эле жапайы боюнча окууду бүтүп алсаң азамат болосуң, – деп, мага акыл айтып баштады.
Мен карала-шарала болуп кечки тамактарды бышырып жүрдүм колхозчуларга.
– Кел эми бир кучактап алайын, тоолордун жытындай жыттанасың, убакыт болду, кетем, – деди, – Жолугуунун мындан кийин кереги жок, пайдасы да жок. мүмкүн Бишкекте ата-энең жок, кытайдын солдаттарындай агаларың жок, штандарды жырайта тартып кубалай турган иттериң жок, дөңдөн ашкыча кубалап, – деп күлдү ырсаңдап, кыйратып койгонсуп. Көп шаар жөнүндө айтып берди, – Падиша, сен шабдаалынын данегине окшошсуң, өңгү-дөңгү, чукур-бийик, ташбакадай таштын түбүндө жашайсың, – деп күлүп жатты.
Чындыгында Итагардагы мен жашаган үй чоң адамга окшогон таштын жанында, эки көзү, мурду оозу бар аска.
Бир маалда
Жалын жүрөк Жаңы Жолдун жаштары,
Кайраттанып чын жүрөктөн чыңалган"
Тапшырма бер партия,
Аткарабыз талбайбыз!
деп ырдап үч машина толло балдар кыздар, колхозчулар келди.
– Жони, там разные твари, ужас-ужас! Извини, я плохо выгляжу, – дейт жанагы мугалим, менин көзүмө Мадоннадай аппак сонун боёнгон, тиммеле орусчаны кыргызчадан жакшы билет.
– Ороз, тамактарды салып бер, – дедим да, Мадоннаны карап отурдум жасанганын. Концертке Авлетимге кетип атат, жашыл көйнөк, ак шымчан экөөсү. ‘Өлсөмбү же жашасамбы’ деп ызама чыдабай өлүп бараттым. Бир чемодан кийимин кийип чечип, менден сурап, ‘малышка, муногу көйнөгүм кандай, оногу кандай?’ деп павлиндей куйруктары жайылып. Карап көзүмөн жаш чыгып кеткенин билбей калыпмын. Тиммеле сонун болуп кийинди, Жониси пипилдетип туру кашайып, кашайгыр. Мага карап:
– как я выгляжу? – дейт.
Түшүнсөм өлөйүн эмне дегенин.
– Зор, – дедим.
кетти чуркап ак машинеге түшүп. Мен калдым карала шарала, ичим күйүп оттой: “Өлбөгөн өмүр качанга чейин ит болом? Сүйөм сени, какбаш, сүйөм!” деп. Сыр бербей. Жирафтар колхозчулар баары түшүндү: жомок бүттү, мени Жаныбек таштап кетти.
Достору
-
admin_supe... -
chogool -
Djoni88kg -
Gupa -
Kg_mir.96 -
Angel92 -
sayana -
Shorobashat -
Urmat-1989 -
alibekova94 -
aipeli -
Sweet-Lika -
Elaman-kg -
myrzayym -
konfetka_dia -
kuu-1005 -
Aikoo2014 -
Oceana -
Nariste...12 -
kyrgy3bai -
ai_nariste -
nurtai -
Mamalak89 -
Aida080888 -
Zhazgul.to... -
zhigitim_o... -
Mipabella -
guljigit96 -
asyl.kyz -
joroev94 -
Narai2016 -
ofiser26 -
din_tomas -
new_hacker -
Ernis.98 -
Kanybek1991 -
Zidan1
Показать 50 случайных друзей 38
Комментарийлер
s9zen098 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?