Коммунист Кытай өкмөтү мусулман уйгур калкына карата акылга туура келбей турган зулумдарын күндөн-күнгө күчөтүп барууда. Мусулмандар үчүн ыйык болуп эсептелген рамазан айында зулумдар ого бетер күчөшү адатка айланган. Кытай өкмөтү быйыл да өз адатына ылайык орозо кармоону тыюуга каратылган афиша жана лозунгдарды илүүнү баштап жиберди.
Лозунгдарда “Рамазан айында ашканаларды жаап коюуга тыюу салынат”, “Рамазан айында окуучулар түшкү тамактанууга катышууга милдеттүү”,
“Мечиттерде иптарлык (ооз ачар) берүүгө тыюу салынат”, “Партия мүчөлөрүнүн,
мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдардын,
мугалимдердин жана жаштардын рамазан иш-чараларына катышуусуна тыюу салынат”, – деген сөздөр жазылган.
Акыркы алынган кабарларга ылайык, Кытай коммунисттик партиясынын жаңы дайындалган башкы катчысы Ян Фашинг кызматка келери менен Чыгыш Түркстандын тарыхий Кучар шаарында уйгур мусулмандарына карата түрдүү мыйзамдарды кабыл алды. Анын Кучар шаарында жарыя кылган мыйзамдары төмөнкүдөй:
Ар бир үйдө үчтөн гана бычак болушуна уруксат берилет.
Мусулман уйгурлар жашап жаткан кварталдар жана үйлөр мамлекеттин куралдуу күчтөрү жана коопсуздук органдары тарабынан үзгүлтүксүз 24 саат көзөмөлдөнөт.
50 жашка чыга элек эркектердин сакал коюшуна тыюу салынат. Эгерде сакал коюшса дароо алып ташталат.
Муслима аялдар кийүүчү кийимдердин узундугу 110 сантиметрден узун болбошу керек.
Муслима аялдардын чоң жоолуктарды оронушуна тыюу салынат.
Мамлекеттик кызматта иштегендер жана мамлекеттен айлык ала турган адамдарга үйлөрүндө Курани Карим жана жайнамаз сакташына тыюу салынат.
Башка карапайым жарандар үйлөрүндө бир даана Куран жана эки даана жайнамаз сактаса болот.
Яркенттин Каргалык шаарындагы динчил адам Абдулхаким Махмуддун диний медресесинде 1980-1993-жылдар аралыгында билим алгандар жана Кучар шаарында медресе ачкан Абдулкарим Абдулвалидан сабак алган бардык адамдар тезинен кармалышы керек.
1990-жылдан кийин төрөлгөндөрдүн туракжай-адрестери тезинен каттоого алынат.
Ар бир үй-бүлөдөн бардык балдары үчүн ар бир балага 28 миң юань (5000 долларга жакын) штраф өндүрүлөт.
Балдар үчүн талап кылынган штрафты төлөбөгөндөрдүн бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү конфискация кылынат.
Диний нике окутулушуна таптакыр уруксат берилбейт. Диний нике окуткандар болсо дароо камакка алынышат.
Бирден көп үйлөнгөндөр (көп аялдуулар) камакка алынат.
Кийинки алынган кабарларга ылайык, бул мыйзамдар чыккандан бир аз убакыт өткөндөн кийин Кучар шаарында бир нече ыймандуу мусулмандар камакка алынышкан. Алардын кармалышына жогорудагы мыйзамдарга баш ийбегендиктери себеп кылып көрсөтүлүүдө.
Баракча 1 - 1
Кытай бийлиги мусулмандарга кысым көрсөтүп жатат .
#2 02 Июль 2015 - 19:11
Жапайычылык!
Диний эркиндикке чектоо койулбоого тийиш!
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#3 03 Июль 2015 - 01:11
Бул деген Кытай. Дуйнодогу азыркы эн чон куч.
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#4 03 Июль 2015 - 01:15
АЛЛАХ оз жазасын берет деп ишенебиз.
*************************************
#5 03 Июль 2015 - 01:27
#6 03 Июль 2015 - 03:13
Балдарга штраф салганы неси?
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#7 06 Июль 2015 - 06:40
Барибир убагы келгенде каапырларды мусулмандар женет экен.
А дуйнону мусулмандар башкарат.Булардын куноого баткандыры эле калат.
Булардын чочулоосу Уйгур мусулмандардын кобойушу оздорунчо автоном болобуз деп жаткандыктарынан эле деп ойлойм жеке оюм.

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#8 06 Июль 2015 - 10:22
Аллах озу баарын коруп билип угуп турат. Мусулмандарды эч качан таштап койбойт.
#10 12 Июль 2015 - 23:56
- “Рамазан айында ашканаларды жаап коюуга тыюу салынат” (Эн туура, анткени орозо кармабагандар кайда барат!)
- “Рамазан айында окуучулар түшкү тамактанууга катышууга милдеттүү” (Эн туура, анткени орозо жаш баланын организмине зыян )
- “Мечиттерде иптарлык (ооз ачар) берүүгө тыюу салынат” (Эн туура, анткени мечит - ашкана эмес)
- “Партия мүчөлөрүнүн, мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдардын, мугалимдердин жана жаштардын рамазан иш-чараларына катышуусуна тыюу салынат” (Эн туура, анткени тизмедеги адамдар мамлекеттин саясатын жүргүзөт, а мамлекет динден бөлүнгөн)
- 50 жашка чыга элек эркектердин сакал коюшуна тыюу салынат. Эгерде сакал коюшса дароо алып ташталат. (Эн туура, анткени улуу кишинин жанында сакалчан жигиттин турганы орунсуз көрүнүш)
- Бирден көп үйлөнгөндөр (көп аялдуулар) камакка алынат (Эн туура, мен болсом атып салмакмын) .

Билдирүүнү түзөткөн: asmera: 13 Июль 2015 - 00:00
#12 13 Июль 2015 - 00:20
Кытай деген кытай.Айтканын аткарат.Закон кучтуу болгону учун мамлекет дагы деле сакталып турат да.
#13 13 Июль 2015 - 01:16
asmera (12 Июль 2015 - 23:56) жазган:
- “Рамазан айында ашканаларды жаап коюуга тыюу салынат” (Эн туура, анткени орозо кармабагандар кайда барат!)
- “Рамазан айында окуучулар түшкү тамактанууга катышууга милдеттүү” (Эн туура, анткени орозо жаш баланын организмине зыян )
- “Мечиттерде иптарлык (ооз ачар) берүүгө тыюу салынат” (Эн туура, анткени мечит - ашкана эмес)
- “Партия мүчөлөрүнүн, мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдардын, мугалимдердин жана жаштардын рамазан иш-чараларына катышуусуна тыюу салынат” (Эн туура, анткени тизмедеги адамдар мамлекеттин саясатын жүргүзөт, а мамлекет динден бөлүнгөн)
- 50 жашка чыга элек эркектердин сакал коюшуна тыюу салынат. Эгерде сакал коюшса дароо алып ташталат. (Эн туура, анткени улуу кишинин жанында сакалчан жигиттин турганы орунсуз көрүнүш)
- Бирден көп үйлөнгөндөр (көп аялдуулар) камакка алынат (Эн туура, мен болсом атып салмакмын) .
- “Рамазан айында окуучулар түшкү тамактанууга катышууга милдеттүү” (Эн туура, анткени орозо жаш баланын организмине зыян )
- “Мечиттерде иптарлык (ооз ачар) берүүгө тыюу салынат” (Эн туура, анткени мечит - ашкана эмес)
- “Партия мүчөлөрүнүн, мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдардын, мугалимдердин жана жаштардын рамазан иш-чараларына катышуусуна тыюу салынат” (Эн туура, анткени тизмедеги адамдар мамлекеттин саясатын жүргүзөт, а мамлекет динден бөлүнгөн)
- 50 жашка чыга элек эркектердин сакал коюшуна тыюу салынат. Эгерде сакал коюшса дароо алып ташталат. (Эн туура, анткени улуу кишинин жанында сакалчан жигиттин турганы орунсуз көрүнүш)
- Бирден көп үйлөнгөндөр (көп аялдуулар) камакка алынат (Эн туура, мен болсом атып салмакмын) .
Онолбоптур !!!
#14 13 Июль 2015 - 01:23
Otkondo bir yigyr kiz aitti ele kitaida namaz okup orozo tytkandarga chara korylyp kamap salat dep.oshondo tan kaldim ele.
#15 13 Июль 2015 - 01:26
Баракча 1 - 1