Tentekmin19 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 25 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (13 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 06 Июнь 18
- Кароолор:
- 5 267
- Соңку аракети
30 Сен 2018 03:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 25 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 9, 1998
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Монолог
Жазылган күн: 25 Сен 2018
Сага жакын боло албай же алыстай албай ара жолдо абдан чарчадым. Бир белги берчи деги келечегибиз эмне болот мага деген сезим барбы деги сенде жок болсо мени үмүттөндүрбөй жашооңдон өчүрүп салчы. Мен сени өмүрүм бою унутпайм сага ыраазымын аз болсода бактылуу күндөрдү тартууладың кош бактылуу бол! ,деп өзүңө айта албайм эхх алсыз жүрөгүм сени жоготуп алуудан корком.... -
Темасы: Сабыр
Жазылган күн: 10 Сен 2018
Апрельдин 22 си Айгүл эжем төрөп уулду болушту атын Исхак деп коюшту. Алейге алаксып Айбекти анча ойлобойм десем да түндөрү сагынып ыйлап чыгам сүйүү оңой унутуу кыйын деген ырас тура. Айылга бардым Баяна менен жолуктум Дамир Армиядан келиптир дагы деле муруңку абал көңүлүм жок суроосуна жооп берип коём мага арнап ырлар жазып окуп берет мамилени үзгүм келбейт кийин өкүнүп каламбы деп корком деп дартын айтып отурду. Баяна менен адашпасам 5 жашыбыздан бери доспуз ортобузда бири бирибиз билбеген сырыбыз жок дүйнөдөгү эң жакын сырдашым менда Айбек экөөбүз жөнүндө айтып ыйлайм мени сооротуп сен жакшы кызсың баркыңды билбесе кадырыңды кетирбе балким тагдырың башка жигит деди көпкө созулган маэгибиз бүтүп үйүмө кайттым ал күндөрү апам да Москвага акемдин жанына кетем деп жүргөн мен көнбөйм үйүбүздү оңдоп акеңди үйлөйлү сени күйөөгө чыгаралы атаңдын абалын көрүп турасың акең менен иштеп бутка туралы деп абалды айтты туура түшүндүм макул болдум атамдын жаман сөздөрүн угуп отурганча ошол жактан нервтери эс алсын дедим. Жай айларына билет алып учуп кетти мына эми анык жалгыз калдым акем апам алыста Сүйгөнүм менен мамиле үзгөм дартымды уккан Баяна эле калды келип турат сырдашабыз ыйлашабыз айылга бат баттан барып иним сиңдимден кабар алып турам. Сүйүктүү мезгилим күз келди туулган күнүм суз өттү таэнем келген эртеси досум Зарина болуп белгиледик Баяна Бишкеке иштегени кетип калган анын орду сезилип буулугуп жүрдүм. -
Темасы: Сабыр
Жазылган күн: 9 Сен 2018
Кыш мезгили болчу жаңы жылды тоскону үйүмө бардым досторум келди туугандарым болуп 2013 жылды тосуп алдык. Айылда 1 жумадай жүрүп ишке кайттым Айбек менен күнү түнү сүйлөшөбүз эжем тилдейт көңүл бурбайм . Февраль айы үйгө бардым жолукмай болдук апам билбейт алдаганга туура келди Зарина үйүндө түнөп келейин көптөн бери көрөлекмин Баяна экөөнү дедим бизда сени көптөн бери көрө элекпиз кызым деп кыйылып жатып жиберди. Өзүмчө толкунданып отурам ак ат миңген принц келчүдөй келдим деп чалды коркуп Заринаны ээрчитип алдым бири бирибизди көрө элек болчубуз учураштык орто бойлуу кара тору жигит кимиңер Айдай деп калды жинденип табың өзүңүз дедим экөөңтең жактыңар негизи дейт уялбай Зарина күлүп жиберди бирок сиз жакпадыңыз деп басып баратсам колуман карпам калды кантип сени тааныбайын мынча тез жиниң келет үнүңдөн билдим деди жылмайдым каранын жини чыкса сарынын жаны чыгат дедим сары кыз мында. Зарина шашат кеттик деп 5 мүнөт да болбой кетип калдым дагы бираз турчу деген бойдон калды байкуш. Бактылуу болуп жүрөм сүйүп калдым окшойт мурдагыдан да көп сүйлөшчу болдук кулакта наушник акыры апама да айттым тааныштырдым. Жаз келип Айбек жайлоого кетти маанай жок жүрөм кээде сагынып ыйлап алам жакын досум Баяна келди Дамир экөө жөнүндө айтып берди акылдуу сулуу сөзгө чечен ырдап берет мага сүйүүсүн билдирди бирок менин ага анча көңүлүм жок кыялымдагы жигит эмес аны үмүттөндүргүм келбейт ал мамилени үзгүсү келбейт дагы бираз сүйлөшөлү деп койбой атат деп сүйлөп отурду. Баяна сен сүйгөндү эмес сени сүйгөндү сүй деген кеп бар жакшы бала болсо сени сүйсө дагы эмне керек аны колдон чыгарба мамилени үзбө сүйлөш балким кийин мындайды таппайсың мени кара биринчи сүйлөшкөн жигитим Айбек аны менен түбөлүк бирге болгум келет деп билген кеңешимди айтып кубанычымды бөлүшүп жакшы маанайда узаттым.Кундөр өтүп жатты кеткенине 3 ай болду күздө келет буюрса деп күтүп жүрдүм жай мезгили эле Акемди Москвага жибердик айылга барып келип турам башка кв көчтүк базарга чыга баштадым баласы садике барат магазинде соода кылам кыйла алаксып калдым. Убакыт учкан куш сыяктуу бат эле күз келди Сүйгөнүм да келди байланышып базардан кезигип катуу сагынганбы бооруна кысты элдерден уялып өзүмдү артка тарттым байкушум шамалданбы кара жаны андан бетер капкара болуп калыптыр тамактанчу жерге кирип жаңылыктардан сүйлөшүп отурдук. Бир убакта сөз баштады айылда дос балдардан уктум биз жактык балдар менен сүйлөшүп жүрүпсүң мен жокто деди эч кандай балдарды билбейм сүйлөшкөн жокмун же далилиңиз барбы деп жибердим далил сурайсың демек сүйлөшкөнсүң кыйкырып салды өзүмдү ыңгайсыз сезип кеттим баарынын көзү бизде эгер мага эмес ошол дос балдарыңызга ишенсеңиз өзүңүз билесиз деп туруп басып кеттим. Ал акчасын төлөп чыкканча базарды аралап үйгө качып кеттим кубаныч кайгы аралаш ыйлап жаттым чалса албайм толтура смс жазыптыр мага ишенбейби же кызганабы түшүнбөйм кечинде жумуштарымды бүтүрүп бөлмөмө кирип өзүм чалдым ало угуп жатам деди суз гана не дээримди билбей үнсүз тыңшап отурам сүйлөдү Айдай кечир!каяктасыз? Көчөдө ичип отурам сиз ичпейт элеңизго не болду? жүрөгүм ооруп атат албетте ооруйт ичсеңиз үйгө барып эс алың эртең сүйлөшөбүз дедим анда үйгө жеткенче ырдап берчи дейт сизди деп кечке ыйлап үнүм бүтүп калды деп сүйлөнүп коем кечирчи эми ыйлатпайм сени баары башкача болот ырдай берчи деп кайра кайра суранып көндүрдү Нурлан Насип сагына берем деген ырын ырдадым браво деп мактап коет үйүнө жетип бири бирибизге бейпил түн тилеп өчүрүп уктадым. Бактылуу күндөр уланып жатты сүйлөшүп сөзүбүз түгөнбөйт айылга барсам жолугабыз ай сайын апам билет бул жыл теңи бактылуулук теңи күтүү менен өтүп аягын чыкты жаңы жылды дайым үй-бүлөм менен тосом. Кандай гана жакшы күндөр өттү жаз дагы жайлоого чыгып кетет мен кошо кетким келет кете албайм тоскоолдуктар бар жалгыз калган козудай болуп кала бердим ошол күндөрдө Дамир да армияга кетти Айбек үйбүлө дө жалгыз уул болгону үчүн ата энеси акча төлөп алып калышкан. Эжем менен эртеден кечке базардамын түштөн кийин Сапарды садиктен алганы барам тамак жасаганды да үйрөнүп калдым үй иштери базар болуп убакыт кандай өткөнүн билбей калам. Жай айларында эжем кошбойлуу болду бул жакта мен бактылуу алей карайм деп чын жаш балдарды абдан жакшы көрөм. Сентябрь туулган күнүм үйгө барып өтө сонун өткөрдүм телиме чалуу келди тааныш номер албетте Айбегим айылга келгенго сүйүнүп алганмын алоо кандаайс келдиңизби? Жакшы ооба келгениме 1 жумадай болуп калды не эми эстедиңизби мени? жан акча жок эле мына эми чалдым за то туулган күнүңө жетиштим туулган күнүң менен!рахмат мени менен бактылуу болгун деп коет күлүп, айтканыңыз келсин оомин десем, ээ токто тамаша деп жиниме тийди жоголуңчу деп өчүрүп койдум. Эжемдер жаңы квартир сатып алышты усталар ремонт кылып жатат мына сага дагы бир убарагерчилик каяка жетишем Айгүл эжемин курсагы чыгып калган аяйбыз эрте менен базарга барып магазин ачам түштө эжеме таштап продукта көтөрүп алып усталарга тамак жасаганы барам кечке Сапарды садиктен алып үйгө эжемдерге тамак жасайм чоң баласы компютерден башын көтөрбөйт кечке ойноп мени укпайт. Айбек менен түнү сүйлөшүп жатып уктап калам мурдагыдай көп сүйлөшкөнгө убактым жок жинденип сүйлөнөт кээде сен башка бирөө менен сүйлөшүп жүрөсүң деп ишенбейт актана берип түшүндүрө берип чарчадым. Мен билбеген мүнөздөрү кылыктары чыгып өзгөрүп баратты негедир мага ишенчу күнүгө сүйүүсүн билдирген камкор Айбек кызганчаак өзүмчүл ташбоор адамга айланып баратты. Экөөбүз жөнүндө туугандарым досторум менин баардык тааныштарым билет болчу өзүм айткам ичимде сыр сактай албайм бирөөнү сүйсөң эчкимге айтпа болбосо сөз тиет же көз тиет деген кеп бар эмеспи кайсыл жерде адаштым эмнени туура эмес жасадым деген суроолор мээмди жеп баштады акыркы күндөрү. Үйдүн ремонту 2 айда бүтүп көчүп бардык жакында жаңы жыл 2015 жыл кандай сюрприздерди даярдап койду экен деп ойлоном пешенеге жазылганы болотда деп өзүмдү алдайм Айбек менен мамилебиз муздап калгандай сүйөм деп айтмак түгүл чалып койбойт мен да чалбайм сүйүп өлүп турсамда балдарга биринчи болуп чалбайм мага ишенбесе деп коем, 1аптада бир чалат анда дагы уруш талаш кайдагы жок балдардын атын айтып тааныйсыңбы ал сени тааныйт экен телинде сенин сүрөтүң бар деп бир да жолу далилдеп бере алган эмес менда актана берип чарчаганмын. Мейли мен ошондой ар кайсы бала менен сүйлөшсөм неге чыдап жүрөсүз мамилени токтотуп кое берели десем ага да көнбөйт мени таштасаң өзүмдү өлтүрөм тигинтем мынтем деп коркутат,менда жашмын ишенип алам да коркуп сүйлөшөм өзүн бирдеме кылбасын деп жакшы көрөм азбы көпбү сүйлөшкөнүбүзгө 2 жыл болду көнүп калганмын. Жаңы жылда өттү дагы эле ошол же нары эмес же бери мамиле уланууда күндүз убактым жок түнү сүйлөшөбүз бат эле урушуп кетебиз мүнөзүнө чыдабай бараттым мени укпайт бир гана анын сөзү туура болушу керек сен мени сүйбөйсүң карагын менин убалыма каласың сен мен өзүмдү өлтүрөм деп телин өчүрүп салат. Канча түндү ыйлап таң атырып жүрдүм жүрөгүм слабый экен өзүмдү жоготуп болницадан ойгондум врач дабасы жок деди эчкимге айтпадым ата энеме дагы бир гана сага айтып жатам деди аны угуп алып ого бетер ыйлайм өзүмдү күнөөлүү сезип аны аяй баштадым не десе макул болом урушсада унчукпайм сүйгөм ишеңгем,бирок баары жалган болуп чыкты. Мени менен мамилени сактап калуу үчүн коркутуп алдап жүргөн экен бир бөлөсү айтып берди,Айбек сени абдан жакшы көрөт дейт анда неге алдайт?неге неге деген суроо башымда айлана берди. Ошол күн каттуу уруштук Айдай кийин өкүнүп калба жакшы ойлонуп чечим чыгар сени эчким менчелик сүйбөйт мени эстеп сагынып ыйлайсың сүйүүмдүн убалына каласың кеч болгондо жалынып келбе деп дагы көп сөздөрдү бирде ыйлап бирде бакырып сүйлөп жатты,болдубу түгөндүбү сөзүңүз эми мени угуң мен эч качан мени алдаган адам менен жашай албайм башка нерсе болсо да мейли бирок мени өлүм менен коркуттуңуз эмне урушуп калсак эле таштап кетсең өлөм дей берсеңиз кандай жашоо болот өзүңүздү менин ордума коюп көрүң ошондо түшүнөсүз менда сизди сүйдүм алдабадым кыянат кылбадым сөздөрүңүзгө ишендим көз жашымды көл кылып канча ыйладым сиз билген жоксуз кадырыма жетпедиңиз мындай азапка башка чыдай албайм кечириң жана бактылуу болуң менден жакшы жар табасыз деген үмүттөмүн! кош бол анда Айдай кайрылып келбе деп өчүрүшү менен көзүмө толгон жашым дарыядай болуп ага баштады,түнү менен ыйлап чыктым болду сүйүү деген ушундай болсо сүйбөй эле койдум эчким ди деп өзүмө өзүм сөз берип симкартаны сындырып жаңы алдым. -
Темасы: Сабыр
Жазылган күн: 7 Сен 2018
Эми уулдуу болду ичкиликти таштайт деп үмүт кылганбыз бирок үйрөнгөн адат өлгөндө калат демекчи оңолбоду акем бар апама анча кол көтөрбөй калган. Күндөр айлар жылдар өтө берди сиңдим төрөлдү Жылдыз аны да карадым дыйканчылык менен алектенчүбүз баары талаага чыгып кетишет мен үкөлөрүмдү карап үйдө калам. Убакыт өтө берди акем 9 кл аяктап Бишкеке иштегени кетип калды атамдын тополоңдорунан тажады окшойт мен жүрө бердим апамды коргойм деп,үй-бүлө дөгү көйгөйлөрдү ойлоп жүрүп окууга такыр кызыгуу жок мектепке барбай коем кээде үйдөн чыгып алыстарга качып кетким келет апамды үкөлөрүмдү аяп жүрө бердим.Бир күн апам айтып калды Айгүл менен жолугуп калдым баласын караганы сени сурап атат 9кл күбөлүгүн алып берет бул жерде атаңдын жаман сөзүн угуп тарбияң бузулушун каалабайм деди ойлонуп иштөөгө макул болдум ансыз деле окууга кызыкпайт элем апама бираз болсода жардам болот 1 айда бир келип турам деп күйөөгө тийип аткан кыздай ыйлап араң кеттим. Ошентип иштеп ушулар менен жашап калдым тагдырга баш ийип башка түшкөнүн көз көрөт да деп коюп жүрө бердим . Бир жумадай болуп калган келгениме бир бала менен кокусунан таанышып калдым аты Айбек бир эле район башка айылдан менден 2 жашка улуу мүнөзү жагып кыз жигит болуп сүйлөшүп калдык. -
Темасы: Сабыр
Жазылган күн: 7 Сен 2018
Эртеси шаарга жумушка кайттым алыс тууганыбыздын баласын карайм. Айгүл эже абдан жакшы ак көңүл күйөөсү да шайыр эки уулу бар чоңу 3 класста окуйт кичүүсү 3 жашта домдо жашайбыз кийим алып берет тамак ашым жатаканам бекер 2миң айлык үй иштери балдарын курсагын тойгозуп кээдэ сыртка чыгып айлантырып келем.Негизи Ата-Эненин алдында эркелеп окуумду окуп ойноп күлүп жүргөнгө жетпейт эмеспи. Мен да жыргап келбедим себебин айтсам ичкилике берилген өгөй атам тагдырына нааразы болуп ыйлаган байкуш апам биринчи турмушу болбой кайненеси батырбай каргап кордоп апам акем экөөбүздү алып ажырашып кеткен.Ошентип аялы өтүп кеткен 2 кызы бар өзүнөн 18 жаш улуу киши менен турмуш курду .Кыздары турмушка чыккан жалгыз жашачу апам мени алып барды акем өз атабызды жакшы көрчү апама таарынып таэнемдин үйүндө окуйм деп калды. Ошентип үчөөбүз жашап калдык 2 күндүн биринде ичип алып чыр салат кээде көчөгө качып чыгабыз болбосо апамды сабайт эле коңшулардын үйүндө канча түндөрдү өткөрдүк. Уулум жок деп кейип ыйлай берчү азыр апам айтып берсе таң калам анда неге апамдын боюнда болгондо 1 эмес 3 баласын төрөлө элек сабап жүрүп түшүрүп койгон. 3 жыл дегенде уулду болду иним Өмүрбек төрөлдү 1 класска барган кезим бала бакча болдум ошол жылы акем да келди биздин үйгө көбөйүшүп калдык.
Комментарийлер
Tentekmin19 ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?