Чачты кантип туура боёо керек? Чачты көрктүү кылып алып жүрүү бул ар бир аял затынын кыялы. Бирок ошол эле учурда бардык аялзатынын чачы бирдей боло бербейт, табигаттын берген жаратылышына жараша болот. Ошол себептен кээ бирөөлөрү чачын жасалма боёк аркылуу көрктөндүргүсү келет. Бактыга жараша бүгүнкү күндө боёктордун ар кандай түрлөрүн тапсак болот. Ошондой эле боёктор да ар кандай түргө бөлүнөт. Убактылуу боёлуучу боёктор мисалы, буларга бир күндүк эле боёкторду айтсак болот кайра эле жууп салуучу. Ал эми өң жашыруучу делген боёктор негизинен 7-8 жолу жууганга чейин сакталат. Ошондой эле эң көпкө сакталуучу боёк. Чачты боёонун эрежелери 1. Алгач боёо үчүн биринчи - боёкту, боёк арлаштыруу үчүн идиш, кол кап, тарак, катуурак щётка, андан соң 3-4 чач байлагыч камдап алуу керек. 2. Негизинен милдетүү түрдө коробканын сыртындагы көрсөтүлгөн эрежелер менен таанышуу абзел. 3. Эгерде сиз чач боёкту биринчи жолу колдонуп жаткан болсонуз, сөзсүз түрдө аллергия болбойсузбу, ушул нерсени текшерип алыныз. 4. Чачты бир аз суулап алганыңыз жакшы. 5. Боёп баштаарда алгач чачты эки бөлүккө бөлүп алган оң, боёлгон бөлүгүн чач кыпчыткыч менен карматып алыңыз. 6. Боёктун чачка тегиз кириши үчүн, бардык бөлүгүн боёп бүткөн соң 15 мүнөттөй чачты тарак менен жай тароо керек. 7. Боёкту негизинен чачта эрежесинде көрсөтүлгөн убакытка чейин кармоо керек. 8. Эми боёкту жылуу суу менен жууп, артынан сөзсүз түрдө бальзам колдонуу зарыл. 9. Боёлгон чачты кургатууда чач кургаткычты күчтүү кылып кургатуунун кажети жок. Эсиңиздерге салып коючу нерсе чачты тез-тезден боёо чачтын сапатынын жоголушуна алып келет, ошондой эле чачка арналган боёк менен кирпикти, кашты боёгонго болбойт.
Уйкусуздуктан кантип арылууга болот?
Уйкусуздук ар кандай себептерден улам келип чыгышы мүмкүн. Уйкусуздук шалдыроого, ишке болгон жөндөмдүүлүктүн төмөндүгүнө, акыл жагынан да бир топ маселелерди козгоого алып келет. Андай учурда көпчүлүгү уктатуучу дары-дармектерди колдонушат. Ал туура эмес, анткени андай дарылардын курамында организмге тескери таасирин тийгизе турган химикалык уу заттар көп болгондуктан, ден соолуктун кескин түрдө начарлашына алып келет. Эгер түндө жакшы уктагыңыз келсе, жатаарда ачуу тамактарды жегенден, кара чай, кофе сыяктууларды ичкенден алыс болуңуз. Андан сырткары, сиздин тынч эмес уктаганыңызга эмнелер тоскоол болуп жатканын изилдеңиз. Мисалы, төшөгүңүз туура эмес салынып, же жаздык абдан чоң болуп жана башка ушундай себептерден улам, сиз жакшы уктай албай аткан болушуңуз ыктымал. Доктурлардын изилдөөсүнө таяна турган болсок, чөп чайларды ичсеңиз, тынч уктаганга жакшы жардам берет. Апельсиндин гүлү уктатуучу касиетке ээ. Андан сырткары адам жакшы укташ үчүн адам биринчи кезекте жакшы эс алышы керек...
Тырмактагы лакты бат кургаткыңыз келсе…
Учурда бат кургаган тырмакты боёочу лактардын көптүгүнө карабай, лакты тез кургатуу дагы да болсо кыз-келиндердин арасында актуалдуулугун жоготпой келет. Колдогу лакты оңой эле кургатууга болот. Кургак тырмакка лакты сүйкөп, колуңузду муздак сууга салып, беш мүнөт коюп коюп, колуңузду суудан алып чыккандан кийин суу кургагычакты туруп турсаңыз, лак тез кургайт.
Ооздогу жагымсыз жыттан арылыңыз
Ооздогу жагымсыз жыт да ар кандай себептерден улам келип чыгат. Эң биринчи кезекте чылым чеккендердин, арак ичкендердин, ачуу жыты бар азык-түлүктөр (сарымсак, пияз ж.б.) жана ашказан, өпкө ооруларында да ооздон жагымсыз жытты чыгарат. Жагымсыз жыттын чыгуу себептери Эгерде оозуңуздан жагымсыз жыт такай чыгып турса, анда төмөнкү себептерден улам болушу мүмкүн. Жагымсыз жыт оозду туура эмес жууганда пайда болот: Бүйлөлөрдүн оорушу, оозду туура эмес жууганда да жагымсыз жыт чыгат. Эгер тишиңизди таза жуубасаңыз, сиз жеген тамактардын калдыктары калып, жаман жытты чыгарат. Тишти таза жууган күндө да оозуңуздан жагымсыз жыт жыттана бериши мүмкүн. Ошондуктан, тилиңизди да таза жууганга көнүңүз. Гайморит жана ашказан оорулары ооздогу жагымсыз жытты чыгарат Кээ бир учурларда гайморит, кант диабети, кургак учук, ашказан, өпкө оорулары менен ооруган адамдын оозунан да жагымсыз жыт чыгышы мүмкүн. Тамекини дембе-дем тарткан адамдын оозунан жагымсыз жыттын чыгышы толук мүмкүн. Анткени, тамекнинин түтүнү өпкөнү гана жабыркатпастан, ооздун ичин жабыркатып, жагымсыз жытты пайда кылганы аз келгенсип, бүйлөнүн оорушуна алып келет. Ооздогу жагымсыз жыттан арылыңыз Тишти тазалоодо жашыл жемиштерди көп колдонууга аракет кылыңыз. Анткени, жашыл жемиштердин курамында хлорофилл көп болгондуктан, дем алууну жакшыртат. Тиш доктурлар мындай кырдаалда алмадан даярдалган уксусту колдонууну сунушташат. Анткени, кислота тамакты жакшы сиңирүүгө жардам берет. Ооздогу сарымсактын жытын кетириш үчүн петрушканын бир жалбырагын чайнап койгонуңуз жакшы.
Билдирүүнү түзөткөн: ELTYN: 25 Февраль 2012 - 11:40