Баракча 1 - 1
Мен эми кайрылбайм Өмүр баян
#1 02 Декабрь 2020 - 12:07
Баардыгыңарга салам. Мен бул жакта башымдан өткөн окуямды жазып, балким кеңеш алармын деген ойдо, анан да кимдир бирөөлөргө сабак болушун каалайт элем. Сөз башынан болсун.
#2 02 Декабрь 2020 - 13:03
Атым сыр бойдон калсын. 19 жаштамын. Ысык-Көл облусунан болом.16 жашымда 9-классты бүтүп окууга тапшырайын деп Бишкекке бардым. Тилекке каршы окууга өтпөй,иштеп калдым. Кийинки жылы 2018-ж бир жылдык окууга тапшырдым. Балээнин баары ошондо башталды. Сентябрь айынын ортосунда бир күнү сабактан келип кийим которуп алып чай ичейин дегем. Ал убакта Кудайберген жакта туугандарымды үйүндө турчумун. Чай ичип атсам белгисиз номер чалды. Коңшу айылдык бир байке экен. Таанышып, мамилебиз уланып кетти. Аты Талант. Менден 3 жаш улуу. Жолугуп көп күндөрдү бирге өткөрдүк. Акырында мен андан кача баштадым. Себеби анын муздактыгынан мерездигинен тажаганым эле. Бирок баары бир аны аячу элем. Өзүмдү эмес аны ойлоп жашапмын. 4 эркектин улуусу эле. Айтып калчу "апам көп жыл бою өзү жалгыз оокат кылып жүрүп көнүп калган, башкалардын жасаганына ичи жылыбайт"
деп. Маани деле бербегем көңүлүн табам деп. Күндөр өтүп жатты. Бат эле 2020 жыл келди. Карантин башталганда айылга келген элем. Бат эле май айы келди. 2 май күнү кечки саат 10 дордо чалып "сен жакка өтөм жолугуп сүйлөшчү сөздөр бар" деп айтты. Жаман оюм жок " келе бер " дегем. 3 майга караган түнү саат 00:20 да чалды келдим деп. Чыктым. Машинаны кошунанын үйүнүн алдына токтотуп алып үй жакка келди. "Жүр машинага, күйөө жолдош мн тааныштырам"
дегенинен көңүөүн кыйбай бардым. За рулём бирөө отурат башын жерге салып. Талант ага карап "айдабайсыңбы"
деди эле машинанын эшик терезеси бекилип, айдап жөнөдү. Ала качып баратканы мага эми жетти.200 метр ден кийин дагы 3 бала түштү. Ыйлап сыктап бараттым. Акыры аны жакшы көргөнүм үчүн отуруп калдым. Ата энем каршы болуп куугунда алып кетебиз дегенине карабай отуруп калдым. Нике кыйылып, той да бүттү. Эми баардыгы башталды. Таланттын баягы сөзү чын экенин сездим. Апасы кабагын ачпаган аял экен. Унчукпай чыдадым. Чай ичип открганда жек көрүү толгон көзү мн мени тиктеп отурар эле. Унчукпадым.
Өзүм табиятымдан ызы чууну жаман көрөм. 1 ай гана бактылуу жашадым. Июндун ортосунда жайлоого чыктык.жайлоодон аябай кордоду мени. Буюмдарымды аңтарып, сүлгү кремдеримди бүт тартып алды. Жумуш жасасам артымдан жасап. Күйөө сөрөйүм охотко же мал караганы кетип калар эле. Андай апасы күн көрсөтпөчү.
Июлдун 4 дө мени салып ийишти мен өзүм айткам кетем деп себеби тажадым абдан эч ким түшүнбөйт күйөөм дагы. Кошуна айылдагы кайнатанын агасынын үйүнө бардым жайлоодон. Алар угуп алышып, күйөөмдү жайлоодон алып келип жараштырып коюшту. Боюмда да бар эле. Канча неделья экенин билбейм. Бирок кан кетип ооруп аткам. Ошого карабай кайра алып кетти жайлоого. Тозок эми башталды. Бир күнү үйдөн качтым жайлоодо.жүргөндө.
кармап алышты. Аягында шар аккар сууга чөгүп өлөм деп сууга бардым. Кайнатам келип үйгө бар деди анан айттым кетким келип атат дальше бул жакта мага орун жок деп. Ал айтты айылдаштар келген ошолор мн салып ием деди. Ошентип 4-августта кечки 7 де жолго чыктык күйөө сөрөйүмдү кошуп беришти үййнө жеткирип бер деп. 5 августта таңкы 4 тө менин айылыма келдик. 7 августта атам аны үйгө чакырды. Аябай урушту ошондо да унчукпай туруп берди. Анын апасы мени ажылдап урушканда деле мен да унчукпай туруп бергем. 13- августта Балыкчыга барып анализ тапшырдык точный чыкпай атты. Жанымда документ жок эле. Жайлоого киши жиберишкен "келип үйүн ачып, документтерин алып берсин" деп. 20 августта Бишкекке бардык.21-августта Республикалык оорукананын гинекология бөлүмүнө барып ХГЧ, УЗИ кылдык. Внематочная беременность деген диагноз коюшту. Айла жок тагдырыма моюн сундум. Табарсыкка катетер салып, венамды тешкилеп
#3 02 Декабрь 2020 - 13:04
Табарсыкка катетер салып, венамды тешкилеп
Билдирүүнү түзөткөн: Aikosh001: 02 Декабрь 2020 - 13:12
#4 02 Декабрь 2020 - 13:07
Табарсыкка катетер салып, венамды тешкилеп
Билдирүүнү түзөткөн: Aikosh001: 02 Декабрь 2020 - 13:11
#6 02 Декабрь 2020 - 17:53
Мындай азапка туш болом деп ойлобогом. Ошол күнү саат 13:30 да операцияга кирдим. Местный анан общий наркозду катары мн алып аябай кыйналдым. Эч нерсе сезбей уктадым бирок үндөрдү угуп аттым. Наркоздон ойгонгондо кебетемди көрүп алып ыйладым. Тамагымда кислороддун түтүгү, колумда капельница,
матканын сол жак трубасында да түтүк, табарсыкта катетер. Мындай учурду эч кимге каалабаймын.
Ойлонгонго алым келбеди. Эч алым жок шалдырап жаттым. Кайын журттан эч ким кабар албаганына күйдүм. Бир медсестра келип тамагымдагы кислородду алды эле эс ала түштүм. Эми венадагы катетер. Оң колум 5 саат бою түз бойдон тура берип бүгүлбөй калды катетер оорутуп атканынан айтсам бир орой медсестра келип катетерди жулуп алып,бүгүлбөй аткан колумду резко буруп салды. "Ооруп атат эже" десем, "оорубайт жакшына эле турат" деп жаман көзү мн карап чыгып кетти. Оо Аллахым өмүр сакчылары ушундай мамиле жасаса, адамдар эмне болот эми деп ыйладым. 6 саат реанимацияда жаттым. Кечки саат 21:00 дө палатага которушту. Эртеси матканын трубасында түтүктү алды эле дагы эс ала түштүм. Мен операция болгон күнү жайлоого киши кетиптир араң. Республикалык оорукананын гинекология бөлүмүнүн башкы врачы хирургу Досалиев Азиз Алманбетовичке терең ыраазычылыгымды билдирем. Документи жок история ачып операция киргизди. Аллах ыраазы болсун андан. Адамгерчиликтүү жакшы адам экен. 25-августта выписка болдум. Ошол күнү күйөө сөрөйүмдүн биринчи иниси менин чемоданымды и эки баштык кийимимди үйүбүздүн короосуна ыргытып кетип калыптыр. 26- августта айылга келдик
#8 05 Декабрь 2020 - 23:10
Ошондон бери айылда жүрөм. Айылга кеп болдум аны да катынга окшогон күйөө сөрөйүм чыгарыптыр.
Кудайга салдым. Эч качан катын түтпөй калса экен. Баары үчүн жооп бересиң, бул жашоодо эч бир нерсе жоопсуз калбайт.
Кыздар, эч качан ала качуу мн күйөөгө тийбегиле. Кайын журтка сыйы жок келин болосуңар. Кол мн узаган жакшы. Анан да эрге ишенгиче эки босогоңо ишен дейт, ар кандай кырдаалды күтсө болот эркектерден. Анан да ата тегин, мээси ордундабы бүт териштирип анан тийгиле.

#9 06 Декабрь 2020 - 19:13
Кайрылба синдим,кийинкиде бут карап коруп,сынап турмушка аттан,куйоон жакшы болсо баарына чыдасан болот,таянарындын абплы ошол болсо кайда барасын... Аллахым жолунду ачсын,ден соолугун болсун,ажырашкандын бири же акыркысы эмессин,туз журсон бакытка да жетесин,сага жакшылыктар гана болсун
#10 07 Декабрь 2020 - 01:24
Aikosh001 (05 Декабрь 2020 - 20:10) жазган:
Ошондон бери айылда жүрөм. Айылга кеп болдум аны да катынга окшогон күйөө сөрөйүм чыгарыптыр.
Кудайга салдым. Эч качан катын түтпөй калса экен. Баары үчүн жооп бересиң, бул жашоодо эч бир нерсе жоопсуз калбайт.
Кыздар, эч качан ала качуу мн күйөөгө тийбегиле. Кайын журтка сыйы жок келин болосуңар. Кол мн узаган жакшы. Анан да эрге ишенгиче эки босогоңо ишен дейт, ар кандай кырдаалды күтсө болот эркектерден. Анан да ата тегин, мээси ордундабы бүт териштирип анан тийгиле.
Кыздар, эч качан ала качуу мн күйөөгө тийбегиле. Кайын журтка сыйы жок келин болосуңар. Кол мн узаган жакшы. Анан да эрге ишенгиче эки босогоңо ишен дейт, ар кандай кырдаалды күтсө болот эркектерден. Анан да ата тегин, мээси ордундабы бүт териштирип анан тийгиле.
Бул кундор да отот синдим бироонун созуно конул бурба эч качан, озундун кана нерфин кетет.Турмуш деген ушул да тырмышпасан муш жейсин деген соз.Болгону баардык нерсени Аллахтан деп билишибиз керек, биз карындагы кезибизде уже тагдырыбыз жазылып коюлат экен. Бирок алып качып деле бактылуу омур сургондор бар,дунгуротуп той кылып деле эки жолго тушкондор толтура.
Ал мени итсин деди,ооба дедим,
Жон гана тээрикпестен кулуп туруп.
Не кылам аны менен жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
Жон гана тээрикпестен кулуп туруп.
Не кылам аны менен жаакташып,
Мен анын ит экенин билип туруп.
#11 07 Декабрь 2020 - 01:32
Бул автордун коп создору колдуктордун создоруно окшошпойт экен
#12 07 Декабрь 2020 - 07:00
Gospozhatsetok (07 Декабрь 2020 - 01:24) жазган:
Бул кундор да отот синдим бироонун созуно конул бурба эч качан, озундун кана нерфин кетет.Турмуш деген ушул да тырмышпасан муш жейсин деген соз.Болгону баардык нерсени Аллахтан деп билишибиз керек, биз карындагы кезибизде уже тагдырыбыз жазылып коюлат экен. Бирок алып качып деле бактылуу омур сургондор бар,дунгуротуп той кылып деле эки жолго тушкондор толтура.
+
#13 08 Декабрь 2020 - 09:45
#14 08 Декабрь 2020 - 09:46
#15 09 Декабрь 2020 - 00:56
Kominam (06 Декабрь 2020 - 19:13) жазган:
Кайрылба синдим,кийинкиде бут карап коруп,сынап турмушка аттан,куйоон жакшы болсо баарына чыдасан болот,таянарындын абплы ошол болсо кайда барасын... Аллахым жолунду ачсын,ден соолугун болсун,ажырашкандын бири же акыркысы эмессин,туз журсон бакытка да жетесин,сага жакшылыктар гана болсун
сендей тушунуктуу, акылдуу, ыймандуу кыздар кооп болсо экен ылайым жергебизде. ...
Баракча 1 - 1