Кызым майда 2 ге чыгат 2 чи баланы шашпай бутка туруп 5-6 жылда деп пландаштырып жатканбыз бир топ эле сактануунун жолдору бар бирок спираль койдурсамбы деп жаткам кандай карайсыздар бир баладан кийин спираль салдыргандар барбы? Деги эле балдарыныздардын аралыгы канча жаш?
Баракча 1 - 1
Бир бала төрөгөндөн кийин спираль салдырууга кандай карайсыздар?
#2 13 Март 2017 - 20:07
Кобу спираль салдырып журушот бирок ага карабай бойго бутконун да угуп калам. Бироонун рак болуп кеткенин да уккам. Эмнеси болсо да жакшы клинника жана ишенимдуу врач тааа салдырганыныз он. Озумду айтсам салдыргым келбейт башка сактанунунун турлорун колдонобуз.
#3 13 Март 2017 - 20:12
dastan.uuljan97 (13 Март 2017 - 16:21) жазган:
Кызым майда 2 ге чыгат 2 чи баланы шашпай бутка туруп 5-6 жылда деп пландаштырып жатканбыз бир топ эле сактануунун жолдору бар бирок спираль койдурсамбы деп жаткам кандай карайсыздар бир баладан кийин спираль салдыргандар барбы? Деги эле балдарыныздардын аралыгы канча жаш?
10 ду төрөсөңөр деле спираль деген нерсенин салуудан алыс эле болгулачы. Ар бир пенденин өз ырыскысы бар, кантип багам деп кыжаалат болбой деле койсоңор болот. Азыр спираль салсаңар кийин кайра төрөйсүң деп эч ким гарантия бере албайт.
#4 24 Март 2017 - 17:59
Биздин айылда бир эже бар жашы 50дөн өтүп калган. Күйөөсү жалгыз уул. алардын болсо жалгыз эле кызы бар. Бир атанын урпагы уланбай калды. Кызын төрөгөндө студент болгон экен. Окууну бүтүп алайын деп спирал салдырып кийин төрөбөй калыптыр. Биринчиден кийин салдырбай эле коюңузчу.
#5 06 Апрель 2017 - 12:49
Биринчи төрөттөн кийин спираль салдыруу өтө зыян окшойт.Себеби бир синдилерим барле,биринчи уулун жаңы төрөгөндөн кийин кайнжурту уулун алып калып эки айлыгында,спираль салдырып Москвага иштегени жөнөтүп ийишкен,ошол синдим азыр уулу 7жашка чыкты боюнда болбой жүрөт, канча лечение алды болбосо.
#6 06 Апрель 2017 - 14:43
Мен да спираль салдырсамбы деп ойлондум эле баламы кичине чонойтуп алсам деп же таблетка эле ичип турсамбы убактынча
#7 06 Апрель 2017 - 15:03
Мен баламды торогондон кийин спираль салдыртайын дегенде бары каршы болгон. Кийин торобой каласын деп. И вам не советую.
Билдирүүнү түзөткөн: aiturgasha: 06 Апрель 2017 - 15:04
Ребёнок это такой позитив! Он со всех сторон
вызывает улыбку!
вызывает улыбку!
#8 06 Апрель 2017 - 15:23
Мен биринчи баламдан кийин салдыртып,анан бир жакшына эле тородум.Аборт кылгыча коро спираль жакшы деп ойлойм.Спираль да жакканга жагат,жакпаганга белин оорутат ж.б.Кудай ырыскыны берет деген менен жашоо шартты да караш керек азыркы заманда.Аралыгы алыс болгону эле жакшы экен,майда чуйдо ишти бутургучом бешик терметип турганга жарайт чон уулум.Дагы 3-4жылга салдырайын деп жатам.Тим эле алтын кумуш жалатылган эмес,арзан эле 300сомдук койдурнан элем бирок,врач опытный эле.Мен койдургула деп кенеш бергеним жок,жон гана озумдун башымдан откон окуя.
#9 06 Апрель 2017 - 23:48
zzari-83 (06 Апрель 2017 - 09:49) жазган:
Биринчи төрөттөн кийин спираль салдыруу өтө зыян окшойт.Себеби бир синдилерим барле,биринчи уулун жаңы төрөгөндөн кийин кайнжурту уулун алып калып эки айлыгында,спираль салдырып Москвага иштегени жөнөтүп ийишкен,ошол синдим азыр уулу 7жашка чыкты боюнда болбой жүрөт, канча лечение алды болбосо.
Спираль ото кооптуу деп айта албайм. Ал эми торобой журуунун да сеьеби гормондорду жонго салып турбагандыктан экен деп калам. Менин ла балларындын аралыгы 6 жаш. Спираль суук келет деп только резинка менен сактанган элек.
кенешим: канткен кундо да 2 ни катар тороп туруп сактана бер.
#10 07 Апрель 2017 - 00:07
кесер жолу м-н торогондорго спирал салдырса болобу салдыргандар барбы жакында эле кесарева м-н тородум экинчисин биринчисинда кесерева болгом
#11 22 Август 2017 - 08:45
мен салдырганмын 1чимден кийин.2чимди тородум жакшынакай эле эчнкрсе болбойт жакшы гинекологко салдырып салгандан кийин 10кун жатса кошулбай буйурса жакшы брлот ошондо
#12 22 Август 2017 - 16:01
Мен делее биринчимден кийин салдырып анан улам барып корунуп турдум 2жылдан кийин алдырдым эми экинчим боюмда бар,проблема болбой эле болду го кудайга шугур.Категор.
бойдо болбой калат же салганга болбойт деп болбойт го ар ким организмине жараша болот окшойт,анан да ар ким оз шарты,ден соолугуна карап сактануунун каалаган жолун тандаса болот..
Баракча 1 - 1