_Jalgyzym_ Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 908 (0,51 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (343 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 09 Январь 20
- Кароолор:
- 132 188
- Соңку аракети
- 10 Окт 2023 19:25
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 32 жашта
- Туулган күнү:
- Июль 7, 1992
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Гость
13 Окт 2023 - 15:56 -
NazDana18
10 Фев 2022 - 21:47 -
Mariyam.70
22 Янв 2022 - 15:51 -
freedom11
14 Янв 2022 - 11:09 -
mukhammad
25 Сен 2021 - 02:27 -
Nostalgia
30 Июл 2021 - 13:12 -
briliant87
23 Июл 2021 - 01:12 -
jindirak
20 Июл 2021 - 12:45 -
ShaKe11
20 Июн 2021 - 14:38 -
Luna7
20 Июн 2021 - 14:04
Мен ачкан темалар
-
Биздин гана дүйнө...
Жазылган күн: 10 Окт 2023
#Биздин гана дүйнө...
1-БӨЛҮМҮ...
Автор: Жалгызым(Назик). .
—Сен жылдыз болосуң! Асмандагы эң жарык жылдыз сен!
—Менин ишеничим сенсиң!
—Сенин жашооң башка!
—Алдыдагы кароо сынакты гана ойлон!
Эдем караңгы бөлмөсүнүн бурчунда эки колу менен кулагын жаап алып олтурду. Уккусу келбеген, тагыраагы уга берип тажаган заар үн ансайын күчөп, бийиктеп жаткандай. Бул сөздөр кулак түбүнөн эмес, Эдемдин ичинен, мээсинен, а балким жүрөгүнөн жаңырып жатты. Канчалык уккусу келбей кулактарын жапырт жаап алса да ал үн кеткен жок. Ага кошул ташыл болуп бир убакта көз алдына балалыктын эски элестери чууруп келе баштады. Балалык демекчи Эдем ал күндөрүн балалык деп деле айта албайт. Бала болуп чуркап ойноп же куурчак көтөрбөптүр. Качан көрбө чачын төбөсүнө байлап машыгуу залында жүргөн болот. Күнүнүн бүт бөлүгү жалаң күзгү менен айланта кооздолгон, жарык, аппак бөлмөнүн ичинде өтөт. Мээсине "машыгуу, машыгуу жана машыгуу"- деген апасынын сөздөрү сиңип калган. Апасы "сен аял болосуң, сен деген бактылуу болосуң, сен убагы келгенде өзүңдүн жарыңды таап бактылуу жашоо кечиресиң" - деп саамайынан сылап өстүргөн жок. Атүгүл тизесине башын коюп жатканын да эстей албайт. Ал "сенин дүйнөгө келген миссияң бөлөк! Сенин милдетиң жылдыз болуу, менин жолумду улоо!" - деп уктурду. Кулагына, мээсине ушул гана сөздөрдү сиңирди.
Дилкумар Асановна! Өлкөгө белгилүү бийчи, көркөм гимнастика боюнча Азиянын бир нече жолку чемпиону. Мамлекетке бир топ эле утуштары менен пайда алып келген,желегибизди көп өлкөнүн арасында бийик көтөрүп желбиретип келген айым. Келишимдүү дене мүчөсү, суйкайган жүзү, аккуудай созулган мойну... Аны эл арасында экинчи Таттыбүбү деп коюшчу. Дилкумар бүт өмүрүн, керек болсо өзүн да сахнага арнап койгон. Жашоосун, аялдык бакытын, энелик парзын ушул сахнага байлады. Үйүндөгү коломтосунун отун, күйөөсүнүн мээримин, атүгүл кызынын бактылуу балалыгын да элдердин шатырата кол чаап сүрөгөнүнө, өзүнө суктана караган каректерине, атактуулукка алмаштырды. Сынакта биринчи орунду алып желек желбиреп,гимн жаңыргандагы сезим үчүн баарын курмандыкка чалган. Көрсө бул башкача азарт, кумар окшобойбу? Ошону менен гана токтоп калсачы. Атактуулуктун азарты ошончо күчтүү белем же баш тартуу кыйынга турдубу Дилкумар токтогон жок. Көпчүлүк эле билгендей гимнастика, бий дүйнөсүндө жаштык чоң рол ойнойт эмеспи? Ал муну өтө жакшы түшүнчү. Бир күн келип өзү бул бийиктиктен түшүүгө туура келерин эң жакшы билчү. Атүгүл ошол күнгө даярданып келген. Ордун эч ким басуусун каалаган жок. Өзүндөгү атактуулукту, даңкты башка бирөөгө ыраа көрбөй турду. Дилкумар баарын алдын алып жалгыз кызынын жашоосун башкара баштаган. Эдемди үч жашынан көркөм гимнастикага берсе, жети жашынан башка бий ийримдерине катыштыра баштады. Эдем балалыктын башкача доору бар экенин билбей чоңойду. Тагыраагы балалык десе башка адамдардай акылына көчө чаңытып ойногон элестер эмес, тескерисинче өзүнүн сааттап машыгуу залында жүргөн күндөрү, буттары кечке машыгуудан ооруп зыркырап ыйлап чыккан түндөрү келет. Эдемди апасы башкача тарбиялады. "Сен жылдызсың! " - деген сөздү күнүнө кеминде жүз ирет укчу. Адамга тике караган курч каректери, тайманбастыгы, башын бийик көтөрүп башкаларды теңсинбей караганы да ошол тарбиянын натыйжасы.
Беш жашынан кыз чоң сахнага кадам койгон. Жеткинчектер арасында уюштурулган кароо - сынактарда Эдем ар дайым биринчиликти алат. Мейли көркөм гимнастика, мейли бий. Бүт жагынан алдыңкы гана орунда жүргөн. Ал ансайын Дилкумардын дымагы көтөрүлө кубанып, андан бетер текеберлиги күчөйт. Эми анын оюнда Эдем Кыргызстанды гана эмес, бүтүн дүйнөнү багынтуу керек деген максат турду. Бул планды ойлоп алган аялдын көздөрү болуп көрбөгөндөй жайнап тим эле бакыттан жүзү кулпуруп чыкты. Бирок бир нерсе ошол убакта оюна келген жок. Ал Эдемдин сезими менен эсептешкенди, кызынын каалоосун анын кызыгуусун сураганды таптакыр унутту. Кызы апасынын колунда атактуулугун улантууга, өз наамын сактап калууга керек курал гана болуп баратты.
—Мама мен чарчадым, - эрте мененки тамакка отурганда колундагы кашыкты кармалаган Эдем көңүлсүз унчукту.
—Эмне? Чарчадың? - Дилкумар ары карап жасап жаткан жумушун таштап кызынын алдына келип көздөрүнө карады. Наристенин топтоголок кара карегинде мөлтүрөгөн, мына кулап түшүүгө даяр тамчыны көрдү. Чын эле чарчаганы көздөрүнөн билинет. Жаш баланын көзүндөй шоктонуп турбай муңдуу тарткан каректер. Апасынын тике караган жаалдуу көзүнөн сестенип колундагы кашыгын кармалап алды. Муну сезди Дилкумар. Кипкичине быйтыйган колдору менен кашыгын кармалап аткан кызын аяп кетти. Бооруна алып кучактагысы келди. Ушул бир саамда тээ жүрөк түпкүрүндөгү энелик сезими тыз эте ойгонду. Бирок... Шарт башын чулгуп алган аял ары карап көзүнүн кычыгына келген жашты шашыла сүртүп ийди да катуу сүйлөдү.
—Азыр чарчай турган убак эмес!
Баягы текебердиги, өзүмчүлдүгү баары бир үстөмдүк кылды.
—Эдем сен мага рахмат айтасың! Ишенип кой. Сенин келечегиң үчүн мунун баары.
Эдем апасынын бул сөздөрүн уккан жок, чынында уккусу келбегендир. Укканда эмне,күндө уккан баягы эле сөздөрү. Көңүлсүз тамагын ичип ордунан туруп кетти. Жети жаштагы бала үчүн мындай сүйлөшүү, мындай мамиле өтө эле оор болчу. Эдем жаш бала болгон жок. Ал эсин тааныганы чоң адамдарга аралашты, алардын жашоосун көрдү.
Кыз жашы жетиге толгондо апасы менен атасы эки ажырым жолго түшүштү. Анын себеби Дилкумар Москвага кетебиз деп чыгарган чечими болчу. Ал эми атасы университетте сабак берет.
—Сага эмне жетишпей жатат Диля?
—Көп нерсе! Сен ушул арзыбаган маянаңа канаат кылып жашай бер! Биздин жолубуз болсо башка! - деген аял кийимдерин чемоданга салыштырып жатып сүйлөп жатты
—Кызды кыйнабачы эч дегенде, - деди күйөөсү чарчаңкы.
—Кыйналган жок. Кийин мага рахмат айтат Эдем. Мунун баары анын келечеги үчүн. Бул кичине өлкөдө өсө албайт. Эдем чоң арена үчүн жаралган. Бул жерде өсүүгө эч кандай шарт жок.
—Дилкумар. Жоок, мунун баары сенин өзүңдүн жеке кызыкчылыгың үчүн. Кызыңдын каалоосун сурадыңбы сен? Бир жолу анын айтканын кылдыңбы? Уктуңбу? Сүйлөштүңбү?
—Канат?! Бул сөздөрүңдү студенттериңе айтасың! Кызым ар дайым мени менен, андыктан ага эмне жакшы болоорун мен гана жакшы билем!
Дилкумар күйөөсүн уккан жок. Кийимдерин жыйнап эшик оозунда көзү жашылданып турган кызын ээрчитип таксиге түшүп кете берди. Канат болсо аны азыр токтотуп калуу пайдасыз экенин эң жакшы билчү. Ал Дилкумар менен жашаган бул жылдар аралыгында аялынын кыялын беш колдой билип бүткөн эле. Аялы өз кызыкчылыгы үчүн, өзү үчүн баарын курмандыкка чалууга даяр эле.
Уландысы бар... -
Жүрөгүм...
Жазылган күн: 28 Фев 2021
"Жүрөгүм.. ."
Автор: Жалгызым(Назик). ..
Уңулдап чыккан үнүн жаңыртып тез жардамдын унаасы Чикаго шаарынын көчөлөрүндө зымырап баратты. Ичинде болсо көзүнүн жашын он талаа кылып ыйлаган Кызгалдак. Колдору менен кошо кийген апакай көйнөгү, жүзү да канга боёлгон. Узун болуп жаткан жигиттин колдорун бекем кармап алып жалбарып бара жатат.
-Суранам өлбө! Өлбөчү жаным?! Сен өлбөшүң керек! Медер! Медерим?!
-Сактап калгыла?! Суранааам?! - жанындагы тез жардам кызматкерлерге үмүттүү карап англис тилинде жалдырап жатты. Алар болсо кудум Кызгалдакты укпагандай өз жумуштары менен алек. Аңгыча аппак мончоктор менен кооздолгон чакан сумкасындагы телефону чырылдап жатты.
Кан болгон колдору менен телефонду алып кулагына такады.
-Апаа?! Апааааа... - көз жаштары куюлган абалында аптыгып оозуна башка сөз келген жок.
-Кызгалдак? Алло? Эмне болду? - телефондун ары жагынан жаңырган аялдын үнү да саналуу угулду.
-Биз.. мен.. Медерди ооруканага алып бара жатабыз. Төртүнчү госпитал, - дегенде ары жактан да чаңырган үнгө удаа ызылдаган үндөр угулуп байланыш үзүлдү.
Ооруканага жетип жигитти каталка менен сүйрөп кирип бара жатышты. Медердин колдорун кармаган Кызгалдак энтигип жанында келе жатат.
-Медер мен сени менен! Таштай көрбө мени?! Сен күчтүүсүң! Жаным Медерим! Ичкери киришкенде эле Медердин апасы менен атасы тосуп алды буларды. Кызгалдактын абалын көрүп Чүрөк эстен тана жаздады.
-Силерге болбойт бул жака! - деген медайым операция жасалчу бөлмөнүн оозунан Кызгалдакты токтотту.
-Медееер?! Медерим!
Артынан чуркап келген Чүрөк ичкериге жүткүндү эле кармап калышты.
-Апааа...
-Эмне болдуңар деги?
-Апа.. биз билбейм. Көз алдымда болду. Медерди тебелеп өтүп кетпедиби... - Кызгалдак сөзүнүн акырына жетпей ыйлап жиберди. Чүрөк ошол жерде теңселе калды эле аны да, Кызгалдакты да өзүнчө палатага алышып экөөнө тең тынчтандыруучу укол жасашты.
-Менин назик Кызгалдагым! Гүлүм...
-Ушинтпечи.. .
-Эмне андай эмеспи?
-Ысымым өзүмө жакпайт. Эмнеге мынтип коюшту экен?
-Мага жагат. Кызгалдагымсың менин! - деген Медер адатынча кыздын чачтарын уйпалап жиберди.
-Эээй!
Кызгалдак чоочуп ойгонду. Аппак бөлмөдө колуна асма укол сайылып жаткан экен. Алгач кайжерде экенине акылы жетпей турду да, бир нече убакыт мурун көз алдында болуп өткөн кандуу окуя эсине түшүп керебеттен атып турду. Колундагы уколду сууруп алып, чуркамакчы болду эле негедир буттарынан ал кетип шалдырайт. Бирок ага карабай эле эшике карай жүткүнүп баратты. Мына эшике жетип аны ачты. Узун аппак коридор. Ары бери өткөн ооруканын кызматкерлери. Дубалды кармап эс мас абалда басып баратты. Медерди алып кирген реанимациянын эшигине жете берерде ал жерде топтошкон өздөрүнүн досторун көрдү. Баары жасанып алышканч бирок көздөрү жашка толуп турушат.
-Кызгалдак! - деди бери чуркаган досу Элиза.
-Медер кандай?
Өзү араң турса да сүйгөнүн сурады.
-Операция бүтө элек...
-Өлбөйт! Өлбөшү керек! Өлбөөө дейм!
Кызгалдак жерге олтура калып кыйкырып жиберди.
-Доктор, докторду чакыргыла!
-Жоок! Уктатпагыла мени! Кереги жок! Уктабайм мен! - Кызгалдак ансайын кыйкырып жатты. Тапырап келген эки үч медайымга кошулуп доктор Кызгалдактын колуна укол жасашты.
-Өлбө Медер...суранам. - кыздын көздөрү аңтарылып баратты.
Аппак булуттар. Өзү да апакай көйнөк кийип чачына гүлдөрдү тагып алыптыр. Тигине Медер турат. Ал да аппак кийинип алган. Кучагы толо кызгалдак.
-Сен кайдан таптың бул жактан буларды? - деди кыздын көздөрү жайнап.
-Сен үчүн таптым жаным!
-Соонун рахмат.
-Кызгалдагым!
-Ооу?
-Мен сени сүйөм унутпа э?
-Ыкы, унутпайм. - деди Кызгалдак жер тиктеп.
-Сенчи? - деп башын көтөргөндө Медер жанында жок болуп калды.
-Медееер? Медееер дейм?
Аңгыча эле "кыыыыйч" - эткен катуу үндөн селт этти. Караса кыпкызыл канга боёлуп Медер жерде жатыптыр.
-Ааааа! - чуркап жеткен Кызгалдак жигиттин көкүрөгүнө жармаша ыйлап жатты.
-Кызгалдагым! Мен бул жактамын!
Жерде жаткан денесинен бөлүнүп турган дагы бир Медер ары жакта аппак кийинип жылмайып кызды карап туруптур.
-Сен...сен, - деген кыз ордунан туруп ошол жака чуркап баратып ойгонуп кетти.
Караңгы болуп, күңүрт тарткан бөлмөдө жалгыз жатыптыр. Дагы ордунан туруп чуркап жөнөдү. Эшике жете берерди Элиза кирип келди.
-Медер! Операция?
-Бүттү, ал комада, - деди Элиза көзүнөн жаштары агып.
-Өлбөйт Медер! Өлбөйт!
Кызгалдак ушул сөздү кайталай берди.
********
-Алло?
-Уйкучу гүлүм менин кутман таң!
-Жөөнчүү, неге чалдың? - деди кыз уйкусураган үн менен эркелей.
-Чунак кыз бүгүн экөөбүз үчүн маанилүү күн, кантип уктап жатасың сен?
-Эмне күн экен?
-Биздин тоюбуз болчу күн! - жигиттин үнү шаңдуу чыкты.
-Мен ойлонуп бүтпөдүм толук.
-Даярдааан, мен эки сааттан соң сага барам.
Телефонду койгон Кызгалдак бактылуу жылмайып алды. Маңдайында апакай үлпөт көйнөгү илинип турат. Атайы Медер экөө барып тандашкан. Андай деле парпырап көрктүү эмес. Бирок экөөнө тең көргөндө эле жаккан үчүн алышкан.
-Уйкучу кызгалдак тур эми! - деген курбусу Элиза кирип келди.
-Сен да ушинтпечи.
-Бол эми, сенин чачыңды да жасалгалоом керек. Анан сулуу кылып жүзүңдү боёшум керек.
-Жок,кереги жок. Мен боёксуз эле.
-Ооба, сен боёксуз эле сулуусуң.
Эки курбу кыткылыктап жатып даярданышты. Медер менен Кызгалдактын тою окууларына байланыштуу чет өлкөдө болуп жатат. Экөө мектеп убагынан бери чогуу жүрүп эгиз козудай ээрчишип чоң окууга да бирге өтүшкөн. Кийин чет өлкөгө атайын келишимдин негизинде экөө тең окууга өтүп, бул жакта жашап калышты. Көп жылдардан кийин ата энелердин уруксаатын алып мынтип эми баш кошкону жатышат. Бул жака ата энелерди гана чакырып чакан үлпөт өткөрүп, чоң тойду Кыргызстанда өткөрүүнү пландашты.
Эшиктин коңгуроосу басылды.
-Мына Медер келди.
-Аябай эле пунктуальный да болочок күйөөң. Кыргызга окшоп кечигүүнү билбейт. - деди Элиза тамашалап эшикти ачып жатып.
-Кана менин Кызгалдагым? - деген Медер жадырап кирип келди.
-Мына мен, - Кызгалдак апакай көйнөгүн кийип чуркап чыкты.
-Оооуу сен кызгадак эмес, аппак гүлкайыр болуп кеткенсиң го?
-Жөнөгүлө эми батыраак эркелешпей.
Экөө колтукташып чыгып кетишти. Бир ай мурун Чикагодогу атайын элчиликке таштаган арыздын негизинде бүгүн барышып үйлөнгөндүгү тууралуу күбөлүктөрүн алышты да, атайын мечитке барып нике кыйдырып чыгышты.
-Эми сен бүтүндөй мендиксиң гүлүм! - деди жигит кыздын саамайынан искеп.
-Бактылуусуңбу?
-Аябай...
-Сүйөм дечи?
-Сүйөм!
Экөө шыбырап сүйлөп жатышты.
Колдорун бекем кармап алышып шаар айланып жүрүшкөн. Сейил бактан чыга берерди чоң жолдун аркы бетинде Кызгалдак жакшы көргөн таттуу сатылып жатканын көрүп Медер Кызгалдыкты кучактады да:
-Азыр келем! - деди жубайынын жүзүнөн сүйүп.
-Токтотчу, - кыз негедир кыйылып колдорун коё бергиси келген жок.
-Жегим келген жок.
-Сен жакшы көрөсүң го? Азыр бат эле.
Медер чуркап кетти.
Таттууну алып кайра жолдон өтүп келе жаткан, аңгыча жарыша келген эки унаанын бири жолдон учуп чыгып дал Медерди басып өтүп кетип сүрүлүп барып токтоду. Мунун баары Кызгалдактын көз алдында болду. Колуна таттуу көтөрүп жылмайып бактылуу келе жаткан Медер көз алдында канга боёлуп жерде жатат.
-Ааааааа!! !
Чаңыраган кыз ошол тарапка чуркады. Жетип келип эле Медерге жармашты.
-Медееер!
Жигиттин көздөрү аңтарылып бараткан экен.
-Жоооок! Жооооок!
Топтоло калган эл ызылдап тез жардам чакырышты. Канча убакыт өткөнү белгисиз бир убакта барып тез жардам келди.... -
Түн түшкөн өмүр...
Жазылган күн: 8 Фев 2021
"Түн түшкөн өмүр..."
Автор: Жалгызым(Назик). ..
Автордон...
Адам баласы тээ түйүлдүк болуп энесинин курсагында жаралганда эле анын тагдыры чечилет деп айтылат. Канча өмүр сүрүп, жашоосунун кай бурулушунда кимдерге кабылаарынан бери алдын ала жазылып коёт дешет. Жашоо жолубузда не деген тагдырларды көрөбүз да, кандай деген адамдар менен кайчылаш өтөбүз? Кээ бири бизге сабак болсо, кай бири арман. Дагы бири жашообузду түркүн түскө боёп кетсе, бири келип аны астын үстүн кылып көтөрө сапырып кетет. Жөн гана жашообузга аралашып, өмүр жолубузда биз менен жүргөнү канча? Ар бир инсан өз жашоо китебинин автору. Китептин калың же жука болгону мааниге ээ эмес, маанилүүсү ал маңыздуу болгонунда. Ошондуктан айтылса керек " узун өмүр сүрүүгө эмес, маңыздуу өмүр сүрүүгө умтул!" - деп.
Бул жолку баяндоочу тагдырдын ээси да көп сыноолорго кабылган. Бул каарманымдын тагдыры кай бирине сабак, дагы бирине жөн гана чыгарма болоор. Бирок ошого карабастан анын баянын колумдан келишинче сиздерге жеткирип берүүгө аракет кылайын...
Катардагы күндөрүмдүн биринде белгисиз профилден социалдык тармактардагы бир баракчама кат келип түштү.
"Кандайсың сиңдим? Сиңдим десем туура болоор, сезишимче менден кичүүсүң. Сенин чыгармаларыңды көптөн бери окуймун. Купулума толот. Сага жазуудан мурун көпкө ойлондум. Анан сен жазган тагдырларды окуп өз тагдырымды баяндап берүүнү туура көрдүм. Негедир ичимдеги бир буулуккан бурганакты сага айтсам жеңилдечүдөй сезилди. Көп сөздөрүңдү мага тааныш, тагыраагы менин ичимдеги арманга үндөштөй туюлат.Мүмкүн болсо айтып берейин..." - деген. Чынында кызыктым, баарлаштык. Бирок каарманым өз тагдырын телефондон эмес, жолугуп көзмө көз баяндап берүүнү туура көрдү. Сунуш киргизди. Көпкө ойлондум. Анан макул болуп жолугушчу жерди болжоп жөнөп калдым. Шаардагы чакан кафе болчу. Киргенимде эле кооз болуп жасалган залдын сол тарабындагы чоң терезе түбүндө олтурган эже колун көтөрдү. Толкундандым, анткени мен биринчи жолу тагдырын жазчу каарманым менен жолугуп жаткам. Эже мени көргөндө бир аз ыңгайсыз боло түштү.
-Назиксиңби?
-Ооба, саламатсызбы?
-Жаш экенсиң, - деди күлүмсүрөп.
-Рахмат...
Эженин маңдайындагы орундуктан орун алдым.
-Кофе?
-Жок, кофе ичпеймин, - дедим.
Жөн гана суусундукка заказ берип олтуруп калдым. Эже болсо кофе... Биз жолуккан кафеде адам аз, анан аябай тынч экен. Атайын сүйлөшүүгө ыңгайлуу деп ушул жерди тандаса керек эже.
Чынында мен да эжени башкача элестеткем. Анткени айткан жашынан бир топ эле жаш көрүнөт экен. Эгер өзү жашын айтпаганда мен ага такыр башка жашты бермекмин. Эжени кандай сүрөттөсөм экен. Көздөрү сулуу, бирок муңдуу. Жүзү абдан жарык, жароокер көрүнөт. Адамдар болот го жүзүн караганда эле жаркыган жазды элестеткен, ошондой көрүндү мага.
-Сени чакырып алып, кайжерден кантип айтаарымды да билбей турам, - деди күлүмсүрөп.
Күлгөндө көздөрү жайнап, баладай болуп бажырайып ансайын сулуу көрүнөт экен. Анан да эженин жүзүндө бир да боёк жок экени таң калтырды. Төгүлгөн каш кирпиги да табийгый. Баары бир табийгый сулуулукка эч нерсе жетпейт окшойт. Ошол үчүн да өзгөчө сулуу көрсөтүп тургандай.
-Сени убара кылганым үчүн кечир.
-Баары жакшы эже, - дедим.
Эже тагдырын башынан баштап баяндоону туура көрдү. Башынан дегенде тээ алыстагы бала күнүнөн тартып ушул күнүнө чейин. Эженин жашоосунун бактылуу күндөрүн айтып жатып, ошол күндөргө кыялы алып учуп, ууртунда болор болбос күлкү уялап айтып жатканын байкадым. Ал эми оор, тагдырынын урунттуу учурларына келгенде шуу эте катуу үшкүрүк тартып, жаркыган кабагы түнөрүп алат...
-Мен абдан жаман адаммын, - деп сөзүн баштады оор улутунуп алган эже.
-Ушунчалык жаманмын. Артымды карап, басып өткөн жолумдагы мен жасаган иштерди мен жасаганыма ишенбей да кетем. Кантип колумдан келди деген суроо кыйнап, ошол учурда баягы азап келет. Бул азапты сөз менен түшүндүрө албайм. Ичтен жеген, ичтен сыздаткан оору... Бул ооруну айыктыруу дарыгерлердин да колунан келбейт. Бул оорунун дарты жок. Сен адамдын абийири соттойт дегенди уктуң беле? - деди мени тике карап.
Ошол убакта эженин көздөрүнөн кандайдыр бир чарасыздыкты, өкүнүүнү окуп турдум. Ушунчалык чарчаңкы тиктеди мени, кудум баарына атүгүл өлүмгө да кайыл адамдай...
-Абийир алдында жооп берүү эмне экенин билесиңби? Анын алдында актануу да пайдасыз. Бул абийир дегениң өзүңдү актоочу миң далилдерди таап келип, жан соога кылганыңа да карабайт. Муну абийир соту дейт. Адам өмүр жолунда кандай гана кылмыш кылбасын ал жазасын алса да, албай көмүскөдө калып кетсе да абийир алдында бөлөк жооп берет... Муну мына мен өз башымдан өткөрүп айтып жатамын!.. .
*******
Ширин күнүгө таң эрте ойгонгондо терезе түбүндө чыркырап сайраган чымчыктардын үнүн көпкө чейин тыңшап жатканды жактырат. Үйдүн капталындагы чоң алма бутагына конуп алышып өзүнчө эле бир хор оркестр тобун элестетет.
-Шириним кызым, тура гой кагылайыным!
Бөлмөгө кире элек жатып жалынып жалбарып келе жаткан чоң энесинин үнүн укканда бактылуу жылмайып алды.
-Энеоууу жата турайынчыыы, - жуурканына ансайын оролуп эркеледи Ширин.
-Кечигесиң садагам!
Энеси ылдый болуп кызынын саамайынан шорулдата жыттап алды. Эки колун керип, денесин созуп чоюлган кыз терезени ачып жибергенде бактагы куштар пырррр эте учуп жөнөштү.
-Качтыңарбыыыы? - терезеге эки колу менен ээгин таяна калган кыз буркурап турган алма гүлүнүн жытын кумарлана жыттап алды да ордунан туруп жөнөдү.
Жуунуп тамактанганы олтурган аны кайра эле энеси кагылып эркелетип жатты.
-Ала гой балам.
Алдына нан менен жаңы тартылган каймакты сунду энеси.
-Бүгүн шаарга барам, апама.
-Мейли балам, анан качан келесиң?
-Эс алууну ал жакта өткөрсөм, жекшемби күнү кечинде келип калам го. Баргым келген жок, бирок апам дагы товарга кетет экен. Инилеримди караганы эч ким жок.
-Ошент балам, апаң да сагынат сени. Кошо жаша десе тигиниси менен батышпай сен да...
- Эне койчу, сени менен эле жашаймын!
-Мектепти бүткөндө чоң окууга өтсөң апаңа барасың кызым.
-Ыкы, апам жер тамга көчөт жакында тиги үйүн мага берсе экөөбүз көчүп барабыз.
-Алда балам ай! Мени ал төрт дубалыңа камап алып не кыласың, мага мына кеңири короомдон өткөн бейиш жер жок, - деген Калипа эне короосун айлантып карап алды.
-Абышкам жашайт бул короонун ар бир бурчунда.
-Энекем менин! - Ширин энесинин жанына өтүп бетинен чопулдатып өөп алды.
-Макул эне кеттим мен.
Бир эки чайдан ууртамыш эткен Ширин шашылып сумкасын көтөрүп жөнөдү.
Аппак көйнөк менен кара юбка боюна жарашып, анын үстүнө келишимдүү келбети көргөн адамды сөзсүз кайра бир каратып алчу. Экиге өрүлгөн көмүрдөй капкара чачтары, кырдач мурду, жазы маңдайы, анан да аппак болуп жүзү туптунук наристеникиндей. Кабагына күн туугансып ар дайым жадырап турат. Ууртуна толгон күлкүсү менен чырайы толгон кареги бир башкача сулуу. ..
Ширин айылда чоң энесинин колунда өскөн. Атасы оор оорудан улам төшөк тартып жатып каза болгон. Шаардагы үйүндө атасынан кийин ээнсиреп жапжалгыз калып кетти. Апасы болсо базарга чыкканы үчүн жумуштап товарга деп кетип, үйгө конуп келип жашачу. Али кичине болсо да акылы ушунчалык зирек эле кыздын, үйүн тазалап, тамагын жасап өзү менен өзү жашай берген. Аз убакыт өткөндө эле апасы башка эркекти жетелеп кирген булардын үйүнө. Апасы эми биз менен жашайт, ата деп кайрыл деп эскертти. Мына ошол адам келгенден Шириндин жашоосу тозоко айлана баштады. Алгач үңкүйүп эле бөлмөсүнөн чыкпаган киши, бир аз убакыт өтүп көнүшүп кеттиби эркин боло баштады. Уялбай эле Шириндин атасынын кийимдерин кийип алчу. Апасы менен кошо жатып, атасынын ордун ээлегенине ансыз да ызааланып жүргөн кыз, атасынын кийимдерин анын үстүндө көргөндө ого бетер ачуусу келди. Урматтуу апалар, чоңдор! Биз балдарды али кичине, эч нерсени түшүнбөйт деп чоң жаңылыштык кетиребиз. А чынында бала кичинекейинен баарын түшүнөт, баарын сезет, баарын жүрөгүнө кабыл алат. Жашооңордогу өзгөрүүнү балаңызга же кызыңызга убагы келгенде айтам деп жүрсөңүз анте көрбөңүз. Бала менен ачык сүйлөшүүгө өтүү керек. Анткени анын бул турмуштун баарын жаңыдан кабылдап, үйрөнүп жаткан аялуу дүйнөсүн уратып алышыңыздар мүмкүн. Сиз убагы келгенде баарын айтам дегиче, бала өз түшүнүгүндө, акылы жетишинче баарын өз алдынча кабылдап алуусу мүмкүн...
Мурун ансыз да жумуштан бошобой кызына анча көңүл бөлө албаган Жийде, тиги күйөөсү келгенден такыр кызын унутту. Кичинесинен эле атасына жакын өскөн кыз, мындай катуу соккуну көтөрө албады. Ичине салып жүрө бергендиктенби балким кусадан, суук тийип сыркоолоп калдыбы белгисиз төшөктөн тура албай жатып калган.
-Ай кыз тур, сабагыңа кечигебиз, сени күтүп турууга алым жок, орунду ачуу керек. - деген Жийде келип кызынын жүзүнө да карабай Шириндин бөлмөсүнүн эшигин ачып босогодон кыйкырды.
-Апаа... - деди ооздорун араң кыбыратып.
-Ширин дейм! Ээк кечиктик, уктай берчи, барбай эле кой! Эшикти илип ал!
Шарактап үйдөн чыгып кетти. Кызы болсо денеси жалындап күйүп, жээкке чыгып калган балыктай араң дем алып жатты. -
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар... (Ayrı bir aşk gökyüzü var ...)
Жазылган күн: 8 Янв 2021
Сүйүүнүн өзүнчө асманы бар... ( Ayrı bir aşk gökyüzü var ...)
Автор: Жалгызым (Назик)...
Туркия.
Анда бул сезим жашап жатканына аз эле болду. Көөдөнүн кытыгылап, өзгөчө бейкуттук, анан ошол эле убакта делөөрүтүп шаштырып жанын тынч алдырбай, бир булуттарга алып учуп, кайра жер менен бастырган ажайып бир керемет сезимге кабылды да калды. Баарын унутту, жашап жаткан жерин, коомун, айланасын, бүткөн ою менен кыялы ошол өлкөдө калып кетти. Жүрөгү менен кошулуп өзү да ошол көздөрү шоктонуп оттой жанган жигиттин туткунуна айланды.
-Хаааят?! Хаяяятт!
Чалкыган деңизди тиктеп, өз ааламында бактылуу болуп бирде кабагы ачыла жайнай түшсө, кайра каштарын жыйрып олуттуу боло калып өзү менен өзү сүйлөшүп турган кыз артынан жанатан кыйкырып жаткан курбусун укчудай эмес. Жанына жетип, колдон тарткылаганда селт этти.
-Зелиха?
-Сен эмне болдуң? - деген курбусу кыздын чекесине колун тийгизди.
-Эч нерсе, - деп улутунуп алды кыз.
-Ооруп калдыңбы?
Көзүнө жаш айланган Хаят башын чайкады.
-Анан?
-Зелиха, мен аны сагынып жатам, - деди негедир ыйламсырап.
-Мына жерим башкача күйүп жатат, - деп алып жүрөк тушун колу менен көрсөттү.
-Ал отко бүтүн денем менен куйкаланып бараткандаймын. ..
-Гүлүм менин! - деген Зелиха кызды бооруна басты.
-Өтүп кетет. Болгону чыда. Сен түшүнүүң керек. Ал менен сен такыр бөлөксүңөр. Дүйнөңөр, жашооңор, жагдайыңар башка. Тилиңер, дилеңер жат...
-Жок, бул өтпөйт. Мага демек айдан түшсүн мага айырмасы жок. Мени азапка салган башка нерсе...
-Эмне?
-Анын да менде көңүлү барбы? Бар болсо неге издебейт? Макул келбесин, неге телефон чалбайт? А эгер көңүлү жок болсо неге ошондо антип жалындуу тиктеди? Неге аяр сүйлөп, жан дүйнөмдү ээледи?
Хаят ызааланган жаш бала энесине арызданып жаткандай Зелиханын көкүрөгүнө башын жөлөп ыйлай берди...
-Тентегим, периштем менин! Ал деген актёр да.
-Жоок, анын мени тиктегени жасалмасыз башкача болчу.
Хаяттын ааламын тозуткан да, ага сүйүү күн желесин тарткан да ошол сезим. Болгону жигит да өзүн сүйдүбү? Ошону биле албай убара. Акылы "сениби? Ал сени эчак унуткан!" - десе, жүрөгү "жоок! Ал да сени сендей сагынып, эңсеп жүрөт!" - деп шыбырап улам өчүп бараткан үмүт отун жандырат. Өзү болсо кай бирине кулак төшөп, кай биринин каалоосун угаарын билбей жаны жанчылып жүргөн чагы.
-Жүрчү, съёмка бар бүгүн.
Зелиха тээ машинанын жанында турган жигит буларга карап колун көтөрүп кол саатын көргөзгөндө кыздын жаштуу көздөрүн аарчып колдон тартып машинага чуркады.
Кечинде төшөгүнө келип баш койгон Хаят телефонун алып ошол клипти кайра көрө баштады. Бул биринчи жолу эмес. Күнүнө жок дегенде 10 ирет кайталап көрөт. Тажабайт. Андагы жигиттин өзүн сүйө тиктеген каректерине чөгүп, кайра эле кыялдары талпынып ошол күндөргө алып учуп бактылуу жылмаят. Колунда телефонду кармап жигит экөөнүн түшкөн сүрөтүн карап уктап калган курбусунун үстүн жапты Зелиха.
-Тентегим менин! - деп алып кыздын чачтарынан сылап чыгып кетти.
Ашканага өтүп телефонун алып чыгып, өзү билген номерге байланышка чыкты узак кеткен гудоктон соң "Алло?" - деген шаңдуу үн жооп берди.
*********
Кыргызстан.
Жигиттин ойлуу тартып, бушайманга түшкөн кабагын телефонго келген чалуу жарк эттире ачып жиберди. Тааныш номер. Жүрөгү дүкүлдөп алды.
-Алло? - деди шашылып.
-Мен Зелиха.
-Угуп жатамын.
Жигиттин үнүндө кубануу менен биргеликте толкундоо да жаткан. Жигиттин телефондон ары жагында энтиге дем алып жатканын эле муну туйуп турду Зелиха. "Тентек! Сүйөт турбайбы бул дагы!" - деди ичинде бир эсе кубанса, кайра алдыдагы түйшүктүү келечекти сезип кайгыргандай.
-Ал кыйналып кетти, келбесең болбойт, - деди үн бош чыгарып чарчаңкы.
-Сөзсүз барам! Эртең эле барам!
Алдастап шашкан жигит ушуларды сүйлөп жатты.
-Макул, күтөбүз.
-Рахмат, рахмат сага Зелиха!
-Бул ишим үчүн, көп өкүнөөрүмдү билем... - деген кыз телефонду коюп салды.
-Хаят! Хаятым менин! - деген жигит кудуңдап өзүнө өзү батпай сүйлөнө берди. Ушунча күндөн бери өзүнө ортоктош болуп, сырдашына айланган түндүн өтмөгү тозок эми. Кайра кайра телефондогу Хаяттын сүрөтүнө тигилет.
Таңга маал жумушуна келген Жанар досунун оозу кулагына жетип, өзүн эшик алдында күтүп турганын көрүп таң калды.
-Сен кайдан?
-Сага келдим мен!
-Көрдүм, мындай эрте келүүңө эмне себеп?
-Мен кетип жатам!
-Кайда?
Эшикке жетип аны ачкыч менен бурап жаткан Жанар токтоп калып досун карады.
-Стамбулга!
-Акылыңдан ажырадыңбы? - деди да эшикти ачып ичкери кирип кетти. Артынан кирген досу дагы эле шаңдуу сүйлөп жатты.
-Билбейм, ажырасам ажырагандырмын. Эмне болуптур?
-Эй сен ким үчүн баратканыңды унутпа! - деди Жанар ачкычты стол үстүнө ыргыта креслого олтуруп жатып.
-Хаят үчүн!
-Өмүр?! - деди Жанар ачуусу менен кыйкырып.
-Сен акылыңды жыйчы! Болбогон нерсени ушунчасында жыйыштыр! Сен барганда эле ал жадырап тосуп алмакпы?
-Зелиха чалды. Хаят кыйналып...
-Макул, ал да сүйөт сени дейли анан? Мындан экөөңөргө тең пайда жок! Баары бир келечегиңер бир болбогон соң не кыласың кызды кыйнап?
-Бир болот көрөсүң! - деди Өмүр көктүгүнө салып.
-Сен бир жагдайды унуттуң көрүнөт баатыр!
-Ооба, улутубуз эки башка, тилибиз бөлөк. Бирок биздин жан дүйнөбүз, жомогубуз, сүйүүбүз бир да.
-Айдайчы? Аны эмне кылмакчысың?
Жанардын бул сөзүнөн соң ортодо жымжырттык өкүм сүрдү. Чын эле жогорудагы сыноолорго караганда Айдай бул үчүн чоң көйгөй. Өмүрдү кыйноого салып жанын эзген маселе да мына ушунда.
-Билбейм, - деди чечкинсиз.
-Бил! Билишиң керек! Сен бирөөгө үмүт байлап берип анан аны жарым жолдо таштап кете албайсың!
-Мен Хаятты сүйөм!
-Убагында Айдады ушундай дегенсиң! - деди досу Өмүрдү сынай карап.
-Ооба, бирок Хаятты мен такыр башкача сүйдүм. Жөн эле, сүйдүм да калдым. Арбалдым. Багындым. Оргуштап, жалындап турган жүрөгүм анын көздөрүн көргөндө ушундай тынч алат. Мелтилдеп аккан булактай мемирейт. Ал башкача, такыр башкача.
-Албетте башкача! Ал деген Хаят, түрк кызы! - деди Жанар баса белгилеп.
-Жөнчү, кыскасы ошол бүгүн түш ченде учуп кетем.
-Өмүр! Толо съёмкалар бар! Интервью...
-Баарын токтот!
-Тентек!
-Айдайга да эч нерсе дебе, баарын келип өзүм түшүндүрөм.
-Албетте түшүнсө, - деди Жанар дагы эле ачуусу таркай электей.
-Түшүнөт, чарасы жок башка....
Түркия...
Саат түштөн өтүп, шам түшүп калса да Хаят төшөгүнөн козголбой жата берди. Бөлмөсүнө кирген Зелиха терезеге тартылган оор пардаларды ачканда башын жуурканга катып алды кыз.
-Зелихаа менин тургум келбейт!
-Мажбурсуң!
Хаятка жакын келип колдон тартты.
-Жайыма койчу! - деген кыз колун силкип алып кайра төшөгүнө кулады.
-Өзүңдөн көр, анан мага таарынып жүрбө. - деген Зелиха чыгып кетти. Бир аздан соң эшик коңгуроосу басылды. Токтоочудай эмес.
-Зелихаааа?! !
Хаят жаткан ордунда кыйкырды.
-Зелиха дейм ач эшикти!
-Мен душтамыын! Ачып койчу, тамак заказ кылгам! - деген Зелиханын үнүн укканда ордунан козголду кыз. Үстүнө халатын кийип, чачтарын чала оңдомуш этип эшиккк жетип ачты. Ачты да катты. Көздөрүн чоң ,чоң ачып ирмегилеп жиберди. Анткени маңдайында өзүн жылмайып тиктеп Өмүр турган. Кыз эмне кылаарын билбей эшикти кайра жаба салды. Түшү же өңү экенине акылы жетпейт. Аңгыча кайра дагы коңгуроо. Чуркап жуунучу бөлмөгө жетти.
-Зелихаа! Ач боол, батыраак!
-Эмне болду? - деген курбусу жай чыгып келе жатты.
-Сен, сен жуунган жок белең?
-Жок, сени турсун деп.
-Баарын сен кылдыңбы?
-Эмнени?
-Эшик алдында Өмүр турат.
Дагы коңгуроо басылды.
-Баар ач, мен.. мен үстүмдү которуп алайын..
Хаят шашкан бойдон бөлмөсүнө чуркады.
Конок бөлмөсүндө үчөө маңдайлаш олтурушат. Хаят колдору менен көзүн Өмүрдөн бекитип уялып жатты. Ал ансайын жигит муну кадала карап жыргап олтурат.
-Экөөңө котормочунун кереги жок, Өмүр сен билесиң да биздин тилди.
-Сен кайда? - деди шашкан Хаят.
-Сүйүктүүм менин. Менин бир канча жолугушууларым бар! Кеч көрүшөбүз, - деген Зелиха сумкасын көтөрүп чыгып кетти.
Ортодо үнсүздүк. Көзүнүн кыры менен жигитти тиктесе дагы эле өзүн жылмайып карап турган экен.
-Тиктебе антип! - деди Хаят.
-Сагындым да!
Кыз эриндерин тиштегилеп тим болду. Бир эсе эрте мененки абалы менен көрүнгөнүнөн уялып жатса, экинчиси толкундоо, сүйүнүч бүт денесин апкаарытып жиберди.
-Айланабыз! - деди жигит бир убакта Хаятка колун сунуп.
Шарпылдап толкуну бой бербей өзүн жээкке уруп, кайра артка тартылып жаткан деңизди бойлоп басып баратышты. Колдорун бекем кармап алышкан. Экөө тең үнсүз, сөзсүз түшүнүштү дилдеги сагынычтарын. Көөдөндөгү көлкүп ташкан сүйүүлөрүн. Мындай сүйүү, мындай мамиле,мынчалык үнсүз түшүнүшкөн каректер чанда кездешер. Болбосо жашоо образынан тарта, тили, дили бөтөн адамдар эмес, бир тилдүү канчалаган түгөйлөр түшүнбөстүк менен эки жолго түшүшөт. Ал эми бул экөө үнсүз гана түшүнүп, сөзсүз сүйлөшүп жатышты.Баары кантип башталды эле? Ушул чанда экөөнүн тең көз алдыларына ошол күндөр тартылып жатты... -
Канатсыз куштар...
Жазылган күн: 22 Дек 2020
"Канатсыз куштар."
Автор: Жалгызым(Назик). ..
Чуркап баратты. Тим эле жан алы калбай, тердеп алып чуркап баратат. Чарчаганына деле кайыл боло, бет маңдайынан уруп жүзүн албыртып үшүтүп жиберген шамалга да ыраазы болуп чуркап жатты. Белгисиз багытты көздөп, максатсыз эле чуркай берди. Такыр токтогусу келген жок. Токтоп калса эле кайра чуркай албачудай коркуп, ансайын күчөп баратат. Бир убакта "күп" эте кулады.
-Жооок?! Жоок!
Кыйкырып жатып ойгонуп кетти Элдос. Түшү экен. Ойгонуп алып эч кандай талаада эмес, мыкталып өз төшөгүндө жатканына ызаланып кетти. Баягы шып, баягы люстра, баягы караңгылатылган терезе. Титиреген колдору менен үстүнө жабылган жуурканын сыйрып ыргытты. Азыр эле түшүндө чуркап бараткан буттары кыймылсыз, муздак. Колдору менен сылап жиберди. Сезген жок. Кайра ургулап, чымчыганга өттү. Деги пайдасыз. Кыйкырды, өкүрүп, бакырып бакырып жиберди.
-Балам?
Бөлмөсүнүн эшиги кыйгач ачылып апасы баш бакты.
-Кееет! Кирбе!
Элдос ансайын кыйкырды. Өпкө өпкөсүнө батпай ыйлай берди. "Жоок! Жоок, мен басуум керек. Мен мынтип эле олтуруп кала албайм да! Кана силер кыймалга келүүңөр керек!" Алдастаган жигит сулк эте кыймылсыз жаткан жаны жок буттарын сүдүрөп, кыймылдатканга аракет кылып жатты. Онтоп жатып жаткан керебетинен жерге кулап түштү. Апасы чуркап кирди да, олтура калып жыгылып жаткан уулунун башын тизесине койду. Сыягы жана кетип калганга түтпөй эшик артында тыңшап турган окшойт.
-Элдос! Уулум! Мени карачы балам!
Алдында суналып жаткан уулун жаш жууган жүзүн колдору менен сылап жатып сүйлөдү апасы. Ага кошулуп өзүнүн да жүзүн качан эле суу болгон ачуу жаш жууп бүткөн эле.
-Апа кетчи! Кетип калчыыы?
Уулу ансайын ызаланып сүдүрөлгөн бутун ургулап жер муштайт. Дал ушул учурда кимге көбүрөөк кыйын эле? Аңдоо кыйын. Чуркап жүрүп, кырчындай убагында кокустан төшөккө мыкталып, анан бул тагдырына моюн бербей, кабыл ала албай жаткан жигиткеби? Же жашоосунун, өмүрүн теңине айланган, көзүнүн кареги болгон уулу мынтип жатканын көрүп жүрөгүнө кошулуп жан дүйнөсү аңтарылып жаткан энегеби? Кимиси канча азап тартып жатты экен? Ал эми бул тагдырга ким күнөөлү?... Элдос апасынын чыгып кетүүсүн талап кылып жатты.
Жок, кетип калган жок. Эне гана мындай абалда чүрпөсүн таштап кете албайт. Ооба чүрпөсүн. Биз канча жашта болсок да эне үчүн ар дайым кичинекей чүрпө бойдон калабыз. Атүгүл уулу тиштегилеп, өкүрүп кыйкырса да кетпей бекем кучактап олтура берди.
-Чыда балам, чыда! - деп жатты ошол эле учурда шыбырап.
-Апа, мени коё берчи, жашоого мажбур кылбачы?! Мен мынтип жашай албайм апаке! Түшүнчү. Могул буттарымсыз! Алар кыймылга келбесе мага жашоонун не кереги да, не кызыгы бар?!
-Мажбурсуң! Ушул бойдон да мага гана керексин уулум!
Жанатан жулкунуп жаткан уулу чарчадыбы же апасынын жылуу кучагына эреркедиби бир аз тынчтанып калды. Бирок көз жашы басылбады. Бөлмөнүн тээ бурчунда көзүнө суук көрүнүп бирок ошол эле учурда өмүрүнө түбөлүк шерик болгон араба турду. Аны жек көрүп да, ызаланып да карап жата берди жигит.
Бир жыл! Так эле бир жыл мурун иш десе ишке, оюн десе оюнга тойбой турган эле. Апасынын жалгыз уулу, карындаштары бар. Атасы болсо үй бүлөөдөгү жетишпестикти, турмуштун запкыларын көтөрө албай буларды чанып таштай качкан. Ошондон бери үйдүн багарманы Элдос болчу. Мектепти бүткөндө да башка досторундай окууга аракет кылбады. Түз эле Россияны көздөй сапар алды. Баргандан эле ресторанга официант болуп ишке кирсе бара - бара көнүшүп олтуруп, ашканага өтүп алган болчу. Баш повардын жардамчысы. Алгач баары жакшы өз нугу менен бараткан. Бардык балээ ушул ресторанга повар болуп ишке кирген Айбек аттуу өзбек улутундагы жигиттин келүүсүнөн башталган. Башында келишип эле иштеп жатышкан болчу, кийин эле мунун иштегени ага жакпай, анын сүйлөгөнү буга жакпай ортодо уруш чыгып экөө жакалашканга чейин барышты. Бир күнү чоң заказ түшүп банкет болду. Бир убакта кыйкырган жетекчиси ашканага атып кирди да Элдос жасап чыгарган тамакты стол үстүнө ыргытты.
-Бул эмне? Ким жасады?
-Мен, - деди Элдос.
-Чач ичинде! Эртең арызыңды жаз. Иштен бошодуң!
Жетекчиси териштирип да олтурбады. Элдос болсо бул жорук кимдин кылганы экенин даана эле билип турган болчу. Экөө кайра жакалаша кетишти. "Баары бир иштен алындым, жоготчу эч нерсем жок!" - деген Элдос тиги баланы сабап туруп кетип калды. Ошондо Айбек ичинен кекенип калган болчу.
Андан соң күнүмдүк иштерге курулушка чыгып жүрдү. Айбек ошондо кесиптештеринин алдында катуу басынып ызаланып калгандыктан, мунун артынан түшүп кантип болсо да өч алуунун амалын кылып жүрдү. Анан ошол курулушта Айбек өзүнүн досу иштерин билип кубанып алган. Элдос адатынча кулагына наушник салып өз иши менен алек. Коопсуздук үчүн берилген курду чечип, өзү жөн эле иштеп жаткан, бир убакта эмне болгонун деле билбейт, өзү турган тактай кыймылдап жатып урап түштү. Алтынчы кабаттан кулаган Элдос жерде эсин жоготуп койду. Тапыраган жигиттер ызылдап ооруканага араң жеткирип келишти. Бирок омурткасы катуу жабыркап, буттары кыймылга келбеди. Мунун баарын кокустук деп түшүнгөн ал атайын Айбектин суранычы менен анын досу, Элдос чыкчу тактаны бошотуп салганын билбей кала берди. Ошол күндөн жашоосуна караңгы түн кирип, кызыгуу жок мынтип жатат. Өзүнө эч кимди жолотпойт. Айрыкча апасын. Намыстанат. Досторуна да көрүнгөн жок. Терезелерин караңгылатып жаап алып, ушинтип жата берет. Арабаны болсо душманын көргөндөй заарканып кабыл албады. Буттары мындан ары кыймылга келбейт экенине ишенгиси келбей турду. Бул чындыктан качып кабыл албай жатты. Күндөрдүн биринде ошол,түштөрүндө көрчү, жомокторундагы керемет аткарылаарына, ойгонсо эле буттары чымырап, узак уйкуда жаткансып кыймылга келерине ишенип гана жашай берди. Бир жыл, бир жыл ушинтип күрөшүп жашады жигит. Башына түшкөн тагдыр менен келише албай алыша берди...
Комментарийлер
Puper-pup
10 Сен 2020 - 08:03Puper-pup
10 Сен 2020 - 08:02aldap-saya
27 Апр 2020 - 14:00