Бул жерде "Пусть говорят!" болуп жаткан го... Бир гана алпаруучусу жетишпей жатса керек.
Эже мени бир топ улуу деп, кеминде 10 жылга картайтып жибергенин, баян жазып атып, көзүм чалып калды эле... Балким, чон энедей болуп жазсам керек...
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/crazy-girl.gif)
Т.б. Форумчулардын айткан кеншетери сизге бир топ жардам бериптир. Ошол учурда да сиз аларга кошулбасаныз да, форумчулар туура экенин көп өтпөй, тагдыр сиздин көзду ачып коюптур... Кээ бир форумчулар, баш жагындагы каталарынызды окуп алып, жинденип жатышса керек. Кыргызда айтат эмеспи, "Дос- күйдүрүп айтат, душман сүйдуруп айтат" -деп. Анысы сынары, сиздин көйгөйду туура жакка чечиш үчун ушунча форумчулар, акыл-насаатттарын айтып жатканын четке какканыныз туура эмес го дейм. Сиз, кенеш сураш үчун ачкансызбы теманы, же жөн эле зээриккенденби, же кандай максатта ачтыныз эле... ?
Өзүмдүкү боюнча айтсам, башында эле эскертип, "Менин катаман анча-мынчага сабак болуш үчун..." деп эскерткем. Ошого карабай, көпчүлүк деген көпчүлүк. Ар кандай, тике да, кыйыр да, орчундуу да, таамай да айтылган билдирүүлөр жазылган. Арасынан аргасыз жооп бере турганым да болгон. Бирок, ар бири менен акыйлашып отурганым акылсыздыкка эле жатмак да...
Сиз, баардык сын пикирди туура кабыл алып, мүмкүн бир чечимге келсениз, же форумчулардын айтканы ого бетер сизди кыйнап жатса, теманы жаптырып эле койгонунуз он го...?
Дагы айтайын дегеним, сиз кесиптешинизге аябай көнуп алгансыз. Анда сизге деген сезим жок. Жөн гана сизди пайдалануу үчүн гана жакшы сөздөрду айтып жүргөн чыгаар. Форумчу катары теманызды окуп алып, бул жактагы билдирүүлөрду окуп, кол үзуш керек экенин тушунгөндур. Эркектерде эрктүүлук көбүүрөөк. Аялзатында азыраак. Ошондуктан, ичинизге туз куйгандай кыйналып жаткандырсыз. .. Билесизби, ар бир жакшы да, жаман да бурулуш, жакшылык үчун гана экен... Болгону биз ошону ар кайсы сезимдерге алданбай, туура кабыл алышыбыз керек тура!.
Мисал катары, "Күтүүсүз буруш" аттуу темадагы автор абдан туура чечим кылган. Руслан менен болгон мамиле, үзүлгөндө бир аз кыйналды да, байлап турган жипти үзуп салды. А мен Мырзайым, Нурбек менен байланган жипти, салбыратып канчага чейин сүйрөп, сүйрөлгөн быт-чыт байланыштан чалынып, чачышып,жыгылып, аягында, ошол жиптин арасынан өзүмдү таппай канча кыйналгам. Ошондуктан, сизге айтаарым, сезимдеринизди тарс үзүп туруп, эшигинизди жаап салыныз! Ошондо гана өзүнүздүн сүйрөлгөн жиптерден арылып, өзүнуздү таап аласыз. Эгерде бул нерсе сиздин колдон келбесе, психоллогго баруунузду сунуштайм...
Мырзайым рахмат сага. Сени озумдон улуу деп билгендигим учун кечирим сураймын. Сен айткандай башым айланып, оздугумду таба албай, анан дагы озумдо суйролуп жургон, суйуу, сезим, сыноо деген жиптерин бутундой узуп салдым. Дагы айтаарым Нурбектердин баары эле бирдей болот окшойт ээ
![Сүрөт](http://www.super.kg/superstan/public/style_emoticons/default/99.gif)
Сага ийгилик Мырзайым, баары учун рахмат.