Кызыктым да...))) Ошондой бирөө жарым барбы деп...
Балким, бул сүйгөнүңүздүр,
же жолдошуңуздур,
ата-энеңиз, же бир туугандарыңызбы?
Мисалы, менден, күнүмдүк отчётту алган адамым - апам. Майдалап айтып бербесем да, кыскача эмне кылганымды айтпасам, жанымды койбойт.
Акчанын отчётун сиңдим алат...)))
Үч айда бир, атам жумушумдун отчётун сурайт.
Анан жеке фронттун отчётун сурагандар толтура, алыстагы тайнемден баштап...
Ошооо... Анда, кезек сизде...
- (12 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Отчёт бергениңиз барбы?
#2 12 Март 2013 - 13:00
Кхм...Эми мен айта кетсем, менден отчетту көп эле сурай беришпейт. Анткени менин көз карашым жаман... Отчетту өзүм бергим келсе, берем. Мамама чалып сүйлөшүп айтып берем: ден соолугумду,
канча акча калганын, каякта жүргөнүмдү,
ким менен жүргөнүмдү,
себеби менин эң жакын досум бул- МАМАМ!!!
Үйгө кечиксем, эжем чала баштайт: Кайда жүрөсүң? деп, анан менин жиним келет! Кантсе дагы 23кө чыктым да!!! Анан акча тууралуу дагы ушул эжем менден отчет күтөт)) Мен ал эжем үчүн дагы деле кичинекеееей кызмын го. Ошо, анда-санда байкем сурап калат: Эээй жигитиң кандай жүрөт? деп (калп эле менин жигитим барбы же жокпу билейин деп...), мен "Кайсынысын сурап жатасыз?" деп кайра суроо берип кутулуп кетем.
Үйгө кечиксем, эжем чала баштайт: Кайда жүрөсүң? деп, анан менин жиним келет! Кантсе дагы 23кө чыктым да!!! Анан акча тууралуу дагы ушул эжем менден отчет күтөт)) Мен ал эжем үчүн дагы деле кичинекеееей кызмын го. Ошо, анда-санда байкем сурап калат: Эээй жигитиң кандай жүрөт? деп (калп эле менин жигитим барбы же жокпу билейин деп...), мен "Кайсынысын сурап жатасыз?" деп кайра суроо берип кутулуп кетем.
#3 12 Март 2013 - 13:25
Кезек мага келди. Менден кайын энем отчетту талап кылат. Бирок мен такыр бербейм. Жумушумдан сырткары бир жака барсам же буюм, кийим - кече алсам да айтпайм, кийип чыкканымда гана озу сурайт ошондо "откондо алдым эле " деп коем. Жолдошума болсо мен бул жака барам дейм, уруксат сурабайм. Каалайбы, каалабайбы кызыктырбайт,
мен ойлогон ишимди жасайм. Себеби мен эн жаман коргон бул "ОТЧЕТ БЕРУУ". Жолдошума мир мерте ыраазымын мени ушундай сапатымды тушунгондугу учун. Ушул отчетту деп мектепте да мугалим болуп иштебей журом. Болбосо 5 жыл мугалим болом деп окуганымды билем. А бирок отчет алганды ото суйом... P.S. апама кээде жасаган иштерим жонундо айтып калам. Бирок ал отчет деп ойлобойм.
#4 12 Март 2013 - 13:37
Кундо озумо отчет берем,эмне кылдым,эмнени аткара албадым!Акча маселесинде озум бизнесимде эч кимге отчет бербейм,атам сурабайт,себеби ишенеет же сынап жатат!А атам акчасын иштетсем отчет берем.
Менден отчет сурашпайт деле себеби отто кыска жооп берем
Менден отчет сурашпайт деле себеби отто кыска жооп берем
#5 12 Март 2013 - 13:38
Мен кунумдук отчeтту жигитиме берем,агенте толъка анан жумуштан барып бир апталык отчетту ата энеме берем.
#6 12 Март 2013 - 13:42
хаа десе бирле апама атама ден соолугум, жумушум жо айтып турам акча жаатында апам алдына эч кимди салбайт тыйынына чейин отчет берем калгандар отчет берууго маанилуу эмес адамдар милдеттуумун деп эсептебейм
#7 12 Март 2013 - 15:12
Отчетту озумо-озум берем. Бироодон бир тыйын алып атпаган сон, акча жаатында эч кимге отчет бербейм. Чон апамын акчасына отчет берчумун мурда,азыр альхамдулиллях,
капчыкка озум ээмин ... Бироодон акча алсам ,анда анын ар бир тыйынына чейин эсептеп, отчет берген,тактык жайым бар . А уйдо азык-тулук,майда барат керектелуучулорду алчу болсок ,тугойум менен чогу алабыз , андыктан бул жаатта отчеттошмой жок . Жасап жаткан же жасай турган ишимди атам менен кенешип турам,ал эми отчет эместир ... А бирок инимден баскан-турганына баш коз болуп,тугойумдон сурачуну сурап отчет алам кобуроок .
ар бир тамчы бакыт - сенин дидарында , аруулугун - жылмайган ууртунда ...
#8 12 Март 2013 - 15:39
бул ким, бул ким деп байкем отчет ала берет өзүнчө кыйынсынып.
КУЛУНДУ аска тоолуу зоолорум.
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
Бир өзүңдө ширелешкен ойлорум,
Абаң, суун мага берген ак наның,
Кези келсе актайм деген ойдомун....... ..
#9 12 Март 2013 - 16:07
Ихуу мен апамаа куундо уч торт жолу отчет берем. Байкем жондо, эжем жондо, дагы бир байкем жондо, озум жондо, окуум жондоо, жумушум жондоо, акчам жондоо, ден-соолугум жондо кундо эле ушу отчет. Кээде чарчап кеткенде былтыйып калсам апам не суйлогун келбей калды дейт болгону апам айылда атам экоо жалгыз болгон учун мен менен суйлошуп турбаса кыжаалат болот апамы сагындым кетээм мен
Эркиндик-
мейкиндик алкагында!
#10 12 Март 2013 - 16:58
Бир жагынан, отчет ала турган адамыныдын бар экени жакшы.Менден,
кун алыс апам телефон аркылуу алып турат,тагыраагы,
озум берип турам,менден алып,атама берсе керек...Ал эми,кунумдук отчетту,ийне-
жибине чейин эжем алат.Анан,башка да алгысы келген адамдарга бере бербейим...Ошо.
..
Адамга адам кымбат болуш керек....
#11 12 Март 2013 - 17:08
Мен эч кимге бербейм отчет, берчи элем Ошто иштеп жатканымда,
начальнигиме анан Бишкекке!
Отчет алчы элем райондордон.
Уй- булодо отчет жок. Ата- энем деле сурашпайт болчу, кайда журосун, эмне кылып журосун деп. Иштен баары уктап атканда келет элем уйго, уктап атканда кетет элем ишке танга маал. Негизи отчет бергенди жаман кором. Ким билет, убакыт отуп башкача болуп калабы?!
#13 12 Март 2013 - 17:21
Мен сөйрүк кезимде өзүмө окшогон бир сөйрүккө "канчада ойгонгонумду,
эмне кийинип чыкканымды,
универге качан барганымды,
түштө эмне жегенимди, кайра үйгө эмнеде кайтканымды,
кечкиге кандай тамак жасап жатканымды"
жеткирип турчумун, анан түнгө карай сеанста уланчу "кимди көрүп калдым, ким мени таарынтты, ким менен урушуп кеттим" кыскасы...))) Баарынан да кызыгы, ушунун баарын тыкылдатып ошол адам сурап турчу. Азыр ойлойм, зарыл беле депчи?.. Кээде ушундай бири-бирине отчет тапшырып жаткандарды көрүп алып, өткөн күндөрдү эстеп, коркуп кетем, ай!
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#14 12 Март 2013 - 17:41
иншаалах мен бир гана эрте менен эрте тан маалда аллахка гана отчет берем жана суранам....
#15 12 Март 2013 - 17:52
Уйдон кичуусу болгонума байланыштуу байкелерим отчет алышат.Ким менен каерде эмне кылып жургонумо чейин сурашат.Бир жака барып,уйго келе турган убакыттан кичине кечиксем звонок кылып башташат,аябай жиним келет.Ал эми акча жагынан атама отчет тапшырам.Алып келген азык-тулуктун же буюмдун тыйынына чейин эсептеп берем.Негизи кыз бала учун тынбай отчет алып турганы жакшы.
"Побеждает тот,кто верить,что он может победить."
#16 12 Март 2013 - 18:07
Апама берем 15 кундо бир чалып анан жумушта кундо отчёт берип тажадым
#17 12 Март 2013 - 18:44
Кипкичинекей кыздар....жигитиме отчёт берем ...дегени күйгүзөт да.
Тема боюнча. Мен эч кимге отчёт бербейм....жасаган иштерим...пландарым. ..баарын өзүмө отчёт берем.
Тема боюнча. Мен эч кимге отчёт бербейм....жасаган иштерим...пландарым. ..баарын өзүмө отчёт берем.
Билдирүүнү түзөткөн: Arstan: 12 Март 2013 - 18:44
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
#18 12 Март 2013 - 19:18
#19 12 Март 2013 - 19:19
#20 12 Март 2013 - 19:27
adalsvards (12 Март 2013 - 16:19) жазган:
А, балким, жазылып жаткандыр...
))) Мен деле турбаймбы, ушинтип "саткындар"
достордун арасынан чыкканы жаман да!
Адальс,катуу тийсе кечирим сурайм....бирок. ..жазаарда сени эске албай эле жазган болчум....өзүңө алып алганың жаман экен.
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те
кто лучше нас, им просто не до нас.
кто лучше нас, им просто не до нас.
- (12 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »