Паспортто "УЛУТ" графасынын жазылышы сизге КЕРЕКПИ? Паспортко улутун жазбоо сунушу талкууга түштү
#21 02 Февраль 2012 - 09:43
Мен каршымын. Анткени, кыргызстанда жашаган башка улуттун окулдорунун жалпы жондон Кыргызстандык деп аталуусун каалабайм.
тоголок жерде, тоголок суроолорго бай болгон тоголок жашоо....
#22 02 Февраль 2012 - 11:25
[quote name='adalsvards'
date='01 Февраль 2012 - 12:11' timestamp='1328076698'
post='629655'
]
Президент Атамбаев инаугурациялык салтанатында "Кыргызстан улуттар аралык жаңжалдан алыс болом десе, АКШ сыяктуу паспорттон улут графасын алып салып, анын ордуна ЖАРАНДЫГЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫК деген жазууну кийришибиз шарт" деген сөзүн айткан эле, "примерно" , цитатаны издеп отурбадым...
Паспорттон улут графасын алып салса эле, улуттар аралык жаңжалдан алыс болуп калабызбы? Кантип? Жаңжал ушундан келип чыкты беле? Акылым жетпей койду, түшүндүруп бергилечи.
Биздин өлкөдөгүдөй, башка СНГ мамлекеттеринде, титулдук эмес улуттар өзүн эркин сезген, каалагандай өзүн алып жүргөн, каалаган тилде сүйлөгөн, коомдук жайларда сен башка улутсуң деп жекирип карабаган бир мамлекет барбы?
Өзбекстанда кыргыздын баары улутун өзбек деп жаздырып (өз каалоосу менен эмес), коомдук жайларда өзбек тилинде гана сүйлөшөт экен, эч ким унчуга албайт, эч кандай укук коргоочулар сөз айта алышпайт. Ошол эле Казакстанда башка улуттун өкүлдөру казакча суудай эле сүйлөшүп жүрүшөт, эч ким нааразы эмес.
А эмнеге эле бизде ушундай, араң эле турушат, таарынчак кыздай болуп. Мен ойлойм себептин баары башкада. Мойнуңа бирөөдү мингизип алып бир жерге жеткирдиң, ага жагып калды да, айтат, бутум ооруп атат дагы бир жерге жеткизип койчу. Сен айкөлсүң, жоошсуң, макул деп жеткирип коесуң. Ага жагып калды, ойлойт, дайыма ушинтип минип жүрө берсем болбойбу? Сен унчукпасаң өмүр бою көтөрүп жүрөсүң, кандайдыр бир акча үчүн же коркосуң. Бир башка жол бар, жок деп башында эле мойнуң мине электе ордуна коюп кой.
Урматтуу АША маселени паспорттогу бир графадан издебей, Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, күчтүү, өзүн өзү баккан мамлекетке айландырса, мындай маселелер өзүнөн-өзү жоголмок. Алсыз болсок, ар-ким келип мындай кылбайсыңбы десе эле, унчуга албай башты ийип олтура берет экенбиз.

Мен К Ы Р Г Ы З М Ы Н !
#23 02 Февраль 2012 - 15:38
Дунгандар, уйгурлар, орустар ж.б. улуттагылар "Мен кыргызстандыкмын"
-деп калышат экен да ээ?
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#24 02 Февраль 2012 - 16:55
Супер силерге эмне "жин тийгенби"
менин билдирүүлөрүмү чыгарбай атасыңар.
#25 02 Февраль 2012 - 17:00
dek (02 Февраль 2012 - 16:55) жазган:
Супер силерге эмне "жин тийгенби"
менин билдирүүлөрүмү чыгарбай атасыңар.
Бул билдирүүңүз түшүнүксүз болуп жатат. Сурооңуз болсо сайттын башкармалыгына купуя кат аркылуу кайрылбайсызбы же атайын суроо узатчу темалар бар, ошол жактарга сурооңузду калтырсаңыз жооп беребиз да.
Эгер дагы бир жолу туш келди жерге ушундай маанидеги билдирүүлөрдү таштай турган болсоңуз сиздин билдирүүлөрдүн баары өчүрүлүп, сиздин сайттан четтетип коюшубуз мүмкүн.
#26 03 Февраль 2012 - 18:11
#28 03 Февраль 2012 - 18:19
Ушул жерде дагы бир нерсени айтып кетейинчи.Ким айты силерге Өзбекстандагы Кыргыздардын паспортуна улуту деген жерге "Өзбек"
деп жазылат деп же көрдүңөрбү?
Антип ойлосоңор жаңылышасыңар!
Мен Өзбекстандык Кыргыз жигит менен иштегенде көргөн элем улуту(өзбекче милет деп койот экен) деген жерге чооооң болуп "КЫРГЫЗ"
деп жазылып турат.Тескерисинче алар өздөрү "Өзбек"
деп жаздырып жатышат,себеби:
жумушка орношуу үчүн Өзбек болбосоң жадагалса "бригадирликке"
да албайт экен(ошол баланын айтуусу боюнча)
#29 03 Февраль 2012 - 18:50
Менин оюмду жогорку жактагы форумчулар жазып коюптур.Мен каршымын.Кыргыз деп колдон келсе чон козго корунуктуу кылып жазыш керек.
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я НАЙДУ ЗАМЕНУ КАЖДОМУ!Зато тех кто остается Я ЛЮБЛЮ БОЛЬШЕ ЖИЗНИ!
#30 07 Февраль 2012 - 10:01
#31 07 Февраль 2012 - 10:08
dek (03 Февраль 2012 - 18:19) жазган:
Ушул жерде дагы бир нерсени айтып кетейинчи.Ким айты силерге Өзбекстандагы Кыргыздардын паспортуна улуту деген жерге "Өзбек"
деп жазылат деп же көрдүңөрбү?
Антип ойлосоңор жаңылышасыңар!
Мен Өзбекстандык Кыргыз жигит менен иштегенде көргөн элем улуту(өзбекче милет деп койот экен) деген жерге чооооң болуп "КЫРГЫЗ"
деп жазылып турат.Тескерисинче алар өздөрү "Өзбек"
деп жаздырып жатышат,себеби:
жумушка орношуу үчүн Өзбек болбосоң жадагалса "бригадирликке"
да албайт экен(ошол баланын айтуусу боюнча)
Биз деле ошону айтып жатабыз. Ачык мажбурлоо менен көмүскө (ачык эмес, ар кандай жол менен) мажбурлоонун айырмасы барбы?
Мен К Ы Р Г Ы З М Ы Н !
#33 08 Февраль 2012 - 10:12
Урматтуу Адальс сизге кайрылуу:
Ушул эле темага же сайттын башкы бетине "паспортогу улут графасы" боюнча сурамжылоо жүргүзүп койсоңор жакшы болот эле.
Ушул эле темага же сайттын башкы бетине "паспортогу улут графасы" боюнча сурамжылоо жүргүзүп койсоңор жакшы болот эле.
Мен К Ы Р Г Ы З М Ы Н !
#34 08 Февраль 2012 - 10:32
Bolo (08 Февраль 2012 - 10:12) жазган:
Урматтуу Адальс сизге кайрылуу:
Ушул эле темага же сайттын башкы бетине "паспортогу улут графасы" боюнча сурамжылоо жүргүзүп койсоңор жакшы болот эле.
Ушул эле темага же сайттын башкы бетине "паспортогу улут графасы" боюнча сурамжылоо жүргүзүп койсоңор жакшы болот эле.
Сайтыбыздын башкы бетине да көңүл буруп жүрсөңөр: "КРнын жарандык паспортундагы улут графасындагы “кыргыз” сөзүнүн ордуна “кыргызстандык” деп жазылуусуна кандай карайсыз?"
#35 08 Февраль 2012 - 10:45
Ар бир паспорттун графасында "Кыргызстандык"
эмес!ар адамдын улутун жазыш керек деп ойлойм...Кыргыздыкын "КЫРГЫЗ"
деп,Орустукун "Орус"деп.
....Мисалы:башка жакта жургон жарандар ,башка улуттагылар кылмыштуулук кылса,паспортунда "КЫРГЫЗСТАНДЫК"
деп турса,жаман коруп калышат даа.ии бул Кыргыз экен деп,а эгерде паспортто өз улуту жазылып турса,Кыргызстандан болсо дагы улуту көрүнүп турса,ойлор кичине башка жакка кетет,и орус экен же өзбек экен деп...Кыргыздарга азыраак сөз тиет деген ой да менде....
Только злые люди, зла боятся!
#36 09 Февраль 2012 - 09:44
Убагында азыркы Озбекистандын аймагында отурукташкан ар кошкон эле (анын ичинде тажиги, озбеги, казагы жана кыргыздар) биригип озбек деп каттодон отуп Озбекстан малекетин тузду эле. Азыркы 27 млн калкы бар Озбекстандын нукура озбеги 5 млн го жетпейт болушу керек. Бирок калган 22 млн калкы озбек улуту деп эле жан куйушот. Ага себеп уже кылымга жакындап бараткан ассимиля́ция жолу "Озбек"
- деген ураан котортконго туртку болуп жатат. Мумкун биз дагы бут улутту алып салып бир гана Кыргыз дегенди калтырсак кылым айланышы менен биздин дагы саныбыз кобойуп калатпы деген суроо туулбай койбойт. Бир чети бору уулу ит болбойт дейт аны дагы эске кармоо керек.
#37 09 Февраль 2012 - 12:19
AGAT (08 Февраль 2012 - 10:32) жазган:
Сайтыбыздын башкы бетине да көңүл буруп жүрсөңөр: "КРнын жарандык паспортундагы улут графасындагы “кыргыз” сөзүнүн ордуна “кыргызстандык” деп жазылуусуна кандай карайсыз?"
Байкабастык кылыпмын.
Мен К Ы Р Г Ы З М Ы Н !
#38 09 Февраль 2012 - 14:39
temu (09 Февраль 2012 - 06:44) жазган:
Убагында азыркы Озбекистандын аймагында отурукташкан ар кошкон эле (анын ичинде тажиги, озбеги, казагы жана кыргыздар) биригип озбек деп каттодон отуп Озбекстан малекетин тузду эле. Азыркы 27 млн калкы бар Озбекстандын нукура озбеги 5 млн го жетпейт болушу керек. Бирок калган 22 млн калкы озбек улуту деп эле жан куйушот. Ага себеп уже кылымга жакындап бараткан ассимиля́ция жолу "Озбек"
- деген ураан котортконго туртку болуп жатат. Мумкун биз дагы бут улутту алып салып бир гана Кыргыз дегенди калтырсак кылым айланышы менен биздин дагы саныбыз кобойуп калатпы деген суроо туулбай койбойт. Бир чети бору уулу ит болбойт дейт аны дагы эске кармоо керек.
туура айтасыз өзбектер фергана өрөөнүндө эле жашайт канган жактары тууу-туу да.
#39 22 Февраль 2012 - 13:31
Жеке мен учун керек. Атуулдун улуту тууралуу маалымат мамлекеттик бул документте корсотулушу эч ашыкча болбойт деп ойлойм. Паспорттогу улуту деген графа бул атуулду идентификациялоого,
тиешелуулугун аныктаганга жардам берет. Дагы мен учун сыймыктуу,кыргыз деп жазылып турганы паспортумда.
"Не плачь, потому что тот, кто заставил тебя плакать, не достоин твоих слез.
А тот, кто достоин никогда не заставит тебя плакать." (Маркес Г.)

#40 23 Февраль 2012 - 04:28
Коңшу мамлекеттерди көрүп ичиң күйөт. өзбекстандык кыргыздар кыргызча сүйлөй албай калышкан. А Казакстанчы,
убагында дээрлик орусташып кеткен казак улутун карагыла бүгүн, Казакстанда улутуна карабай баарын казакча түш жорутуп койду. Бул жерде табигый ассимиляция эмес, бул өзгөрүүлөр жасалма түрдө болууда. Аларда мамлекеттик саясат улуттук духтун өзөгүндө жүргүзүлөт.
А бизде тескеринче,
бөлүп-жар,анан башкар саясаты. Кечээ күнү эле Ташиев кыргызга кыргыз гана күйөт, өлкө башына нукура кыргыздар гана туруш керек деген пикирин билдире коем деп, "гитлер"
, "фашист"
, деги койчу эмне деген жугунду сөздөрдү төгүшпөдү башынан ылдый. Кичине эле бирдеме болсо нацисттер, тиги-бу деп чыга калышат. Ошолор Казакстанга барып ошентип "тултуңдап"
көрүшсүнчү,
эки бутун бир өтүккө тыгып, оозун Ошко каратып коюшат.
Улуту деген графаны алып салышына мен каршымын. Мен Кыргызстанымда жашап жүрүп, тиги корей-дунган сымал келгиндер менен бирдей эле "кыргызстандык" болуп калгым келбейт. Мен кыргыз болгум келет. Кыргызстан- кыргыздар түптөгөн мамлекет экенине сыймыктангым келет. Чеберелеримден кимсиң деп сураса- кыргызмын деп жооп беришин каалайм. (Россиянын майда калктары да ушундай, кимсиң десең "россиянин" дебейт, "русский" дейт. Жалпы эле Россияны айтсам, российский народ эмес, русский народ болуп баратат.)
Улуттар аралык жаңжалдын алдын алам дейби Атамбаев? Келжирептир. Алысты көрө албаган, тереңге сүңгүй албаган кишинин сөзү.
Улутчул-патриоттор өлкөнү аксатып жатат деп да келжиреп жатат беле? Атасынын башы! Улутчул-патриоттор болбосо, июнь окуясында түштүктү алдырып ийип, өлкөбүз жоголуп, тарпыбыз талаада калмак.
Ушул сөздөрүнөн улам такыр сыйлабай калдым бу кишини.