Эртее менен жумушка кетип жаткам,алдымдан бизден эки кочо нары жашаган ошол адам ар кундогудой мас абалда акча сурап чыкты,Ар куну ар кандай шылтоо айтып акча бербеске аракет кылар элем,себеби аракка сурайт эледа акчаны.
Бугун дагы «Байке дем алыныз эмнеге арак иче бересиз,эмне дартыныз бар?,-деп аны уйуно кайтармакчы болдум.Ошондо ал,Эх иним менин дартымы тушуно турган адам жок бул дуйнодо,керек болсо оз апам тушунбогон,
сен тушунор белен»,деп соз баштады
Наристесиз бактылуу болсо болобу? (Болгон окуя)
#1 05 Март 2014 - 20:44
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 05 Март 2014 - 20:46
-Биз бири бирибизди суйот элек аябай,аялым менен аябай бактылуу элек,кандай кылып беш жыл отуп кеткенин да билбеймин.Балам жоктугу да билинбес болчу.Бирок апам уулум сен да уул уйлондуруп,
кыз узатышын керек.Андан тышкары мен дагы неберелуу болгум келет,деп бир куну соз баштады.Бала болсо Кудайым берер апа,мен аялымсыз жашай албаймын деп каршы болдум.Бул создордон аялым да кабар табып,менин жообумду берин сизди бактылуу кыла албадым деп туруп алды.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#3 05 Март 2014 - 20:47
Ошентип биз ажыраштык!
Кийин апам тапкан кызга уйлондум,той кандай отконун да билбейм,оюм бир гана биринчи аялымда болчу.Ал менин тоюм болуп атканын угуп кандай ахвалга тушту экен!!!
Аны эстесем журогум зырп этет.Мынтип жылдар отту,балалуу да болдум.Баардык нерсем бар,бирок суйуу болбосо эч нерсе татыбайт экен иним!
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#4 05 Март 2014 - 20:48
Ушул маалда «балам уйго жур,мындай журушуну коргонумдон олуп кетсем болбойт беле»деген апасынын создорунон анын создорун болду
Мейли,мен ишке кетип жаткам дедимда,ага кантип чонтогумон акча чыгарып бергеними билбеймин
Жумушка келип,бир гана оюм ошол адамда болду,ата энелер билемин баарыныздар балдарыныздардын бактылуу болушун,келечегин ойлойсуз.Бирок алар сиздердин создорунуздорду эки кылбайын деп баарына даяр,бирок сиз апасызго балдарыныздын журогуно да кулак салыныздар! Бактылуу жашап аткан уул-кыздарыныздарды оз колдорунуз менен бактысыз кылып койбонуздар демекчимин! !!!

Билдирүүнү түзөткөн: Feijipiao: 05 Март 2014 - 20:49
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#5 06 Март 2014 - 23:42
Туура айтылган создор ,кееде баланын бактысыз болушуна ата-энеда себепчи болуп коёт экен,албетте баары эмес.
#7 08 Март 2014 - 00:15
Эрки жок кишиго,кыйынчылыкты арак менен женем деп ойлойт бекен,же ичсе эле аялы кайрылып келип , мурунку жашоосу калыбына келеби? Шылтоого шынаа коп дегендей эле,ичкенге шылтоо табылып калган экен дагы жакшы,болбосо коомубуз дагы бир алкаштын ордун жоктоп калмак десен!
Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#8 08 Март 2014 - 21:51
Кудай сактасын,биз да энебиз,биз да атабыз.Туура деп ойлоп туура эмес чечим чыгаргандан кудай сактасын!
Балдарыбыз ыймандуу болсун,ыймандуу,
ынсаптуу,акылдуу,
омурлуу куйоо бала,келиндерди насип кылсын! Автордун каарманына сабырдуулук,
кайраттуулук тилейм,бирок бул анын тагдыры,кудайдын жазганынан качып кутула албайт эмеспизби.
#9 09 Март 2014 - 02:48
Тагдыр сыноосу ар бирибиздин башыбызда бар. Демек,автордун каарманын куноолоодон алысмын. Бирок, суйууну шылтоо кылып арак ичуусу,ички кусалык сезимин женилдетпесин мойнуна албаса да корунуп тургандай башкаларга оон учурап жаткандыгы окундурот. Ата-эненин каалоосуна каршы келе албай турмуш куруп,бирок,
омур бою ичтен сыздап жашап,же болбосо ажырашып кеткендер жок эмес. Мынакей,менин да уулум эр жетип турат,мен да уулумдун келечегин ойлоп сар-санаага тушкон кезим. Чынында,уй-було курууда адашып кетпоосу учун туура жолго ундоо менен катар ата-эненин баланы тууруна туура кондуруудагы парзы соз жеткис туйшук.
#10 09 Март 2014 - 03:10
бир кем дунуйо деп ушуну айт, кее бироолор тороп туш келген жерге таштап кетип жатышат, а кее бироолордун турмушу баласы жоктугунан ажырашып отурушат.
#11 02 Июль 2014 - 18:18
Озу эч ким алкаштар менен суйлошпойт.
Эгер алардын не себептен бул жолго тушконун жакшылап сурасан баарын айтат.Ал эми тема боюнча айтсам аябай окунучтуу экен
#12 04 Июль 2014 - 10:38
Эгер чындап бири бирин суйсо, эки аялдын ыраазычылыгын алып жашаса болот беле дейм да. Апасына шылтоологон туура эмес. Баарыле айтмак, бирок апасы аялын койнуна апкелип салып берген жок да. Экинчи аялда, балдарда эмне куноо ошолордун келечегин ойлоп каниет кылып жашоо керек болчу. Эгер биринчи менен экинчиси акылдуу аялзаты болсо кош никеге да конушмок. Болбосо торобогон аялы торт беш баласы бар адамга тийип ал да ушул суйуу азабы менен отот да. Тууру биринчи никесин да ойлогону.....
Ушундай окуя менин бир кайнагаларымда болду. Биринчи аялы экоо бирин бири суйушчуу экен. Анан эле женебиздин уч айлык боюнан тушуп калыптыр. Торобос болуп калыптыр. Ананле тууган урук кенешип, ажыраштырышмай болушат. Булардын ажырашуусун эч ким каалабаптыр. Аттин жашоо экен да. Келинди ата энеси алып кетип жатканда эки жаш кучакташып алып оло ыйлашкан экен. Ошентип эки жыл отуп кайнагабыз башка бир турмуш коргон кызга уйлонот. Азыркы тапта эки кыз бир уулду тарбиялап жатышат. Берки женебиз болсо уч баласы бар прокурорго турмушка чыгыптыр. Кайни кайни синдилерин коргон жерде тергеп, учурашат экен. Байкуш жакшы женеле деп айтып калышат. Эми экоо тен бактылуу болуп кеткени жакшы да......

Билдирүүнү түзөткөн: momuntay: 04 Июль 2014 - 10:43
#13 04 Июль 2014 - 11:11
Бул жерде ата-энелерди куноологон туура эмес. Бул да бир турмуштун сыноолору. Ал киши жаш бала эмес го апасы ажыраш десе ажырашып башкага уйлонгудой.
Апасына жакшылап айтса тушунмок го. Энеде деле журок бар.
#14 04 Июль 2014 - 14:21
Туура айтасыз.Ата-
энелердин созун эки кылбайбыз, бирок ошол эле маалда ата-эненин созун укпай бактысыз болгондор да бар,Бул-Тагдыр!
!!
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#15 04 Июль 2014 - 14:50
Биринчиден ал адам ажырашпай койсо аны эч ким мажбурлай албайт эле. Экинчиден бул алкаш болуп кетууго шылтоо боло албайт. Учунчудон эки аял алып жашагандар деле бар. Тортунчудон экинчи аялы менен ажырашып кайра биринчиси менен жашаса деле болмок.
#16 04 Июль 2014 - 15:06
. Арадан он жыл же андан коп убакыттан сон бала жытын искегендер жок эмес,дегеним,
сабыр кыла турсанар балалуу болчу кун да алыс эместир эле . А сиздер беш жылды коп корупсунор.
Туура,апаныз кенеш берген, бирок чечим оз колунузда болсо керек эле. 1-аялынызсыз жашай албасынызды биле туруп,ажырашууга мажбур болгонсуз. Эми куноо кимде? Ата- энеде эмес албетте автордун озундо.
Туура,апаныз кенеш берген, бирок чечим оз колунузда болсо керек эле. 1-аялынызсыз жашай албасынызды биле туруп,ажырашууга мажбур болгонсуз. Эми куноо кимде? Ата- энеде эмес албетте автордун озундо.
#17 04 Июль 2014 - 19:18
Эх... Ата эне баласын бактылуу кылам деп бакытсыз кылып койот...
#18 04 Июль 2014 - 20:10
Эне катары ойлонуп корсом.Ал адам жылдар отуп,балам жок,аркамда туяк жок деп иче баштамак.Жылдар отуп баланын дартынан арман башталмак да биринчисине азап бермек.Жакшы журогундогу жакшы коргон адамын конулун калтырып,азап бербей ажырашыптыр.
Эгер эрки кучтуу адам болгондо,озу менен бир туугандын баласын сурап багып алмак.Кыргыз калкымда ушуга окшогон окуя коп эле го.Эми зарыгып куткон балдарына,бей куноо экинчи аялына,балам тукумсуз болуп калбасын,балам да ата болуп бактылуу болсун деген энеге азап бергени туура эмес го.Эгер эрки кучтуу адам болгондо ажырашмак эмес.Кандайдыр жол таап,уйунун кутун учурмак эмес.Эркек киши ажырашпайм деп бек турса,аялы да суйунуп жашамак,жакшы жар болуп бермек.Энесине деле ажырашпайм,
ансыз менде жашоо жок деп бек турганда,эне курган деле тушунмок...