Көрсөтмө – көбүнчө маалымат-усулдук мүнөздөгү маселелер боюнча, ошондой эле ошол же башкаруунун жогорку органынын буйруктарын, нускамаларын жана башка актыларын аткарууну уюштуруу менен байланышкан маселелер боюнча мамлекеттик башкаруу органы тарабынан чыгарылган укуктук акт. Көрсөтмөлөрдү чыгаруу укугу өндүрүштүк жана административдик тез чечилүүчү маселелерди жол-жоболоштуруу уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын жетекчилерине да таандык.Көрсөтмө жол-жоболоштуруу боюнча буйруктан айырмаланбайт, курамы боюнча да, маалымдаректерин жайгаштыруу боюнча да ошондой эле формулярга ээ болот. Ошондой болсо да көрсөтмөлөрдүн конкреттүү аткаруучулары болууга тийиш, анын буйрутма бөлүгү «СУНУШ КЫЛАМЫН» деген сөз менен башталат.
Көрсөтмө 1970-жылдардан баштап кызмат жазмаларынын, кызмат каттарынын, кызмат буйрутмаларынын максатындай эле иш кагаздын түрү катары ишке киргизилген.
КӨРСӨТМӨ ..................... ...................... ...................... ....Ишканалардын жана уюмдардын 05.02.2000 № 29-Вр........ ...................... ...................... ...................... .....жетекчилерине
10.04.2004-ж ...................... ...................... ...................... ...Бишкек
Келечекке тармакты өнүктүрүү
планынын долбоорун иштеп чыгуу
боюнча иш чаралары жөнүндө
«Келечекке тармакты өнүктүрүү планынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө» 12.01.2000 № 12-45 министрликтин коллегиясынын чечимин аткаруу максатында
СУНУШ КЫЛАМЫН:
1.Пландын долбооруна киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыгууда министрликтин 20.12.99-жылдагы усулдук сунуштарын жетекчиликке алып тармактын ишканаларынын жана мекемелеринин материалдарга, сырьего, жабдууларга болгон талаптарынын зарыл эсеп-кысаптар алынсын;
2.Эмгек боюнча планга тиркемелерди иштеп чыгууда министрликтин 14.12.99 №2-12/67 катында сунушталган кесиптер боюнча инженер-техникалык кызматкерлер жана жумушчу кадрларына болгон талаптарды эсептөөлөргө таянуу. Министрликке жөнөтүлгөн сунуштардын бардыгы тиешелүү усулдук сунуштар менен ченемдиктерге шилтемелер менен толук эсеп-кысаптар менен коштолсун;
3.Сунуштарды даярдоо боюнча иштерди координациялоо министрликтин Техникалык башкармалыгына тапшырылсын;
4.Ушул көрсөтмөнү аткарууну контролдоо Техникалык башкармалыктын башчысы Р.А.Абдразаковго жүктөлсүн.
Министрдин орунбасары ..................... .(колу) ...................... ...................... ...........М.Т. Шарипов
Закирова 24-15-56
(колу)
01-04 көктөмүнө ............ ...................... (колу)
20.02.2000.
Билдирүүнү түзөткөн: Balamir: 05 Декабрь 2011 - 23:08