Остеохондроз менен дүйнө жүзүндөгү адамдардын 50 %ы жабыр тартат. Адамдын жашы 35тен ашкандан кийин остеохондроз симптомдору күч алат. Бирок акыркы убакта жашы 18-30 дун аралыгындагы жаштардын остеохондроз менен врач нервологдорго көп кайрылышууда.
Остеохондроз - бул омуртка түзүлүшүнүн бузулушу менен анын кемирчек тканын катырып, аморфтук касиетин жоготкондуктан,
нерв учтарына таасир тийгизе баштайт. Ошонун натыйжасында кыймылдаганда,
жөтөлгөндө,
оор нерсе көтөргөндө омурткалар оорутат. Остеохондроздун башкы стадиясында ооругандыгы билинбейт. Аны билиш үчүн көптөгөн текшерүүлөрдөн өтүп чыгыш керек. Омуртканын түзүлүшүнө жараша моюн, далы, бел, жамбаш жана таралган остеохондроз деген түрлөрү бар. Бардыгынан көп диогностолгон бел остеохондроз (50% көп) эсептелинет,
андан кийин моюн (25% көп), жана таралган остехондроз (12% көп байкалган). Секиргенде,
оор нерсеге күч жумшаганда эң көп жабыр тарткан область бел болуп саналгандыктан,
андагы пайда болгон остеохондоз омуртка аралыгында этти пайда кылып, грыжага алып келет. Эгерде омуртка аралыгындагы грыжа, жүлүнгө кетүүчү каналдагы ферменттерди талкаласа, адам жамбаштан ылдый паралич болуп калышы ыктымал.
Баракча 1 - 1
Остеохондроз оорусу. Ден соолук
#1 31 Октябрь 2014 - 13:45
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 31 Октябрь 2014 - 13:50
Остеохондроз (байыркы грек тилинен ὀστέον — сөөк жана χόνδρος — кемирчек) — сөөк жана кемирчек ткандарында зат алмашуу продуктуларынын топтолушунан келип чыккан өнөкөт оору.
Омурткалардын остеохондрозу көп жолугат. Анда омуртка дисктеринин дистрофияга учурашы жана жукарышынан омуртка сөөктөр өсөт, муун арасында артроз, көп учурда диск чуркусу өөрчүп, жүлүндү, жүлүн нервдеринин дүмүрчөктөрүн кысат. Андыктан омуртка тутумунун ийилгичтиги жана кыймылы төмөндөйт. Оорунун жүрүшү ар кандай факторлорго (зат алмашуу жана эндокриндик бузулуулар, травма жана башкалар) байланыштуу. Омурткалар бири бирине салмагын тийгизип баскандыктан, омуртка дискинин бийиктиги төмөндөп, омурткалардын ортосунда фиброздук шакекче чыгып, жүлүндүн элементтерине таасир этиши мүмкүн.
Остеохондроз көбүнчө бел, моюн, көкүрөк бөлүгүндө кездешет. Оорунун негизги белгиси — белдин белгилүү жери ооруп, ал жамбашка жана бутка берилет. Көп учурда куяңга окшойт. Омурткалардын бузулган дисктин тушундагы кылкандай урчугу пальпация жасаганда ооруйт. Эгерде нерв кыпчылып калса, ал нервдештирген жерде оору сезилип, сезгичтик бузулат, буттун алсыздануусу жана башкалар байкалат.
Остеохондрозду дарылоодо эң мурда горизонталдуу тегиздикте чоюу (ал үчүн кроваттын бут жагын 30—40 см көтөрөт), физкультура, новокаин менен электрфорез жана башкалар колдонулат. Радондуу минерал суулары бар курорттордо (Жети-Өгүз, Жыргалаң, Пятигорск жана башкалар) дарылануу жакшы натыйжа берет. Бел ооруса атайын ортопедиялык корсеттер сунуш кылынат. Мындан тышкары ооруну басаңдатуучу каражаттар да колдонулат.

#3 31 Октябрь 2014 - 13:51
Остеохондроздун пайда болушу
* Тукум куугандан (гендик түзүлүштөн).
* Организмдеги зат алмашуунун бузулушунан, инфекциялардан.
* Ашыкча салмак, туура эмес тамактануудан. (микроэлементтердин жетишсиздиги)
* Омуртканын сынганы, жабырланганынан.
* Туура эмес отуруу, туруу, басуунун натыйжасында омурткананын жылышып кетишинен.
* Экологиялык ыңгайсыз шарт.
* Аз кыймылдоодон
* Оор нерселерди көтөрүүдөн
* Көп убакытка чейин ыңгайсыз абалда туруудан.
* Бут кийимдерден; бийик такалуу бут кийимдерди кийүүдөн.
* Нервдин бузулушунан же стресс абалында узак мөөнөттө болушу.
* Суук тийгизип алгандыктан, тамеки чегүүдөн пайда болот.
Остеохондроздун белгилери
* Остеохондроз менен ооругандардын омурткаларын сыздатып, колдоруна жана буттарына таасир берет
* Кыймылдоодо белдин күчөп ооруп кетиши.
* Моюн остеохондрозунда; Колдор, ииндер жана баш ооруйт. Омуртка артерия симптомдору пайда болот, алар төмөнкүдөй; кулакка чуулдаган үн угулуп, баш тегеренип, көз караңгылап, точкалар көрүнүп жана баштын лукулдап оорушу менен коштолот.
* Далы омуркасынын остеохондрозунда; төштүн сайгылашып оорушу, жүрөк жана башка органдардын кыймылдоодо ооруп кетиши.
* Белдин остеохондрозунда; жүлүн тартылып жаткансып кыймылдатпай калат. Кээ бирде жамбаш сөөктөрдү кыймылдаттырбай оорутат.
* Остеохондроздун бардык түрүнө тиешелүү белгилери: гипотония, рецепторлордун сезгичтигин начарлатып, булчуңдардын күчүн азайтат.
Далы омурткалары үчүн көнүгүүлөр
1. Түз турган абалда терең дем алып, колуңузду ылдый түшүрүңүз, колуңузду өйдө көтөрүп демиңизди чыгырыңыз. 8-10 жолу кайталаңыз.
2. Столго олтуруп, колуңуз менен башыңыздын артына тиреп терең деп алып, артты көздөй улпунуп демиңизди кое бериңиз.
3. Көмкөрөңүздөн полго жатып, башыңызды жана буттарыңызды өйдө көтөрүңүз.
Бел омурткасына көнүгүүлөр;
1. Белиңизди таянып түз туруңуз. Ошол эле абалда оңго, солго, артка, алдыга ийилип, ар бирин 10 жолу аткарыңыз.
2. Тизелеп туруп, колуңузду болгон күчүңуз менен полго тартыңыз, кайра туруңуз.(10-15 жолу кайталаңыз).
3. Капталыңыз менен жатып, бутуңузду төшүңүзгө чейин бүгүңүз. (8-10 жолу).
Остеохондроз менен операция болгондорго;
o 3 айга чейин 5 кг ашык оор салмактуу нерселерди көтөргөнгө болбойт.
o 2-3 айга чейин унаа айдаганга болбойт.
o Тамеки чегүүгө, дароо кыймылдаганга болбойт.
o Белди жылуу кармоо талап кылынат.
Остеохондроздун дарылоо методдору жөнүндө
Остехондроздун дарылоо ыкмаларынын бири бул консервативдүү метод. Мындай метод остеохондрозду хирургиялык жол менен дарылайт. Антан тышкары компекстүү консервативтүү методду пайдаланса болот. Анда атайын дарылоочу көнүгүүлөр, физиотерапия, массаж, мануалдык терапиялар камтылат. Ушундай жол менен дарылоодо 1-3 айда сакайып кетсе болот. Айрым
Өз алдынча аткара турган комплекстүү көнүгүүлөр
Комплекстүү көнүгүүлөр остеохондрозго каршы профилактика үчүн иштелип чыккан. Мындай көнүгүүлөрдү аткаруунун натыйжасында булчуңдар бекип, омуртканы ийилгич жана кыймылдуу кылат.
Моюн омурткалары үчүн көнүгүүлөр
1. Колуңузду чекеңизге такап, башыңызды түртүп, моюнуңузга күч келтириңиз. Мындай абалда 7 секунддай болуп, 3 жолу кайталаңыз.
2. Моюнуңузду артка буруп, жаагыңызды өйдө көтөрүңүз.
3. Башыңызды жана ийиниңизди түз кармап, оңго беш жолу буруп, андан кийин солго беш жолу буруңуз.

#4 31 Октябрь 2014 - 13:53
Остеохондроз менен операция
болгондорго;
-3 айга чейин 5 кгдан ашык оор салмактуу нерселерди көтөргөнгө болбойт.
- 2-3 айга чейин унаа айдаганга тыюу салынат.
- Тамеки чегүүгө, дароо кыймылдаганга болбойт.
- Белди жылуу кармоо талап кылынат.
болгондорго;
-3 айга чейин 5 кгдан ашык оор салмактуу нерселерди көтөргөнгө болбойт.
- 2-3 айга чейин унаа айдаганга тыюу салынат.
- Тамеки чегүүгө, дароо кыймылдаганга болбойт.
- Белди жылуу кармоо талап кылынат.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#5 31 Октябрь 2014 - 14:06
Рахмат чон.
2жума мурда ренген ушундай деп айтты эле белден азыр дагы ооруп турат
конугуулорду жасаймын буюрса.

#6 31 Октябрь 2014 - 14:08
Бел омурткасына көнүгүүлөр;
2. Тизелеп туруп, колуңузду болгон күчүңуз менен полго тартыңыз, кайра туруңуз.(10-15 жолу кайталаңыз).
ушул позага тушунбой калдым.

#7 31 Октябрь 2014 - 16:05
#9 05 Ноябрь 2014 - 15:22
Бул - кылымдын оорусу деп айтсак болот. Муну менен бир жерде отуруп иштеген адамдар көп ооруйт. Маселен, айдоочулар,
бир жерден жылбай жазуу жазган жана компьютер менен иштеген адамдар. Кыймыл болбогондуктан далыга туздар уюп, башты оорута баштайт. Мээге кеткен кан тамырлар ичкерип, кан басымы көтөрүлөт. Кишини алсыратып, керек болсо приступка чейин алып келет. Бул оорунун алдын алуу үчүн бир жылда эки жолу туура массаж алуу зарыл. Учурда кыргызстандыктардын дээрлик 80%ы остеохандроз менен ооруйт. Анткени, компьютерде отурат же машина айдайт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#10 05 Ноябрь 2014 - 15:24
Эң алды туура массаж жасаган адамды табуу керек. Туура массаж жасалганда гана ооруну айыктырса, алдын алса болот. Билбегендер остеохандрозду айыктыра албайт же омуртканы жылдырып жибериши мүмкүн. Ошондуктан,
көрүнгөн эле жерден массаж жасатуу туура эмес. Өзүбүз үчүн болсо да массажчынын кесиби жөнүндө билимин, анан канча жылдык тажрыйбасы бар экенин билүү керек. Мен башкаларды сындай албайм, ал ар биринин өз иши. Бирок, дагы айтаар элем, массаж алууну каалагандар сөзсүз анын тажрыйбасын,
билимин суроосу абзел.
Жаз жана күз мезгилдеринде баардык илдет күчүнө кирет. Эгерде өзүңө карап, массаж алып жүргөн болсоң муну сезбейсиң.
Баса, остеохандроз демекчи, көпчүлүк бул ооруну эсепке албай, массаж кылдырбайт. Анын жыйынтыгында көптөгөн ооруларда өрчүп кетиши мүмкүн. Ушундан улам менин айтаарым, "Биринчи байлык ден соолук" дегенди дайым эстей жүрсөк.
Жаз жана күз мезгилдеринде баардык илдет күчүнө кирет. Эгерде өзүңө карап, массаж алып жүргөн болсоң муну сезбейсиң.
Баса, остеохандроз демекчи, көпчүлүк бул ооруну эсепке албай, массаж кылдырбайт. Анын жыйынтыгында көптөгөн ооруларда өрчүп кетиши мүмкүн. Ушундан улам менин айтаарым, "Биринчи байлык ден соолук" дегенди дайым эстей жүрсөк.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#11 17 Сентябрь 2015 - 20:21
мени тамографийадан 5мм грыжа бар деп чыкты кандай кенеш берестер
#12 13 Январь 2017 - 02:19
Менин да далым коп ооуйт, кокурогум сайгылап оорутат. КУЛАГЫМА чуулдаган дабыштар угулат..
#13 24 Январь 2017 - 16:39
Менде да остеохондроз бар,Бишкекте кайсы жерде жакшы массажист бар,билесиздерби.
#14 27 Январь 2017 - 02:50
#15 28 Июль 2017 - 22:25
стенозной грыжа экен апамдыкы. он жамбашы буту ооруп жатат. кенеш бергилечи сураныч. операциясыз айыктырса болобу
#18 29 Июль 2017 - 01:16
Болот биз жардам беребиз, Жалал-Абад шаарындабыз.
Купуяга откуло номер керек болсо.
Баракча 1 - 1