ЖКнын депутаты Карганбек Самаков коррупцияга шектелип УКМК тарабынан камакка алынды. Маалыматты анын уулу да ырастады.
Карганбек Самаков коррупцияга шектелип камакка алынды Карганбек Самаков коррупцияга шектелип УКМК тарабынан камакка алынды
#2 16 Май 2015 - 00:43
Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков коррупция боюнча шектелип кармалып, СИЗОго камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда укук коргоо органдарындагы өздүк булагыбыз билдирди. Маалыматка таянсак, депутатка карата Башкы прокуратура 14-майда кылмыш ишин козгогон. Самаков Чүйдүн Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарында 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (мисалы: дыйканчылыкка деп бөлүнгөн жерди үй салууга боло тургандай категорияга которуу) кылмышына айыпталууда.
Эскерте кетсек, жер тилкелерине байланыштуу Карганбек Самаковдун мыйзамсыз иштерди кылганын айтышып, буга чейин Чүйдүн айрым тургундары бир нече жолу митингге чыгышкан.
Эскерте кетсек, жер тилкелерине байланыштуу Карганбек Самаковдун мыйзамсыз иштерди кылганын айтышып, буга чейин Чүйдүн айрым тургундары бир нече жолу митингге чыгышкан.
#3 16 Май 2015 - 00:49
Гулжан Кулманбетованын жолдошубу?
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#4 16 Май 2015 - 00:49
ДепутатКарганбек Самаковдунбир нече тарапташы УКМКнын имаратынын алдына топтолушту.
Алар депутатка колдоо көрсөтүү иретинде чогулушканын билдиришти.
#5 16 Май 2015 - 00:52
Kg.lady, Жок, ал эмес. Боз уй, Манас эпосун, Чуйдогу эски шаарларды ЮНЕСКОнун тизмесине киргизууго катышкан депутас. Кебетеси окшош экен бирок.
#6 16 Май 2015 - 00:54
Самаковдун туугандары эми эртен саат 10до кайра УКМКнын алдына чогулушат экен.
#7 16 Май 2015 - 00:55
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн кечинде кармалып, камакка алынган депутат Карганбек Самаковменен УКМКдан жолугушту. Жолугушуудан кийин Турсунбеков УКМКнын имаратынын алдына топтолгондорго буларды айтты: "Аны менен сүйлөштүм, Башкы прокуратурада сурак бергенден кийин кармашып, УКМКнын СИЗОсуна алып келишиптир.
Мыйзам боюнча 48 саатка чейин камакта болот, андан кийин сот депутаттын баш коргоо чарасын аныктайт. Аны үй камагына чыгарат деп үмүт кылам".
#8 16 Май 2015 - 00:57
Самаков 2007-2008-жж жерди мыйзамсыз болуштуруу боюнча айыпталууда.
Депутаттын уулу Аман коррупцияга айыпташканы чындыкка дал келберин айтат.
#9 16 Май 2015 - 06:09
Кысталаак!
262 гектар жер эмне деген жерлер а?!
Ушунча жер бир адамдын атында болсо не деген шумдук а...
А биз болсо 26 сотых жер алалбай убарабыз а буларды кара.
Ген прокурор оч алганго чамасы. Откондо баласы зам прокурорду карматты эле 100$ пара менен.

#11 16 Май 2015 - 15:29
Депутат Карганбек Самаков саат 15:00до Башкы прокуратурада суракка алынат.
#13 16 Май 2015 - 18:03
Азыркы депутаттардын баарын камаса болот, анткени эч бир "нармалный"
адам депутат боло албайт!
Билдирүүнү түзөткөн: asmera: 16 Май 2015 - 18:04
#14 16 Май 2015 - 18:07
Парламенттик шайлоо болуп бутуп ар ким оз оордун тапканча мындай саясый оюндар дагы коп болот го....бул да болсо саясый заказ деп ишенем.
#15 16 Май 2015 - 18:07
Депутаттын тарапташы:
"ЭЛ ДУШМАНДАРЫ! !!КӨРКООЛОР! !! ТЕКЕЛЕР!! ! КАЛМАКТАР! !! ЧЫНЫГЫ КЫРГЫЗ ЭЛИНИН МЕКЕНЧИЛ ИНСАНЫ КАРГАНБЕК САМАКОВДОН СУУК КОЛУҢАРДЫ ТАРТКЫЛА! !!!
Бул эмне деген абийирсиздик? Кыргыздар ушинтип туу көтөргөн чыгаан инсандарын четинен мүлжүп, камап, сындырып, жалаа жаап камата беребизби? Качан биримдикке келебиз? Эми капкан Карганбек Самаковагабызга чабылдыбы? Келгиле баарыбыз биригип Карганбек агабызды колдоп, тууну жыкпай көтөрүп алалы!!! Баарыңарды Карганбек Самаковду колдоого чакырам!! !! Бүгүнтөн баштап баарыбыз биригели! !! Эртең Башкы Прокуратуранын алдында болчу колдоо акциясына чакырам!! !!

#16 16 Май 2015 - 19:44
Самаковдун жактоочусу Аскарбеков Арстанбектин айтымында, аны Башкы прокуратуранын тергөө бөлүмүнө суракка чакырып, ошол жерден кармаган.
"Самаковдун кармалышын мыйзамсыз деп эсептейбиз жана прокуратуранын аракетин сотко беребиз", — деди анын жактоочусу Аскарбеков.
"Самаковдун кармалышын мыйзамсыз деп эсептейбиз жана прокуратуранын аракетин сотко беребиз", — деди анын жактоочусу Аскарбеков.
#18 16 Май 2015 - 19:45
К.Самаковдун баласы Кубанычбек Самаковдун айтымында, анын атасын андан өч алуу үчүн кармашкан.
Депутаттын баласы андан Башкы прокуратурада иштеген жогорку кызмат адамынын акча талап кылуусу боюнча көрсөтмөңдү өзгөртпөсөң атаңа же жакын туугандарыңа карата башкача чараларды көрөбүз деп айтышканын билдирди.

#19 16 Май 2015 - 19:47
windom, очурдун го). Эч кимиси болбойм. Ж0н0кой кыргыз, карапайым элмин.
#20 16 Май 2015 - 19:49
ДЕПУТАТТЫН ТАРАПТАШТАРЫ:
2005-2010-жылдары саясатчыларды себепсиз камоо көнүмүш адатка айланып, аягы эмне менен бутконун жакшы билесиздер. 3 жылдан бери коррупция деген кайрымакты колго кармаган күрөш, ачык эле өч алуу саясаты гана болуп калды. Саясый куугунтуктун сазайы минтип улуттук баалуктарды көтөргөн Самаковго да жетиптир. Ошто Мелис Мырзакматов кырзгыздын рухун көтөрүп ,улуттун туусун көтөрүп мекенчил иш аракеттерди жасай баштаганда иш козгоп, артынан сыйрытмак ыргытышты эле . Садыр Жапаров Кумтөр мамлекеттик болсун деп чырылдаса, аны тап душман кылып ор казышты. Бул жерде улуттун кызыкчылыгын көтөргөн мекенчилдерге карата кара ойлор бар окшойт. Шайлоо алдында көз тазаламайлар жакшы жакка деле алып барбайт го...