Москвада ким эмне жумуш кылат? Же болбосо кандай жумуштарда иштегенсинер...
#21 14 Апрель 2017 - 22:38
#22 14 Апрель 2017 - 23:18
#23 15 Апрель 2017 - 00:41
Angel92 (14 Апрель 2017 - 16:00) жазган:
Че та ушу маникюр-педикюр жакшы окшойт аял кишиге тынч дегендей, швейный цехте иштегендер да жакшы табат деп уккан элем. Повар болсон кечке туруп иш кыласын)
Балдардын жумушунан таксистерге козум куйду, оздорунон зависит канча акча табышы, анан мерчендайзерлергеда оной экен деп койдум
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#24 15 Апрель 2017 - 01:49
#25 15 Апрель 2017 - 12:33
Балдардын жумушу такси жакшы албетте. Балдарга кызыкбай сен да таксист болуп иштесен эмнеге болбосун?
-------
Мисалга Америкада Чикагодо кыргыз кыздар кобу таксист. Алардын бири томондо.
--------
Кайыргүл Орункулова 32 жашта. Ал эки
жылдан бери АКШда жашап, учурда Чикаго
шаарында такси айдап иштейт. Кыргыз кыз
жумушу менен сыймыктанат. Себеби, маңдай
тер, адал эмгеги менен иштеп жатат.
22-март таксисттердин эл аралык күнү
катары белгиленип келет. 1907-жылы дал
ушул күнү Лондондун көчөлөрүнө биринчи
жолу атайын эсептегич коюлган машиналар
чыккан.
Бул күндү утурлай Кайыргүл айым өзүнүн
жумушу, АКШдагы мекендештер жана ал
жактагы жол эрежелери тууралуу Расул Үсөналиевдин суроолоруна
жооп берди.
-------
— АКШга эмне максат менен, кандай иш
кылам деп келдиңиз эле?
--------
— Америкага келгениме эки жыл болуп калды.
Башында Калифорния штатына баргам. Бир
жылдан кийин Иллинойс штатындагы Чикаго
шаарына келдим. Май айында бир жыл болот.
Кичинемден эле АКШга барсам, ал жакта окуп,
иштесем деп тилечүмүн. Бул тилегимдин
орундалышына ата-энем жардам берип, өзүм
да аракет кылдым. Жаштын тилегин берет
дегендей, тилегим ишке ашты буюрса.
Ошондой эле максаттарым —кызымдын
келечегине кам көрүү, ата-энеме мен көргөн
чет жерлерди көргөзүү.
— Биринчи келгендеги сезимдериңиз тууралуу
айтып берсеңиз?
— Бул жактагы адамдардын жылмаюусу,
жылуу мамилеси аябай көңүлүңдү көтөрөт.
Жашоо шарты эң жакшы, Калифорния
штатында кыргыздар аз, көп көрбөйсүң.
Кыргыз тамактарын дагы бир жыл аябай
сагынып жүрдүм. Башка штатты, башка
шаарды көрөйүн деп Чикагого келдим. Бул
жакта кыргыздар, кыргыз кафелер көп.
Өзүбүздүн тамактарыбызды жеп жыргап
калдым.
— Такси айдап баштаганда кыйналган
жоксузбу? Бул жумушта иштөөнү ким
сунуштады?
— Чикагодогу кыргыздардын 80-90 пайызы
таксиде иштейт. Мен дагы такси курсуна окуп
экзамен тапшырып, лицензия алып иштеп
калдым. Англис тилин билгендиктен кыйналган
жокмун.
Жаңы иштеп баштаганда кардарды салып
алып адашкан күндөрүм болду. Кардарлар
аны түшүнүү менен кабыл алышты. Тил
билгендиктен түшүндүрүп, кечирим сурасаң "эч
нерсе эмес" деп өздөрү жардам беришет.
Машина оңдогон жайдан эки жылдан бери
такси айдап иштеген кыргыз кыз менен
таанышып калгам. Ал мага телефондон
кантип барарымды айтып турчу. Анан көбүнчө
кардардын өзүнөн эле "дареги кандай?",
"кантип барам?" деп сурап алчумун. Өздөрү
айтып беришчү. Ошентип аракет кылып тез
эле көнүп иштеп кеттим. Алгач 1-2 жумадай
кыйналдым.
— АКШда эң биринчи жолу такси айдап
жумушка чыккан күнүңүз эсиңиздеби?
— Албетте, эң биринчи айдаган күнүм эсимде.
Жай айдап көп айдоочулардын жинине тийип,
капысынан чыга калып линия алмаштырганда
мени сөккөндөрү дагы болгон. Аларга көңүл
бурган жокмун. Мен эң башкысы кардарды
айткан дарегине туура алып барууга аракет
кылдым. Негизинен аябай кыйналдым деп
айта албайм. Аракет кылсаң бардык нерсенин
берекети болот эмеспи.
— Кардарлар аял айдоочуну кандай кабыл
алышат?
— Көбү "Такси айдаган айымдарды биринчи
көрүшүм. Аял айдоочуга кезиктик, ишибиз
жүрүшөт" экен деп сүйүнүп калышат. Азыр
такси айдаган кыргыз кыздар көп, биздин
кыздар азамат.
— Аял айдоочуларга таң калышса иш учурунда
дагы кызыктуу окуяларга туш болсоңуз
керек?
— Негизинен кызыктуу окуяларга деле туш
боло элекмин. Ошентсе да кээ бир окуяларды
айтып берейин. Кечинде иштеп көрөйүн деп
кечки жумушта иштеп көрдүм. Бул убакта
кардарлардын көбүн кафе-барлардан аласың.
Кээси түшүп алып даректерин айта албай,
жеткизсең "бул жак эмес" дегендери болот.
Айрымдары үйүнө жеткенде машинада уктап
калып түшпөй коёт. "Полиция чакырам" деп
эптеп ойготосуң. Бирок, мас адамдар
кошумча акчаны көп беришет. Мен кечкисин
аз эле иштедим. Азыр күндүз иштейм.
— Күнүнө канча саат иштейсиз?
— Күнүнө 12 саат, эртең мененки төрттөн
кечки төрткө чейин иштейм. Түнкүсүн ордума
кыргыз бала иштейт. Андыктан алмашып
иштеш үчүн үйлөрүбүз жакын болгондорду
издейбиз. Ал жактагы кыргыздар бир-бирибиз
менен Viber аркылуу байланышып турабыз.
Машина керек болсо Viber аркылуу жазып
таап аласың. Мен айдап жүргөн машина
кыргыз баланыкы. Ал 2014-жылы чыккан
"Тойота приус". Жаңы машиналарды айдаш
өзүнчө эле сонун. Гибрид болгондуктан
бензинди аз ичет. Күнүнө айдаганыбызга
жараша 7-10 долларга чейин бензин куябыз.
— Сыр болбосо бир айда канча акча табасыз?
— Негизинен тажрыйбаңа, иштегениңе жараша
болот. Убагында чыгып иштесең жакшы. Эрте
туруш кээде кыйын, чарчайсын. Уктап калып
кеч чыксаң ырыскың дагы уктап калат.
Бирок, мен жанымды кыйнабай эле иштейм.
Апам менен сүйлөшкөндө "жаныңды кыйнаба,
уктап эс ал", "өз убагында тамактан" деп
дайыма мага дем берип турат. Убагында
чыгып, жакшы иштедим дегенде бензин, тамак
аштан тышкары 150 доллар тапсаң болот.
Бирок ар күнү эле мындай боло бербейт.
Жаңы иштегенде шаардын ичин, кардарды
кайсы жерден да алышты билбейсиң. Ошентсе
да биринчи күнү 170 доллар тапкам. Алгач
иштеген күндөрү жакшы тапканымдын себеби
даректи жакшы билбегендиктен улам го деп
ойлойм. Кардарды адаштырып, айлантып,
узун жол менен алып барып акчасы дагы көп
чыкчу окшойт да. Азыр эң кыска, тез жете
турган жолдор менен бат эле алып барып
коёсуң.
— Кээде кыргыз клиенттер түшүп калганда
аларды бекер жеткирген учурларыңыз
болобу?
— Чикагодо кыргыздардын баары таксист
болсо таксиге деле түшүшпөйт. Анда-санда
болуп калат. Албетте, аларды бекер жеткирип
коёбуз.
— Ал жакта сизден башка такси айдап
иштеген кыргыз кыздар барбы?
— Такси айдап иштеген кыргыз кыздар көп.
Андан тышкары кафеде, сулуулук салондо
иштешет. Кыргыздардын көбү шаардын
түндүк тарабында жашайт. Андыктан кечинде
иш аяктагап үйгө келе жатканда жолдон
бензин куюп жаткан кыргыз таксист
кыздарды көрөсүң. Такси айдаган кыргыз
балдар да көп.
— Жол эрежесин бузган учурлар болобу? Ал
жакта мыйзам катуу болсо керек?
— Ооба, жол эрежелери аябай күчтүү. Кызыл
күйгүчө жетишебиз деп шашып өтүп калабыз.
Аны камералар тартып алат. Мындай учурда
жол эрежесин бузганың үчүн деп 100
доллардан жогору айып төлөп калабыз.
Бир жолу автотыгында турганда телефонумду
колума ала койсом велосипедчен полиция
келип лицензиямды алып, айып жазып кеткен.
200 доллар төлөп кайра алгам. Андан
сырткары, уруксат болбогон жерге токтоп
киши түшүргөнүңдү полиция көрүп калса айып
салат.
Адал эмгеги менен мээнет кылып ата-эне, бир
туугандарынан алыс жүргөн
мекендештерибиздин тилеги бир. Иштеп
үстүбүзгө үй салып, ата-эне, бир
туугандарыбызга жардам берип, балалуулар
балдарынын келечеги деп жүрүшөт. Аман-эсен
элибизге кайтып, жакшы турмушта жашасак
деген тилектерибиз ишке ашсын демекмин.
Такси айдаган жаш улан-кыздарыбызды
Кудайым бөөдө кырсыктан сактап, иштерине
ийгилик, ден соолук берсин деп тилейм.
P.S. 32 жаштагы Кайыргүл Орункулова Талас
районунун Көк-Кашат айылында төрөлгөн.
Жети бир туугандын алтынчысы. Үч эжеси, эки
байкеси жана бир иниси бар. Кайыргүл
айымдын кызы апрель айында алты жашка
чыгат.
#26 15 Апрель 2017 - 15:54
mentol (14 Апрель 2017 - 18:41) жазган:
Балдардын жумушунан таксистерге козум куйду, оздорунон зависит канча акча табышы, анан мерчендайзерлергеда оной экен деп койдум
Андай корунгон менен анын озунун нюанстары бар.Москванын пробкасы геморойунду чыгарып ийет.Штраф.Конкурент кычып кеткен.Тем более азыр движение начар.1-июндан баштап тажик пажик озбек созбектер азайса бир аз движения болсо керек деп эле журук
#27 15 Апрель 2017 - 16:53
Parker (15 Апрель 2017 - 09:54) жазган:
Кундузу иштесениз анда геморроюнуз чыгышы анык, ночь иштеп корбойсузбу?
Штрафты эми озунор виноватсынар ага) Конкуренттер коптугу чын бирок.
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#28 15 Апрель 2017 - 23:15
#29 15 Апрель 2017 - 23:21
Parker (15 Апрель 2017 - 15:54) жазган:
азыр таксиде озуңун менчик машинаң болбосо актабай калды
#30 16 Апрель 2017 - 08:12
#31 16 Апрель 2017 - 08:23
mentol (15 Апрель 2017 - 00:41) жазган:
Балдардын жумушунан таксистерге козум куйду, оздорунон зависит канча акча табышы, анан мерчендайзерлергеда оной экен деп койдум
#32 16 Апрель 2017 - 08:43
Билдирүүнү түзөткөн: Almasbekovna: 16 Апрель 2017 - 08:43
#33 20 Апрель 2017 - 10:50
Almasbekovna (16 Апрель 2017 - 02:43) жазган:
Кредитти КРдан алып Москвага барып акчаны сразу толоп машина алса болот. Масло машинаны примерно 600го алат. Чем Москвадан кредит алгандан оноюракда
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#34 20 Апрель 2017 - 11:02
Такси менен иштегендер барбы айтып койгулачы?!
Мисалы бир машинаны арендага берсе канчага берсе болот?!
Билгендер айтып койгулачы...
#35 20 Апрель 2017 - 11:19
Oylonkyrgyzym (20 Апрель 2017 - 05:02) жазган:
Такси менен иштегендер барбы айтып койгулачы?!
Мисалы бир машинаны арендага берсе канчага берсе болот?!
Билгендер айтып койгулачы...
Логан, солярис,киа, датсун кунуно 1200 кучтуу машина болсо 1500. Тапкан акчасы озунон зависит кунуно олду дегенде тазасы 2000. Шапканы асманга атканда 6000р. Ремонт машинанын ээсинен. Без вых...
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#36 20 Апрель 2017 - 16:50
mentol (20 Апрель 2017 - 11:19) жазган:
Ремонт өзүндөн болсо тиги арендага алган адам өлтүрөтго машинаны аяк бияка чапкылап.Анан бузуп ме ремонт кылып бер десечи?
Ушул жерине өзгөртүү кигизиш керек экен.))
Азыркы машиналардын ремонту да кымбат.
#37 20 Апрель 2017 - 17:03
Oylonkyrgyzym (20 Апрель 2017 - 10:50) жазган:
Ушул жерине өзгөртүү кигизиш керек экен.))
Азыркы машиналардын ремонту да кымбат.
Масло машиналар жок дегенде 3,4 жыл без проблем журот, мындай эле мелкий жерлерин ремонт кылатда летний балон, зим балон, май-пайларын алмаштырып дегендей. Анан чужой эле адамга зарыл келди дейсизби биронун машинасын ремонт кылып)? Условия коесузда машинам мындай состоянияда деп
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#38 20 Апрель 2017 - 17:21
#39 20 Апрель 2017 - 18:48
#40 20 Апрель 2017 - 19:42
turgunbaeva2018 (20 Апрель 2017 - 12:48) жазган:
Молодец) Шугур кылып журсок эле Кудай берерин унутпайт деп ойлойм.
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!