Адам Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 670 (0,12 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Оюн, күлкү, тамаша (142 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 26 Ноябрь 09
- Кароолор:
- 65 364
- Соңку аракети
- 31 Май 2024 03:12
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Декабрь 31
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Жер эне
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
beytaanysh
03 Июн 2024 - 00:44 -
Sweet-Lika
23 Июл 2021 - 14:15 -
KAPAGAT
18 Окт 2020 - 04:31 -
Pankration_MMA
02 Окт 2020 - 18:19 -
Bluetooth
01 Июн 2020 - 16:19
Мен ачкан темалар
-
Кыргызстанда орусча сүйлөөгө милдеттүү эмессиң
Жазылган күн: 25 Июн 2015
Эскертүү: Кыргыз тилин сыйлабагандар эч нерсе жазбай эле койгула.
Мамлекеттик тил, расмий тил деп башты оорутушту. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы (жана азырга чейинки) мамлекет башчыларынын алсыз эркинен, же эркинин жоктугунан ушул абал жаралды деп эсептейм.
***
Өзүмдүн жеке тажрыйбамдан.
***
Бир мамлекеттик кызматкер расмий тилде сүйлөө "укугуна" жамынып, орусча өз оюн жеткиликтүү билдире албаган жаранга "орусча сүйлө, кыргызча түшүнбөйм" деп басынтып жатат.
***
Дагы бир жаран келип алып, "мен кыргызча түшүнбөйм. Ошондуктан өзүм түшүнө алган орус тилинде маалымат алууга "укугум" бар" деп орусча жакшы билбеген мамлекеттик кызматкерди кемсинтип, шылдыңдап жатат.
***
Эми суроо:
Эмне үчүн бир жаран өзү жакшы түшүнгөн кыргыз тилинде маалымат алууга укугу жок? Эмнеге ал жагалданып/ кыйналып орусча сүйлөшү керек?
***
Эмне үчүн бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилинде кызмат көрсөтүү укугу жок?
***
Эмнеге кыргыздар башкалардай болуп (керек болсо ӨЗ МЕКЕНИНДЕ) өз тилинде маалымат алуу/малымат берүү укугун талап кылбайт?
Эскертүү: Кыргыз тилин сыйлабагандар эч нерсе жазбай эле койгула.