Казакстанда өрт чыккан үйдөн бир гана куран
китеп күйбөй калган
22.04.2017
.
Казакстандын Павлодар шаарынын көп
кабаттуу үйлөрдүн биринен батир өрттөнүп
кеткен. Бул тууралуу NUR.KZ. сайты жазып
чыкты.
Маалыматка ылайык, эң таң калыштуусу
өрттөнгөн үйдөн куран китеп гана күйбөй
калган. Өрт менен 15 өрт өчүрүүчү
кызматкерлер бир жарым саат алышкан. Анын
натыйжасында куран китеп гана күйбөй калып
ичиндеги документтер сакталып калган.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#3242 27 Апрель 2017 - 20:41
Моңголия шаршемби күнү алгачкы жолу
космоско спутник учураары маалым болду.
Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги кабарлайт.
«Ушундан он жыл мурун негизги болгон
долбоорлорду аягына чейин жеткирдик. Бул-
келечекке карай жасалган тарыхый кадам.
Биз Моңголиянын өзүнүн тунгуч спутнигин
космоско учуруп жаткандыгына мактанып
турган чагыбыз», – деп билдирди
Моңголиянын Улуу мемлекеттик куралынын
төрагасы Миеэгомбын Энхболд.
Моңголия парламентинин сайтында спутникке
“Mongol Sat-1” деген аталыш берилгендигин
жана элди теле программалар,
телекоммуникация менен кеңири кабар
таратууга мүмкүндүк болоору айтылган. Бул
долбоор “Аsia Broadcast Satellite” (ABS)
оператору менен биргеликте жүзөгө ашкан.
.
Кыргызстан качан учурат же Казакстанга интернеттен коз каранды болуп журо береби?

#3243 27 Апрель 2017 - 21:38
Instagramдагы кыздардын жаңы модасы — оозду кичирейтүү.
Бул үчүн атайын операция жасалып, эриндеги бир катар былжыр алынат да, атайын жиптин жардамы менен оозго чийин пайда кылып, ооз эриндери ичти көздөй тартылат.
Операция амбулатордук тартипте жүргүзүлүп, ар бир эринге 15 – 30 мүнөт убакыт кетет.
Ал эми баасы 2 000 ден 11 500 АКШ доллары турат.
Мода келет, кетет. Бүгүнкү күндөгү мода — кайсы бир күнү, кайсы бир учурда күлкү жаратышы мүмкүн.

Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#3245 27 Апрель 2017 - 22:38
Бир сүрөттүн тарыхы:
«Үмүттүн колу»
Америкалык Жулия Армаска 5 айлык кош бойлуу кезинде курсагындагы наристесинин омурткалары туура эмес өсүп жаткандыктан бала кыймылсыз төрөлүшү мүмкүн экендиги айкын болот. Бирок бир жол бар болчу. Ымыркайга курсакта жаткан кезинде операция жасалса, дени сак төрөлүүгө мүмкүнчүлүгү бар эле. Албетте, коркунучтуу. Бирок Жулия Армас хирург Жозеф Брюнерге толугу менен ишенип, операцияга макул болгон. Жозеф Брюнер эненин курсагын бир аз ачып, төрөлө элек ымыркайга ийгиликтүү операция жасайт. Операция аяктап калган мезгилде ымыркай колун энесинин курсагынан чыгарып хирургдун бир манжасын бекем кармап калган. Бул төрөлө элек ымыркайдын анын өмүрүн сактап калган хирургга айткан ыраазычылыгы сыяктанат. Жозеф Брюнер бул анын өмүрүндөгү эң толкунданткан учур болгонун айтып келет. Учурда хирургдун колун курсакта кезинде кыскан ымыркай аман-эсен чоңоюп жатат. Баса, бул сүрөттү Майкл Клэнси аттуу фотосүрөтчү тартып, «Үмүттүн колу» деп атаган. Энесинин курсагында жатып дарыгердин колун кыскан Александер Армас учурда дени-карды соо жигит.

Билдирүүнү түзөткөн: Ashka: 27 Апрель 2017 - 23:10
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#3246 27 Апрель 2017 - 22:39
Дүйнө сулуу Ислам менен.
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
Жүрөк жумшак Ыйман менен.
АЛЛАХ берген өмүр таттуу.
Ушул ыйык күндөр менен!
#3249 05 Ноябрь 2017 - 08:21
Дүйнө
Камералаш келинди кантип кыйнашты?...
4 ноября 2017 г. 7:17
Акыркы эки-үч жыл ичинде Түркияда бир чети кыжырды кайнаткан, бир чети күлкүнү келтирген айып тагылып, сот-соболсуз абакта эзилген 17 миң кыз-келиндин экөөсүнүн окуясы менен таанышыңыздар
Түнкү саат 3. Эшикти бирөө катуу ургулаганынан ойгондум. Баламды бетинен өөп сооротуп коюп, эшикти көздөй бастым. Босогомдо турган полицияны көрүп таң калганым жок. Алардын келээрин кечээ түрмөдөн чыккандан бери күтүп аткам. “Балдарыма залакасы тийбесе экен” деген бир гана ой башымда жетим көпөлөктөй тегеренип, чарк айланып турду.
Үйдө үч балам менен жалгызмын. Күйөөм болсо бир канча айдан бери камакта. Бул жолу атама чалып, балдарымды көз салып деп да сурана албайм. Анткени ал Түркиянын сот системасына өз кызына караганда көбүрөөк ишенет. Анын айтымында, эгерде күнөөм жок болсо, мени эч ким камакка алмак эмес экен. Айла жок, күйөөмдүн бир досуна байланышып, балдарым менен үйдө болуп турушун сурандым да, полициянын коштосунда үйдөн чыгып кеттим.
Бүгүн түрмөгө экинчи ирет баратам. Биринчи жолу мурдагы жылы алып кетишкен. Кайсы жалаа менен камакка алгандарын мындан бир ай мурун гана айтышты. Бир жыл кыйнагандан кийин кандай чоң кылмыш жасаганым билинди. Көрсө телефонумдагы тиркеме аркылуу сүйлөшкөнүм үчүн экен. Бул тиркеменин телефонумда болушу чоң кылмыш катары саналып, балдарымдан бир жыл ажыроомо себеп болуптур. Түрктөрдүн эски сөзүндөй “Бөрү козуну жейм деп небак чечип койгон тура”. Менин оюмча, тиркеме дегени жөн эле шылтоо.
Мына эми бир жыл түрмөдө отургандан кийин, козголгон иш боюнча сот иш жүрмөк болду. Сот акыркы чечимин кабыл ала элек, бирок шарттуу түрдө бошотулушума уруксат берди. Муну биринчи укканда, эки кулагыма ишенген жокмун. Себеби, төңкөрүш болгондон бери Түркиянын сот системасына ишеничим такыр кетип, каалаган күнү кайра камакка отургузуп коюшу мүмкүн деп ойлоп келгем. Тилекке каршы, кооптонуумдун чындыгы бар экен.
Өзүмдү аяп, боорум ооруган жок. Түрмөгө деле көнүп калгандаймын. Бир жыл камакта болуу өзү эле көндүрдү окшойт. Андан да, ал жерден жакшы досторду таап алдым. Бир гана нерсе жүрөгүмду өйүйт – балдарымдан алыс болуу. Алардын ийгиликтерин көрүп, кошо кубанып, колдоо көрсөтө албаганыма өкүнөм. Кенже баламдын бешке толгонун куттуктай албаганым өкүнүчтүү. Ортончу баламдын эң биринчи жолу велосипед мингенин көрүп, “азаматсың балам” дей албаганыма өкүнөм. Балдарымдын акыркы бир жылдык жашоосундагы күтүлбөгөн нерселердин себеби болгонума өкүнөм. Эне катары бул көйгөйдү чече албаганыма жүрөгүм ооруп, өзүмдү алсыз, колуман эч нерсе келбеген киши катары сезем.
Бирок ошону менен бирге, ушунча көйгөйдүн баарына карабай, өзүмдү токтоо, эч нерсе болбогондой кармап, бир калыпта жүргөнүмө таң калам. Кыйынчылыктарга каршы туруктуулук менен бекемдик ошол учуру менен кошо келет окшойт. Менин үй-бүлөөмдө баары эле кайраттанып, белин бекем бууп жүрөт.
Биз сезимдерге алдыргандан алыбыз келишинче алыс болуу аракетиндебиз. Себеби, арабыздан бирөө эле жарылса, калгандарыбыз токтоно албай ыйламакпыз. Ошол себептен кечээ балдарымды көргөнүмдө автобус менен 8 саат жол жүрүп, кыйналып келгендей эмес, өзүмдү үйдүн жанындагы эле дүкөндөн кайтып келгенимдей токтоо кармап, жылмайып койдум. Балдарымды кучагыма басканымда ар бирөөсүнүн бейиштик жытын көөдөнүмө толтуруп алууга аракет кылдым. Менин күчтүү болушумдун негизги себеби – балдарым. Алар да мен ойногон оюнга кошулуп, мага эч нерсе болбогондой, кадимкидей мамиле жасашты. Кечээки кечки тамак мурдагы кечки тамактануудай эле кубанычтуу, кудум эч нерсе болбогондой өттү. Ошол эле маалда, ар бирибиз атабыздын орду бош экенин түшүнүп турдук. Баарлашуубуз таттуу уланып жатты. Бирок, эртең кайрадан көрүшпөй калабыз деген ой эч бирөөбүзгө келген жок.
Мурдагы жылы биринчи жолу камакка алынганымда жолдошум балдарымды жээнибиз Мелек менен бирге карады эле. Башкаларга караганда мен жолдуураак экенмин, шаарыбыздын түрмөсүнө камалдым. Башкаларды атайын өз шаарынан алыс жөнөтүп атышты. Бир түгөйдү атайылап ажыратып, экөөнү өлкөнүн эки четине жөнөткөнүн уккам.
Баштапкы айларда жолдошум балдарымды ээрчитип келип жүрдү. Бирок кийин түрмөнүн кызматкерлери кезигүүнү улам кыскарта бергендиктен, мага бир да киши келбегендей кылып атабы деген ой да кетти. Бирок өзүбүз деле түрмөдө отурганыбызды көрүп балдарыбыз кемсинип, коркушун каалабадык.
Көп өтпөй жолдошумду да камакка алышты. Балдарыбызды энесинен гана эмес, атасынан да ажыратышты. Эми кичинекейлерди жээнибиз Мелек карап, жайкы каникулда Измирге алып кетти.
Ооба, мен башыман өткөн окуяны кадимки, жөнөкөй нерседей жазып жаткансыйм. Бирок, мен муну менен бул окуялар азыркы Түркия жашоосунда адатка айланган, нормалдуу нерсе экенин билиңиздер дегим келет. Элибизде бир да үй-бүлөө бул мыйзамсыздыктан оолак калган жок. Өздөрү болбосо да ата-энеси, алыс-жакын туугандары, же кошунасы жөн жерден караланып, камакка алынган. Мен эч жүйөөсүз, сот-соболсуз, балдарынан ажыратылып, түрмөгө камалган көптөгөн энелердин бирөөсү элемин. Менин үй-бүлөөм, Түркиянын ар тарабында жумушунан айдалып, сотсуз камакка алынган миңдеген үй-бүлөөлөрдүн бири.
Бирок, мен башка бир окуяны сизге айткым келди. Бул менин камералашым Аслы тууралуу окуя. Анын башына түшкөндөр менин башыма түшкөндөрдөн алда канча таасирдүү.
Аслы жолдошу менен бирге камакка алынганда жаңы эле күйөөгө тийген келин болчу. Сурак учурунда алар Аслыны бир бөлмөгө, күйөөсүн башка бөлмөгө камаган. Аларды күнү-түнү мыкаачылык менен кыйнап, ар кандай балит сөздөр менен тилдеп жатышты. Аслы менен жолдошу бири-биринин кыйкырыктарын угуп, жан-дүйнөсү ого бетер эзилди.
Сурактан кийин Аслыны камерага алып келгенде, аны түрмөнүн кызматкери толугу менен чечинтип алып, эсинен танганча сабап турду.
Бирок зулумдук ушуну менен токтоп калса гана! Камеранын эшигинде Аслыны зордуктайм деп бир топ эркек кызматкерлер топтолуп турду. Эгерде суракта алар каалагандай жооп бербесе, зордуктаарын айтып коркутуп жатышты. Мунун баарын уккан Аслынын жолдошу абак кызматкерлерине жалынып-жалбарып токтотуусун суранып атты.
Кийин түрмөнүн эрежесине ылайык, Аслыны медициналык текшерүүгө жөнөтүштү. Бирок дарыгер анын ден соолугу абдан жакшы деп жазып берди. Аслы зордуктоого кабылганын дарыгерге ишендире албай койду.
Кайра камерага келгенинде бечара коркконунан калтырап турду.
Зордукчулар өзүн эмне кылышканы тууралуу бир ооз сөз да айта алган жок. Жаңыдан турмуш курган жаш жубайлар жер кыдырып сейилдесе, Аслы түрмөдө зулумдардын колунда кыйналып жатты. Ал өзүнүн укугун коргош үчүн эч жакка бара алган жок. Система ушундай болуп калбадыбы. Полиция сатылган, дарыгерлер жаз дегенди жазат. Прокурорлор болсо чөнтөк прокурорго айланган. Азыркы мамлекеттик система элди тегирмендин ташындай майдалап жатат.
Аслы биринчи жумаларда такыр эле сүйлөбөй калды. Биз аны колдоп, дем берип турдук. Мен анын кайрадан мурункудай болуп кетээринен да күмөн саначу болдум. Канчалаган аялдар укуктарын коргой албай, Түркиянын түрмөлөрүндө ушинтип зордукталып жатат.
Мен Аслынын окуясын айтканымдын себеби, мындай тагдырга кабылгандар жалгыз эмес экенин билсим дегеним. Алар да тебеленген укуктарыбыз боюнча ачык айтып чыгышыбызга кошулсун дейм. Зулумдукка каршы турган кишилер да бар экенин билишин каалайм.
Биз эч жактан укуктарыбызды коргой албайбыз, себеби эч жакка чыга албайбыз дагы. Биздин негизги куралыбыз сөзүбүз. Бүгүн сиздерге адамдын укугу, инсандык намысы кандай тебеленип жатканын айткым келди. Бул окуяны башкаларга да жеткириңиз деп суранам. Мен Аслыга жана башка миңдеген зулумдук көрүп жаткан кишилерге жардам көрсөтүңүз деп суранам.

Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#3250 05 Ноябрь 2017 - 09:22
Ишенесизби?
Дүйнө элдеринин 50% ы Санта Клаустун(аяз ата) бар экенине ишенет.
Октопус(сегиз бут) деген жаныбар катуу жини келгенде өзүнүн бутун жеп коёт.
Англиядагы бардык ак куулар ханышанын менчиги деп эсептелет.
Адамдын жамбаш сөөгү бетонго караганда катуу.
"Зажигалка" ширеңкеден мурда ойлоп табылган.
Дүйнө элдеринин 50% ы Санта Клаустун(аяз ата) бар экенине ишенет.
Октопус(сегиз бут) деген жаныбар катуу жини келгенде өзүнүн бутун жеп коёт.
Англиядагы бардык ак куулар ханышанын менчиги деп эсептелет.
Адамдын жамбаш сөөгү бетонго караганда катуу.
"Зажигалка" ширеңкеден мурда ойлоп табылган.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#3251 05 Ноябрь 2017 - 09:25
Дарыгерлер: Чачын бир жылда 6 жолудан көп боёгон аял рак менен ооруйт
14% учурда чачын көп боёгон аялдарга ушул диагноз коюлат. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы кабарлайт.
Бир жылда чачын алты жолудан көп боёгон аялдар сүт безинин рагы менен оорушу мүмкүн. Бул тууралуу Princess Grace Hospital Лондон ооруканасынын профессору Кефан Мокбел маалымдады. Дарыгер сүт бези рагына чалдыккан бейтаптардын оору тарыхын өз ара салыштырып изилдеген. Натыйжада 14% учурда чачын көп боёгон аялдарга ушул диагноз коюла турганы белгилүү болгон.
“Биздин адистер чач боёнун онкологиялык ооруларга алып келерин аныкташты. Жеке өзүм чачын бир жылда алты жолудан көп боёгон аялдарга дарыгерерге көрүнүп турууга кеңеш берет элем”, - дейт Кефан Мокбел.
Мындан тышкары, мүмкүн болушунча курамында аммиак жок боёгучтарды тандоого кеңеш берет. Ушул убакытка чейин Фламанд Университетинин адистери кантты көп керектеген адамдардын рак оорусуна көп чалдыга тургандарын байкашкан.

#3252 05 Ноябрь 2017 - 09:27
Эйнштейндин «бакыт рецепти» 1,56 млн долларга сатылды
Альберт Эйнштейндин «бактылуу жашоонун рецепти» тууралуу жазган каты Иерусалимдеги аукциондо 1,56 млн долларга сатылды.
Бул катты Эйнштейн 1922-жылы Токиодогу мейманканадагы кызматкерге чайпулдун ордуна калтырып кеткен. Мейманкана кызматкерине бул кат акчага караганда баалуу болот деп айткан экен. Ал учурда окумуштуу физка боюнча Нобель сыйлыгына ээ болгонун эми гана уккан болот.
Эйнштейн ал катында пенденин көп жылдар умтулуп келген максатына жеткени бактылуулуктун кепилдиги боло албай турганын жазган.
Салыштырмалуулук теориясынын автору Нобель сыйлыгы ыйгарылган учурда Японияда лекция окуп жүргөн. Бул кабар жазылган катты алып келген курьерге окумуштуу берейин десе чөнөгүндө акчасы жок болуп калган.
Чайпулдун ордуна Imperial Hotel Tokyo мейманканасынын логотиби түшүрүлгөн блокноттун бир барагын берген. Анда атактуу физиктин колу менен немис тилинде жазылган: «Ийгиликтин артынан кубалап жана аны коштогон ар дайымкы тынчсызданууга караганда, бейпил жана жупуну жашоо көбүрөөк бакыт алып келет» деген сөз болгон.
Эйнштейн тарабынан жазылган экинчи катта: «Кайсыл жерде эрк болсо, ошол жерден жол дагы табылат» деп жазган. Бул кат болсо 240 миң долларга сатылган.
Аукцион өткөргөн «Виннерс» үйүнүн өкүлү бул эки лот күтүлгөндөн да көп акчага сатылганын айтты. Анын айтымында, каттарды ысымын жашыруун калтыргысы келген европалык өлкөлөрдүн биринин жараны сатып алган.
Ал эми каттарды сатыкка Альберт Эйнштейндин колунан алган курьердин жакын тууганы койгон.
Альберт Эйнштейндин айтылуу кеңештери:
* Көйгөйгө алып келген санааны өзгөрткөндө, маселе өзүнөн-өзү чечилет.
* Интеллекттин чыныгы белгиси - билим эмес, ой-чабыттын кеңдиги.
* Биз табият тартуулган көрүнүштүн миңинен бир пайызын дагы биле элекпиз.
* Сулуу кыздын жанында жүргөндө ар бир саат көз ирмем сыяктуу туюлат. Кызыл мештин үстүндө отурсаңыз, ар бир секунд бир сааттай. Салыштырмалуулук деген ушул.

#3253 05 Ноябрь 2017 - 09:30
Мышыктар тууралуу кызыктуу фактылар
Мышыктар Мухаммед пайгамбардын (САВ) сүйүктүү жаныбары катары белгилүү жана өтө эрке, уйкучу үй жаныбары. Ал бардык диндерде ыйык жаныбар катары берилет. Эң башкысы, мышык адамдардын сүйүктүү жаныбары эле болбостон, адам организминин ооруган жерин бат эле аныктап, аны дарылап, айыктырып коёру да далилденген.
АКШнын Техас штатында жашаган Скутер аттуу сиам мышыгы дүйнөдө эң кары мышык деп табылды-ал азыр 30 жашта.
Буга чейин эң узак жашаган Пафф деген мышык 2005-жылы 38 жашында өлгөн. Ал эми Скутер 26 жашка чыгып Гиннестин рекорддор китебине киргизилген Вельвет аттуу мышыкты артка калтырды. Вельвет учурда Орегон штатында жашайт.
Азыр дүйнөдө мышыктын 600 миллионго жакын 200 түрү бар. Мышыктын үй жаныбарына айланганына 9500 жылдан ашты деп айтылат.
Фелинологиялык уюмдардын аныктамасы боюнча мышыктардын 70тен ашык түрү асыл тукумдуу. Перси, британ, канадалык сфинкс, петерболд, тай, ангор, девон рекс, мэнкс, япон бобтейли, америкалык керл жана башка аталыштары бар.
Үй мышыктары жөнүндө маалыматтар биздин доорго чейинки экинчи кылымда эскерилет. Байыркы Египетте мышыктарды эгин кампаларын кайтартуу үчүн пайдаланышкан. Мышыкты өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылган.
В.И.Даль 1853-жылы жарыялаган “Орус элинин макалдары” деп аталган эки томдугунда мышыктар тууралуу 75ке жакын макал-лакап бар экендиги белгилүү.
Ал эми Ислам динине тиешелүү хадистерде мышык Мухаммед пайгамбарды жыландын чагуусунан сактап калгандыгы айтылат, ошондуктан мусулмандар мышыкка сүт берүүнү сый-урмат катары эсептейт. Айбанаттар арасында мышыкка гана мечитке кирүүгө уруксат берилген.
Орусиянын Обнинск шаарында көчөдө жашаган жолбун Маша аттуу мышык саксайган жүнү менен батир үйлөрдүн подьездине таштап кеткен үч айлык наристени катуу сууктан аман алып калган.
Ымыркайды белгисиз бирөөлөр кагаз кутуга салып, сыртка таштап кеткен. 10 градустан төмөнкү аязда бала суукта бир нече саат жатса тоӊуп калмак. Бирок жолбун мышык баланы жылытып, кагаз кутунун ичинен катуу мыйоолоп жергиликтүү тургундардын көӊүлүн өзүнө буруп, баланын тирүү калышына шарт түзгөн чоӊ каарманга айланды дейт аталган гезит.

#3254 05 Ноябрь 2017 - 09:33
Европанын эң оор ашкабагы 1008 килограмм
Германиянын Баден-Вюртемберг аймагындагы Людвигсбург шаарында өткөн Европа боюнча ашкабак өстүрүү чемпионаттыгында бельгиялык Матиас Виллеминдс экинчи ирет чемпион болду.
24 жаштагы Матиастын бул жылы өстүргөн ашкабагы 1008 килограммдык салмагы менен Европанын чемпиону болду. Бельгиялык дыйкан ошол эле мезгилде дүйнөлүк рекордду багындырды.
Европа чемпионаттыгында экинчи орунду 849 килограмм ашкабак өстүргөн италиялык Стефано Кутрупи алса, польшалык Доминик Кедзяк 836 килограммдык ашкабагы менен үчүнчүлүккө жетти.
Германиянын Баден-Вюртемберг аймагындагы Людвигсбург шаарында өткөн Европа боюнча ашкабак өстүрүү чемпионаттыгында бельгиялык Матиас Виллеминдс экинчи ирет чемпион болду.
24 жаштагы Матиастын бул жылы өстүргөн ашкабагы 1008 килограммдык салмагы менен Европанын чемпиону болду. Бельгиялык дыйкан ошол эле мезгилде дүйнөлүк рекордду багындырды.
Европа чемпионаттыгында экинчи орунду 849 килограмм ашкабак өстүргөн италиялык Стефано Кутрупи алса, польшалык Доминик Кедзяк 836 килограммдык ашкабагы менен үчүнчүлүккө жетти.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#3255 05 Ноябрь 2017 - 09:34
Катар тууралуу кызыктуу маалыматтар.
№1.Бизден айырмаланып Катарда дем алыш күндөрү жума,ишемби кундоруно туура келет.Бул жума намазына байланыштуу.
№2.Катарда жайында 41-50 градуска чейин ысыйт.Ал эми кышында эн томон температура 13 градус ыссык болот.
№3.2017-жылдын жыйынтыгы менен Катар дүйнөдөгү эн бай олко деп бааланды.
№4.Катар дүйнө жүзү боюнча жаратылыш газын эн көп экспорттогон өлкө жана ошондой эле экономикасы өтө тездик менен өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет.
№5.Катар ушунчалык бай өлкө экенинин бир мисалы:кышында от тутандыруу учун 500 риял(137 доллар)ды отко жагып жиберишет.
№5.Катардын жарандыгын алуу үчүн араб болуп төрөлүүдөн башка жолу жок.
№6.Катарда бензин өтө арзан.1 литри кыргыз сомуна 15 сом,8 тыйын.

#3256 05 Ноябрь 2017 - 09:35
Дүйнөнүн эң картаң ташбакасы деп эсептелген Джонатандын көп жылдардан бери чогуу жашаган сүйүктүүсүнүн эркек экендиги жана ушул себептен улам көбөйө албагандыгы ачыкка чыкты.
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#3257 05 Ноябрь 2017 - 09:36
Дүйнөнүн эң кымбат бренддери
“Interbrand” консалтингтик агенттиги дүйнөдөгү эң кымбат бренддердин тизмегин жарыялады. Рейтингдин көч башында “Apple” компаниясы 184 млрд доллардан ашык турат.
Экинчи орунда – “Google” компаниясы.
“Interbrand” агенттигинин эсептөөсү боюнча, компания чамасы менен 142 млрд долларга бааланды. Дүйнөнүн эң кымбат бренддеринин үчилтигин 80 млрд доллар турган “Microsoft” түзөт.
Эң кымбат бренддердин бештигине ошондой эле “Coca-Cola” (69,73 млрд доллар) менен “Amazon” (64,8 млрд доллар) кирди.
Рейтингди аныктоо учурунда кем дегенде үч материкте бизнесин жүргүзгөн жана кирешенин үчтөн бири чет өлкөдө ишке ашкан операциялардан түшкөн компаниялар эске алынган.