«Жээн эл болбойт, желке тон болбойт».Жээн – кыздын баласы. Ал тайата, тайэне үчүн жээн- небере болуп саналат. Анткени чыккан кыз чийден сырткары. Ошондуктан,
кызды бирөөлөрдүн бүлөсү -дейбиз. Демек, андан туулган баланын эл-жери башка. Жээнди тайаке-тайыны баккан учурлары да бар. Тайатага, тайэнеге жээн-небере – өзүнүн уулунун балдарындай эле сүймөнчүлүккө эгедер, бирок эч качан өз уулундай болбойт. Кантсе да ошондой көрүшөт, ойдогудай мамиле кылышат. Бирок эркек бала эл-жерин, кыз бала өз төркүнүн таппай койбойт. Себеп дегенде, каны башка, жаны башка. Кыргызда «тентиген, тербиген» «бироонун элинде кул» өңдүү сездер менен урук, уруулар кошо акарат катары айтылган учурлары бар. Мисалы, «тентиген саяк», «сарбагыштын кулу», «элиң-жериң солтону тап» сымал ачуу кептер эртели-кеч эл ичинен айтылышы ыктымал. Буга улуу эпостогу Семетейдин Букарга тайаке-тайынына барышы, ал жакта чоңоюшу, ойноп жургон жеринде ыза болушу, акыры Таласка кыргыз элин таап келиши айкын далил боло алат.
Теринин жалаң желкесин кесип алып, челдеп, өңдөп, боеп эч ким тон бычкан эмес. Натыйжада, ал «моңолдорго жээн», «Тыным-сейиттин жээнинен торолген бала», «жээнибизкелди,
жээн аяк кармайт» өңдүү ой-максаттар нарктуу да, салттуу да туюлат. Ошондуктан,
«жээн келди – жети беру келди» – дейбиз. Ал ала да, жула да билет. Анткени ал эненин кадыры. Жээн энесинин төркүн тарабын алыс-жакынына карабай, жаштарына карата тайата, тайэне, тайэже,
тайаке, тайжезде, тайжеңе деп айтат. Анын бир гана түшүнүгү бар. Энесинин төркүндөрү эркелетет. Ал келгенде өз жагдайына ага бир-деме энчилешип турушат. Анын ата башы тай ээнчилейт. Ошондон улам «тайаке-тайын» дейт. Демек: «Тай энчиленген жерим, тай мингизген элим», – деп турушат. Бирөөлөргө тай энчилө так ошол жээндерге берүүдөн калыптыр. Кыз төркүнү үчүн кандай кымбат болсо, анын балдары ошондой баркталат, ардакталат.
Улуулардан уккандарга Караганда неберелерине деле бирдеме энчилөө кыргыздарга таандык мыкты салт экени талашсыз. Жада калса жандарын да аяшпайт. Эми сөздүн төгүнүнө кайтсак кыргыздын уулу болуп төрөлбөгөн жээндерибизге кандай көз караштасыз?
«Жээн эл болбойт, желке тон болбойт» Жээн – кыздын баласы
#1 15 Октябрь 2014 - 21:42
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#2 15 Октябрь 2014 - 21:45
Жээн эл болбойт, желке таз болбойт дейт эле биздин чоңдор…))
В каждой шутке есть доля правды...
#3 15 Октябрь 2014 - 22:03
Sweet-Lika (15 Октябрь 2014 - 21:45) жазган:
Жээн эл болбойт, желке таз болбойт дейт эле биздин чоңдор…))
Кыргыз элинде негизи бир, айтылышы ар башка макалдардын саны арбын. Бул да ошол сыңары го дейм...
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#4 16 Октябрь 2014 - 09:56
Талкууда кайра эле кыздар кун00луу болуп калышат. Менин бир тууган болбосо да корей, казак жээндерим бар. Алардын апалары ошол жактан бакыт табышкан. Кыргыздын тукумун улабаганы албетте окунучтуу. Ошентсе да коом, жаш00 шарт ошого алып барды.
#6 17 Октябрь 2014 - 13:24
Ошол., ошо сиз жазган нерсе каныбызга синген ондуу, акелеримдики жакындай сезилет,эжелеримдин балдарына сыртымды салып турам, а бирок чогуу оскондон, катыштан да коз каранды, чогуу оскон эжемдин кызын бир тууганымдан артык кором, жакын сырдаш курдашбыз
#7 18 Октябрь 2014 - 04:00
#8 18 Октябрь 2014 - 04:21
Теманын аталышын ондоп коюш керек экен, желке таз болбойт деп.
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#9 18 Октябрь 2014 - 08:48
aikow92 (16 Октябрь 2014 - 09:56) жазган:
Талкууда кайра эле кыздар кун00луу болуп калышат. Менин бир тууган болбосо да корей, казак жээндерим бар. Алардын апалары ошол жактан бакыт табышкан. Кыргыздын тукумун улабаганы албетте окунучтуу. Ошентсе да коом, жаш00 шарт ошого алып барды.
Бул айтканыңыз да чын, карап турсак кээ бирлер ушунчалык каттуу сүйүп калат, андан башкасына көңүл коё албайт... Бирок кээ бир кыздарыбыз бар атайы ошол мамлекеттин жигитине күйөөгө чыгам деп вирт.жашоодон, атайы мекемелерден издешет... Аларго макул өздөрүнүн жашоосу, өкүнүчтүүсү балдарынын канында кыргыз дегендин тамчысы да болбойт...
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#10 17 Ноябрь 2014 - 19:00
ar biribiz biroonun jeenibiz tagasybyz owonduktan etiyat bololu
#11 18 Ноябрь 2014 - 19:55
Айрыкча бизде копчулук турк элдеринде ушундай, жээн жээнге, ата журт башка журтка боло берет. Негизгиси баарыбыз адамбыз, жээнби башкабы, каны бирби башкабы. Мен маани бербейм мындай нерселерге.
Жогоруда айткандай бизда башкаларга жээнбиз.
Убакыт учкан куш
#12 29 Ноябрь 2014 - 21:12
mirlaane туура айтасыз бирок бул да замандын көйгөйү болуп атпайбы
Сен экообуз эки дуйно адамдары,
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
Ташталган ар башка кадамдары.
Аралык болсо дагы ортобузду,
Жандарбыз окшошкон кыялдары.. (Абай кызы Турсунай)
#13 30 Ноябрь 2014 - 01:38
#14 30 Ноябрь 2014 - 13:25
Чындап эле жээн эл болбойт!Эжемин баласын чон энемдер багып,эжем окуусун улантып калат.Жээнибиз 2 жашка чыкканча таята таянесинин колунда болот.Биринчи небере болгон учун жээнибизди укмуш карашчу экен.Грамын ченеп сут берип,тун жарымда да туруп дем алуусу кандай деп тыншап,идиш сындырса идиш сындырганга жарап калды деп суйунушчу экен.Чон атам небереси ичи отуп калса бир ирет алып оозуна салып жибериптир,
эми айтып беришсе укмуш жомок.Анан эжем баласын оз колуна алып кеткенде,чон атам менен чон энем каттабай таарынышат.
Азыр ошол жээнибиз бир кыздын атасы болду.Таятасын эстеп куран окуп деле койбойт.Бул бир мисал.
Мен да тайкелериме жээнмин да.Алар канчалык мага сый мамиле кылышпасын мен аларга жакын эмесмин.Кымыз ичип кет дешсе да алар жака барганда 10 кунго аран чыдайм.Бирдеме жумуш айтышса мен эс алганы келгенмн деген жообум даяр.Алар да бул нерсеге конушкон баарыбир жээнсин да деп калышат.
Мен да тайкелериме жээнмин да.Алар канчалык мага сый мамиле кылышпасын мен аларга жакын эмесмин.Кымыз ичип кет дешсе да алар жака барганда 10 кунго аран чыдайм.Бирдеме жумуш айтышса мен эс алганы келгенмн деген жообум даяр.Алар да бул нерсеге конушкон баарыбир жээнсин да деп калышат.
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#16 30 Декабрь 2014 - 01:23
Биздин тууган байкебиз киченесинен эле жээнин багышкан ага аябай жакын. Кийин чоңоюп 6-7кл окуп калганда жээнин өзүнүн ата энесине беришти. Бирок жээни аябай кыйналды көнө албай өз үйүнө. Каникулда тайтасыныкына кубанып келчү, кетээрде тайнеси жеткирип барып кайра көрүнбөй качып келчи же болбосо ээрчип ыйлачу экен.Өздөрү эле багып алалы дешсе күйөө баласынын жалгыз эркек баласы калгандары кыз болчу. Бала учун тайта тайнеси көп эле ыйлашты. Азыр бала чоң бирок дагы деле тайларына жакын болуп калды.Ошондуктан мен жээн-эл болбойт дегендерге кошулбайм.
Жашоо бир келет!
#17 18 Январь 2015 - 18:09
Албетте кыргыздын айткан ар бир созундо таамай айтылган терен маани бар. Тема боюнча жээндерди торолгондон баштап асырап чонойтуп,бирок эр жеткенде оз ата-журтуна кеткендерди абдан коп кезиктирдим.
Демек бул макал азыр да оз маанисин жогото элек.
#18 20 Январь 2015 - 14:21
жээн эл болбойт, желке тон болбойт, желке таз болбойт.
эгерде, жээн эл болот жакшылап бакса, желке тон болот жакшылап ултарса, желке таз болбойт желкеде чач болбосо,
эгерде, жээн эл болот жакшылап бакса, желке тон болот жакшылап ултарса, желке таз болбойт желкеде чач болбосо,
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#19 20 Январь 2015 - 14:52
ремонт, желке да таз болот, желкеде чач болсо.
Адамга эң кыйын, күндөн күнгө адам болуу.
#20 20 Январь 2015 - 15:04
Оа чын эле ондоп коюш керек жээн эл болбойт, желке таз болбойт деп. Мен тайнеми тайэне таятамы таята дейм бирок тайакеми тага дейм биз жактыктыр ошонтип айтышатда