Адам болгон соң кокустуктанбы же унутчаактыктан уламбы айрым майда бирок маанилүү буюмдарды көп жоготкон учурлар кеңири кездешет. Андайдан шоу чөйрөдөгү белгилүү адамдар да куру эмес. Таанымалдарыбыз кайсы буюмга "өч" экенин, кимге эмне буюм түтпөсүн өздөрү айтып беришмекчи.
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Сизге кайсы буюм түтпөйт?
#1 12 Ноябрь 2013 - 19:22
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 12 Ноябрь 2013 - 19:23
Айпери Калыкова: "Баскан-турган жеримде калат" - Мен бир алган кийимимди үч-төрт жыл жакшы кийем. Ал жагынан нааразычылык жок. Бир гана кыжырыма тийген нерсе уюлдук телефондорумду көп жоготом. Мага телефон түтпөйт. Калп айтпасам ушул көтөрүп жүргөн телефонум жетинчиси же сегизинчиси го дейм. Баскан -турган жеримде калтырып же уурдатып эле басып жүрөм. Арзанын же кымбатын албайын бат эле жоголуп, кайра сатып алууга туура келет. Ушуга чейин жоголгон телефонумдун бирөөсү да табылган жок.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 12 Ноябрь 2013 - 19:24
Мирлан Жетигенов: "Жыйырма-
отуздайын жоготтум окшойт" - Мага күндөн калкалоочу көз айнек түтпөй койду. Канчаны жоготконумду так айта албасам да болжол менен жыйырма-отуздайын жок кылдым окшойт. Эң кымбаты жүз долларлык болчу, андай көз айнектен экөөнү жоготтум. Отурган, барган жериме таштап баса бермей жаман адатым бар.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 12 Ноябрь 2013 - 19:25
Ильяз Агыбай уулу: "Ырым кылып уурдап кетишет" - Мага мурда саат, шакек, моюнга таккан чынжырча түтчү эмес. Акыркы күндөрү галстук түтпөс болду. Сахнага жаңы чыккан иничектер ырым кылып уурдап алышат же акедей асылып белекке сурашат…Ошентип,
канча галстугумдан айрылганымды да билбей калдым. Саат тагынгандан болсо көңүлүм калган, азыр уюлдук телефонумдун эле саатын пайдаланбасам,
атайын кол саат сатып ала элегиме көп болду.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 12 Ноябрь 2013 - 19:27
Эльмара Турсуналиева:
"Телефонго эле 3000 доллар жумшаптырмын"
- Мен флешкага жүктөлгөн сүрөттөрүмдү,
видеолорумду досторума, тааныштарыма тарата берем. Флешка- деген түшүнүк чыккандан бери жыйырмага жакын флешка алдым окшойт. Ал эми күнүнө бир-эки ручка жоготмой башынан берки адатым. Өткөндө уюлдук телефонум жаанда калып жарабай калганда, атайын отуруп алып ушуну менен канчанчы уюлдук телефонумду талкалаганымды эсептедим. Үч жылдын ичинде болжол менен уюлдук телефонго эле 3000 долларга жакын акча сарптаптырмын.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 12 Ноябрь 2013 - 19:28
Эльмира Кайып кызы: "Учурдан пайдаланып которуп алам" - Мага колготки түтпөйт (күлүп). Ашып кетсе эки күн кийем, болбосо бат эле түбүнө жетем…Эмнеге экенин түшүнбөй койдум. Айрым айымдар жок дегенде бир колготкини үч-төрт күн кийишет экен, меники бир күнгө араң жетет. Ал тургай бир жакка чыкканда жаныма да салып алмай адатым бар. Кокус бир жери эле ыдырап кетсе, дароо ыңгайлуу учурдан пайдаланып которуп алам.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 12 Ноябрь 2013 - 19:29
Камчы Сарыбаев: "Алдыман чыккан адамга кармата берем" - Чылым чеккенге зарыл буюмум күйгүзгүчүмдү (зажигалкамды) көп жоготом. Бир алганда ашып кетсе үч күнгө жетет, кайра эле башкасын сатып алганга туура келет. Анын үстүнө дос балдардын баары айдоочулар,
алар сурашат да ошол бойдон унутулуп кала берет. Кээде алдыман чыккан адамдын тамеки тутанткыч сураса берип коюп баса беришим мүмкүн. Андан сырткары компьютердин флешкасы түтпөйт. Компьютерге туташтырып коюп ошол бойдон унутуп кете берген учурлар көп болот.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#8 12 Ноябрь 2013 - 19:30
Зер буюмдар да сыр катышат Аялзатына өзгөчө көрк берип турган ар түрдүү таштар жана зергер буюмдар жөн гана кооздук катары эле каралып келбестен, адамдарга энергия берип, жагымдуу маанай тартуулап, жада калса дарылык касиети бар экенин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Дал ошол таштардын пайдасы жана зыяны туурасында сөз кылмакчыбыз.
Аквамарин - Тунук жана жашыл түстөгү таш. Жубайлардын "бакыт"
талисманы болуп эсептелинет.
Аквамаринди моряктардын жана саякатчылардын ташы деп да айтып келишет. Анткени алыс сапарга чыгууда аны сөзсүз түрдө жанына алып жүрүшкөн. Бул таш тамактагы жана тиштердин ооруларынан айыгышына четин күмүш менен каптап койгондо гана жардам берет деп айтып келишет. Алмаз - Эң баалуу таштардын бири. Көпчүлүк учурда көгүш түстө болот. Мисалы: мырзаларга жана айымдарга деп бөлүнүп, өзүнчө бир ойду туюндуруп келген. Аялдарга алмаз өзгөчө көрк гана берип тим болбостон, төрөт учурунда да чоң жардамчы экенин окумуштуулар изилдеп чыгышкан. Ал эми алмаз тагынган мырзалар чечкиндүү болуп, унутчаактыктан арылышат. Алмаздын "Тунук суу" деген түрү эл ичинде кеңири тараган. Малахит - Энергиянын символу болуп эсептелинет.
Малахит чыгармачыл адамдарга эң ылайыктуу келип, фантазиянын күчтүү болушуна жана эс тутумду бекем кылууга жардам берет. Чыгыш эли мындай ишеничтерге абдан бай болуп келишкен. Элдик медицинада малахит менен капталган медальон менен ревматизмди айыктырып да келишет. Инфекциялык оорулардан алыс кылат. Мындай таштарды өспүрүм балдарга тагып, алар көз карандысыз,
күчтүү,туруктуу болушуна өбөлгө түзөт деп эсептешкен.
Коралл - Нерв системаларынан жабыр тарткан адамдар кораллды көпкө тагынышат. Анткени ал мээнин сергек болушуна жол түзүп, түштүн жакшы болушуна жардам берет. Остреохондрозду жок кылат. Ич күйдүүлүк, ачуу жана каардуулукту кетирип турат. Жаман негативдүү нерселерден алыс кылат. Элдик медицинада күйүктү дарылоодо корралдын жардамы чоң деп айтышат. Агат - Бийликтин жана күчтүүлүктүн символу болуп эсептелинет.
Агаттар "кат-кат"
же "ала-була"
болуп бөлүнөт. Ала-була агаттар ар түрдүү оорулардан арылууга жардам берет, үндүн мукамдуу болушуна дагы өбөлгө түзөт. Кат-кат болгон агаттар стресстен чыгууга жана мырзаларга дем күч берүүгө жөндөмдүү. Мындай таштарды көп убакыт тагынууда ички органдардагы шлактарды сыртка чыгарууга да жардам берет. Сапфир - Тазалыктын,
токтоолуктун,
жупунулуктун символу болуп, эмоционалдуу адамдарга эң ылайыктуу таш. Стресске жол бербейт. Жылдызга окшош сапфир баштаган ишке ийгилик жаратып, коркунучту жана каардуулукту,
ич күйдүүлүктү четке кагат. Көз тийгенден алыс кылат. Нефрит - Жаратылышта нефриттер күн желенин түстөрүнө (радуга) окшош. Жашыл түстөгү нефриттер популярдуу болуп келет. Ал эми кызыл нефриттер жер титирөө же ар кандай зыяндуу нерселерди көзөмөлдөп турат. Аны жүрөк жана булчуңдардан жабыр тарткан адамдар колдонушу абзел. Нефрит грек тилинен которгондо "бөйрөк"
дегенди түшүндүргөн.
Бөйрөк ооруган кезде белдин куруна нефритти коюп кошо салынышчу.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#9 12 Декабрь 2013 - 18:05
Мага жуз аарчы тутпойт.Тез-
тез эле таппай калып алмаштыра берем.Влажный салфетка чыккандан бери жыргап калдым
#10 21 Декабрь 2013 - 02:20
Мага бироо бир нерсени кыйылып жатып берчу болсо, албайле койгонум он да. Баарыбир бузулат, сынат, же жоголот коп отпой.
Жолдон тапканымды да албайле койгонум он.
А турмушта, мм...таак...ии. ...ыыы...эжем: идишти сындыра бересин' деп коп айтат. Демек....ошондой да.
Жолдон тапканымды да албайле койгонум он.
А турмушта, мм...таак...ии. ...ыыы...эжем: идишти сындыра бересин' деп коп айтат. Демек....ошондой да.
В каждой шутке есть доля правды...
#11 21 Декабрь 2013 - 02:50
наушник эч эле түтпөдү. негизи колума эмне тийсе сөзсүз бузулат или сынат. неге??? ушундай "бузуку"
лугумдан баарына жаман көрүнөм(((
АльхамдулиЛлях!
#12 21 Декабрь 2013 - 13:51
Лакки Стар, ал наушникти атайын ошентип тез бузулсун, кайра жаны сатып алышсын деген ниетте чыгарышат да чыгаруучулар.
Азыркы экономика ушудай... Так ышто кафа болбонуз.
Илгери мен да коп бузаар элем наушниктерди.
Илгери мен да коп бузаар элем наушниктерди.
В каждой шутке есть доля правды...
#13 22 Декабрь 2013 - 13:04
Sweet-Lika (21 Декабрь 2013 - 13:51) жазган:
Лакки Стар, ал наушникти атайын ошентип тез бузулсун, кайра жаны сатып алышсын деген ниетте чыгарышат да чыгаруучулар.
Азыркы экономика ушудай... Так ышто кафа болбонуз.
Илгери мен да коп бузаар элем наушниктерди. />
Илгери мен да коп бузаар элем наушниктерди. />
рахмат жубатканыз үчүн. телефонум наушниксиз болбойт да, элестетип да болбойт.
АльхамдулиЛлях!
#14 24 Декабрь 2013 - 16:53
kanat4ik (12 Ноябрь 2013 - 19:28) жазган:
Эльмира Кайып кызы: "Учурдан пайдаланып которуп алам" - Мага колготки түтпөйт (күлүп). Ашып кетсе эки күн кийем, болбосо бат эле түбүнө жетем…Эмнеге экенин түшүнбөй койдум. Айрым айымдар жок дегенде бир колготкини үч-төрт күн кийишет экен, меники бир күнгө араң жетет. Ал тургай бир жакка чыкканда жаныма да салып алмай адатым бар. Кокус бир жери эле ыдырап кетсе, дароо ыңгайлуу учурдан пайдаланып которуп алам.
Эркектерге сандарынды азырак карматсан 1 жумага тутот колготкин. Менин катыным бойдок кезинде 1 колготкини 6-7 кун кет экен эле,азыр 1 кунго аран эле тутот.Себеби: мен сандарын коп кармалайм.
#16 29 Декабрь 2013 - 23:07
мага кол саат тутпой жоготом же сынат же башка адам сындырат , быйылкы жылдын эсебинен телефон тутподу дагы гарантиясы бар эле улам барып алмаштырып жатым .
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#17 30 Декабрь 2013 - 22:41
Пудра мн помада. Ушул жылы сатып да албай койдум. Алсам эле сындырып алам.
#19 30 Декабрь 2013 - 23:11
Мага уюлдук телефон тутпойт.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »