Жүрөктү өлтүрүү үчүн, тагдыр ар дайым эле каттуу айоосуз сокку бере бербейт. Балким, болбогон майда себептерден өлүм алып келгиси келет. Дартты пайда болуп өнүккөнүнөн кийин байкаганыбыздай,
инсандын тагдыры дагы анык болуп калганга чейин алда качан башталган болот ...
Кадыралы Болушев түн бир оокумда үй бүлөөсү менен эс алып жүргөн Мальта аралындагы гостиницада көзүн ачты - быкынын кескендей каттуу оорудан ойгонуп кеткен болчу : ичин таш баскандай кысылып, деми жетпей бараткан. Абышка чочуп кетти : боору ооруганына көп болгон, мындай абал дагы биринчи жолу эмес. Бирок, врачтардын Германияга барып дарылануусун сунуштаганына каршы, үй бүлөөсүн коштоп аралга эс алганы келген. Калтыраган колдору менен, чоң кардын кармалады, бирок жанын сыздаткан оору токтогудай эмес. Кыймыл менен абалды жеңилдетүү үмүттө, абышка дивандан оор көтөрүлдү. Чын эле, бутуна тургандан соң айрыкча бир эки кадам баскандан кийин дароо жеңилдей түшкөнсүдү.
Жанындагы таттуу уйкуда жаткан жубайын ойготуп алуудан коркуп, караңгы бөлмөдө үстүнө халатын жамынып үй тапичкесин бутуна илештирип, бир аз жүрүп жазылып келүү үчүн акырын каридорго карай басты.
Баракча 1 - 1
Бир жүрөктүн өлүмү
#2 27 Август 2021 - 02:00
Бөлмөдөн чыгайын деп турганда, чоң ачылган терезеден келген жаздын жагымдуу жели менен бирге христиандардын чиркөөсүндө урулган коңгуроонун үнү келди. Таңкы саат төрт..
Каридор караңгы болсо дагы, анын түз жана узун экенин билген абышка, биринчи аягынан экинчи аягына терең дем алып оорусу аздан таркап баштаганына кубанып басып жүрдү. Өз бөлмөсүнө кайтайын деп турганда, кандайдыр бир шыбырт аны токтотту. Өтө жакын жерде бир нерсе кыйчылдады, аста шыбыраган үн угулуп, ачылган эшиктен чыккан жарык бир заматка караңгыны кесип өттү. Бул эмне ? Абышка айласыз бурчка такала калды кызыккандыгынан эмес, бирок түн ортосунда каридордо айланып жүргөнүн бирөө көрүп калуусунан чочулады. Дал ошол тапта, эшик ачылганда бөлмөдөн чыккан жарыкта - үлбүрөгөн ак кийимчен аялдын карааны көрүнүп, заматта караңгыга сүңгүп каридордун эң акырында көрүнбөй кетти. Анан.. акыркы бөлмөнүн эшиги ачылып, кайра эле тыптынч караңгы каптады.

Билдирүүнү түзөткөн: Zaatulilm: 27 Август 2021 - 02:18
#3 27 Август 2021 - 21:32
Туура жүрөгүнө сокку алгандый, абышка бир заматта калтырап кетти. Ал бөлмө.. Азыр гана жабылган бөлмө, өзүнө тийиштүү бөлмөлөрдөн эмеспи ?! Өзүнүн үй бүлөсү үчүн алган үч бөлмөлүү номер. Аялы - аны азыр гана калтырып чыкты, таттуу уйкуда. Демек бул аял.. Ооба, эч кандай күмөн болушу мүмкүн эмес - бөтөн бирөөнүн бөлмөсүнөн уурданып чыгып кеткен аял өзүнүн он тогуздагы кызы Айназик.
Бүт денеси муздай түштү. Кызы Айназиги, назик балапаны, өзүнүн эркеси - жок, андай болуусу мүмкүн эмес ! Түн жамынып бөтөндүн бөлмөсүнөн эмне үчүн чыгат ?! Же... Өзүнө кол салган жырткычтай бул ойду түртүп салды, бирок жаңы элеңки аялдын элеси айоосуз мээсине сиңип турду - сууруп дагы, алып салып дагы андан кутула албайт. Жок, аныкташ керек адашып жаткан болуусу мүмкүн. Дем жетпей тумчуга, дубалга сөйөнгөн абалында, өзүнүн спальныйына катарлаш болгон, кызынын бөлмөсүнө жетип барды. Аттиң, үмүтү өчө жалгыз ушул эшиктин гана култанган жеринен жарык агарып турганын көрдү: таңкы саат төрттө бөлмөсү жарык ! Мына акыркы далил : баскычтын өчкөн үнү шылк этип, жиптей болгон жарык дагы жоголду. Өзүн өзү алдаган менен пайда жок - кызы Айназик түн жамынып бөтөн бирөөнүн бөлмөсүнөн чыгып, уурданып өз бөлмөсүнө кайтты.

Билдирүүнү түзөткөн: Zaatulilm: 27 Август 2021 - 21:34
#4 04 Сентябрь 2021 - 10:06
Эшикти талкалап, уятсызды чачынан сүдүрөп чыгуу - биринчи кылгысы келгени ушул болду. Бирок тизелери бүгүлүп турду. Өз бөлмөсүнө араң сүдүрөлүп барып, жарадар жаныбардай болуп, эс учун жоготойун деп диванга кулады.
Абышка кыймылсыз, көздөрүн чоң ачып караңгылыкты тиктеп жатты. Жанында аялынын тегиз дем алганы угулат. Аны түртүп жулкуп ойготуп, коркунучту шермендечилигин айтып берип, кыйкырып ичиндеги кайнап жаткан ачуусун чыгарып алгысы келип турду. Бирок кантип.. Кантип бул сыпаттай алгыс туңгуюкту сөз менен жеткире алат ?! Жок, эч качан эч качан айта албайт. Анда эмне кылат ? Эмне кылса экен ?!
Абышка чачыраган ойлорун топтоого күчтөнүп жатты. Бирок алар, мээсинде сокур жарганаттардай болуп учуп жатты. Бул акылга сыйбас, жеткен мыкаачылык эмеспи: Айназик өзүнүн бөпөлөп өстүргөн, көздөрү туптунук балапаны... Кече эле, кече эле алипе китебинип үстүндө отуруп, быйтыйган кичинекей колдору менен түшүнүксүз тамгаларды сызгылап жатпады беле ?! Кече эле кызынын мектебине барып, кайтышта өзү сүйгөн шириндиктерин алып берет эле - кызы болсо шекердүү наристе усталары менен өзүн өбөт эле. Ушунун баары кече эле болбоду беле ?.. Жок, андан бери жылдар өттү. Бирок, чын эле кече кызы балалык жоругу менен, чоң магазиндин виртирнасында турган алтын түстүү тигүүсү бар, көгүш кофтаны алып берүүсүн өзүнөн суранып жаткан. " Паап, сураныыч" - колдорун бири бирине кириштирип, шыңгыр өзүнө ишенимдүү күлкүсү менен, атасына баардыгын жасатчу.. Эми болсо, өзүнүн эшигинен эки кадам алыста, ал бөтөн эркектин төшөктөгүнөн келип жатат.

#5 30 Октябрь 2021 - 14:35
Теманы баштагандан кийин аягына чыгарышпайбы?
!
Автор,барсызбы?
Автор,барсызбы?
#6 05 Ноябрь 2021 - 03:58
О Кудай - абышка эркинен тыш онтоп жиберди. Не деген шермендечилик !.. Менин балапаным, менин назик, сүйүктүү балапаным кайдагы бир эркек менен ! Ким ? Ал, ким болушу мүмкүн ? Бул жака келгендерине бир жума дагы боло элек, мурда отельдеги бул керсейген короздордун бирин да тааныбаган - бою кичинекей италялык бизнесменди да, жаш казак ырчыны дагы, ылдыйкы төрт бөлмөнүн баарын ээлеген араб магнатты да, деги эч кимисин ! Келгенден кийин экинчи күнү гана таанышкан, эми болсо ошолордун бири менен...
Жок, бул мурда Бишкекте эле башталган... А мен алданган акмак чал эч нерседен кабарым жок... Деги менин эмнеден кабарым бар ? Булар тууралуу деги эмнени билем ?... Күнүгө он төрт сааттап бир кабинеттен чыкпайм, эртеден кечке башым кагаздардан, эсептерден чыкпайт.. Баары акчалар үчүн... Ушул экөө кымбат кийинип, кенен жеп ичүүсү үчүн, бай жашаштары үчүн !.. Кечинде болсо, мен чарчап бутуму араң сүдүрөп үйгө кайтканымда, алар үйдө болбойт, коноктордо, тойлордо, бутиктерде, бир гана үйдө эмес !.. Алардын кантип кандай күн өткөргөнүн кайдан билем ? Мына эми, бир нерсени билем : менин кызым түндөрү өзүнүн таза жаш денесин бөтөн эркектерге берет, кайдагы бир көчөдөгү шуркуяга окшоп ! Кудайым ай...

#7 05 Ноябрь 2021 - 04:00
Чал оор дем алып жатты. Ар бир жаңы ой жаратын тырмап, жүрөгүн канатып турду.
" Бирок эмне үчүн мунун баарына чыдашым керек ? Эмне үчүн мен бул жакта азаптанып жатам, а ал шуркуя тынч уктап жатат ? Эмне үчүн дароо эшигин түртүп кирип, уятсыздын сөөктөрүн бирден сындырып салбадым ?! Себеби, мен алсызмын... Себеби, мен коркокмун... Ал экөөнүн алдында ар дайым алсыздык кылдым. Ар дайым көңүл боштук кылдым..Эмне дешсе баарына көнүп келдим.. Аларга жакшы жеңил жашоо түзүп бергендигим менен сыймыктанчумун, өзүм кулдай жашасам дагы... Тырмактарым менен алар үчүн сом артынан сом, кийин болсо доллар артынан доллар каздым.. Ал экөө ыраазы болуулары үчүн, колумдун терисин сыйрыганга даяр болдум.. Алар үчүн байлык топтошум менен, өзүмдөн уялып калышты : келбетим да анча эмес, жогорку билимим да жок.. Кайдан билимим болсун ? Он эки жашымдан мени мектептен алып алышса, акча табышым керек болду, башында айылдан айыл кездим товар менен, кийин шаардан шаар кезип жүрүп өзүмдүн ишимди ачтым.
! Өздөрүн ак сөөк көрсөтүш үчүн менин азан айтып койулган атымды өзгөрткөнгө да арекет кылышты, эскиче ысым имиш ! Алардын "жакшы чөйрө" - сүнө каршы сүйлөгөнүмдө менин үстүмдөн күлүшөт эле, аларга раматылык апакемдин үй-бүлөөсү үчүн сүргөн тынч өмүрүн, үйдү караганын айтып бергенимде. . "Аябай старосодныйсын папа" деп күлгөн . Ооба, мен эскичемин... А ал болсо өзгөнүн төшөгүнө жатат.. Балам, менин жалгыз балам.. Ох курган башым не деген шермендечик !"