Библияга (Християндарга) суроом бар
#21 19 Сентябрь 2011 - 18:39
Жоктуктан корпойм, достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм, ыймандан корком качуучу.
Олумдон коркпойм, корумдон корком жатуучу.
#22 19 Сентябрь 2011 - 20:13
#23 19 Сентябрь 2011 - 20:20
#24 19 Сентябрь 2011 - 21:54
Бир келип кетчи мен жакка.
#25 20 Сентябрь 2011 - 02:17
Debi (19 Сентябрь 2011 - 09:49) жазган:
Мени Таллас десең жаңыласың, бирок сен ишенбейсиң жана сени ишендиргим да келбейт, каапырлар каалашынча сүйлөй берсин, Алла Таала өз динин жайылта берет!!!
#26 20 Сентябрь 2011 - 10:48
ОҢ КОЛГО!
...Ал чоңго да, кичинеге да, байга да, жакырга да, эркин адамга да, кулга да – бардыгынын оң колуна же чекесине белги салдырат.
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 20 Сентябрь 2011 - 10:48
#27 20 Сентябрь 2011 - 11:07
wumida (19 Сентябрь 2011 - 20:13) жазган:
Аныгы Инжилде ачык айкын жазылган. Инжил "...болуп калса, анан болбой калса..." деген будомуктукто калтырбайт. Аныгын билбей туруп мага "жардам колунду сунуп" жатканына "баракелде" . Рахмат, ошентсе да.
Ыйса тирилгенден кийин коп создорду айткан, бирок сен айткан созду айткан эмес. Ал жер устундогу Озунун ишин аягына чейин аткарган, Анын ишин толуктоонун зарылчылыгы жок. Инжилди Кудайга чын ыкласын коюп окуган кишиге бул айкын корунуп турат. Сенин "болуп чыкса" деген созунон улам, Инжилден бир узунду эске тушту, ошону келтирейин:
...Ошол учурда кимдир бирөө келип, аларга: «Силер түрмөгө камап койгон кишилер ийбадатканада элди окутуп жатышат», – деп билдирди. Ошондо күзөт башчысы кызматчылары менен барып, аларды күч колдонбой ээрчитип келди, анткени таш бараңга алып коюшабы деп, элден коркту. Аларды синедриондун алдына алып келди. Ошондо башкы ыйык кызмат кылуучу аларга мындай деди: «Биз силерге бул ысым жөнүндө окутпагыла деп, катуу тыюу салбадык беле? Силер болсо өзүңөрдүн окутууңарды бүт Иерусалимге жайылтып жибердиңер. Ал Адамдын канын биздин мойнубузга коюуга ниеттенип жатасыңарбы? » Ошондо Петир менен элчилер мындай деп жооп беришти: «Биринчи иретте адамдарга эмес, Кудайга баш ийүү керек.Ата-бабаларыбыздын Кудайы силер жыгачка асып өлтүргөн Ыйсаны тирилтти. Ысрайыл элин тобо кылдырып, күнөөлөрүн кечирүү үчүн, Кудай Ал Башчыны жана Куткаруучуну жогору көтөрүп, Өзүнүн оң жагына отургузуп койду. Ал жөнүндө айтылгандын бардыгына биз да, Кудай Өзүнө баш ийгендерге берген Ыйык Рух да күбө». Алар муну укканда, аябай ачууланышып, элчилерди өлтүрүүнү ойлошту.
Гамалиелдин эскертүүсү
Ошондо бүт эл урматтаган мыйзам окутуучу, Гамалиел деген бир фарисей синедриондо ордунан туруп, элчилерди бир аз убакытка сыртка чыгарууну буйруду. Анан аларга мындай деп кайрылды: «Ысрайыл эркектери! Бул адамдарга кандайдыр бир чара көрөрдөн мурун жакшылап ойлонгула. Анткени мындан бир аз мурун өзүн бир улуу адам катары көрсөтүп, Теда деген неме чыкты. Аны төрт жүзгө жакын адам ээрчиди. Бирок ал өлтүрүлдү, аны ээрчигендер да чачырап жок болушту. Андан кийин эл каттоонун убагында Галилеядан Жүйүт деген неме чыгып, көп элди ээрчитти. Бирок ал да өлдү, аны ээрчигендер да чачырап кетишти. Ошондуктан азыр силерге айтарым: бул адамдарга тийбегиле, буларды өз жайына койгула. Эгерде бул адамдык иш-аракет болсо, анда ал бузулат. Эгерде Кудайдан болсо, анда силер аны токтото албайсыңар. Кудайга каршы чыгуучулардан болуп калуудан сак болгула». Алар анын айтканына көнүштү.
#28 21 Сентябрь 2011 - 19:16
Ал алдын ала айткан, алар орундалып жатат.
Замандын акыры тууралуу азырынча ушулар менен токтолуп турам. Менимче андан кийинки олкобуз учун орчундуу болуп турган, бул падыша маселеси. Библия бул тууралуу эмне дээрин билип алганыбыз жакынкы келечегибиз учун пайдалуу болор деген ойдо, бул окуялардын тушунда Библиядан алган сабактарым менен болушууну каалап, атайын жазгандарым бар эле. Ошолорду окуганга женилирээк болсун учун, узунду кылып чыгарып турайын.
Бакубаттыгыңыз үчүн өлкөнүн президентинин тийгизер таасири жөнүндө ойлогондо, кандай адам такка келишин каалайт элеңиз? Албетте, элге, өзгөчө жарды-жакырларга күйүмдүү, адилеттүү, калыс, иш билги, акылман, иши кылып, төгөрөгү төп келген адам болсо десеңиз керек. Бирок, сиз ойлогондой, төрт тарабы шайма шай адам болушу мүмкүнбү? Сиз адам баласынан алы келбеген нерсени талап кылып жаткан жоксузбу?
Койо туруңуз, сиз каалагандай падыша болушу мүмкүн эмес дегенди айткым келген жок. Тескерисинче сиздин жашооңузда сиз каалагандан алда канча сонун падыша бийлик кылуусу толук мүмкүн. Ал кандай падыша деген суроону узаткыңыз келип турабы? Кунт коюп, кебиме көңүл бурсаңыз, сурооңузга жооп аласыз.
Мына ушул мен сиздерге айтып жаткан падышаны, ал эң эле адилет, боорукер, ырайымдуу, кайрымдуу падыша болсо да, бир эл Анын бийлигин четке кагып, башка падыша талап кылган экен. Бул окуя Ысрайыл элинде, Шемуел пайгамбардын тушунда болгон. Келиңиз, ушул туурасында Ыйык Жазуудан окуйлу: Ысрайылдын бардык аксакалдары чогулуп, Рамага, Шемуелге келишти. Алар ага: Сен карып калдың, уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт. Ошондуктан башка элдердикиндей эле, биздин үстүбүзгө падыша гой, ал бизди башкарсын дешти. Алардын биздин үстүбүзгө падыша гой деген сөзү, Шемуелге жаккан жок.
Нечендеген кылымдар бою Кудай Теңир, ак жолдон адашканга эң эле жөндөмдүү адам баласына Ысрайыл эли менен болгон байланышы аркылуу Өзүн көрсөтүп келген. Адам баласы билип, билбей келаткан Өзүнүн Падышалыгын мына ушундай жол менен таанытууну көздөгөн. Ысрайыл элине Өз пайгамбарлары аркылуу жол көрсөтүп, аларга Өзү Падыша, душмандарынан Сактоочу, Жол башчы болгон. Пайгамбарлардын бири Шемуел эле. Ошентип, Ысрайыл элинин падышасы, президенти Кудай Өзү болчу.
Теңир ар бир элдин Падышасы болгусу келгенинен мен шектенбейм. Ал тактысы түбөлүктүү Падыша экени ырас го. Муну эч ким тана албайт. Танган күндө да эч нерсе өзгөрбөйт. Ал Падыша жана Падыша бойдон кала берет. Адамдар Анын бийлигине, Анын мыйзамдарына тил алып жатышабы, кеп мына ушунда. Бул жерде утуш да, утулуш да адамдын өзү үчүн гана. А Кудайдын бийлигине кимдир бирөө доо кетире алмак беле.
Кудайдын Өзүнө бир элди бөлүп алуу зарылчылыгы да адам баласынын көп мүчүлүштүктөрүнүн натыйжасы. Бул жолку кебибиздин максатына ылайык, бул натыйжанын келип чыгыш себебин калтыра туруп, натыйжанын өзүн терең тааныганга аракет жасасак дейм. Анткени Кудай мындай натыйжага келүү менен, адам баласына, сизге жана мага бакубаттык тартуулоону көздөйт. Улуу сүйүүсү менен ар бир адамга сүйүү гана өкүм сүргөн Өз падышалыгынын жарандыгын бергиси келет. Биз окуп жаткан Ыйык Жазуудагы үзүндү сизге жана мага мына ушуну айтып турат. Келиңиз, эсибизге салып алалы да, ой учугун улайлы.
Ысрайылдын бардык аксакалдары чогулуп, Рамага, Шемуелге келишти. Алар ага: Сен карып калдың, уулдарың сенин жолуң менен жүрүшпөйт. Ошондуктан башка элдердикиндей эле, биздин үстүбүзгө падыша гой, ал бизди башкарсын дешти. Алардын биздин үстүбүзгө падыша гой деген сөзү, Шемуелге жаккан жок.
Шемуел пайгамбарга Ысрайыл элинин “Биздин үстүбүзгө Падыша гой” деген сөзү жакпаганынын себеби, балким ал алардан, эми падышабыз Кудай бизди ким аркылуу Өз жолуна жетектеп, үйрөтүп турат деп сурарын күткөндүр. Алар башка падышаны, болгондо да башка элдердикиндей падышаны талап кылышкан экен. Ошол башка элдерди, Ысрайыл элиндеги кереметтүү, бир жагынан коркунучтуу да бийлиги аркылуу таң калтырып келген Падышасынын бийлигин Ысрайыл эли тааныбаганы, барктап, баалабагандыгы кандай гана аянычтуу. Шемуел мына ушуга капа болсо керек. Жазууну улантып окуйлу: Шемуел Теңирге сыйынды. Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди. Эл сага эмне десе, ошонун бардыгын кыл. Анткени алар сенден баш тартышкан жок, Мен падыша болбошум үчүн Менден баш тартышты. Мен Мисирден алып чыккан күндөн ушул күнгө чейин алар Мени таштап, башка Кудайларга кызмат кылышты. Сага да ушундай кылып жатышат.
Кандай гана жүрөктү козгогон көрүнүш! Өзү жараткан, канча жолу жолдон чыгып күнөөгө батса да, четке какпай сүйүүсүн төгүп, кечиримине бөлөгөн адамынан Кудай Теңирдин четке кагылганын ойлоп көрүңүзчү!
Сүйгөн адамынан четке кагылуу сезими, балким, сизге тааныш чыгар. Бул сезимди баштан өткөрүү кандай гана оор. Көпкө чейин акыл эсиңди ээлеп алып, тынчтык бербейт. Жан дүйнөңдү оорутуп, жүрөгүңдү өйүйт. Кудай Теңирди мына ушундай сезимдер адамзат жаралгандан бери карай коштоп келаткандыр. .. Ысрайыл элинин тарыхын окуганымда, мен адам баласынын жүрөгүнүн ушунчалык катууланганына, Кудай Теңирдин ырайымын өтө тез унутчаактыгына таң бердим. Андан да өкүнүчтүүсү ушундай экендигин өз жашоо турмушумда да көрдүм.
Андан ары Теңир Шемуелге эмне дегенин Жазуудан улантып окуйлу. Аларды ук, бирок өздөрүнө бийлик жүргүзө турган, падышанын укуктарын аларга айтып эскертип кой.
Шемуел андан ары Кудай айткан падышанын укуктары кандай экенин сүрөттөйт. Ал укуктарды бүгүнкү күндө сиз да, биз да жакшы билебиз, кымбаттуу окурман. Кудай Теңир адам баласына өз кызыкчылыгынан башканыкын жогору коюшу кыйын экенин айткан. Анткени, ал болгону күч-кудурети чектелүү алсыз адам. Ошондо, кандай гана адам тактыга келбесин, падышалык укугун биринчи кезекте өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланат. Ушундай көрүнүшкө күбө болуп жүрөсүзбү? Албетте, ооба. Сиз экөөбүз бир эле жер планетасында жашап жатпайбызбы. Анан да, сиз экөөбүз тең, жандыктардын адам деген түрүнө киребиз да.
Шемуел пайгамбар, сөзүн мындай деп бүтүрдү:
“...Өзүңөр тандап алган падышаңардан запкы көрүп боздойсуңар, ошондо Теңир силерге жооп бербейт”. Бирок эл Шемуелдин сөзүнө макул болбой, мындай деди: «Жок, бизге падыша бийлик кылсын. Ошондо биз башка элдердей болобуз: бизге падыша бийлик кылсын, биздин алдыбызда жүрсүн, согушту башкарсын». .. Ошондо Теңир Шемуелге мындай деди: «Элдин сөзүн ук, аларга падыша коюп бер».
Уландысы бар.
#29 22 Сентябрь 2011 - 21:31
Кудайдын Ысрайыл элинин үстүндөгү кереметтүү падышалыгы Ысрайыл элин душмандарынан ажайып жолдор менен коргоп келген. Ысрайыл элинин башка элдердикиндей падыша суроосунан мурда болуп өткөн бир учурга көңүлүңүздү бурайын.
Ысрайыл эли менен пелиштиликтердин ортосундагы согушта Кудайдын Муса пайгамбар аркылуу берген он осуяты жазылган таш лооктор салынган келишим сандыгын пелиштиликтер тартып алышты. Кудайынын алдындагы мыйзамсыздыктары үчүн Кудай Теңир мына ушинтип Ысрайыл элин душмандарына салып берди. Албетте, ушундай кылуу менен Кудай Теңир дагы эмнени ойлогондугун толук билүү кыйын. Бирок окуянын жүрүшүн кунт коюп байкасаңыз, Кудай Теңирдин ажайып иш-аракети менен тааныш боло аласыз. Чыныгы тирүү Кудайдан алыс пелиштиликтер келишим сандыгын өздөрүнүн жасалма кудайлары сыңары касиеттүү буюм катары гана карай алышкан, ошол себептен “дагон” деп аталган жасалма кудайдын жанына алып кирип коюшат. Ошондо болуп өткөн кереметти Ыйык Жазуудан окуйлу.
Эртеси эртең менен турушса Теңирдин келишим сандыгынын алдында дагон бети менен жатыптыр. Алар дагонду алып өз ордуна коюшту. Алар кийинки күнү таң заардан турушса, Теңирдин келишим сандыгынын алдында дагон дагы бети менен жатыптыр. Дагондун башы менен эки колу кесилип, босогодо жатыптыр. Тулку бою гана калыптыр. Ысрайыл элине келишим сандыгын жайгаштырган Кудай, чыныгы тирүү Кудай экендигине ишенүүгө бул жышаан аздык кылат беле? Алар табынып жүргөн кудай жалган, жансыз кудай экенин түшүнүүгө ал керемет жетишсиз беле?
Уландысы бар.
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 22 Сентябрь 2011 - 21:33
#30 22 Сентябрь 2011 - 21:40
Ошол христиандар Куран китебин өрттөгөнгө чейин барышкан.
http://www.super.kg/ ...=0
Андан көрө Куран жөнүндө тема түзбөйт беленер.
Билдирүүнү түзөткөн: Programmer: 22 Сентябрь 2011 - 21:46
#31 22 Сентябрь 2011 - 21:43
#33 23 Сентябрь 2011 - 21:51
Programmer (22 Сентябрь 2011 - 21:40) жазган:
Ошол христиандар Куран китебин өрттөгөнгө чейин барышкан.
http://www.super.kg/ ...=0
Андан көрө Куран жөнүндө тема түзбөйт беленер.
Бул жерде кызыкпагандардан эч ким эсеп-кысап сурабайт.
#34 23 Сентябрь 2011 - 21:52
#35 23 Сентябрь 2011 - 21:56
А Кудай болсо пелиштиликтердин кылган аракеттерине жараша, Өзүн аларга таанытууну уланта берген. Жазуудан окуяны улантып окуйлу. Азоттуктардын үстүндөгү Теңирдин колу оорлоду. Теңир аларды кыйратты. Азотту жана анын айланасын ириңдүү шишик оорусу менен жазалады.
Алар Ысрайыл элин жеңдик деп эсептешкен. Чынында да жеңишкен эле. Бирок Кудай жол бербесе, бул жеңиш эч качан болбостугун алар билишкен эмес эле. Эми мына, согуштан кырылбаган эл соо эле туруп кырыла башташты. Тирүү калгандары ооруга чалдыгышты. Бул Ысрайыл Кудайынын алар менен жүргүзгөн согушу эле. Белгилей кетчү нерсе, Кудай Өзүнүн каарын көрсөтөрдөн мурун, пелиштиликтердин жасалма Кудайын талкалоо менен Өзүнүн чыныгы тирүү Кудай экендигин көрсөткөн эле. Укпаган, көрбөгөн, жансыз, жасалма Кудайга табынып жүргөн адамдардын көздөрүн ачып, Өзүн тааныткысы келген. Жүрөктөрү катуулугунанбы, пелиштиликтер сүйүү менен айтканга көнүшпөдү. Аларга катуураак чара колдонууга туура келди.
Так эле биздин күндөрдөгүдөй. Азыр да жашообузда жагымсыз нерсеге жол берүүдөн мурда, Кудай бир нече ирет ар кандай жолдор менен эскертүү берет. Бирок убагында байкасак да маани бергибиз келбей, кыйынчылык келгенде башкаларды күнөөлөйбүз.
Ошондон кийин айласы кеткен пелиштиликтер, бул мүшкүл иштен кутулуу жолун издей башташты. Алардын каалаганы кандай жол менен болсо да, бул Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгынан кутулуу эле.
Уландысы бар.
#36 24 Сентябрь 2011 - 11:18
29 то лежавший с нею должен дать отцу отроковицы пятьдесят сиклей серебра, а она пусть будет его женою, потому что он опорочил ее; во всю жизнь свою он не может развестись с нею. (Второзаконие 22:28-29)
Бул жерде бир кызды зордоп койгон адамга кандай жаза берүү керектиги жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок жакшылап караган адамга бул жерде кылмышкерге эмес, кызга карата көбүрөөк жаза колдонулуп жатканы ачык айкын эле көрүнүп турат.
Жабырлануучу б.а. кыз эми өмүрүнүн аягына чейин кылмышкер менен жашоого мажбур. Эми ал кылмышкердин өнү-түсү жакшы болсо мейли эптеп жашайттыр. А бирок ал мыркымбай болсочу деген суроо туулат да. Мыркымбай болсо да адеп-ахлагы жакшы деп да айта албайбыз аны. Себеби адеп-ахлагы жакшы болсо көчөдө бараткан кызды баса калмак беле.
Эгер бир маняк ээн жерден бир кызды кармап алып аны зордоп койгон болсо, ошол кыз аны менен жашоого милдеттүү болот экен. Мен, ошол кыздын ордуна өзүңөрдү же эжеңерди же карындашыңарды коюп көргүлө да анан Библиянын мынтип айтуусунун сыры эмнеде экенин түшүндүрүп бергилечи деп айтаар элем.
Бул аялдын укугун тепсөө эмеспи?
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 24 Сентябрь 2011 - 11:20
#37 24 Сентябрь 2011 - 19:53
#38 24 Сентябрь 2011 - 19:55
...Бир жаңы араба жасагыла, моюнтурук салынбаган, эки саан уй алып, аларды арабага чеккиле. Музоолорун бөлүп алып, үйгө алып кеткиле.
8Теңирдин келишим сандыгын арабага салгыла. Ал эми айып үчүн чалынуучу курмандыкка алып келген алтын буюмдарыңарды үкөккө салып, анын капталына койгула да, коё бергиле, кете берсин.
Музоосу телчигичекти жаңы тууган уй айланчыктап, музоосунун жанынан чыкпайт эмеспи. Музоосуна имерчиктеп, алгачкы күндөрү бададан качып келген учурлары да көп болот. Музоолуу уйду бададан тосуп келүүнүн деле зарылчылыгы жок, анткени ал музоосуна өзү эле чуркап келет. Мына ушундай уйларды музоолорун алып калып, жөнөтүүнү кеңеш кылышты. Болгондо да, айдап барып көндүрүлбөгөн жакка. Акырында алар эмне дегенин угуп, эхх... адам дегиң келет. Алар мындай дешти:
9Анан карап тургула, эгер ал өз жерине, Бейт-Шемешке барса, анда ушул чоң жамандыкты биздин башыбызга Ал түшүргөн болот. Эгер андай болбосо, анда бизди кыйраткан Анын колу эмес, бул жамандык биздин башыбызга кокусунан түшкөн болот».
Замандаш, али да болсо, жашоолорундагы Кудай Теңирдин катышынан шектенип жатышкандыгын караңызчы! Кокусунан?! Кокусунан кандай болот эле? Өзүнөн өзү эли бир нерсе болушу мүмкүнбү? Бул сизге тааныш сезимдер, туурабы? Кудайдан тилегенибиз орундалса, адатта адамдар да, мүмкүн, бул жөн эле кокустук деп, тилегибизди орундаткан Кудайды четке чыгарып койобуз. Пелиштиликтер да, дале болсо бул иштер Кудайдын колу менен жасалып жатканына толук ишене албай жатышат. Таң калычтуу бекен? Мен да башында абдан таң калгам, бирок, өз жашоомдо шектенүүлөрдү башыман өткөргөндөн кийин, мен аларды түшүнүп калдым. Көрсө адам баласы, жашоосундагы азыркы эле Кудайдын батасын унутуп, шектенүүгө жол берүүгө өтө тез экен. Баарынан да таң калычтуусу, канча ирет ишенбестик кылып шектенүүгө жол берсең да, Кудай Теңир ошончо ирет ар кандай жолдор менен, өзүнүн бар экендигин ырастагандыгы. Ооба, бул эч качан бөксөрбөгөн, улуу сүйүү. Ошондо Кудай Теңир дагы бир ирет, бул иштерди кылып жаткан Өзү, чыныгы тирүү Кудай экендигин көрсөттү. Ыйык Жазуудан окуйлу. 12Ошондо уйлар түз эле Бейт-Шемешти көздөй кеткен жолго түшүштү. Мөөрөгөн боюнча оңго да, солго да бурулбай, бир жол менен кетишти. Пелиштинин төрөлөрү Бейт-Шемештин чегине чейин алардын артынан ээрчип барышты. Мына Теңирдин керемети! Уйлар музоолорун жоктоп, мөөрөгөн боюнча, айдаган кишиси жок эле, келишим сандыгынын мурдагы турган ордун көздөй жөнөшүптүр. Ушундан кийин, ушул кереметти көргөн эл, кантип эле жүзтөмөндөп жыгылып, Жараткан Теңир деп жалбарып калган жок?! дегиң келет. Бирок, ким билет, биз алардын ордунда болсок кандай кылмакпыз. Биз деле аларга окшогон адам экенбиз. Болбосо, ошол Кудай мына азыр бүгүнкү күндөгү эле Кудай эмеспи. Ал эч убакта өзгөрүлбөйт. Анын үнүн укпай, кереметтүү колдорун көрбөй калгандыгыбыз, жүрөгүбүздүн таш болуп катып калгандыгы, замандаш. Ыйык Жазуудагы адамдардын каталыктарынын баяндалышы, биздин ошолорду кайталабашыбыз үчүн эмеспи. Келишим сандыгынын андан аркы тагдыры дагы да кереметтерге толо. Бирок келишим сандыгынын баяны боюнча бул жолу ушуну менен чектелебиз. Анткени, Ыйык Жазуунун барактарындагы кебибиздин негизи болгон, биздин азыркы учурга андан да маанилүү боло турган окуялар бизди күтүп жатат. Так ошол окуялар аркылуу Кудай Теңирдин бизге деген көрсөтмөлөрүн билели.
уландысы бар.
Билдирүүнү түзөткөн: Debi: 24 Сентябрь 2011 - 19:56
#39 25 Сентябрь 2011 - 10:51
Debi (24 Сентябрь 2011 - 19:53) жазган:
Жооп берсеңиз эле болгону, качан жооп берүүңүздүн айырмасы жок. Жооп бергениңизде мына бул суроого да кошо жооп берип өтсөңүз жакшы болоор эле.
Сиздер Иса бул Кудай (же Кудайдын уулу) дейсиздер. Бул айтылган сөзгө кандай далилиңиздер бар?
Мен Библиядан Исанын (алейхис-салаам) Кудай эмес, инсан жана пайгамбар экендиги айтылган бир нече саптарды таптым. Алар төмөнкүлөр:
5 Ибо един Бог, един и посредник между Богом и человеками, человек Христос Иисус, (Первое послание к Тимофею 2:5).
3 Сия же есть жизнь вечная, да знают Тебя, единого истинного Бога, и посланного Тобою Иисуса Христа. (От Ионна 17:3)
19....Они сказали Ему: что было с Иисусом Назарянином, Который был пророк, сильный в деле и слове пред Богом и всем народом; (Лука 24:19)
11 Народ же говорил: Сей есть Иисус, Пророк из Назарета Галилейского. (Матвей 21:11)
Биринчи эки сапта Кудайдын үчөө эмес бирөө экендиги жана ошондой эле биринчи сапта Исанын (алейхис-салаам) Кудай эмес инсан (адам) экендиги айтылып жатат. Ал эми 2-3-4- саптарда Исанын (алейхис-салаам) пайгамбар экендиги айтылып жатат.
Эми сизге суроо Исанын (алейхис-салаам) Кудай экендиги жана Кудайдын үчөө экендиги Библиянын кайсы жеринде жазылган? Эгер ушундай жазуу бар болгон болсо бул мен жогоруда айтып өткөн саптарга каршы келбейби? Кудайдын сөзү бири-бирине каршы келбеши керек эле го.
#40 25 Сентябрь 2011 - 20:32
Daud (24 Сентябрь 2011 - 11:18) жазган:
29 то лежавший с нею должен дать отцу отроковицы пятьдесят сиклей серебра, а она пусть будет его женою, потому что он опорочил ее; во всю жизнь свою он не может развестись с нею. (Второзаконие 22:28-29)
Бул жерде бир кызды зордоп койгон адамга кандай жаза берүү керектиги жөнүндө сөз болуп жатат. Бирок жакшылап караган адамга бул жерде кылмышкерге эмес, кызга карата көбүрөөк жаза колдонулуп жатканы ачык айкын эле көрүнүп турат.
Жабырлануучу б.а. кыз эми өмүрүнүн аягына чейин кылмышкер менен жашоого мажбур. Эми ал кылмышкердин өнү-түсү жакшы болсо мейли эптеп жашайттыр. А бирок ал мыркымбай болсочу деген суроо туулат да. Мыркымбай болсо да адеп-ахлагы жакшы деп да айта албайбыз аны. Себеби адеп-ахлагы жакшы болсо көчөдө бараткан кызды баса калмак беле.
Эгер бир маняк ээн жерден бир кызды кармап алып аны зордоп койгон болсо, ошол кыз аны менен жашоого милдеттүү болот экен. Мен, ошол кыздын ордуна өзүңөрдү же эжеңерди же карындашыңарды коюп көргүлө да анан Библиянын мынтип айтуусунун сыры эмнеде экенин түшүндүрүп бергилечи деп айтаар элем.
Бул аялдын укугун тепсөө эмеспи?
Контекстте эч кимдин укугу тепселбегени ачык айкын эле корунуп турат. Окуган чыгарсыз. Козу
ошол жерге эле чалдыгып калып, тыянак чыгара койгон го деп ойлоюн десем да, чындыкка коошпой турат. Башкаларын аттап отуп, сиздин оюнузду ырастагыдай жерлерди алып алгандай ой калтырып жатасыз. Анда сиздин кызыкчылыгыныз Библиядан кынтык табуу болуп калат. Анан мындай ниет менен окуган адам озуно пайда кыла албай каларын айта кеткеним он.
Контекстти келтирейин:
Эгерде кимдир бирөө убадалашып койгон кызга талаадан жолугуп калып, аны кармап алып зордуктап койсо, анда аны зордуктап койгон эркек гана өлүм жазасына тартылсын. Кызга болсо тийбегиле, анын өлүмгө тете күнөөсү жок. Эгерде аны өлүм жазасына тартсаңар, анда бул өз жакынына кол көтөрүп өлтүргөнгө барабар болуп калат. Анткени ал убадалашып койгон кызга ээн талаадан жолугуп калган, кыз жардам сурап кыйкырса да, куткара турган эч ким болгон эмес. Эгерде кимдир бирөө убадалашпаган кызга жолугуп калып, аны зордуктап жатканда, үстүнөн бирөөлөр чыгып калса, анда аны менен жаткан эркек кыздын атасына элүү шекел күмүш берсин. Ал аны аялдыкка алсын, анткени аны зордуктап койду. Ал аны менен өмүр бою ажыраша албайт.
Бул жерде эгерде "кыз кааласа да, каалабаса да" деген шарт бар болсо, сизче ойлогонго негиз болот эле. Анын устундо башка бир жерде мындай дейт:
Эгерде кимдир бирөө эч ким менен убадалаша элек кызды азгырып, аны менен жатса, анда калыңын төлөп, кызды аялдыкка алсын. Эгерде атасы ага кызын бербей койсо, анда кыздар үчүн канча калың берилсе, ошончо күмүш төлөсүн (Чыгуу 22,16-17)
Бул аяттан улам кыз созсуз тийиши керек деген шарт жок экени белгилуу. Ошондуктан фантазияныз текке кетип калды десек болот. "Мыркымбай" деген статусту тааныбайм. Адамдын сырткы корунушу сулуу болсо, мен ага сулуулуктун бир гана пайызын берем. Негизги коонорбос сулуулук адамдын жан дуйносундо болот.