Озумду озум кечире албай келем
<input type="checkbox"
id="checkbox_2922152"
name="selectedpids[]"
value="2922152"
class="post_mod"
style="margin: 0px 6px 0px 15px; padding: 0px; float: right;">
Саламатсынарбы,
мен дагы журок сырымды жаза кетейин деп чечтим.
Жашоодо ойлонбой коп ката кетирет экенсин. Мен дагы убагында туура эмес кылып, ката кетирип, азыр окунуп отурган учурум. Бул тема мен жана атам жонундо, анда соз башынан болсун.
Атам 6 бир туугандын эн кичуусу болчу. Кичинекейинде жетимчиликти коргон чон атам кийин элге кадыр-барктуу болуп, жакшы акча таап уй булосун бакчы. Анан балдары дагы жакшы окуп, чон окуу жайларда окушупп, турмуштан ордун табышып, атамды эркелетип чонойтушкан экен. Атам болсо эрке болуп, акелерине эл айдабаган машиналарды алдырып, досторунун арасында кадыр баркы чон болуп убагында аябай эле жыргап, акелерине ишенип озунун жашоосунун пайдубалын жакшылап кура албай калыптыр. Ал эми берки достору убагында кыйналып жашап журушсо азыр бутуна турушуп оз жашоосун жакшы жашап журушот. Атам окуучулук кундорундо эле тамеки чегип, арак ичип коргон экен. Анан жогорку окуу жайга да тапшырып, акелери эптеп окутуп алышыптыр. Анан атам уйлонуп, биринчи наристеси (акем) чарчап калат. Андан кийин эле мен торолдум. Атам ичип келип апама кол которчу экен болбогон жерден чыр чыгарып. Анан апам чыдап журуп акыры чыдай албай мени которуп алып кетип калат. Ошондо мен 2 жашта экем. Анан апам мени таежеме(таэжемди апам деп ойлочумун) таштап, шаарга иштегени кетиптир. Кийин таэжемдикине менин чон атам(атамдын акеси) келиптир мени алып кетем деп. Мен барбайм деп ыйлаганым азыр да эсимде, таэжем дагы бербейм деди акыры болбой койду окшойт анан менин кийимдеримди салыштыра баштады. Мен
- каяка барабыз?-десем,
- шаарга барабыз- деп, мени чон атама берип койду. Анан чон атам мени уйго алып келди озумдун чон апама. Ошондон бери чон апам, атам, мен болуп жашап калдык. Апамды 6-7 жашыма чейин коргон жокмун. Ал россияда иштечи. Апам Домашний телефон менен суйлошуп турчу. Мени болсо чон апам бакты. Козумду карап, кирпигимди тарап чонойтту. Окууга баргычакты эле мени тамга таанытып, коп нерсеге уйротуп койду. Анан окуп да калдым. Каникулда апам менен жолуктуруп апам менен болчум, кайра окуу башталарда окуу кийимдеримди алып берип жонотуп койчу. Чон апам жакшы киши, апам кетип калса дагы кайын энелик кылып бир жаман соз айткан жок апам жонундо.
"Атадан алтоо болсо да ар жалгыздык башта бар" дегендей атамдын акелери бары озу менен озу болуп, атам болсо иштебечи, чон апамдын пенсиясына жашачык. Ал болсо эмнеге жетмек эле. Атам болсо иччи. Бирок ичсе дагы мени жакшы корчу, мага жакшы созун айтып, жакшы тарбия берип чонойтту. Кееде катуу мас болуп калганда катуу суйлочу. Кееде мени магазинге жонотуп койчу арак алып келип бер деп.кееде магазинге мени кошо ээрчитип алчы, арак ичкен досторуна мени "менин охраннигим,
мени карап журот" деп койчу. Ошонтип мас болуп журуп кочого кулап калып, тургуза албай кыйналган кундор да болгон. Андай окуялардын Баарын айтпай эле койойун. Бирок ошентсе дагы атам мени аябай жакшы корчу. Кечинде ичип келип алып, мени жанымда отуруп турчу, жомок айтып берчи дей бермей адаты бар эле. А мен тажай берчим. Ошонтип журуп аябай тунт болуп, элден уялып, озунун оюн айта албаган тунт болуп чонойдум. Жылдар отуп жатты, чоноюп, наркы-беркини тушунуп калдым. Мектепте жакшы окучум, классымда президенттиктен такыр тушчу эмесмин. Атам болсо кундолугумду кундо коруп суйунуп мен менен сыймыктанчы,
элге кошуналарга да мактанып менин кызым жакшы окуйт, деп сыймыктанчу.
А мага болсо сен 2 алсан дагы кубанам, анткени ал сенин мектепке барганындын белгиси деп айтчы. Атам ичкенде башка, соолукканда таптакыр башка адам болчу. Ичкенде коп суйлоп, мага коп нерсе айтып берчи кругозорунду кенейтишин керек деп. А мен уккум келбей тажай берчим. Кочого чыкса кичинекей балдардын баары атамды жакшы корушчу, анткени аларга уйдон конфет печенье ала чыгып, кееде акча берип койчу озунон ашып ташып аткансып. Анткени аябай боорукер, ак конул эле. Болгону эле ичип келип уйдо чыр чатак болуп турчу кечинде. Ал эми соолукканда таптакыр башка адам болчу. Коп суйлобогон,
сурдуу, колунан коп иш келген, багбан болчу. Бир жумадай кыйналып жатып анан 1-2 ай ичпей койчу. Ошондо уйубузго кулку толуп,маанайыбыз жакшы болуп калар эле. Корообузду ирээтке келтирип, момолуу бактарды чогуу тигип, чакан огородубузга жемиштерди отургузар элек.. Ошондо "Кийин балдарын менен жейсин" деп айтар эле. Анан арак деген да кайра эле азгырабы эмне кайра эле бир куну ичип келет. Ошондо ичпей калар деген умутубуз кайра очот. Анан ичип келгенде эле апам жонундо айта берчи кечке, анткени апамды аябай жакшы корчу, суйчу. А апам башка куйоого тийип кеткен.
- апанды алып кел, кайра жакшы жашайлы, чогуу бактылуу болуп жашайлы, мен ичпейм- десе, мен апамдын кайтып келберин билип турсам дагы атамдын айткан созуно очкон умут шамым кайра жанып,
-ооба, алып келем, биз бактылуу болуп жашайбыз, болгону эле сиз арагынызды таштаныз-деп атам экообуз макулдашып алар элек.. А апама канча айттым" келиниз, атам сизди жакшы корот, жашнакай болуп жашайлы эл катары, ушинтип мен дагы орто жолдо журо беремби" деп. Баарыбир майнап чыккан жок.
Уландысы бар.
Өзүмдү өзүм кечире албай келем
#4 10 Май 2016 - 23:27
Балким силерге кызыгы жокдур, бирок ошентсе да ичимдегини айтып женилдеп алайын.
Анан ошонтип жылдар отуп жатты.атамды алып барбаган доктор, козу ачык молдолор калган жок. Баары бир болбойт экен. Апам болсо бир кыздуу болду. Каникулумда келди шаарга. Мен бардым. Синдимди жаман коруп аябай, ыйласа да кыжырым келип, кулсо дагы кыжырым келип, жактырбай журдум. Кунуго эрте менен ыйлап мени дагы ойготот, ага жиним келет. Ошонтип журуп 1 айдан кийин конуп калдым, аны бир тууган коруп, жактыра баштадым. Азыр ал 2 ге чыгып калган. Кадимкидей жакшы кором, сагынып калам. Ал дагы мени жакшы корот. Ал эми апамдын кыздуу болушу атама катуу тийди, анткени анын дагы да болсо умуту бар эле. А Мен болсо атама, чон апамдарга билгизбейм синдимди жакшы корорумду. Анан атам жыл откон сайын мурдагыдан дагы коп иче турган болду, коп чыр чыгарып, мени да уруша турган болду, ал анткен сайын менин да тилим узарып, акыркы жылдары кадимкидей айтышып калганбыз, анын ар бир созуно ответ берип. Анан ал да ага жини келип мени кошуналардын козунчо урушар эле жаман создорду айтып. Кошуналар деле тажап калышкан биздин ызы чуудан. мен ага намыстанып, кееде олуп калыныз, тынч жашайлы биз дагы деп жиним менен бакырып ыйлачы элем, кееде олуп калгым келчи. болгону чон апамды ойлойм, анткени ишенгени эле менмин. Олуп калайн деп канча аракет кылдым, бирок жан деген ширин экен айла жок. Кееде атамдан ызычуусунан качып чердакка чыгып уктаган, кошуналардыкына качкан, тугандарымдыкына барган кундор коп болгон. Башкалардын аталары ичпей эле жашнакай журушчу, меники болсо мынтип кундо уруш. Анан ага дагы намыстанчымын. Кееде окуудан классташтарым менен келатсам алдыман кызуу болуп тосуп чыгып чекемден опчу келдинби кызым деп, ошондо уялганымды айтпайле коеюн. Анан акыркы кундору коп айтчы мен олуп калсам сенин апан бар ошол окутат ошого ишен. Ал болбосо менин туугандарым бар. Талаада калбайсынн деп. Акелерине да барып мен олуп калсам кызымды карагыла мен олуп калат окшойм деп мени дайындай баштаган. А алар маани бербей кой антпе деп коюшчу. Мен деле маани берген эмесмин.
Мага
-кийин куйоого тийгенде мени карайсынбы, же карабай бомж кылып таштап кетесинби, андан коро олуп эле калайын -десе,
- мен сизди карайм, сонун болуп жашайбыз- дечимин. Иши кылса аркандай кундор отуп жатты. Урушабыз-элдешебиз.
Анан каникулумда адаттагыдай эле шаарга кеттим апама. Чон апам дагы балдарыныкында жургон болчу. Атам уйдо жалгыз. Мага чалып турчу
-качан келесин, сен жок кыйналып кеттим, келип мени кара - деп. Мен маани бербей эле атамды ал акыбалын сурап койбостон кайра урушчум
-дагы деле ичип журосузбу, токтотпойспу, сиз жашнакай болуп ичпей туруп турунуз анан мен барып калам,- деп очуруп койчум. Ээх ошондо жакшы созумду айтып жок дегенде жакшы корорумду айтып алсамчы.... Анан бир куну дагы чалды:
- кызым кел, мен олуп калат окшойм, жанымда бол,-деп. Мен болсо дагы деле баягыдай кагып силкип койдум.
Анан каникул аягы болуп калган болчу. Мен эки кундон кийин уйумо бармакмын анан кечинде уктаарда аябай кыжалат болдум"каникул да бутту,жыргал жашоо бутту, эми уйго барып дагы ызычуулар башталат экен да. Мейли башкысы атам бар болсо болду, ичпей калар" деп кайра умуттонуп койдум бирок кайра кайра кыжалат боло бердим. Тушумдо досум экобуз мурзодо журупбуз. Эртеменен туруп маани бербей койдум.Менин апам айылга (бизге коншу айыл)барып келем деп эртеменен чыгып кетти айылга. Мени ала кетейин десе болбой койдум эртен чон апам менен барып калам деп.чон апам эжемдикинде(атамдын эжеси) болчу. Анан апам кеткенден кийин мен уйлорду жыйнап коюп, эжемдикине жоноп, остановкага жаны эле жетсем эжем чалып калды:
- уйго келип кал, тез
- мен баратам озум дагы,-дедим. Анан маршрутка дагы кеч келди. Уйго кирсем эле эжем ыйлап отурат, мени кутуп жатыптыр.
-алтыным жаным укомдон калган аманатым менин,атандан айрылып калдык,- дейт.Озумду озум аябай жемеледим,апам менен кете берсем балким акыркы жолу коруп калар белем, канча жолу айтты эле атам олуп калат окшойм, кел кызым деп. Ошондо эле барып калсам не болмок деп. Анан туугандар чогулуп антип минтип тунку 12 де келдик уйго. Боз уйго кирсем атам жатат, баягыдай эле супсулуу болуп, болгону денеси мупмуздак болуп катуу болуп калыптыр,коргон козумо ишенбей, кучактап алып сыздап жаттым балким тирилип калар деп. ошондогу элеси дагы да эсимде... Эстесем журогум сыздайт(((
атамдын олумуно балким озум себепкердирмин деп озумду куноолоп келем. бышырып койгонсуп шаарда журбой атамдын жанында болуп тамагын берип жакшылап карасам азыр жашап журор беле. Олорундо
-Кызыыым, Б........!Б.... ..!- деп аябай бакырыптыр. Кошуналар айтышты. Жок дегенде ошол учурда жанында болуп, кереезин угуп калсамчыы! Эх! Бул менин омур бою журогумдо сакталчу арманым болду го.
Чон аталарым, эжелерим мени оз кызындай корушот бирок баарыбир атамдын ордун баса алышпайт. Буркутум, жожом, КЫЗЫМ деп эркелеткенин сагынам.ичсе да урушса да мейли эле..
Озумдун жаман жоруктарымды эстеп озумду озум куноолоп, кыйнап, кечире албай келем. Атам кырчындай 41 жашында кете берди(

Билдирүүнү түзөткөн: erkeni04: 10 Май 2016 - 23:38
#6 10 Май 2016 - 23:35
((((эмне деерими да билбей калдым ыйлаттынго адамды.автор антип озуну кыйнаба сыгылба коп коп дуа кыл атана.мынтип ыйлай бериш да болбойт озуну кыйнайсын андан да атана кыйын болот ал жакта сен ыйлаган сайын..
Сагынуу. ......
#7 10 Май 2016 - 23:46
Ажал деген ушул экен да, өзүңдү күнөөлөй бербе. Сабыр кыл, атаңды эстеп дуба кыл. Куран окуп тур.
Жайы жаннатта болсун!
Жайы жаннатта болсун!
#8 10 Май 2016 - 23:49
Аий Аябай ыйлататко, (((((( автор озунузду куноолобонуз анан кору Алладан атанызды бейишке киришин отунунуз
#9 10 Май 2016 - 23:51
Ата-энени көзү барда сыйлай билейли. Жакшыбы жаманбы баары бир атабыз, бизге башка бирөө атасын берип койбойт.
#10 11 Май 2016 - 00:30
Jakyn adamdy jogotuu onoi emes. Ata eneni ech kim almawtyra albait. Keede uido oturganda anyn aitkan sozdoru, elesi koz aldyna tartylyp esteisin. Joktuguna iwene albaisyn. Birok aila jok... Eger sen owondo janynda bolgonumda kandai bolmok dep ozundu jemelep jatasyn. Anda saga oto oor bolmok. Kudai senin owonu korushundu kaalagan jok. Emi sen kairatyna bekem bol. Ubakyt baaryna daary.
#14 11 Май 2016 - 07:06
Чыгармага окшош экен. Атаныз жаш кетиптир, жаткан жери жайлуу болсун! Арты кайрылуу болсун. Жаны Жанатта болсун! Озунузду жемелей бербениз, откон кеткен кетти. Андан коро атанызга кундо куран окуп турунуз.
#15 11 Май 2016 - 07:33
Ыйлап алдым... Автор сабыр кылыныз(((( Атаныздын жайы жаннаттан болсун...
Ж
ИВ
И как хочешь, всё равно тебя будут осуждать до конца твоей жизни.
#16 11 Май 2016 - 12:47
Баарына арак куноолуу. Откоол куракта эч нерсеге маани бербей коп катачылык кетиресин,бироолордун конулун оорутасын бирок кийин окунгон учурда кеч болот. Эми окунгондон пайда жок андан коро куран окуп тур атана.
Мени жаман көргөндөрдү,
мен жаман көргөнгө убактым жок! Анткени мен, мени жакшы көргөндөр менен гана алекмин!
#17 11 Май 2016 - 16:29
asi15 (11 Май 2016 - 12:47) жазган:
Баарына арак куноолуу. Откоол куракта эч нерсеге маани бербей коп катачылык кетиресин,бироолордун конулун оорутасын бирок кийин окунгон учурда кеч болот. Эми окунгондон пайда жок андан коро куран окуп тур атана.
Арак күнөлүү албетте, бирок аракты ичкен адам күнөөлү эмеспи? Арак адамдын оозуна өзү барып куюлабы, же бирөө зордоп ич дейби?
Бул жерде автордун атасын деле туура түшүнүү керек, күйүтүнө чыдабай ичип, анан организми көнүп калган. Арактан арылтабыз деп барбаган жерибиз калбады дептир, арактан арылууга бир да медицина, молдо жардам бере албайт. Болгону ошол ичкен адамдын "эрки" күчтүү болсо таштап коё алат, болбосо жок.
#18 11 Май 2016 - 20:47
Автор кооп куран окунуз. Анан дагы атаныздын атынан садака берип турсаныз, аркы дуйнодо да атаныз жакшы журот. Ыйлай берсениз атаныз кыйналат. Олум баарыбыздын башыбызда бар.
#19 11 Май 2016 - 20:53
Жакшы созунуздорго рахмат! Жашым 17де. Атамдын жайы жаннатта болсун! Куран окуп турам.
Атам кееде тушумо кирип турат. Аябай капаланып, чогуп турган кезде тушумо кирип:"Башынды бийик котор, мен ар дайым жанында болом. Менин ишенгеним сенсин. Чон апанды жакшы кара. Мен жок болсом, апан бар, сен акылдуу кызсын, башынды бийик котор, ыйлаба. Мен сени кечирдим" -деп айтат.
Бир куну мен мындан кийинки жашоом тууралуу ойлонуп,пландарды тузуп, ойго баттым. Оюмда мен жакшы кыз болом, жакшы окуп, жакшы журуп ата-энемдин сыймыгы болом. Аларды уятка калтырбайм, жакшы жигитке турмушка чыгып бактылуу болом деп, ж.б. коп пландарды туздум. Ошол туну атам тушумо кирди. Аябай арыктап калган экен. Мени издеп, мен окуган класска кирип барды. Анан мени кучактады. Колдору дагы деле баягыдай муздак экен. Анан колундагы ручкасы менен дубалга "Мен сени ......" деп жазып кетти. Ошол создун аягын жазгычакты мен ойгонуп кеттим. Ойгонуп алып ыйладым. Балким, МЕН СЕНИ ЖАКШЫ КОРОМ дегендир, МЕН СЕНИ САГЫНДЫМ дегендир, а балким МЕН СЕНИ КОЛДОЙМ дегендир. Бирок мен колдойм деп жазган болуш керек деп ойлойм, себеби ошол куну аябай келечекке план тузуп терен ойлонгом.Ошол ойлорума кошулуп, ошон учун мен сени колдойм деп жазгандыр..
Жакында эле кечинде уктайын деп жатсам, козумо элес-булас адамдын солокундой аппак нур корунду, анан ошол нур энкейип келип менин чекемден ооп кетти. Аны атам деп ойлоймун.. Атамдын о дуйного кеткенине 9 ай эле болду. Ошентсе да атам ар дайым жанымда жургондой сезилет. Кееде аркамдан карап тургандай болуп туюлат. Кантсе да атам мени дайым колдоп журот деп ишенем. Болгону эле кееде озумдун каталарымды, кылган мамилелеримди эстеп, озумду озум куноолоп калам. Мурунку кундорду эстеп калам. Эртен менен эрте келип колун атайын муздак сууга жууп келип мени бетиме базып ойготчу а мен болсо турбайм деп эркелесем, карачы кандай ырыскыдан кур калып жатасын, эрте турушун керек деп айтчы, бак отургузуп калсак, ал тигип мен суу куйуп, чогуу кылчык. Экобуз жарышып жер тепчик. Кееде чогуу колек жасачык, тамак жасасам бир нерсеси жетишпей калса дагы мактап жечу, озгочо мен жасаган торт, пирожныйларды мактап жечи. Мен мектептен келгиче озу тамак жасап койчу кееде. Атамдын жасаган тамагынын даамдуусучу! Анан да тамашакой эле.тамашалап, чычалатып кулдуруп эле атчы. Уйду жыйнап, пол жууп жатсам"Полду кайра кайра жууй берип, полдун сыры кетип калды го" Уйду актап жатсам "ой сен маляр эле болуп алышын керек экен"деп тамашалап калчы. Кыскасы жалан гана ызычуулар эмес, ушундай сонун кундор да болгон ичпеген кундору. Менин кругозорум кенен, акылдуу болушумду абдан каалачу. Коп нерсе айтып берчи айрыкча жаныбарлар дуйносу,астрономия, жаратылыш, осумдуктор жонундо. Балдар менен суйлошо бер, бирок алданба! "Общение- кругозорорасширение" деп айтчу, кееде мени жакшы коргон балдардын кылык- жоругун да айтып, сынатып алчым. Молдонун айтканын кыл кылганын кылба дегендей эле менин айткандарымды кыл, кылганымды кылба дечу, мен жашоомдон адашып, кыйналганымдан ичип жатам,сен омуру оозуна алчу болбо, жакшы кыз бол, менин айткандарымды кыл деп айтчу. Озу кыйналып турса дагы, мага коп нерсени уйротуп, жакшы эле тарбия берип кетти. апамдан дагы атам менен кобуроок сырдашчым.
Колунан баары келчу усталыгы да бар эле, багбандыгы да бар эле, озу акылдуу, боорукер, акконул, аябай жакшы адам болчу. Корсо арак кургур эчнерсене карабай адамды сындырат тура..
Азыр атамдын бейиште болушун гана тилеп жатам. Туруп ойлоп кетем, тируу болсо дагы да ичип, кыйналып жашап журот эле, андан коро кудайымдын буйругу менен бейиште журсо ошол жакшы деп.
А мен болсо жашап журом. Ыйлап сыктаганын менен пайда жок экен.андан коро башымды бийик которуп, алдыга умтулайын. Алдыда коптогон максаттарым бар. Азыр 10-кл окуп жатам, буйруса мед академияга тапшырып окуйун деген жакшы ниетим бар. Ал ниетимди кудайым ишке ашырсын. Ал эми атам омур бою журогумдо сакталат. Кудайым бизди бейиштен жолуктурсун! !
Сиздерге айтарым ата-энени козу барда сыйлайлы! алар кандай, жакшыбы, жаманбы, баарыбир жакшы королу,барктайлы. аларсыз биз жашоого да келбейт элек. Ата-энебиз берген мээримди, тарбияны, суйууну, жылуулукту башка эч ким бере албайт, жана ордун баса албайт..

#20 11 Май 2016 - 21:07
Атанызды уйлондуруп коюшпаптырда балким ошого алаксып кетеер беле балалуу болсо дагы жашоо башкача туюлатко,ичим ачышып ыйлап алдым аттан ай жаш кетиптир айтмакчы неге кокустан отуп кетти эч ким ооруганын байкаган жокпу