Эмне үчүн тамеки тартуу арам? Даярдагандар: Рыскулов Н. Мөкүева Р.
#1 12 Июль 2014 - 21:49
وَلاَ تَقْتُلُواْ أَنفُسَكُمْ إِنَّ اللّهَ كَانَ بِكُمْ رَحِيمًا
Өзүңөрдү өзүңөр өлтүрбөгүлө! Акыйкатта, Алла силерге Мээримдүү. Ниса 29
Чылым –инсандын акылын кетиреби?
Алланын зикиринен алыстатабы?
Анын кандай пайда зыяны бар!
Ушул жана башка суроолорго ачык жооп алуу үчүн чылымдын эмне үчүн АРАМ экенине далил издеп көрөлү.
Чылым табиятынан эле ден соолукка зыян,ысырапкорчулукка жол ачып, акылга терс таасирин берет. Курамында никотиндин таасири болгондуктан адамды бир аз ойготот.Кээ бир адамдарды бир аз зирек кылат, бир аз кайгысын унуткандай болот,ошол себептен кайра кайра тарткысы келе берет. Ошентип отуруп канына сиңип калат да, тамекинин кулу болуп калганын өзү да сезбей калат.Көпчүлүккө маалым болгондой тамекинин курамында никотинден башка да, көптөгөн уулуу заттар бар экендиги талашсыз.Бирок фирмалар өз соодасы үчүн анын баарын жашырышат.Кээ бир өнүкпөгөн мамлекеттерде текшерүү өтө алсыз абалда.Эл да анын канчалык зыян экенине көңүл бурбайт.Албетте Алла адамга кандай нерсе зыян, кандай нерсе пайда экенин билет. Ошондуктан мусулмандарда адал арам деген түшүнүк бар.
وَيُحِلُّ لَهُمُ الطَّيِّبَاتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيْهِمُ الْخَبَآئِثَ
Жакшы нерселерди адал, жаман нерселерди арам кылат. Аьраф 157
Чылым чегүү- бул сойкулук,адам өлтүрүү,баңги зат катары чөң күнөөлөрдүн катарына кирет.Тамеки тартуу медицина кызматкерлеринин айтуусу боюнча адамдардын өлүмүнө себеп болчу рак ооруларынын булагы болуп саналат.Жүрөк, өпкө,тамак- аш сиңирүү органдары,ооз, кекиртек,тиш жана башка органдарга зыян болуп эсептелет.
Биз үчүн дене,жан Алла тарабынан берилген чоң белек,ошондуктан өзүңө атайын зыян жеткирсең күнөөкөр болосуң.Эгер чылым себептүү рак болуп өлсө, өзүн өзү өлтүргөндөй күнөөгө батат.Чылым чеккенде адам Алланы унутат. Эми тамекини биринчи чегип баштаганда аялдардын жүрөгү айланат. Окшуп, кускусу келет. Бирок өздөрүн күчкө салып организмин бат эле көндүрүп алышат.
Эгер кош бойлуу аял тамеки тартса, курсактагы баланын жүрөк согушу тездейт,аракети кыймылы азайат.Кан аркылуу барган кислород азайып, баланын салмагы да азаят. Тамеки тартпаган аялдын баласынан 250-300 граммга чейин айырмаланат. Аборт жана өлүм коркунучун алып келиши мүмкүн.Ошондой эле бала убагына жетпей салмагы аз,иммунитети күчсүз жана кем акыл, майып, мунжу болуп төрөлүүсүнө тамеки түздөн түз таасир этет.Ал эми эмчек эмизген эне тамеки тартса, тамекинин курамындагы уулуу заттардын баары балага өтөт.Демек бул укум тукумдун,генефонддун бузулушуна алып келет. Акыры барып маңкурттукка алып барат. Ошол себептүү врачтар кош бойлуу жана сүт эмизген энелерди өзгөчө тамекиден оолак болуусун эскертишет. Тамекинин курамындагы кээ бир заттар сүттүн курамындагы майда тез ээригендиктен, эненин сүтүнө таасири чоң. Ошондуктан никотин канга караганда сүттө үч эсе көбүрөөк экендиги келет.далилденген. Демек эмчек эмген бала ар бир сүт эмгенде зыянды кошо эмет.
Тамекинин 15% зыянын гана тарткан адам ичине жутат, ал эми калган 85% зыяны түтүн аркылуу сырттагы таза адамдарга кетет. Ошондуктан тамеки тарткан адамдардын балдары башкалардан 4-5 эсе көбүрөөк ооруйт.Тамеки тарткан адамдын көбүнчө үй-бүлө,бала- чакасы көбүрөөк зыян тартат. Тамекинин өзүндө төрт миңге жакын зыяндуу заттар бар болсо, анын беш жүзгө жакыны чыккан түтүнү аркылуу зыян жеткирет. Ошондуктан айрыкча жаш балдар жабыркайт,анткени алар чоңдорго караганда эки эсе ылдамыраак дем алат. Тамекинин түтүнү өйдө көтөрүлгөндүктөн, көрүү да начарлайт. Тамекинин зыяны дароо билинбейт,бирок акырындап отуруп, ал айыкпас дартка айланат. Балдардын да өлүмүнүн 40% ушул себептен болот. Тамеки тарткан адам өз балдарына жаман үлгү болуп, келечекте балдары да анын жолун жолдойт.Эгер бир адам күн сайын орточо эсеп менен отуз сомго тамеки тарта турган болсо, айына тогуз жүз сомдон коротот,ал эми бир жылда он миң сегиз жүз сомду ороп-ороп түтүнгө айлантат экен.Аттиң, ошол эле акчаны балдардын кийимине,тамагына ,илим-билим алуусуна(мектептеги жетишпеген китептерин алып берсе) сарптаса кандай жакшы болоор эле!!! Айрыкча чылым чеккен өспүрүмдөр рекламанын, жаман кинолордун таасиринен улам тамеки чеккен адамды “норма” катары кабыл алып калышат да, кумирине же кимдир бирөөгө окшош үчүн чегишет. Тамеки чеккен адамды “толук кандуу киши катары”көрүшөт.
Тамекиге каршы баардык жолдорду изилдеп үйрөнүү керек, анткени элдин, өзгөчө жаштардын келечеги, ден соолугу биринчи орунда турат. Мамлекетке тамекиден түшкөн киреше менен ден соолук үчүн сарпталган каражатты таразалап көрсөк асман менен жердей айырма бар.Ошондуктан мамлекет бул нерсеге өтө көңүл буруусу керек.
Ал эми азыркы убакта дүйнө жүзүндө тамекиге каршы көп аракеттер жасалууда. Тамекидеги наркотикалык зат бат эле көз каранды кылып алат. Никотинден башка тамекинин курамында 4000ден ашык химиялык уулуу заттар бар. Алардын ичинен 40 уулуу зат абдан коркунучтуу.
Тамеки тартуу адамды рак оорусуна алып келет.Рак оорусу 21-кылымдын айыкпас оорусу делет. Факты менен катталган 50дөн ашуун коркунучтуу оору тамекиден болот.Төмөндө адамдын организмине тийгизген зыяндары тууралуу сөз кылабыз.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#2 12 Июль 2014 - 21:51
Ооз жана тамактын рак оорусу, даам татуу сезиминин алсыроосу
Адамдын тамакка болгон табитин жоготот.
Жыт билүү,даам сезүүнү начарлатат.
Ашказан,он эки эли ичегинин жара болуусуна алып келет.
Мурун; жыт сезуу органынын алсыроосу,
Тамеки тарткан адамдын ээриндеринин айланасында бырыштар көбөйөт
Тиштердин саргаюсу, тиш бүлөөсүнүн оорусу,
Ооз көңдөйүнөн канчалык сагыз чайнап, жуубасын сасык жыт чыгып турат.
Тамеки ооздон сасык жыт чыгарат,тиштин түшүшүнө,тиштин мүлк оорусуна алып келет.
32 тиштин 75 пайызы 10-15 жылда талкаланат.
Кекиртек рагына алып келет.
Кекиртек жана дем алуу органдары; кекиртектин рак оорусуна, кекиртек сезгенүүсүнө, үн түйүндөрүнүн зыянга учуроосуна алып келет.
Карын жана кызыл өңкөч, карын жарасы жана кансыроого алып келет.
Тез картайууга себеп болот.Тамеки тарткан адам менен тартпаган адамдын өмүрүнүн арасында 10жыл айрыма бар.
Ар бир тарткан тамеки жүрөктүн согушуна доо кетирет. Мурунку убакта картайгандар гана жүрөк оорусуна чалдыккан болсо,азыркы убакта
35-40 жашка чейинки жүрөк ооруган адамдардын көбү тамеки тарткандар болуп эсептелет.
Жүрөктүн согуусу тездейт.
Жүрөк жана кан тамырлар; инфарк,инсульт оорусуна себеп болот.
Атеросклероз, кан басымынын жогорулашына алып келет.
Мээде кан уюп калуусуна алып келет.
Тамеки эң биринчи кезекте өпкөнүн рак оорусуна алып келет.Өпкөнүн рак оорусуна кабылгандардын 90 пайызын тамеки чеккендер түзөт.
Бир адам өпкөдөн рак болуп каза болгон адамдын операциясына катышканын айткан.Ал адамдын өпкөсүн бүт капкара ыйлаакча каптап калган.Аны сыйрыганда суу болуп агып,анын ичинде адам дем ала турган өпкөдөгү түтүкчөлөр бекилип калган.Өпкөнүн ошончолук жаман деңгеелге жетүүсүнө ал адамдын өмүр бою тамеки тартуусу себеп болгон. Жогорудагы сүрөттө тамеки тарткан адам менен тартпаган адамдын өпкөсүнүн айрымасы берилди.
Эске тутууну начарлатат.
Көз оорулары, карыганда сокурлукка себеп болот.
Жаңы изилдөөлор аныктагандай чачтын түшүүсү,эрте таз болууга да тамекинин таасири бар.
Тамеки деген өсүмдүк хижрий жыл эсебинин онунчу кылымында пайда болгон.Элдер аны пайдалана баштаганда эле, ошол убактагы диний аалымдар анын зыян экендигин айтып келишкен.Бирок ачык өкүм беришкен эмес.Себеби тамекинин курамында кандай зыяндуу заттар бар экендиги ачык билинген эмес.Ошон үчүн аалымдар ар тараптуу өкүм беришкен.Кээ бирлери арам дешсе,кээ бирлери макрух деген.Кээ бирлери уруксат берсе,кээ бирлери унчуккан эмес. Кээ бир адамдар Куранда тамеки тартуу арам экендиги ачык айтылбагандыгы себептуу,тартса боло берет дешет.Бирок денеге зыян нерсенин арамдыгын эске алсак ,тамеки сөзсүз түрдө арам болот.
Ал эми азыркы илим-билим, технология өнүккөн убакта тамекинин курамында көптөгөн зыяндуу заттар бар экендиги ачыктан-ачык далилденди. Жогоруда тамекинин адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирлери туурасында да кеңири сөз кылып өттүк. Анын зыян экенин бүт дүйнө дарыгерлери да тастыкташат.
Жогорудагы маалыматтардын негизинде медициналык ,психологиялык, коомдук, экономикалык, экологиялык зыяндарын да эске алып жаман ооруларга себеп болгон үчүн аалымдар сөзсүз түрдө арам деп өкүм беришет.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#3 12 Июль 2014 - 21:53
2.Мээ клеткаларына зыян жеткирип, психологиялык ооруларга алып келгендиги үчүн.
3.Коомдогу башка тамеки тартпаган адамдарга зыян болгондугу үчүн.
4.Уулуу газдарды бөлүп чыгып, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчүн .
5.Миллиарддаган акчалар экономиканын өсүшүнө зыян алып келгендиги үчүн.
Тамекинин кутусуна “Саламаттык сактоо министрлиги эскертет: Тамеки чегүү сиздин ден соолугуңузга зыян” деп жазышат.Демек тамеки тарткан киши ошол сөздү окуганда эле ой жүгүртүүсү керек.
Шарият боюнча сактоого буюрулган беш нерсе бар.Тамеки тарткан адам ошол беш нерседен айрылат.Алар:
1-ДИН. 2-НАФС . 3-АКЫЛ. 4-УРПАК. 5-БАЙЛЫК.
Тамеки тарткан адам динде бекем боло албайт.Көпчүлүк адамдар тамеки себептүү орозо кармай албайт.Орозо кармабагандыгы себептүү, ал коптогон күнөө иштерге барат.Себеби ал тамекини таштай албайт.Ошондуктан ага тамекини таштоодон мурда да, Алланын ибадатын таштоо жеңил. Ал эми кээ бир адамдар орозо кармайт, бирок ага кечтин өтүшү ушунчалык кыйын болот, ооз ачаар убакытты зарыгып күтөт.Ооз ачаарга азан айтылган кезде балким суу менен эмес, тамеки менен оозун ачат.
Эгерде адамга байлык берилген болсо,ал байлыгын зыяндуу арам нерселерге сарптоосу, Аллах тарабынан тыйуу салынган.Байлык бир гана жакшылыкка жана адал иштерге жумшалуусу шарт.Ислам дининде ысырапчылыкка катуу тыюу салынган.Алла Таала Куранда мындай дейт:
وَلاَ تُسْرِفُواْ إِنَّهُ لاَ يُحِبُّ الْمُسْرِفِينَ
“Ысырапчылык кылбагыла! Албетте Алла Таала ысырапкорлорду жакшы көрбөйт.” Аньаам 141
Тамеки тартуу бул ысырап. Ага канчалаган акчалар сарпталат.Эгер бир адам күн сайын орточо эсеп менен отуз сомго тамеки тарта турган болсо, айына тогуз жүз сомдон, ал эми бир жылда он миң сегиз жүз сомду коротот экен. Караныз, өзүнүн мээнет кылып тапкан акчасын ороп –ороп түтүнгө айлантып күйгүзүп жатат.. Курманжан датка энебиз “Турмуштун тымызын өртү ысырап.Ысырапчылык кор турмуштун башаты” деп айтыптыр.
Тамекинин арамдыгы айдан ачык:
1. Тамеки тартуу күнөө болгондуктан, ал адам бул дүйнөдө анын себебинен оору азабын тартса, Акыретте да өз жазасын алат.
2. Алла арам нерсени жаман көрөт, ал ишти жасагандарды да жаман көрөт.
3. Тамеки тарткан адам жаман жыты менен периштелерге жана Кирааман каатибиин(көзөмөлчү)аттуу периштелерге да зыян жеткирет.
4. Тамеки тартпаган башка мусулмандарга зыян жеткирет.
5. Тамеки таза абаны булгайт.
6. Тамеки тартуу күнөөгө жана душмандыкка жардам берген болот(Мусулман эместерге ислам жана мусулмандардын душмандарына жардам берип,сатып алуу менен аларды колдоо болуп эсептелет)
وَتَعَاوَنُواْ عَلَى الْبرِّ وَالتَّقْوَى وَلاَ تَعَاوَنُواْ عَلَى الإِثْمِ وَالْعُدْوَانِ وَاتَّقُواْ اللّهَ إِنَّ اللّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ
Жакшылыкта, такыбалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө. Ал эми жамандыкта жана душмандыкта көмөктөшпөгүлө! Алладан корккула, чындыгында, Алла – катуу азаптоочу! Маида 2
7. Күнөөнү ачык жасоо болуп эсептелет,ал эми күнөөнү ачык жасоо чоң күнөөлөрдүн катарына кирет.
8. Тамеки тарткан адам убактын текке кетирет, пайдасыз өткөрөт,зыян алып келет.
9. Тамеки тарткан адам каапырларга окшогон болот, анткени ал каапырлардын шаарларынан чыгып, анан башка мусулман өлкөлөрүнө таркаган.
10. Тамеки тартуу кем акылдыктын белгиси, анткени акылы толук адам эч качан зыяны анык болгон нерсени билип туруп жасабайт.
11. Тамеки тарткан адамга ибадаттар, сооптуу иштер оор көрүнөт.20 сомду садака кылгандан көрө, тамеки сатып алууну жакшы көрөт.
12. Тамеки тарткан адам илим зикир айтылган жерден качат.
13. Тамеки адамды начар адамдар менен болууга чакырат.
14. Тамеки адамга орозону жаман көрсөтөт, анткени орозо ага тамекини арам кылат.
15. Ата катары өз жоопкерчилигин сезбейт. Балдарынын алдында баркы кетет.Балдарына сөзү өтпөйт.
Кээ бир адамдар менин досторум тартат,ошол себептен мен да тартам деп өз акылын башкара албай напсин ээрчип кетет. Демек тамеки эрки боштукка, бирөөлөргө көз каранды болууга алып келет.
Жогорудагы маалыматтар тамекинин ачыктан-ачык арам экендигине далил болот. Тамеки ушул кылымдын айыккыс чума оорусу.Тилекке каршы коомдук жайларда тыюу салынганына карабастан, күн санап чылым чеккендер өсүүдө.
Билесиңби?
Чылымдын түрлөрү:
Тамеки,калян, сагыз(курамында никотин бар),насвай(кара тамеки бою 50-100 см болуп өсөт),порошок кылып мурдуна жыттайт,жалбыракты оозуна салып чайнайт.
Тамеки таштоонун эл аралык күнү 1977-жылы америкалык онкологиялык коомдун демилгеси менен негизделген экен.
Дүйнөлүк ден соолук борборунун айтуусунда жыл сайын 600 000 тамеки тартпаган адамдын өлүмүнө тамекинин түтүнү себеп болот.
Тамеки себептүү ар секундда 6 адам өлөт...
Бир тамеки тартууда беш мүнөт убакытыңды коротосуң.
Жыл сайын тамекинин өзүнөн эле 266 миллиард доллар акча соода болот.
Терилери жасалмага окшоп калат.
Теринин түсү боз же көккө окшош болот, анткени кислород жетпейт, түрдүү уулар менен ууланган.
Бир тамеки тартканда тери клеткаларга жете турган кислород 90 мүнөткө чейин үзгүлтүккө учурайт.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#4 12 Июль 2014 - 21:54
10 мүнөт тамеки тарткан адамдын тери клеткаларына бир саатка чейин кислород токтойт .
Тамекинин жарнамасына(реклама) гана 2миллиард 600миллион доллар сарпталат.
Тамеки жарнама аркылуу жуга турган вирус сыяктуу.
“Тамекинин 99 мусийбаты” деген китепти Афганистандык аалым Мухаммад Абдулгаффаар жазып чыккан.
Мусулман өлкөлөрүндөгү абал кандай
Учурда кыргыз улутунун коопсуздугуна, жерибиздин экологиясына, элибиздин экономикасына эбегейсиз чоң зыянын тийгизип жаткан тамеки жөнүндө да сөз кылбасак болбойт.Биздеги абал да мактанаарлык эмес. Тескерисинче, биздин өлкөдө тамеки чегүү, арак ичүү салтка айланып, барган сайын күчөп, өзгөчө кыздардын, жаш уландардын арасында "мода" катары жайылууда.
Батыштын бардык өнүккөн өлкөлөрү эң оболу ден соолукту талкалап жаткан тамекиге "убийца №1" деген ат коюшуп, тамекидеги никотин эң коркунучтуу наркотик экенин моюнга алышты. Ошону менен бирге эле батыш өлкөлөрүнүн тамекиге каршы аеосуз күрөш баштаганына 30 жылдан ашты.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун берген маалыматына таянсак, дүйнө жүзүндө тамекинин залалынан жылына 5 миллиондон ашык адам өлсө, ал эми кичинекей Кыргызстанда жылына 10 миңден ашык адам тамеки чегүүдөн пайда болгон жүрөк, инсульт,инфаркт, кан тамыр, рак жана башка оорулардын кесепетинен көз жумушат.
Кыргызстанда 291 миң үйбүлө же жалпы жонунан 1 млн. 333 миң адам жакыр жана эң жакыр деңгээлде жашашат. Жакырчылык менен аракечтик дайыма ээрчишип чогуу жүрөт. Социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, жакыр деген үй-бүлө жыл сайын арак менен тамекиге 17 миңден 25 миңге чейин (орто эсеп менен) акча каражатын сарпташат. Бул үй-бүлөлүк бюджеттен кеткен чыгымды 291 миңге көбөйтсөк, ошондо канча деген акчаны эч пайдасыз арам нерселерге жумшап жатканыбызды билебиз.
Ала-Тоонун бермети болгон Ысык-Көлдө сезон убагында баш-аягы 2 миллионго жакын адам эс алат. Алардын жарымы күнүнө бир пачкадан тамеки чексе, күнүнө сезон убагында 1 млн. куту тамекинин калдыгы шамал менен же жамгырдын суусу менен көлгө кирет, же болбосо көл жээгиндеги кумга топтолот.
Тамекиге көз каранды болуп калгандардын көпчүлүк бөлүгүн 20-30 жаштын ортосундагылар түзүшөт. Кыргызстан боюнча тамеки чеккендер жалпы элдин 30 пайызын түзөт. Негизинен шаар жергесинде аялдар, ал эми айылдарда эркектер басымдуулук кылат. Мисалы Чүй облусу боюнча чылым чеккен аялдар 30 %ды түзөт.
Жапонияда бир куту тамекинин баасы 4.5 доллар турат. 1 жыл мурдакыга караганда 25 пайызга кымбаттатышкан. Мындай ыкма тамекиге көз каранды болгондордун санын 21.7 пайызга чейин азайткан. Ал эми Кыргызстанда чылымдын баасы ит бекер. Бул тууралуу чет өлкөдөн келгендер белгилешет.
Тамекинин кутусуна “Тамеки чегүү сиздин ден соолугуңузга зыян!” деп килейтип жазып коюу менен тамекиге каршы күрөшүү болбой тургандыгын убакыт өзү көргөзүп жатат. Ошон үчүн Жапония сыяктуу олуттуу кадамдарга бармайынча тамекиге байланыштуу цифралар менен пайыздардын өсүшү эч качан токтобойт. Мамлекет улут саламаттыгын бүгүн ойлонбосо, эртең кеч болуп калаары шексиз.
Жер шарында бир миллиард жүз элүү миллион адам тамеки тартса, алардан жыл сайын беш миллион адам каза болот.Бирок батышта ал көрсөткүчтөр ислам өлкөлөрүнө салыштырмалуу айрыкча араб мамлекеттерине салыштырмалуу азайган.Мисалы: Исламдын бешиги болгон Сауд арабияда 15 миллиард куту тамекини жыл сайын 8миллиард долларга сатып алат!!! Ал эми Египет жыл сайын 80 миллиард куту тамеки сатып алат...ал эми саны жагынан алганда мусулман өлкөсү деп эсептелген Туркияда чылым чеккендер 67%га жетет, бул нерсе бүгүнкү күндөгү мусулмандардагы катастрофаны түшүндүрбөйбү?
Араб өлкөлөрү жылына 200 миллиард куту тамеки сатып алса, анын көпчүлүгү Америкалык фирмалардан алат. Арабтардын бул каражаты ден соолук жана таалим-тарбияга короткон акчага караганда көбүрөөк.Арга жок, бир гана Алла акыл эс күч кубат бербесе айласын таба албайсың дегенден башка айтаарыңды билбейсиң!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#5 12 Июль 2014 - 21:57
Пайгамбар Саллаллооху Алейхи Вассалам: “Араб менен ажам(араб эместин)дын айырмасы жок,ак менен каранын айырмасы жок, бирок бир гана таквалыкта” Муснад Ахмад Ибин Ханбал 411/5.
Көздү чел каптоо оорусун дарылоо натыйжасын аз берет.Бул оору оңой менен айыкпайт.Ал эми бул ооруга чалдыккандардын басымдуулары тамеки тарткандар болуп эсептелет. Бул ооруга чалдыккандарда сокур болуп калуу коркунучу бар.Булардын арасында чылым чеккендер төрт эсе көбүрөөк.
Акыркы статистикага таянсак ушул ооруга чалдыккан 54 000 кишиден 18 000 киши сокур болуп калган.
Ошондой эле тамеки тарткандардын арасында муун оорулары менен ооругандар башкаларга салыштырмалуу 13 эсе көп кездешет.
Кан тамырларынын ичкерүүсүнөн улам жамбашка болгон кан айлануу начарлап жыныстык мүчөгө кан айлануу басаңдап натыйжада жыныстык күчсүздүк пайда болот.Тамеки тартпагандарга салыштырмалуу тарткандарда жыныстык күчсүздүк 13 эсе көбүрөөк катталат.Британиядагы Оксфорд университетинин ден соолукту коргоо бөлүмүнүн акыркы статистикасына таянсак Британияда 100 000 киши тамеки себептүү 30-40 жашында эле жыныстык күчсүздүккө кабылган.
1970--1980жылдарда Австралиялык аялдар эркектер менен тең укуктуулугун алгандан бери, тамеки тартуу аялдар арасында кеңири таралып, натыйжада өпкө рагына салыштырмалуу аялдардын көкүрөк рагы кескин түрдө өскөн.Австралиядагы ден соолукту коргоо институтунун берген маалыматына таянсак 2005-жылы рактан жума сайын 50 аял өлгөн болсо, ал көрсөткүч 2010-жылы жума сайын 65 аялга жеткен. Өпкө рагы аялдар арасында 0.4 %га өскөн.Мына сага, тең укуктуулук болсун деп лозунг көтөргөн аялдардын абалы.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына караганда дүйнө жүзүндө 1.3 млрд. адам тамеки чегет. Ар жылы 5 миллион адам чылым чегүүнүн кесепетинен көз жумат. Демек, ар бир алты секундда бирден адам мерт болот. Тамеки чеккендердин саны азыркыдай тенденция менен өсүп отурса, 2020-жылы жылына 10 млн. киши чылымдын айынан мерт болушу мүмкүн. Бир тууганым, жогоруда тамеки тууралуу айтылган нерселердин баары ачуу чындык.
Урматтуу мусулман бир тууганым! !!
-Эгер сен тамекини адал деп эсептесең, анда эмне үчүн башка тамактарга окшоп бисмилла деп баштабайсың?
-Эгер сен тамекини адал деп эсептесең, анда эмне үчүн башка тамактарга окшоп бүткөндөн кийин алхамду лиллах деп айтпайсың?
- Эгер сен тамекини адал деп эсептесең, анда эмне үчүн тамекинин калдыгын бут кийимиң менен тебелеп саласың?
-Эгер сен тамекини адал деп эсептесең, эмне үчүн ата энеңдин жанында тартып отура бербейсиң.
-Эгер сен тамекини адал, пайдалуу деп эсептесең, эмне үчүн балдарыңа,аялыңа, кыздарыңа үйрөтпөйсүң? Тарткыла деп насаат айтпайсың? Тамеки тартуу эң чоң балее, апаат болуп эсептелет.
Тамеки таштасаң сенде кандай өзгөрүүлөр болоорун билесиңби?!
Тамекини таштадым деп ниет кылгандан 20 мүнөттөн кийин өзгөрүү башталат.
Кан басымы өзүнүн табигый нормасына кайтат.
Жүрөк согушу да өзүнүн табигый нормасына кайтат.
Эки кол,буттун ысыктыгы да табигый нормасына кайтат.
Сегиз сааттан кийин кандагы көмүр кычкыл газ түшүп табигый нормасына кайтат.
Кислород да көтөрүлүп табигый нормасына кайтат.
Тамеки таштоодогу алгачкы кадамың
Бир тууганым, сага айтаар насаатым:
- Алла үчүн таштаганды ниет кыл. Алла өзү жеңилдетет, себептерин берет. Тамекини таштасам ооруп калам деп коркпо, анткени ооруну да, шыпааны да берген Алла. Тамекини таштоонун эң жакшы жолу күн сайын Кураанды угуу. Алла өзү жар болсун.
-Тамекиге карата көз карашыңды, ойуңду өзгөрт, ал өтө коркунучтуу оору, андан кутулуу зарыл деп бил.
إِنَّ اللّهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُواْ مَا بِأَنْفُسِهِمْ
Акыйкатта, коом өздөрүндөгү нерсени өзгөртмөйүнчө, Алла аны өзгөртпөйт. Раьд11
وَإِن يَمْسَسْكَ اللّهُ بِضُرٍّ فَلاَ كَاشِفَ لَهُ إِلاَّ هُوَ وَإِن يَمْسَسْكَ بِخَيْرٍ فَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدُيرٌ
Эгер Алла сага кырсык жеткирсе, андан Өзү гана куткара алат. А эгер Ал сага жакшылык жөнөтсө, Ал бардыгына кудурети жетүүчү. Аньаам 17
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#6 12 Июль 2014 - 21:58
-Өзүңдү колдоочуларды изде.
-Дарыгерлерге кайрылып,кеңеш сура.
-Үй -бүлөңө ,жолдошторуңа, чогуу иштегендерге тамекини таштоо жөнүндө ойуңду айт.
-Тамекинин, насвайдын,баңги заттын баардык түрлөрүнөн алыс бол.
-Медициналык изилдөөдөн кийин курманын курамында миңдеген пайдалуу шыпаа болуучу заттар бар экени аныкталды. Курма тамекини таштоого жардам берет.Күн сайын курманын ажва деген сортунан 7ден жеп, Аллага тобокел кыл,Алла Өзү жардам берет.Ушул адатка көнсөң, ал денедеги тамекиден калган ууларды тазалайт.Кандагы никотинди азайтат.
-Жашооңду өзгөрт, жаңы пайдалуу чеберчиликтерди үйрөн, үлгүлүү жүрүш турушка өт.Экиленбе. Тамекинин кумары кармаганда башка нерсеге алаксы. Суусундуктардан көбүрөөк ич.Күнүнө эки куту тамекинин ордуна эки куту сагыз чайна.1-2 жума сабыр кылсаң, ал да өтүп кетет.Чылым чеккен достордон оолак бол, жакшы чөйрөгө көбүрөөк аралаш. Ден соолукка пайдалуу тамактарды жеп, спорт менен машык.Кайра кумарың кармаса, өзүңдү кантип кармайсың, ошого өзүңдү даярда.Эгер тамеки тарткандар менен кокус чогуу отуруп калсаң, мага тамеки сунуштабагыла деп эскерт.Ичкиликти болсо таптакыр ташта.Кофейин аралашкан суусундуктардан алыс болуп, анын ордуна жемиш ширелеринен ичкенге өзүңдү көндүр. Тамагың,оозуң ,мурунуң кургабаш үчүн көбүрөөк суюктук ич.
-Эрте менен тургандагы адаттарыңды өзгөрт, мурда уйкудан турар замат тамеки тарткан болсоң, эми жуунгун же таза абага чурка.
-Адатта тамактан кийин тартчу болсоң, анын ордуна момпосуй таттуулардан же, же тишиңди жуу, же досторуңа телефон чалып сүйлөш, китеп оку.Кыскасы өзүңдү алаксыт.
-Айрыкча уйкудан мурун кээ бир көнүгүүлөрдү жасаганды адат кыл.
Батышта тамекиге каршы көптөгөн акчаларды коротуп, ар кандай дарыларды изилдеп чыгууда.
Батыштын илимдүүлөрү тамекиге каршы канчалаган эскертүүлөрдү берип, миллиарддаган акча коротуп жатышат, бирок пайдасыз.
Ислам болсо башталгандан эле бул нерсени дарылаган.Эң сонун эреже бар өзүңө да өзгөгө да зыян жеткирүү жок.
Момун мусулманга бул балееден кутулууда Кураан, сүннөт жетиштүү болот.Демек ИСЛАМ гана адамзатты жакшылыкка, бактылуулукка чакырат.
Ушул маалыматтардан кийин тамекинин эмне үчүн арам экендиги сага түшүнүктүү болгондур.Эми биз баңгиликтин дагы бир түрү болгон,зыяндуулугу жагынан тамекиден кем калышпаган өзгөчө Кыргызстанда кеңири тараган насвай тууралуу да сөз кылмакчыбыз.
Насвай-Баңгиликтин башатыбы?! !!
Учурда жаштардын арасында кеңири тараган "оокаттардын" бири насвай. Лекция учурунда насвай аткан студенттерди мындай кой, сабак маалында нас "чикать" эткен окуучулардын саны көбөйдү. Кыргызда иши оңоолордун ити чөп жейт деген сөз бар. Улуу сөздө уят жок, насвайдын тооктун кыгынан жасалаарын эске алып, жогорку сөздү азыркыга которо келсек, заманы "оңолоордун" балдары бок жейт болуп жүрбөсүн? Бул баңгиликтин башаты. Жеңил наркотик. Мындан жапа чегип милицияга арыздангандар, ал тургай ден соолугуна зыян таап ооруканага кайрылгандар жок. Андыктан бул маселе мамлекеттин башын оорутпайт. Дегеле бар жогу билинбеген нерсе. Бирок…
Эл аралык наркобизнестин кол баласы
Насвайчылар тажрыйбасын мектеп курагынан башташат. Мектептин залдарын, класстын полдорун көк-жашылга боёп жаткан балдарын тыя албай педагогдор убара. Энелер балдарынын чөнтөктөрүнөн уйпаланган оокаттарды таап алып урушкандан тажап бүтүштү. Насвайдын жакшы нерсе эместигин педагогдор, ата-энелер билет дечи, бирок бул өнөкөттүн арты эмне менен бүтөөрүн жаш насвайчылар анчейин биле беришпейт. Токсиндерге болгон көз карандылык күчөй берет. Анын курамына айрым учурларда героиндин чаңын да кошуп колдонгон учурлар катталган. Расмий түрдө баңги заттардын катарына кирбеген соң насвайды базарлардан тамеки, семичке сыяктуу эле сатып алууга болот. Айрым амалкөй тың чыкмалар абалдан пайдаланып насвайды бизнеске, жөн эмес, баңги бизнеске айландырууга кызыкдар. Насвай бүгүнкү күндө Орто Азия мамлекеттеринде гана мода эмес. Акыркы мезгилдерде мурдагы СССРдин ар кайсы шаарларында жаштар наркотиктин белгисиз бир түрүн модага айлантышты деген маалыматтар алына баштаган. Учурда Орто Азиянын аймагынан алыс чыгып, чет өлкөлөргө ийгиликтүү экспорттолуп жатат. Бир пакет насвай болжолу 30 дозага барабар. Анын баасы Казакстанда 10 теңге (1АКШ доллары 130теңге) же 10 америка центине тете. Ал эми Кыргызстанда 2 сом же 5 цент. Товар Россияга жеткенде баасы кымбаттап, бир пакети 10дон 100 рубльга чейин жетет же 0.3 тартып 3 АКШ долларына бааланат. Кызыкчылык ушунда жатат. "Грандтабак" табак дистрибьютерлеринин ассоциациясынын маалыматына таянсак 2004-жылдын биринчи жарымында Россия 67 тонна (16.5 миң долларга бааланган) көлөмдөгү насвайды импорттоп алган. Бир кило товардын наркы 15 центтен 1.1 долларга чейин бааланган. Бул бажыда катталган баа, ал эми базарда канчадан сатылаары так белгилүү эмес. Насвай Казакстандан, Кыргызстандан, Тажикстандан да келе баштаган. Орус наркологдорун баасы 1.1 доллар болгон тажик насвайы өзгөчө тынчсыздандырат. Анткени Тажикстан ооган апийимин таркатуу боюнча негизги борбору. Насвай Россиянын дээрлик баардык аймактарында жаштардын жакшы көргөн өнөкөтүнө айланып отурат. Буга эмгек мигранттарынын да салымы бар. "Финансовые известия" басылмасынын маалыматы боюнча Россияга насвайды жалгыз канал -Казакстандык жеке ишкана алып кирет. Бул контрабанда болгондуктан баасы жана көлөмү тууралу маалыматтар жок. Жаштарынын наркотиктин жаңы жеңил түрү менен алектенип баштаганына Украина жана Белоруссия өлкөлөрү да кабатырланууда. Эстониялык ММКлар да жаштарга дискотекаларда насвай сунушталып жатканын кабарлашкан.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#7 12 Июль 2014 - 22:02
Насвай Орто Азияда: өзгөчө Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан, Авганистан мамлекеттеринде жана Кытайдын батыш тарабында кеңири таркалган десек жаңылышпайбыз. Насвайды Орто Азиялык цыган (лөлү) улутундагылар жасап таркатышкан. Насвайдын белгилүү болгон Ташкент, Анжиян, Фергана жана башка түрлөрү бар. Ар бири өзүнчө технология менен жасалат. Мындан сырткары жасалыш ыкмаларына карата жергиликтүү сорттор да кездешет. Илгери өсүмдүктөн жасап келишкен. Бүгүн болсо негизги компонентин махорка, акиташ, айрым өсүмдүктөрдүн уругу жана төөнүн же тооктун кыгы, айрым учурларда май колдонулат. Даамын,жытын өзгөртүү үчүн ар кандай жыттуу кошулмаларды кошушат. Мурда күкүм бойдон пайдаланып келишкен. Жаңы -майдаланган макарон формасын алууда кадимки эле эт майдалагычты "мясорубканы" колдонушат. Бул массалык колдонуу күчөп, өндүрүүнүн жарым-жартылай фабрикалык жолуна түштү дегенди билдирет. Бул көрүнүштү теске сала турган мыйзам базасы жок. Андыктан аны менен иштешүү мүмкүн эмес. Азыр насвай саткандарга чара көрмөкчүмүн деген милиционер өзү кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эгер насвай баңги заттарынын катарына кире турган болсо, абал түп тамырынан бери өзгөрмөк. Россияда насвайга статус берүү багытында мыйзам долбоору даярдалып, курамын, зыяндуулугун аныктоо үчүн лабароторияларда эксперттер иш алып барууда. Бизде "Мындан башкасы жетишпей жаткансып, кайдагысын таап чыкты" деп айтышаары турган иш. Насвайдын айрыкча жаштар арасындагы масштабы эмнегедир эч кимди тынчсыздандырбайт. Бул багытта Түркмөнстандын тажрыйбасына токтоло кетүү абзел. Түркмөнбашы Ниязовдун 2004 -жылдын 13- августундагы указына ылайык насвай колдонууга министрликтерде, баардык мекеме-ишканаларда, аскер жайларында, окуу жана балдар мекемелеринде, театрда, транспорттун баардык түрлөрүндө, деги койчу, дегеле коомдук жайлардын баарында тыюу салынган. Сатууга шаар чекелериндеги мал базарларда гана уруксат берилген. Коомдук жайда колдонгондорго эки минималдык айлык акы (85 доллар), саткандарга 170 доллар айып тагылган. Кечээ жакында түркмөн бийлиги насвай кургак учук жана рак ооруларына алып келет деп билдирип, насвай колдонууга расмий тыюу салды.
Медицина эмне дейт?
Айрым насвайчылар тамекиден кутулуу үчүн колдоном дешет. Анткени анын быкшыган түтүнү жок, баасы да абдан арзан. Бирок билгенге мунун зыяны абдан чоң. Жөнөкөй эле мисал, тооктун богун жеп алып ууланып өлгөн кой-эчки, тай-торпокторду айылдык ар бир кыргыз билет.
1. Өзбек онкологдорунун маалыматы боюнча, тил, эрин жана ооз көңдөйүнүн рак оорусуна чалдыккандардын 80% насвайчылар.
2. Насвайдын курамында жаныбарлардын кыгы, акиташ болгондуктан ар кандай инфекциялык ооруларга, ошондой эле гепатит вирусуна чалдыгуу коркунучу чоң.
3. Каалаган бир өсүмдүктүн түбүнө чылап туруп тооктун кыгын куйса өсүмдүк күйүп кетээрин ботаниктер жакшы билет, акиташ деле ошол. Врачтардын айтымында адам организми деле ошондой: ооз көңдөйү, ичеги карын жабыркайт. Акыры ашказан жарасы пайда болот.
4. Адистердин айтымында насвай чылым чегүүдөн да зыян. Никотинге болгон көз карандылыкка алып келет
5. Насвайды психотроптук заттарга кошсо болот. Муну колдонгон өспүрүмдүн психикалык өнүгүүсү начарлап, кабыл алуусу, эске тутуусу төмөндөйт.
6. Жаш өспүрүмдөр үчүн насвай атуу тез арада адатка айланып норма болуп калат. Мындан да күчтүүсүн издей баштайт. Баңги заттарын колдонбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.
7. Насвайчылардын айтымында тиштер да катуу жабыркайт.
8. Насвай пародонтоз, кариес сыяктуу жана башка тиш ооруларына алып келет.
Урунаарга жоо таппай турган жаш өспүрүмдөр арасында насвай тууралуу ар түрдүү мифтер айтылып жүрөт. Улуусу кичүүсүнө ушинтип үйрөтөт. "Косяк" кетиргендерин насвай жедирип, жазалаган учурлар да болгон. Бул илдетке каршы күрөшүүнүн учурдагы жалгыз жолу -анын зыянын түшүндүрүү. Мыйзам жаатындагы кемчиликтерден пайдаланган амалкөй замандаштарыбыз жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна жана келечегине балта чаап жатат. Айта кетчү нерсе алар жоктон эмес боктон акча жасаган шумпайлар.
Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып НАША,АПИЙИМ жөнүндө айтпасак Кудай астында да, пенделер астында да күнөө десек жаңылбайбыз.
Наркотиктер (Кумардуу заттар)
Бул аттын алдында аталган заттар көбүнчө апийим өсүмдүгүнөн эки түрдүү жол менен алынат:
1. Апийим өсүмдүгүнүн быша элек чанагын тилгенде бөлүнүп чыккан сүт сымал суюктуктун катырылышы аркылуу алынган апийим сагызынан алынат.
2. Бышкан чанактын куураган калдыктарынан алынат.
Апийим
Өсүмдүгүнүн
Чанагынан алынгандар:
1. Апийим
2. Морфий
3. Кодеин
4.Тебаин
5. Гидроморфий (dilaudid) (Жарым синтетикалык)
6. Героин (Жарым синтетикалык)
Меперидин менен метадон болсо,синтетика түрүндө лабораторияларда синтезделип алынган наркотиктерден болуп саналат.Метадон өзгөчө героинден дарылоодо героинге караганда зыяны азыраак болгондугу эске алынып пайдаланылат.
Наркотиктер оору басуучу жана уйку келтирүүчү зат катары да маалым.Айталы, морфий катуу оору жараткан рак оорусунда врачтын көзөмөлү алдында оору басуучу катары берилет.Кодеин болсо жөтөлдү басуучу зат катары таанымал
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#8 12 Июль 2014 - 22:03
Билдирүүнү түзөткөн: Muslimka_Muslimka: 12 Июль 2014 - 22:04
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#9 12 Июль 2014 - 22:05
Билдирүүнү түзөткөн: Muslimka_Muslimka: 12 Июль 2014 - 22:05
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#10 12 Июль 2014 - 22:06
Кыргызстанда азыркы убакта көп колдонулуп жаткан баңги заттардын бири. Нашаа дүйнөнүн баардык жеринде болбосо да, басымдуу көпчүлүгүндө өстүрүүгө боло турган кара куурайдын сотосу,жалбырак жана гүлдөрүнөн алынат. Куураган жалбырактарын тамекиге ороп чегүү аны колдонуунун эң тараган жолу. Батышта марихуана аты менен таанылган.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#11 12 Июль 2014 - 22:07
Билдирүүнү түзөткөн: Muslimka_Muslimka: 12 Июль 2014 - 22:08
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#12 12 Июль 2014 - 22:09
Кокаиндин арзан коюулаштырылган бир түрү.Кокаин Героинден да зыяндуу десек крак андан үч эсе дагы зыяндуу.Дем алуу жолу менен соруп алынгандын ордуна,көбүнчө чылымга кошулуп чегилет.Көп колдонгондордо рухий бузукулуктар пайда болот.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#13 12 Июль 2014 - 22:10
Булзат,буудайга өч бир микроорганизмден алынат. Тузсуз, даамсыз, жытсыз зат катары мүнөздөлөт. ЛСД колдонгон кишинин көздөрүнө түрдүү элестер,укмуштай сонун жаркыраган нурлар көрүнөөрү айтылат.Ал ушунчалык күчтүү таасирге ээ зат катары мүнөздөлөт. ЛСДни эң эле аз,микроскоптон гана көрүүгө боло турган өлчөмдө алуу да кишини кайра кайткыс жолго жолдошу ыктымал.Жүргүзүлгөн тажрыйбалар ЛСДнин эң аз дозасы да клеткалардагы тукумдоо менен байланыштуу микроскопикалык түзүлүш болгон хромосомдорду катуу кыйроого учураткандыгын көрсөтөт.Айрыкча кош бойлуу кезинде колдонгон энелерде балдарында түрдүү органдарынын кем болуп төрөлүшүнө алып келет.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#14 12 Июль 2014 - 22:12
Бул типтеги кумарпоздук дегенде айрым жабыштыруучу(клей), боёк, сыр, эмерек лактары, чачка сепкичтердин курамындагы эфир, ацетон, бензин ж.б. сыяктуу учуучу органикалык суюк заттардын дем алуу органдары аркылуу денеге алынышы тууралуу сөз болот.Бул заттар спирт ичимдик ичкендей мас кылат.Айрыкча олуттуу ууланууларга себеп болуп,анын арты өлүм менен аякташы мүмкүн.
Жогорудагыларды колдонгон кишилерде мейкиндик, мезгил, киши жана ар кандай заттарды таануу, айрып билүү жөндөмдүүлүгү бузулат.Көрүнүштөр болгонунан чоң же кичине көрүнөт. Координациясы начардайт.Ошондуктан жол кырсыктарына себеп болот.
Колдонгон кишилер колдонгон учурда жүрөктүн кагышы, тамырдын согушу артат. Коронардык артериясында оорусу бар кишилерде инфаркка алып барышы мүмкүн.Көп жылдардан бери пайдаланган кишилердин дем алуу жолдорунда ооруларды пайда кылат.
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#15 12 Июль 2014 - 22:14
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#16 12 Июль 2014 - 22:18
#17 12 Июль 2014 - 22:32
Zamirbek.kg (12 Июль 2014 - 22:18) жазган:
Ат десе Төө дейсизда . Бул жакта ЗЫЯН экени жазылып туратго. Өзүңүзгө мындай нерсени каалабасаңыз керек
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#18 12 Июль 2014 - 23:40
Насывайды арам деп укканмын.Тажик озбектер чексинда насти анан баткендиктер куудулдар айткандай чай ичкени олтурса дасторкондун четине нас тогуп алат дегенго
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#19 13 Июль 2014 - 00:17
#20 13 Июль 2014 - 00:20