tahircan Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 80 (0,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (23 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 07 Март 07
- Кароолор:
- 16 878
- Соңку аракети
- 19 Окт 2018 16:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Белгисиз
- Жынысы:
- Эркек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Тааныбаган эле бирөө...
Жазылган күн: 13 Ноя 2017
Кызыктай эле. Кээде ойлонгонго ой калбай калгансып качанкы бир кездеги бир адамдар эске түшө берет. Бир түшсө мейли эле, адатка айлангандай кайра-кайра эле келе берет ойго. Же аны менен эч кандай мамилең жок, же таанышчылыгың, тууганчылыгың жок, жадагалса, аты-жөнун, ал тургай жашаган жерин, жаш-курагын да билбейсиң, тек гана кайсы бир жылы, күндөрдүн бир кундөрүндө бир жерден тагдырдын жазмышына ылайык туш келип бир саамга эле бет келе түшкөнсүңөр, бирок, эстен чыкпайт, негедир. Ошондой адамдар барбы силерде?
Мисалы, мен кээде ушундай учур болгондо негедир тии илгерки 24 жыл илгерки Жамбыл шаарындагы май куйгуч бекеттеги чачы саксайган, кийими ботала май, ошол кездеги мен курактуу тестиер баланын элеси жадыма келе берет. Мен автобустун ичинде, колумда балмуздак. Шаардан болушунча соода кылып үйгө кайтып бараткан жолдо, автобус токтоп май куюп атканда ошол бала чуркап келип май куюп атканы. Менимче, ошол кезде май куйгучтарды атайы жалдабаса керек эле маянага. Ал бала азыркы тил менен айтканда волонтер (ыктыярчы) болуп анан анын кылган аракетине май куйгуч бекетти иштеткендер азыноолак тыйын-тыпыр берип коюп тургандыр. Ошого ушундай боорум ачып кеткен эле. Азыр ал деле эл катарына кошулгандыр, же кыштан чыкпай калгандыр, ким билет. Бир ойлогонум - көчөдө жүргөн бирөө болсо керек деп койгом. Эч ким менен деле ал тууралуу сөз кылган эмесмин, түшүнбөгөн же мага кызыктуу нерселерди эч ким менен деле талкуулабай өзүмдүн ичимде кала берчү. (Азыр деле ал нерсе өзгөргөн жок дечи). Андан кийин деле толтура адамдар менен жолугуп, суйлөшүп, таанышып, даамдаш-туздаш болдук дечи. Бирок, негедир ошол баланын элеси келе берет.
Силерде да ушундай боло береби? -
Өлүк ташымай...
Жазылган күн: 5 Ноя 2017
Эмнеге орус тилинде "Груз 200" деп коюшарын википедиядан карай элекмин. Бирок, бул сөздүн мааниси бардык эле адам түшүнөт.
Менин бул жаатта сөз козгоп жатканыма соц.тармактардагы, гезит бетиндеги жана башка көргөн-билген- уккан жаңылык, ушак, талкуулардын тегерегинде жүргөн сөздөрдөн улам болуп атат. Мисал, Алымбек деген бирөө акча табайын, үй-бүлөмдү багайын деп чет жакка (айталы, көбү барып аткан Орусияга же башка мамлекетке) кетти дейли. Жакшы иштеп жүрдү, акча топтоп баштады, үйүнө жөнөтүп турду. Анан кырсык тооруп, ажалы келип о дүйнөгө кете берди. Артында анын колун караган үй-бүлөсү калды, карыздары да бар чыгар... Анан ошол өлгөн кишинин денесин туулган жерине жөнөтөлү деп чуркап калышат. Ага да караштырсам оголе чоң акча кетет экен. Орусияны мейли дейли, тии, АКШда жүрүп каза тапкандарга ал жактагылар акча чогултуп кыйсыпыр түшкөнүн көрүп калап фейсбуктагы группалардан. Ынтымактуу келишет. Анан да, мындай иште баары ле беришет окшойт. Өткөндө бирөөгө 12000 доллардай акча чогултушуптур - өлгөндүн денесин КР га жөнөткөнгө 4000 доллар, калганы анын ата-энеси келип алып кеткенге...
Кызыкканым - ЭМНЕГЕ өлгөндүн денесин ошол жакта эле көмүп коюшпайт?.. Шарият боюнча өлгөн адамды тез көмүү буйрулат / жактырылат экен. Ал бул жакка (Кыргызстанга) келгенде деле тирилип кетпейт да?..
Ошончо акчаны башка максатка колдонсо болбойбу? Мисалы, бала-чакасы бар чыгар, ошого, окуганына, кийим-кечеси, оокат-ашы дегендей. Ашып баратса жетимдер үйүнө азык-түлүк, кийим-кече кылып берсе болбойбу?...
Жөн эле ысырапкерчиликтин да бир түрүбү дейм?.Же өлгөн адам сөзсүз түрдө өз Мекенине барып көмүлүшү керек. Бизде көмгөнгө болбойт деген мыйзамдары барбы ошол өлкөлөрдүн? Үн кошкулачы, пикир айткылачы, билермандар, окурмандар, жазармандар.
Мен тез арада эгер мен чет жерде каза тапсам мени ошол жерде эле калтыргыла деп мурас кагазын (завещание) жазып коёт окшойм - не бар, -
Бала кездеги кызык ойлор, суроолор
Жазылган күн: 6 Сен 2017
Бала чакта бир нерселерди ойлоп, өзүнчө эле жооп таппай же чоңдордон сурай албай же сураганга чама келбей дегендей иши кылса эле бирдеме болуп, анан кийиин чоңойгондо ошол суроону эстеп, жообун билип өзүңөргө өзүңөр күлгөн учурлар болду беле?
Мисалы, мен ошол кездеги президенттер, актерлер, ырчылар - Клинтон, Акаев, Каримовдор, Ван Дамм, Шварцнегир ) ж.б. эмне кылып атты болду экееен? деп ле ойлоно берчү экенмин. Алар да уктайт болду бекен, тамак жейт болду бекен депчи ))) Кызык. -
Белекке атыр
Жазылган күн: 22 Май 2017
Кыздарики, келиндерики!
Жеңеңерге (мүмкүн, кээ бириңерг келин бала) бир жакшыы атырдан белек кылсамбы деп тандай албай жатам. Кеңеш берип койгулачы. Кандай атыр жакшы, кайсылар трендде? Ал атырды жыттай турган акыры мен да, туурабы?
Бир жакшысын сунуштагылачы. Атын жазып, кандай жыттанат жана башка маалыматтары менен.
Ыракмат алдын-ала! -
Кыргыз адабиятындагы чыгармалар экранда
Жазылган күн: 17 Май 2017
Кыргыз адабиятындагы кайсы чыгарманын экрандаштырылганын каалайт элеңиз?
Эмнеге?
Мен негедир эле К.Баялиновдун “Ажар” чыгармасын таланттуу режиссор драма жанрында кино тартса “Оскар” алчудай көрө берем.<