Мендик эмес, мендик эмес самасам да, Элеси көздөн учуп сагынсам да. Жүрөк сыздап, муздак уруп турса дагы, Мендик эмес тагдырыма таарынсам да. * * * Мендик эмес, мендик эмес сыздасам да, Жаратканга миң мертебе жалынсам да. Сезимим жарат алып турса дагы, Мендик эмес, сен деп өзүм ыйласам да… Урмат Молдосанов август, 2015 ж.
Билдирүүнү түзөткөн: NikiProf: 27 Август 2015 - 00:47