zhesika Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 80 (0,04 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (43 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 15 Декабрь 18
- Кароолор:
- 8 988
- Соңку аракети
- 01 Июн 2020 19:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 26 жашта
- Туулган күнү:
- Март 7, 1998
- Жынысы:
- Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Күйөөм башканы сүйүп жүрөбү?
Жазылган күн: 1 Июл 2019
Саламатсыздарбы? Кайрадан бул жакка баш бактым. Ичимдеги топтолуп калган арыз-мунумду сүйүнүчүмдү бөлүшкүм келди. Жолдошум экөөбүз сүйүшүп күйүшүп жүрүп баш кошконбуз. Биринчи наристебизди күтүп жатабыз. Бул менин сүйүнүчүм. Боюмда болбой жатып үйлөнгөнүбүздөн үч айдан кийин болду. Абдан сүйүнүп жатабыз. Кайын эне, кайын атамдын кубанычында чек жок. Баары сонун. Бир гана акыркы бир айдан бери күйөөм өзгөрүлүп кетти. Качан көрбөйүн ой басып жүрөт. Мурдагыдай көп эркелетпей да калды. Бир жерин ооруп жатабы? десен, жок эч жерим ооруган жок деп түнт гана жооп берип коет. Түндө кеч келет да арты карап жатып алат. Бирөөнү таап алганбы деп кызганган жаным телефонун текшерип да көрдүм, шектүү эч нерсе таба алган жокмун. Мурда баардык нерсесин ачык айтып ортобузда жашырган эч нерсебиз жок эле. Кенеш бергилечи? Эркек адамдын мындай тез өзгөрүлүп кетүүсүнө эмне себеп? Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө беш - алты ай болду. Ушул убакка чейин бир да жолу олуттуу урушкан эмеспиз жана урушкан да жокпуз. Мен аны чындап сүйөм, ал дагы сүйөөрүнө ишенем. Эмне кылаарымды билбей калдым. Бул кырдаалдан кантип чыксам болот? -
Тунгуюк сүйүү
Жазылган күн: 16 Дек 2018
Саламатсынарбы? Көптөн бери суперстанды окуп келем. Бүгүн катталып өзүмдүн жүрөктү өйүткөн көйгөйүм менен бөлүшкүм келди. Мен айылда өскөм. Кийин шаарга окууга тапшырып келгем. Эми ойлосом 11 ди бүткөнгө чейин көп деле жигиттер менен сүйлөшпөптүрмүн. Сөз айтып кат жазып артыман чуркагандар деле болду. Бирок апам катуу кармайт эле. Сабактан кийин үйдүн иштери менен алекболуп кеч кирди дегенче үйдөн чыкпайт болчумун. Отуруш дегенге өмүрү барыпкөргөн эмесмин. Ошентип окууга тапшырып шаарга келдим. Шаарда таекемдер турушат. Таекемдин менден эки жаш улуу баласы бар. Аты Аман. Башында жөн гана бир туугандай мамиле кылып сабактарыма жардам берип жүрчү. Эмнегедир экөөбүз бат эле тил табышып кеттик.Аны байке дечүмүн. Үй-бүлөөлөрү менен орус чалыш анча мынча каада салттарды сактай бербеген үй-бүлөө. Ошентип күндөр өтө берди Аман экөөбүз мурдагыдан да жакын болуп кеттик. Ал Бишкектеги белгилүү университеттердин биринде окуйт. Экөөбүз көп сырдашчубуз. Эмнегедир ичимден аны жактырып жүрдүм. Мындай ойлорум үчүн кээде өзүмдү өзүм жек көрүп ыйлаар элем. Бирок мен чынында аны биринчи сүйдүм. Анын жөн эле үйдө болушу эмнегедир мени бактылуу кыла берчи. Аман да мага адаттагысындай күлө карап,суйлөшүп койсо мен өзүнчө жан дүйнөм эргип телегейим тегиз болуп калчу. Аны менен чогу отурууну дайыма каалап анын сабактан келишин күтөөр элем. Бирок ал көбүнчө өтө кеч мен уктап калганда келээр эле. Ата-энеси аны өзгөчө деле контролго албайт. Өзүнө окшогон байдын балдары менен кыдырып эле жүргөнүн билем. Бирок антсе да анын ичкилик ичип келгенин эч көргөн жокмун. Бир билгеним достору менен клубка барып: кээде билиярд ойноп жүрчү. Ошондой күндөрдүн биринде сабактан келсем үйдө эч ким жок экен. Чай ичип бүткөн сон үйдүн ичин уборка кылууга кириштим. Ангыча болбой Аман келип калды. Эмнегедир ичимен абдан сүйүнүп кеттим. Ага чай берип, экөөбүз ар кайсыны сүйлөшүп отурдук. Мага кээде англисчеме жардам берип калчу. Бул негизи аны менен бир азда болсо чогуу отурууга себеп эле. Бул жолу да ошол себебимди колдонуп англисчени уланталы дедим. Аны укмуш түшүнүп жаткан кишидей берилип карап алгам. Мээме бири кирсе бири кирбейт. Анын коюу кара кашын кумарлуу көздөрүн карап өзүмөн кетем. Эмнегедир ал мага идеалдуу адамдай сезиле берчү. Кулгону, басканы, турганы жада калса тамак ичкени, ал сүйлөгөндө жүрөгүмдүн унун угуп жаткандай башкача болоор элем. Ошол күнү айрыкча бир-бирибизге өтө жакын болуп кеттик. Ортодогу баардык барерлер алынып салгандай болду. Бир убакта сүйлөшүп отуруп Аман мындай деди. Менин сүйлөшкөн кызым сен сыякту, сулуу жароокер болсо деп чекемен өөп жиберди. Ошол учурдагы менин ички сезимимди айтпай эле коеюн. Уйгу-туйгу сөз менен жеткире албайм. Бирок бир ой капыстан келген сезим учкундарын колуман сууруп алгандай жүрөгүм опкоолжуй түштү. Ал менин тууганым, таекемдин баласы, мен эмне кылып жатам?Бетим кызарып уялганымдан өзүмдүн бөлмөмө кирип кеттим. Ошол күнү Аман мага сүйөөрүн айтып. кечирим сурады. Мындан кийин эч нерсе болбойт, тууганымдай өзүмдүн карындашымдай мамиле кылам.Мен өзүмдү кармай албай калдым. Унут буларды деди. Ал айткандай унутуу оной болсо гана. Сүйүүнүн көзү көр белем, ал менин да сүйүп жүргөнүмдү кайдан билсин. Эртеси эч нерсе болбогондой таекем, тааженем жана Аман болуп чай ичип отурдук.Эмнегедир Аманда карай албай башкача болом. Ичип жаткан тамагым эмне экенин деле капарга албай маска кийген актрисага айландым. Адаттагысындай таекем ар кайсыны тамашалап күлдүрүп отурат. Күлүмүш болуп өзүмдү кыйнаган менен жүрөгүм ыйлап жатты. Анткени эч качан бирге боло албашыбыз белгилүү болгон тунгуюк тарткан сүйүү азабы башталган эле.
Бирине бири окшош күндөр өтүп жатты. Мен аны унутам деп өзүмө өзүм сөз берип аракет кылып жаттым.Аман да ошол окуядан кийин эмнегедир менден алыстап жаткандай сезилди. Бирок унутам деген нерсенди эч унута албайт экенсин. Айрыкча сен сүйүп жүргөн адам сен жашап жаткан үй-бүлөөнүн бир мүчөсү болсо өзүнчө бир азап экен. Бассам турсам көз алдымда аны кыялданам. Эмнеге мындай тагдырга туш болдум экен деп ойлоном да кайра өзүмө жок, бул тагдыр эмес сенин арсыз тандоон деп өзүмдү өзүм жемелейм. Арсыз эмей эмне, таякемдин баласы. Канчалык акылга сыйбаган нерсе экендигин кабыл алгым келсе да сүйүүнүн алдында алсыз болуп жаттым. Акылым мени эмес, жүрөгүм мени башкарып алгандай тыбырчылайм.
Кудай жалгап бат эле кышкы каникул келип экзамендерди тапшырып айылыма жөнөдүм. Жолдо карата эми мындан ары аны унутуп башкача жашоо баштайм. Мен айылдан өзгөрүп келем деп өзүмө өзүм сөз бердим. Бул чечимдеримдин арасында мага өзгөчө эрк берген кыздар менен квартирага чыгуу болду. Болду, алар менен жашабайм кыздар менен квартирага чыгам да арсыз сүйүүмдү унутам дедим ичимден. Айылга келсем апам барпалактап болгон ашын жайнатып тосуп алды. Апалардан айланайын балдары десе ичкен ашын жерге коет эмеспи. Чынында буга чейин ата-энемден алыста жашап көргөн эмесмин. Абдан сагынып калыптырмын. Айылга келип Аманды бир аз унутканым менен ал көп өтпөй смс жаза баштады. Мен сени сагынып жатам, Келишинди күтүп жатам деген сыякту адаттан тыш каттар... Адаттан тыш дегеним Ал мени сагынгандай кимим эле? Эмне жооп берээримди билбейм. Көп суроолорун жоопсуз калтырдым. Чынында жооп бербей коюу да жооп берүүнүн өтө татаал түрү экенин сездим...
Ошентип каникул да бат эле аягына чыгып Бишкекке жолго камынып калдым. Апам болгон ашын салып камдап жатты. Таякендерге салам айт; атан жакында шаарга барса дагы акча ала барат. Өзүнө жакшы кара,тааженендин женилин жерден оорун колдон ал. Тууган болсо да бирөөнүн үйүндө туруш оор деп болгон насааттарын айтып жаткан апамдын агарып бараткан чачтарын карап аяп кеттим. Апамдын жаш кезиндеги сүрөттөрүндө капкара узун чачы айрыкча көзгө урунат. Апанды тартып сулуусун деген сөздөр мага өтө жагымдуу угулат.
-Ооба, эч кам санабаныз, баары жакшы бирок.. деп андан ары уланта албай токтоп калдым.
Эмне бирок – деди апам кабагын чытып алда нени сезгендей.
-Мен кыздар менен башка квартирага чыгайын деп атам, бир аз акча керек дедим күнөөлүү кишидей.
-Эмне ал жак жакпай калдыбы? Бир жылча ошол жакта жашап тур, ана көрө жатаарбыз. Сен ал жакта болсон менин санаам тынч болот. Таеке,тааженендер жакшы кишилер, үйү кенен, бир эле баласы бар ашыкча деле киши жок.Анын үстүнө таекен муну укса таарынат деди. Апамды да жакшы түшүнүп турам. Себеби таекем анын жалгыз бир тууганы, экөө бири-бирин абдан жакшы көрүшөт. Таятам эрте эле көзү өтүп кеткен экен.Таенем эки баласы деп экинчи кайра турмуш курбаптыр. Таенемдин эмгеги акталып уулу жаштайынан эмгекчил билимге умтулган ынтызар бала болуп өсүптүр. Таенем апам менен таекемди кантип чонойтконун көп айтаар эле. Ошондуктан апамдын айтканынын жөнү бар. Апама башка эч нерсе дей алган жокмун.
-Макул апа, таекемдикинде эле жашап турайын, мен жөн эле кыздар менен чыксамбы дегем дедим. Андан башка эмне демек элем. Апа сенин карачечекей бир тууганындын уулун көзүм көр болуп сүйүп калдым деп айтмак белем. Айла жок жан дүйнөмдүн кыйкырыгын басып жалгандан жылмайып апамдын бетинен өөп, мага тааныш мээрим толо кучагына боюмду таштап кичине болсо да ушул көз ирмемди кармап калайын дедим. Атам адатынча тан азандан менин бетимден сүйүп жакынкы айылга иштери менен кеткен эле. Ошентип кайрадан Бишкекти көздөй жолго чыктым.Менде дайыма айылымдан кетип баратканымда ичим туз куйгандай ачыша берет. Качан гана апамдын карааны алыстап коншу айылга жеткенде ичимдеги уйгу –туйгу сезим менин ар түркүн ойлорума синип кетет. Бул жолу менин пландаган оюмдан артка кайтууга, таекемдикинде эле жашап турууга аргасыз көндүм. Ансыз да квартирага чыгууга апамдардын бере турган акчасы жок болчу.
Шаарга жете берээрде таекем чалып калды. Албина келгенинде чалып кой, Аман машина менен барып тосуп алат деди. Апам байкуш мен кетээр менен таекеме чалса керек да. Кечке жуук шаарга жете келдик. Таекеме чалдым. Азыр барат күтүп тур деди таекем. Автовокзал үйдөн анчалык деле алыс эмес . Бирок бул жолу жүгүм оор болгондуктан коомдук унаа менен кетүү мүмкүн эмес. Ушул жерден бир нерсени мойнума алышым керек, адам эч качан өзүн өзү алдай албайт. Амандын мени тосуп алаарын укканда ичимди бир жылуулук каптап кеткендей башкача бир сезим жан дүйнөмдү ээлеп алды. Жок, мен өзгөрөм дегем, токтотом болду. Мен сүйүүмдү таекем, алтыным апам үчүн курмандыкка чалам деп жаттым ичимден. Ангыча Кандайсын? деген Амандын үнүнөн чоочуп кеттим. Адаттындай өзүнө жарашыктуу кийинип алыптыр. Жакшы, өзүнүз кандайсыз байке дедим көзүнө тике карай албай. Сонун, сенин келүүндү абдан күттүм, сага абдан көнүп калыптырмын деп сөзүн ондоп кетти. Жүктөрүмдү машинасына салып жөнөп калдык. Алдыга эле отуруп ал деген менен болбой артка отуруп алгам.Күзгүдөн улам мени карап коюп келе жатат. Ал караса менин дүйнөм антарылып кетчүдөй корунам. Айылдагылар жакшыбы? Эжем кандай ден-соолугу дегенде гана өзүмдү эркин сезип жооп берип жаттым. Ангыча үйгө жете бербей машинаны жол жээкке токтотту. Эмнеге токтодунуз? -дедим. -Экөөбүз сүйлөшүп алышыбыз керек деди ынгайсыз абалда. Сен жаман ойлобо,бая күнкү окуядан кийин өзүмдү коерго жер таппай келем. Чын айтам менде жаман ой жок, мен сени жөн гана сүйөм. Ооба экөөбүз тууганбыз, бирок мени багып алышкан. Бул нерсе эч нерсени өзгөртпөйт деп жибердим өктөмүрөөк үн менен. Сен менин кандай болсо да таекемдин уулусун,эч качан сүйүүгө жол бербейм дедим. Сыртымдан буларды сүйлөп жатканым менен ичимде жүрөгүм өзүнөн өзү тилиним канап жаткандай сезилди. Тилим буулуп калгандай эмне дээримди билбей калдым. Кечирип кой, мени деген Аман машинаны айдап жөнөдү.
Ошентип кайрадан баягы күндөр башталды. Күндө жан дүйнө менен күрөш. Адамга өзүнүн жандүйнөсү менен күрөшүү өтө оор болот экен. Мындайда ичинде эки адам жашагандай, бирөөсү самап, күтүп, сагынып алоолонуп жанат, бирөөсү жанган отко май чачып,сезимдеринди муунтуп сыртка чыгуусуна жол бербейт. Мына сезим менен акылдын бүтпөс согушу. Аман болсо мындан кабары жок бир гана өзү сүйүп жүргөндөй ойлоп жатса керек. Айтмакчы Аман бакма бала экенин билгенине көп эле убакыт болуптур.
Ошондой күндөрдүн биринде тааженем менен таекем Сокулукка кетишти. Балким ошо күнү кетпегенде же ошол күндү аттап кете турган бир амалым болгондо мен эч качан мындай сүйүүнүн азабына кабылбас белем ким билет. Унутуп жаны жашоо баштап кетээр белем, айтор азыркыга чейин ошол күндү өзгөрткүм келет. Деген менен өткөн күн өкүнүүгө гана себеп болбосо аны кайтарып өзгөртүү мүмкүн эмес тура. Аман да ал күнү демейдегиден эрте келиптир. Кечки тамакты жедик, бул жолу ага мурдагыдай болбой ортодогу аралыкты сактоого аракет кылып жаттым. Бирок... Тамак ичип болуп идиштерди жууп бөлмөмө кирип кеттим. Аманды ойлоп жатып уктап кетипмин бир нерседен чоочуп ойгонуп кетээрим менен Амандын ысык эриндери эриндериме жабышты. Ачыгын айтайын эч каршылык көргөзө алган жокмун. Алсыз гана сымаптай ээрип бараттым. Ошол күнү кыздыгыман да айрылдым. Мен ойлогондон да баары тездик менен болуп кетти. Көрсө акыл деген нерсе сезим деген нерсени жене албайт тура. Болбосо эгер Аманга каршылык көргөзсөм ал эч качан мени зордомок эмес. Мен анте алган жокмун. Анткени мен аны акылдан адашып сүйдүм. Мына ушинтип Аманга байландым да калдым. Таяке, тааженелериме айтпай жыныстык катнашта болуп жүрөбүз. Бирок экөөбүз тен болгон чындыкты айта албай келебиз. Эми мындан ары эмне болот? Кантем? Кенеш күтөм. Кандай жол менен айтыш керек? Же айтпай эле мамилени токтотуп жашоомду улантайынбы? Урушпаныздарчы . Мен өз абийиримдин алдында кыйналып бүттүм. Аман айтабыз дейт, ал айткан күндө туугандар арасында эмне болот? Кандай кабыл алат? корком...
Комментарийлер
zhesika ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?