saltanat. Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 8 498 (2,01 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (1349 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 25 Февраль 13
- Кароолор:
- 137 883
- Соңку аракети
- 24 Фев 2021 12:58
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 33 жашта
- Туулган күнү:
- Ноябрь 4, 1990
- Кызыгуусу:
- китеп окуганга,бильярд ойногонго, шахматка ж.б.кызыгам
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Кереметтүү жерде.
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мага баш баккандар
-
ISKENDER-ALI
09 Сен 2024 - 16:21 -
oopapa
19 Фев 2022 - 21:37 -
asad9
31 Янв 2022 - 15:20 -
adyl_ch
13 Ноя 2021 - 22:25 -
Sagyn.91
14 Июл 2021 - 10:43 -
Aidar.001
19 Июн 2021 - 00:03 -
Zaatulilm
25 Апр 2021 - 00:25 -
Emir.Elina
21 Мар 2021 - 08:37 -
sema90
24 Фев 2021 - 16:18 -
Дастан
10 Фев 2021 - 01:44
Мен ачкан темалар
-
Екатеринбургда орус тилин окутуу
Жазылган күн: 25 Июн 2015
Орус тилинен тажрыйбалуу мугалим Екатеринбургдагы кыргыз жердештерди жана балдарды орус тилин окутат. Кандай, кайсы жерден окута турганы жана баасы суйлошулот.
Кстати, мамам келген конокко. Озу пенсионер. Орус тил мугалими болуп мектепте, универде 36 жыл иштеген. Анан жон жатпай мен балдарды окутат элем деватат Жон эле жата берчи десем болбой.
Ошоо... Балдарынарды 1 класска даярдайм орус тилинен десенер же мындайле уйроном десенер суйлошсонор болот. -
Чаңдагы гүл
Жазылган күн: 7 Дек 2014
Карымшак Ашым досу экөө тээ көчө бойлоп келатат. Демейде илгерки Октябрь майрамындай жүрчү немелердин сабыры суз. Бири сөз баштаса эле экинчиси уруша кеткени турат. Дагы басышты. Анан Ашым сөгүнүп койду:
- Катын болгон, энеңдин...
- Эмне жарым жолдон токтойсуң, сөкпөйсүңбү түбүнө түшүрө эле?!
- Ошонун катын болгонунун энесин урайын, - деди Ашым деле жакшы тилдебей, - энесин урайын, уктуңбу?!
- Энеңди урайын эшек, эркек өңдөнүп келиштире сөккөндү да билбейт, - деп Карымшактын жини келет, - балтайган немени балтайта эле сөкпөйсүңбү өзүнө окшотуп.
- А өзүң эмне сөкпөйсүң?! Сен эмне, сөгүүдөн калдың беле. Сөк сен деле.
- Эй, энеңди... Сөксө эмне экен. Балтайган энеңдурайын, ######!
Унчукпай калышты. Экөө тең. Дурус сөгүлдү окшойт. Бул экөөлөп сөгүп жаткан Турдукан деген толугунан келген бойдок аял. Эрдүүдөн эптүү жашайт. Тилинен баштап, колунан көп нерсе келет аялзатына жараша. Бүгүн бул экөөнү үйүнө чакырып, столбосуна предохранитель койдурган. Анан чайын берип, бир бөтөлкөнү алдына койгон. Адегенде чоң стакан менен бирден көңтөрүшүп, анан экинчисин түбүнөн эле ууртамыш этишкен, жеткени ошол болду. Бул экөөнө бир бөтөлкө самогон дегениң даам алууга жарап бералбайт эмеспи. Күтүштү, дагы бирди сууруп чыгат деп, жок. Дөңгөчтөй болуп отуруп алып, улам-улам "уюмдун сүтү майлуу" деп кайра-кайра чай куят. Жедеп экинчи бөтөлкө келбесине көздөрү жеткенде ордуларынан турушту. Эттери нормадан төмөн кызыган немелерди эми эч ким токтото албайт, кайдан болсо да табышат.
Дал ошол семиз катынды сөгүп келатканда ылдыйдан бир чыткурсак маңкасын чуурта чуркап, сүйүнчү айтып турду:
- Карымшак байке, сүйүнчү! Алтынбек байкем аял апкелди! Азыр эле келишти ак "Жигули" менен.
Карымшак дел боло калды эле, Ашым айтты жоопту: "Болсун, болсун! Эй, Карымшак, куш бооң бек болсун! Алтынбегиң аял апкелген турбайбы! Сүйүнчү!"
- Уктум, энеңдурайын, мени эмне дүлөй деп турасыңбы! Бир бөтөлкө самогон табалбай келатканда анын катын апкелгени кимге кызык, ыя? Тойду эмне менен берем, ыя?! Туй, энеңди... абийирди төккөн турбайбы!
- Эй, эмнеле келжирейсиң? ! "Куданыкын кудай камдайт". Ушул жашка келгени ошону билбейсиңби? .. Көкмээ энеңдурайын десе, орус болсоң го бир жөн...
- Кудай камдарын мен деле билем, энеңди десе, кайсы кудай камдайт, ыя, келесоо?!
- Кайсы кудай экенин мен кайдан билдим, иши кылып камдайт да.
- Туй, энеңди... Эми эмне кылдым.
- Ай жүрү, адегенде Бүкөштүкүнө кирип чыгалы, анан калганы өзү эле көрүнөт, жүрү.
Экөө дагы бир Бүкөш деген самогон саткан аялдыкына киришти да, жети атасынын арбагына чейин жалынып жатып, бирди алып бөлө тартышты. Эми кай маселе болсо да чечилбей көрсүн. Экөө түз эле Карымшактыкына келишти. Барса небак эле эл котолоп, келинтой кебетеленип калган экен. Карымшактын дулдул аялы кебетеси аттырып алган, наркы-терки шуулдап, бир нерселердин камын көрүп жүргөнсүйт. Күйөөсүн көрө сала беттен алды:
- Ай, кемакыл уулуң аял алып келсе, бу сен кайда тентип жүрөсүң?! Тойдун камын көрбөйсүңбү, шору калың өлүгүңдү көрөйүн! Тап эми тапчуңду!
Карымшак аялы менен теңтайлаша айтышалбайт, айтышкысы деле жок, бир ирет бетин алдыргандан кийин айтышпай калган. Анткен менен өтө кызуу кезинде килтилдеген куймулчагына бир тээп алары бар. Карымшак нарыта турган кемитиле баштаган дөңгөчкө отуруп, калпагын алып башын шашпай тырмап турду - бул аябай ойлонуп жатканы. Анан бир маалда ордунан туруп, эч кимге эч нерсе дебей төмөн басты. Төрт-беш үйдөн кийин Үсөн деген аталаш агасы боло турган, өзүнөн он чакты жаш улуу. Өзү эмгекчил, чоң куу да адам. Карымшак короого киргенде Үсөн үйгө жөлөнтө орнотулган узун орундукта отурган экен кемпири экөө.
- Салоомалейкум, байке, - деп Карымшак орундукка отурду. Токтогон жок, маселесине түз кирди: - Байке, Алтынбек уулуң келинчек апкелип калыптыр...
- Ии, болсун, - деди Үсөн, кемпири да айтты а сөздү.
Карымшак сөзүн улады:
- Сизден башка кимге барам, келдим... Өзүңүз билесиз...
Мунун эмне айтарын билет Үсөн. Чорт киши катуу айтты:
- Кантип түлөө берем деп суранып келгениңди да билем! Кулкунуңдун жаманынан үйүңдө үрүп чыгар итиң жогун да билем! Же бир аялың жөндүү болсочу, кошо талашып ичип... Абийириң кетерде гана келесиң! - Үсөн саамга ойлонду да, анан сөздү бүтүрө айтты: - Бир кой, бир мүшөк ун ал, арак-шарабыңа десең жеңең акчасын берер. Ай, ал тоюң бүткөндөн кийин сен тетигини шыштай кылып бүтүрөсүң, уктуңбу?! - Үсөн короонун төр жагында куюлган фундаментти көрсөттү - сарайгабы же үйгөбү, ким билди...
- Бүтүрөм, бүтүрөм. Бүтүрбөгөндө. .. - Карымшак ордунан атып туруп, байкесинин колун кыса кармады. - Агалыгыңыздан айланайын! - кучактаганы жүрөт.
Үсөн ордунан туруп кетти, тигини түртүп:
- Эми көргөндөй болбой, барчы нары! - самогондун кыйраткыч жытынан качып жатпайбы...
- Кудай бетин салбасын, тойдун тополоңу жакшы кетти. Келесоонун коногу билет дегендин калети бар беле, ар-ар жерде экиден-үчтөн топтошуп самогонду катырып, эки жашка эки миңге жылга жетерлик өмүр тилеп, кай бири союлуп жаткан койдон кесе калып шишке сайып отко кармай коюп, ысылык деп оозун көө кылып булчуңдайт. Үйгө салынган дасторкондо самогондон калган эки кемпир менен бир чал отурат. Келиндер аларды кээде эстей калышып чай куюп, кайра сыртка чыгышат. Үсөн болсо жана бир басып келип байбичесин ээрчитип кайра кеткен.
Карымшактын ончакты бөтөлкөлөшү аялдары менен кошуна-колоң, тууган-туушкан болуп, элүүдөн ашык адам наркы-терки уу-дуу, бурч-бурчта отурганы... Нак мейман баягы самогондон калган чал менен эки кемпир... Анткен менен кой союлуп казанга түштү, боорсогу жасалды. Эми убакыттын баарын тойдун шаңын көтөрүүгө арноо керек. "Алтынчы күнү той болот, ээй..." деп бирөө аркырап кое берди эле, обону, сөзү ар кандай кеткен бир жапайы обон короого толуп, көчө аралай кетти.
- Ай, энеңдурайындар, ушул да болчу беле, кичине култура-мултура дегенди колдонуп, танцы уюштуруп эметпейсиңерби, ыя? - деп Ашым сунуш киргизди эле, бат эле магнитофон пайда болуп, кайсы бир тилде ыр кетти... Ана эмесе, бирден-экиден- үчтөн кармашып, кармашпай тегеректешип, билгени билип, билбегени билбей эле жер тепкенге өтүштү.
- Ай, эки жаштын бакты-таалайы үчүн алып жиберчи, - деп эки-үч эркек, катын самогон куюп кыдырып жүрөт.
- Өзүмдү-өзүм аябасам, мени аяп ал деген бирөө жок, өлүгүңдүкөрөйүндөр, - деп бир толугунан келген келин килейген стакан самогонду бир тартты да, колунун сыртын гана жыттап басып кеткенин көргөн Ашым:
- Э келин балам, акелериңе да көз кырың сала жүрсөң... - деп тийиштик кылды эле, оңбогон келин дароо жообун берди:
- Акесине көз кырын салган келинде абийир калабы, аке? Акеси салса го мейли, ха-ха!.. Келиңиз, момуну алып жибериңиз... - Бир стакан сунуп, курган келин Ашымдын алты амалын түгөттү окшойт: - Келинге көз кырын салган чалдар көп, жарагандар аз, аке, ха-ха-ха... - келин кетти. Ашым эмне жооп айтарын билбей туруп калды. Самогондун айынан элүүгө чыгып-чыкпай чал атыгып жатпайбы. Ата, ушу шайтан келинди бир... "Макулун келтирип алып, анан бокко жарабай абийирим кетпесин, кой, дайыны жок аңгиленбейин" деп бир топ кызуу болсо да Ашым ушинтип акылга келди...
Бака-шака той уланат. Кучакташканы бар, бири-бирине тийишкени бар. Эт боркулдайт, самогон байма-бай куюлат.
***
Гүлмайрам эртеси келин болуп турду. Жанында Алтынбеги аздап коңурук тартат.
***
Экөө былтыр эле киришкен университетке. Ошол жерден таанышып, биринчи күндөн бири-бирин жактырышты. Ар дайым аппак көйнөк, капкара шым, жалтылдата тазаланган күрөң туфли кийген узун бойлуу жигит Гүлмайрамга дароо жакты. Бөтөнчө орду менен сүйлөгөнү, көп нерсе билгени... Мына эми экөөнүн таанышканына жыл айланбай баш кошуп отурат.
Гүлмайрам бөлмөнү тегерете карайт. Маңдай-тескей эки дубалына полго салчу паласты тагып салыптыр, полдо ошондойдон бирөө. Бурчта кичинекей шифоньер, нечен жыл өткөн, анан кыз-күйөөгө таккан көшөгө. Бөлмөдө башка эч нерсе жок. Табарсыгы небак толгон, жанатан бери сыртка чыгалбай, сырткы үйдө ажырымсыз бака-шака. Кебетеси таң атканча укташкан эмес го...
Эми чыдашка болбой калды. Гүлмайрам жоолугун чекесине түшүрө салынып, этек-жеңин түздөнүп, жаны оозуна келе сырткы үйгө чыкты.
- Апий, өлүгүңдү... Ай, ар нерсенин шааниси болот. Бу эмне, жанагы ким менен кимдин жатканынын эсеби жок обшитиң бекен, ыя?! Сийгизгенге жеңе-пеңеси колтуктап чыгарат. Тарбия көргөн эмес го кебетеси! - бул ачуу сөздөрдү Алтынбектин энеси, Гүлмайрамга кайнене болгон, элүүгө чыгып калган Мээркан айтты.
- Баса десең... Тебелеп-тепсеген кандай неме бу? - дагы бир катын кошумчалады.
- Өлүгүңдү десе... Жүгүнбөйсүңбү, ботом! - үчүнчүсү кошумчалады.
Гүлмайрамга бу сөздөр ок болуп тийсе да, кайдан айла тапты. Үн катпай, сыртка чыкты. Жоо чапкандай короо экен. Эптеп огород жактагы жыртык мүшөк-сүшөк менен корулган туалетти таап, кирип чыкты. Эми үйгө кайра кириштин тозогу бар. Ал аңгыча жанагы үйдөгү үч катын чыкты. Бири:
- Эй, жаңы келген келин деген кичине арыдан-бери болбойбу, ыя?! Сен эмне адыраңдайсың? Бу жерде кайнене деген бар, кайын жеңе деген бар, көзгө илсең болбойбу кичине! - деди жулкуна.
Гүлмайрамга бу айтылган сөз баарыбир эле, табарсыгы бошоп, жаны жыргап турган. Анын үстүнө эрке өссө да акылы менен өскөн неме талпайган мас аялдардын сөзүн "быш" дебейт эле. Тигилерди делдирете:
- Эмне, сийгизбейсиңерби! - деп түз эле айтып салды түз айтып көнгөн намыстуу кыз.
Кайнене туттуга түшүп, анан гана тилге келди:
- Э кокуй, эмне дейт?!
- Сийгизбейсиңерби дейм!..
- Атаны өлүгүңдү көрөйүн ай-йе! - кайнене не кыларын билбей, кайсактай түштү эле, дал ошол маалда оңдой берди болуп Алтынбек чыга калбайбы. - Ай, өлүгүңдү көрөйүн чечек, бу кайдагы жалапты апкелгенсиң, ыя?!
Алтынбекке бу сөз октой тийди:
- Апа, эмне деп жатасыз уялбай...
- Уялбай дейт, алдагы жалабыңа айт ал сөзүңдү!
Алтынбек башка үн катпады, түз эле Гүлмайрамды келип колдон алды да, огороддун тээ бурч жагына жетелеп кетти.
- Экинчи үйгө жолочу болбогула, өлүгүңдү көрөйүндөр! - деп шаңшып атат Мээркан, жанында эки катын коштойт. Үчөө тең ылжып мас эле...
***
Гүлмайрам бир бүлөнүн жалгыз кызы. Окшошконго мушташкан болуп, эки жыл мурун милийса болуп иштеген атасы авариядан кайтыш болгон. Аты Жыпар эле. Апасы мектепте иштейт, турмуштары жакшы. Малдуу эле, атасы өлгөнү мал да кете баштады четинен. Гаражда атасынын машинеси турат жаңы бойдон. Чолпонатанын чок ортосунда да бир үйү бар. Өздөрү айылда турушат. Атасы барда Чолпонатадагы үйдү квартирага берип турушчу. Быйыл да беребиз деп апасы экөө сүйлөшкөн, антпесе талкалап кетчүдөй. Атасы нечен жыл милийсада иштеп, анча жулунбаса да, дүнүйөнү биртоп эле топтоп салган. Өлгөндүн өз шору экен, кара ашын, жылдыгын азыркы кыргыз айткандай жакшы берди, экиден жылкы союлду. Граниттин мыктысынан тандап, килейте эстелик коюшту. Ошентип ырым-жырымдар бүтүп, эстегенде көздөн жашты чууртуп жүрөк эзмей. Гүлмайрамдын апасы кудай берген адам, оозунда эки ооз уруш сөзү жок, ар сөзүнөн жакшылык аңкып турат. Аты - Калыйпа. Анан боорукерлигин айтпайсыңбы. Жети бир туугандын ортончусу - үч кыз, төрт эркектин. Бу жетөө тең бири-бирине үйрүлө түшүп турушат. Бир туугандар деп ушундайларды айтчудай.
Гүлмайрамдын атасы да ичинде арамы жок, айкөл жигиттердин бири эле. Калыйпа экөө окшошуп табышкандай бир бүтүн болуп жашашты. Жыйырма жылдай чогуу жашап, бири-бирине жарым ооз жаман сөз айтышпады. Адамдыкты айтсаң, адамдыкты издесең дал ушул экөөнүн дилинен тапкандай эле. Анан тагдырың бир ыйык, эч кимге зыяны жок, жакшылыгы агып турган бүлөнүн ташын талкан чыгарды. Жыпар көз жумду, анысы аз келгенсип, илгеркиче айтканда, "көлөкө жерге багылып, көкүлгө шуру тагылып" бөпөлөнгөн жалгыз кызы жөнсүз жерге барып отурбайбы...
Карымшак ата-бабасына жалынып жатып Үсөн байкеси менен жеңесин ээрчитип келди... "Ачуубасардын" маселесин кеңешмек. Төркү үйгө ончактысы отуруп, таттуусу эмес, боорсогу да суюлуп, ар-ар жерде жаткан дасторкон. Кепти Карымшак баштайт да, ичинде небак бар:
- Үсөн байке, сизге ырахмат! Тойду тойго улантып бердиңиз. Өмүр өткүчө кулуңуз болоюн! Эми "ачуубасар" деген балээси бар экен, ошону...
Үсөн Карымшактын кебин бүтүрткөн жок, бир тийди:
- Эй, кейбир, ушу сенде уят деген барбы, ыя?! Балканактай койду алдың, бир мүшөк унду акчага кошуп алдың, эми дагы эмне керек, ыя?!. Эми "ачуубасарыңа" да мен апкелип берейинби. Тапкан экенсиң берешен келесоону, тур, кеттик! - деп кемпирине бир акырая карады да, жулкуна чыкты үйдөн. - Айбан тура нактале!
Үсөн чыгып кеткенден кийин Мээркан:
- Ушу каапыр акемдин ниети жаман. Чириген дүнүйөсүнөн, короо толо койунан бир аз чыгым болсо өлбөйт эле го. Мына, Карымшак тири турса эртең эле кутулбайбы, үйүн салышып... деле ууру кылсак да кутулбайт белек.
- Ооба, кутуласың... - Бу сөздү башынан эле үн катпай отурган Тотош айтты. Өз аты - Токтогул. Мээркандын бир тууган иниси, жашы кырктарда. Жашынан эмгек кылып, көчөнүн тентегин кылбай өсүп, азыр малын багып, жерин иштетип тың жашайт.
Мээркан жооп берип турду:
- Анда сен кутултпайсыңбы, уялаштыгың кайсы?!
- Кутултса кутултам эле, анын эмнеси бар экен?! - деди. - Болгону ошо бир кой, эки миң сомуңбу, турат даяр!
- Арак-шарабы, таттуу-паттуусу да болот, - деди чай менен самогонду кезеги менен алып отурган чай куйган жаш келин.
- Анысы да болот, - деди Тотош, - машинем менен барабыз, кай жерден экен?
- Чолпонатадан ары дейт. Айылынын аты бирдеме деди эле... - деди Карымшак.
- Эми аны сурап аларбыз, кана, ким барат? - деди Тотош.
Мээркан айтты:
- Карымшак, Үсөн аке, анан өзүң баратпайсыңбы?
- Үсөн аке барбайт, башын кессе да барбайт, - деди Тотош.
- Агалыгы кайсы анда? - Карымшак кабак чытыды.
- Агалыгы кайсы деп коесуз, анын барбасынын себеби дал сизде!
- Мен эмне кылыпмын?
- Сиз эмес, самогонуңуз кылат да.
Баары тең саамга үн катпай калышты эле, Мээркан айтты:
- Акеме өзүм барып бир ирет кадырымды салып келейин, кыйбас...
Кадырын салганы кеткен Мээркандын кеткенинен келгени бат болду. Кыпкызыл болуп чыңалып алган. Үйгө кирип эле айтты:
- Өлүгүн көрөйүн, ошондой акенин! Барам деп абийиримди кетире албайм дейт. Катыны кошо чыгыбатпайбы "барам" деген оозуңан айлансын" деп абышкасын түртмөлөп. Талаада калган өлүгүңдү көрөйүндөр! Аларсыз баралбай калса да эмне болуптур ботом, эй, куйчу, алдагыңдан! - Мээркан чай куйган жаш келинден бир стаканды куйдуруп, дем албай тартты да, оозун гана аарчып койду. Закуске дегенди билбейт экен көбүнесе.
Далай талаш-тартыштан кийин "ачуубасарга" Карымшак, Тотош, анан Карымшактын Табылды деген мындайраак агалары бармай болду. Бу Табылдынын табылганы эле болбосо, кеп-сөздөн куру жаралган, эч кимге зыяны жок киши, жашы жетимиштен өткөн. Анткен менен арагын арактай, самогонун самогондой сого берет, мас болуп оозунан жаман сөз чыкпайт эзели. -
Жүрөктөгү кыш
Жазылган күн: 21 Окт 2014
Кыш мезгилинин чок ортосу. Кар калың болгону менен күндүн илеби жылуу. Бирок, кардын каары эртели кеч денени ичиркенткени болбосо, эмнегедир адамдар жеңил кийинип,кыштын суугун таназар албай жүрүшөт. Жылда бул учурда ооздон түшкөн түкүрүк жерге жетпей тоңуп калчу. Ошого жараша элет жеринде эл ичик-тон, шуба өңдүү сырт кийимдерди кийип, элдин саны көчөдө аз кездешчү. Ал эми бул жылы көчө көркүнө чыгып, шаңдуулук күчүндө.
Убакыт чоң шашкеге жакындап калган кезде, өтө жупуну кийинген арыкчырай, орто бойлуу Назира кимдендир корунгансып жер карап, базарды көздөй келе жатты. Бул айыл райондун борбору болгон үчүн шаар тибиндеги көрүнүштөргө- бай. Базары, чоң дүкөнү, эки этаж ооруканасы, бала бакча өңдүү имараттар өзгөчөлөнүп көрүнүп турат.
Назира ак жуумалдын сулуусу. Жашы болгону жыйырма төрттө. Эки баланын энеси. Жашоодон бир жаңылганы он сегиз жаш курагында, өзүнөн жыйырма жаш улуу күйөөгө тийгени. Андан дагы тийген күйөөсү колунан иш келбеген, динди бетке кармаган "молдо" деген аты бар, басып жүргөн бир пенде деп айтсак аша чаппайбыз.
Көргөн киши Назираны, тийген күйөөсү Мустафага такыр ыраа көрбөйт. Бул да болсо тагдыр, бешенеге жазылган буйрук эмей...
Элдер жаңы жылды тособуз деп, катуу даярдык көрүп,базар ичи ызы-чуу. Назира базарга жакын келип калган кезде кошунасы Айна:
-Назира, жаңы жылга карата кошуналар акча чыгарып, бир үйгө отуралы дедик эле. Силер кошуласыңарбы? -деди Назира эки жакты элеңдей карап, басынганын жүзүнөн билгизип:
-Аны тиги киши менен сүйлөшүңүзчү. Сиз аны толук билесиз да -деди эле, Айна ниетинен Назираны аяп:
-Анда, өзүң эле келе бер. Акча кошпой деле кой. Эң негизгиси, кошуналардан калба. Билем, Мустафаны. Анын бизге кереги жок. Келсе каяктагы шарыят сөзүн сүйлөп, башты чагат-деди эле, Назира:
-Аны учурунда айтайынчы. Мен барайын. Үйдө чай менен нан калбай калыптыр. Кечиксем тиги киши шекшинет. Молдолорду билесиз да "Кызганган сүннөт" деп, обу жок кызгана беришет эмеспи.
Айна эмнегедир ушул саам ички дүйнөсү менен кеңешкенсип, аяр карап, чөнтөгүнөнө акча алып чыгып Назирага сунуп
- Балдарыңа бирдеме ала барып берип койчу, күйөөң акчаны эсептеп берген чыгаар. Кантип эле биз сени түшүнбөйлүк- деп, кошуналарынын атынан сүйлөп, акчаны болбой колуна карматып койду. Жыйырма сом Назира үчүн чоң акча. Сүйүнгөнүнөн жүзү нурданып чыкты:
-Айна эже, сага ырахмат. Мен сиздин бул жакшылыгыңызды унутпайм деп, базарга кирип, элге аралашып кетти.
Бул учурда, Мустафа жол карап, аялы Назираны күтүп турган. Жакын жердеги дүкөндөн деле алса болмок чай менен кантты. Базарда эки сомго арзан деп, акчанын көзүн караган молдоке, Назираны төрт көчө алыс базарга жибергенинин жөнү, акчаны аягандагы кербези эле. Назира, эки күндөн кийин боло турган жаңы жылга даярданмак турсун, Мустафа санап берген акчага керектүүлөрүн алып, жыйырма сомду катып алды, 31-декабрда эки баласына бир нерсе алып бериш үчүн.
Шашып, энтиге басып келгенде Мустафа:
-Ай, эмнеге кечиктиң, ушул турган жерге барып келгенге?-деди эле, Назира жалтактай карап:
-Кошуналар менен сүйлөшүп калдым. Жаңы жылда Сайраш эженин үйүнө отурушат экен, болгон кошуналар, чогулуп. Бизди кошуласыңарбы? деп сурашты. Мен "сизди билет"-деп жооп бердим. Мустафа кабагын түйүп:
-Ай, ушу кошуналардыкы өттү. Каапырлардын майрамын майрамдайбыз деп. Чыныгы мусулман баласы үчүн бир жылда эки гана майрам бар. Орозо айт жана Курман айт. Биз эч кандай аларга кошула албайбыз. Арак ичиле турган жерге барганга такыр болбойт-деп өзүнчө күпүлдөп, сүйлөнүп алды:
Ошентип, эч билинбей убакыт өтүп, эл күткөн 31-декабрь да келди. Элдер майрамга катуу даярданып, базардан керектүүлөрдү алып келип жатышканда, Назиранын эки баласы мотураңдап чуркап келишти:
-Апа, элдер майрамга даярданып жатышат. Биз качан даярданабыз дешти, бир ооздон. Назирага ушул эле сөз жетпей турду белем, кабагын түйүп, жамап жаткан байпагын токтотуп:
-Аны, анан атаңар келген кезде айткыла деп, бурк этти. Бул Назиранын ачуусу келгендеги белгиси эле.
Күндө бир маал Мустафа мээсин жейт "аял деген минтиш керек, аял дегендей тигинтиш керек" деген акылдуусунган сөздөрү менен.
"Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты" дегендей, алты жылдан бери Назира күйөөсүнүн аягы тайыз сөзүнө ишенип, иштемек турсун үйдөн он мүнөттөй сыртка чыгып, эл менен сүйлөшө элек.
Арадан туура эки саат убакыт өткөндө, энтиге басып Мустафа келди да, Назиранын үйдө экенин көрүп, эс ала түштү. Анткени, кудум Назирага окшош аялзатынын машина менен баратканын көрүп, ою бузулуп, ойлонгондон мээси чыңалып, давлениясы көтөрүлүп кеткен. Бул адам баласындагы ашыкча ой жүгүртүүнүн, болгондо дагы жаман нерсени ойлогондогу абалы эле. Көрсө адам өз өмүрүн өзү ушинтип жаман ойлор менен кыскартып, оору тилеп алат тура.
Назира да билди, күйөөсүнүн кызганыч ой менен келгенин. Аңгыча эки баласы жакын келип:
-Ата, элдер майрамга даярданып жатышат. Биз качан даярданабыз? -дешти бир ооздон. Көңүлү жайланган Мустафа:
-Койгула балдарым, антпегиле. Бүгүн эч кандай майрам эмес. Ал каапырлардын чыгарган майрамы. Аны коюп бүгүн апаңар манты жасап берет-деп, чөнтөгүнөн акча алып чыгып, Назирага сунду:
-Ме, бул акчага эт, май, аны муну сатып келип, келиштире манты жасачы. Көптөн бери манты дагы жей элекпиз-деди, Назира акчаны алып жатып:
-Жолдон базарга кирип, өзүңүз эле ала келсеңиз болмок-деди үнүн жай чыгарып. Назира тийген күндөн бери "сиз" деп кайрылат. Ошол себептен, "келсеңиз болмок"-деп кайрылды. Мустафа өзү ала келмек, саат басып, машинага түшүп бараткан келинди көрүп калып, шашып келбедиби. Назира кабагын түйүп:
-Анда, мен эки баламды ээрчитип алайынчы. Кечиксем, жол карап, капа болосуз!-деди. Бул айтылган сөздүн артында "кызганасыз" деген сөз жаткан. Мустафа дароо макул болду башка айласы жок болучу.
Жолдо ката Назира эки уулуна эмне сатып берсем деп, жаңы ачылыш ача турган окумуштуудай катуу ойлонуп, жыйырма сом көзүнө чоң акчадай сезилип, таттуу ойго алаксып бара жатты. Андан дагы ал акчага күйөөсү билбегендей нерсе сатып бериши керек. Болбосо, "акчаны кайдан алдың"-деп, тергөөчүдөн жаман суракка алышы турган иш. Ойлуу кадам шилтеп бараткан Назиранын жанында эки баласы алыскы Лондон шаарына бараткансып сүйүнүп алышкан. Үйдөн алыс чыкпаган бул эки наристе үчүн базарга барган жөн эле бир келген бакыттай сезилди.
Назира алгач Мустафа берген акчага керектүүлөрдү алды да анан эки уулуна бир лимонад жана пирожки сатып берип, катуу эскертти… "атаңарга айтпагыла" -деп. Кыштын күнү лимонад ичкен эки наристенин сүйүнүчүндө чек жок. Ашып калган акчага чупачупс алып берди. Үйгө барганча жеп түгөткүлө- деп. Ошентип, бул күн дагы эки наристе үчүн өзгөчө күн болду.
Эки уулу менен кеткен аялын Мустафа чыдамы кете күттү. Алардын карааны имерилиштен көрүнгөндө гана жаны жай алып, ичкери кирип, мешке от калады. Аңгыча чоң майрамга катышып келгенсип эки уулу "Ата базарда тигини сатып жатыптыр, элдер катуу даярданып жатышкан экен, тарсылдак атылган нерселерди сатып алышкан эл көп" деп, көргөндөрүн айтышты эле Мустафа:
-Алар, туура эмес кылышат. Мына бүгүн апаңар силерге келиштирип манты жасап берет. Кана Назира, алып келгендериңди көргөзчү-деп, сумкага көз агытты. Оюндагынын баарын көргөн Мустафа:
-Эмесе, баштайлы. Мен эт туурайын. Сен камыр жууру.
-Эшик суук. Бир чыныдан чай ичип алып баштайлычы. Курсак ачып кетти-деди эле Мустафа жактыра бербей:
-Тамак канчада даяр болот?-деди. Назира кабагын түйүп:
-Кеминде үч саатта. Биз даярдаганча эле бир саат кетет. Отко койгондон кийин бир сааттан ашык убакытта бышат.
Мустафа колун шилтеп:
-Анда чай ичип алалы. Назира сен туура айтасың-деди. Чай ичилип бүткөндө, Мустафа даарат алып келип, намазын окуганы ичкери кирди. Назира эки уулу менен кечки тамактын камын көрүп, ун элеп келди.
Эне үчүн баланын күлгөнү, сүйүнгөнү эмне деген бакыт. Өзгөчө кичүү баласы ар нерсени божурап сүйлөй берди. Назира "кап атаганат, эки уулумду эл сыяктуу бала бакчага берсем кана"- деп ойлоп койду. Анткени экөө үйдө камалып отуруп көп нерсени али билише элек. Базарга барып келгенге эле ушунча сүйүнүп жатат деп, келечекке кам көрө таттуу кыялга батып, ойго чөмүлүп кетти. Эгер, Мустафа ички үйдөн чыкпаганда, дале ойго алдырып отура берет беле. Назира, кабагы суз, күйөөсүн бир башкача көз караш менен карап:
-Эттин баарын эле кошолубу? Пияз дагы аз калыптыр-деди сөз улансын үчүн. Негизи эле Мустафа идиш-аякка кийлигишкен үчүн, Назира өз эрки менен эч нерсе жасай албайт. Ошол себептен сурады, болбосо молдоке сөз менен жеп салат, бир сөзүн кайра-кайра кайталап айта берип.
Бул күн кыштын кыска күндөрүнүн бир күнү эле. Мустафа куптан намазын окуп болгон кезде, тамак бышты. Төртөө чогуу отуруп тамак жешти да, төшөк салып эрте эле жатып алышты. Бул учурда башка элдер жаңы жылды тосууга катуу даярдыктарды көрүп, тасмалдарын кенен жайып коюп, көңүлдөрү шат эле.
Эки бала курсактары тойгонгобу, баштары жаздыкка тиери менен уктап кетишти. Назирадан уйку качып, түбү жок ойду ойлоп, кеминде эки сааттан ашык убакыт жатты. Аңгыча, тарсылдактар атылып баштады. Бирок, жаңы жылды тосчу убакытка дагы кенен бир саат убакыт бар эле, негизи эле молдолордун болгон дити төшөк оюну менен чектелеби, Назиранын жанын койгон жок. Ансайын Назиранын кыжыры келип, эртерээк эле ишин бүтсө экен деп өзүн- өзү араң кармады.
Ансайын Мустафанын иши узакка созулганда Назира:
-Болчу, болгон оюң эле ушу. Элдер тигинтип майрамды тосуп жатышат. Деги биз качан эл сыяктуу жашайт болдук -экен? Бүгүн кошуналар "чогулабыз" деди эле, ага да барган жокпус. Мустафанын кулагына эч нерсе кирген жок. Анткени анын болгон дити башка жакта болчу.
Назира, айткан сөзү текке кеткенине өкүнүп:
-Сизге айткан сөз эч таасир бербейт. Элдин аялдары кийбегенди кийип, ичпегенди ичип, ээн эркин басып жүрүшөт. Мен болсо капаска түшкөн куштай кайтаруудамын деди эле, ишин бүткөн молдо:
-Сени, бирөө бузуп жатат өңдөнөт. Минтип айтчу эмес элең. Сага айтпадым беле "динден алыс аялдар менен сүйлөшпө" деп, өктөм сүйлөп нары карап жатып алды. Аңгыча, сааттын жебеси он эки болду белем, тарсылдактар кеминде жарым сааттай убакыт атылды. Мустафа жаздыктан башын көтөрүп:
-Ушул эми жакшы ишпи. Канча акчаны асманга куру бекер атып салышты "Ысырапкорчулук" -деп, төшөктү чүмкөнүп жамынды.
Назира, таң куланөөк атканга чейин уктай алган жок. Жаңы жылды тоспогонуна ушуну менен алтынчы жыл болду.
************************* *************************
Убакыт өз нугу менен өтө берди. Билинбей январь айы аяктап, февраль айы баш бакканда Назира менен Турат экөө таанышып калды. Турат болгону төрт жашка улуу болгону менен ойлогон ою келечектүү, аялзатын түшүнө билген колу ачык, жүзүнөн күлкү кетпеген жыйырма сегиздеги али үйлөнө элек жигит. Мунун баары жүрөккө тынчтык бербеген сүйүүнүн кылган жоругу. Өзү алыскы борбордо турса дагы бул айылга, тактап айтканда Назиралардын үйүнө жипсиз байланды да- калды. Ооба, өзү ар тармактуу иштер менен алек болчу. Бул айылга тери алганы келген. Ал кезде теринин баасы жакшы болуп жаткан, бирге бир түшүп. Мындан сырткары да башка иши бар. Өзү үйдө жетим өскөн. Атанын мээримин көргөн жок. Чоңойгонго чейин турмуштун соккусун жакшы эле көрдү. Бөтөлкө чогултуп өткөрдү, кийим жок окуудан калган күндөрү болду. Кыскасы иштебеген иши калган жок. Акыры жерден бой көтөргөнү шаарга барып, алгач тачка түртүп иштеп, анан Касымбек - деген чоң бизнесмен менен иштешип, анын жакшы жардамын көрдү. Азыр дагы Касымбектин алдынан кыя өтпөй, керек болсо үйүнө барып эшигинин алдынан бери шыпырып, тазалап берет.
Ичинде кири жок Туратты, Касымбек дагы жакшы көрүп, көптөгөн кеңешин берип, ишке салды. Азыр, Касымбектин өз баласындай. "Жакшыга жанаш, жамандан адаш" деген кеп бар эмеспи. Балким, Турат, Касымбекке жолукпаганда мынчалык көтөрүлбөйт эле. Андан дагы Касымбек:
-Турат, сага айта турган бир кебим бар-деди. Бир күнү чарпаяда отуруп, маанилүү сөз айтчудай. Турат көңүлдөнүп:
-Айтыңыз байке, кулагым сизде дегенде Касымбек:
-Турат, тээ илгертен бери айтылган кеп бар. "Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет" деген. Мен, али көп жашай элекмин, бирок көптү көрдүм, башымдан турмуш сабагы боло турган маанилүү окуяларды өткөрдүм. Көрсө, бардык макал-лакаптар, икая-жомоктор турмуштан алынат- экен. Анынсыңары мен дагы сага өтө маанилүү сөз айтам. Эгер, менин айткан сөзүмдү туура кабыл алсаң, анда аткар. Аткарбасаң ал дагы өзүңдүн ишиң-деп, Туратты сынай карап анан сөзүн баштады.
Бул дүйнөндө адам баласы жаңылбай жашаш үчүн эң алгач азгырыктарды жеңе билиш керек. Эркек адам үчүн арак менен аялдан өткөн азгырык жок. Анан уйкунун азгырыгын дагы жеңген жакшы.
Буга мисал келтирейин. Таңкы уйку кандай таттуу. Эгер, ошол эртең мененки уйкуну жеңсек, таң эрте көп иш бүтүрөсүң. Ал эми уйкуга алдырсаң көп нерседен куру каласың. Уйку, азгырыктардын бирине кирет, өзүң эле калыс бол. Уйкучу адам жалкоо болот. Демек жашоодогу жетишкендиктерден алыс калат. Мен сага эрте кел десем, сен уктап калып кеч келдиң. Мен, ишим чыгып кетип калдым. Сен мен бере турган иштен куру калдың. Демек ырыскың кемиди деп айтсак болот. Бул бир.
-Экинчи адам кекиртектен аксайт. Арак ичкен киши акылдуусунуп сүйлөгөнү менен колунан эч иш келбейт. Биринчиден ден соолуктан ажырайт. Экинчиден кадыры сынат. Үчүнчүдөн элден өзүнөн-өзү четтеп калат. Бул арактын азгырыгынын пайдасы. Ал эми аял азгырыгы жашоону бузат.
Эркек адам эрктүү болуш керек. Ошондо гана жашоонун бийик секисине чыгып, бактылуу жашайт.
Арак менен аялдын түбүнө жеткен эч ким болгон эмес. Андыктан аялды сүй, бирок, анын кадырына жет. Ошондо гана жүрөгүң таза болуп, жашооң узакка созулат. Улуу Алла жаратканда болгон жан жаныбарлардын эркегин, ургаачысын бир гана жерине кызыктырып койгон. Буга мисал катары буканы эле алалы. Ал күүгө келген кунаажынды ээрчип кай жакка гана барбайт. Анан андан моокуму канган соң, өз үйүрүн, тактап айтканда жашаган жеринен адашып калып, кожоюнун издегенге мажбур кылат.
Ошол сымал эле туруксуз эркек дагы жеңил-желпи кийинген кыз-келинге көз артып, жашоодон жаңылгандар канча. Азыр эки жүздүү эркектер четтен чыгат. Мунун баары эмнеден "аял" деген заттын азгырыгынан. Мунун баарын сага эмнеге айтып жатам.
-Эгер, сен сүйүүгө туруктуу болсоң, баарын жеңесиң. Мен, бир кезде, тактап айтканда бойдок, армиядан жаңы келген убагымда, күйөөсү бар келинди сүйүп калгам. Ага мен күйөөсүнө билгизбей көп жардам бердим. Акыры бирөөнүн үй-бүлөөсүн бузбайын деп, ал келинден өзүмдү оолак туттум. Сен дагы менин даамымды татып, мени менен туздашып калдың. Балким сен дагы үй-бүлөсү бар келинди жактырып калышың толук мүмкүн. Анда сен ага колуңдан келген жардамыңды бер. Ошондо сенин ишиң алдыга жылат. Өзгөчө, аялзатынын үмүтүн аткарып койгон жакшы-деп бир топ сөздүн башын айткан.
Ошол айткан кеби төп келип, эки баласы бар келинди сүйүп калып, сүйүүнүн азабын тартып жүргөн кези. Ошол Назира менен жолуккан күн өмүрү өткөнчө эсинен кетпей калды белем.
Жаңы гана Талант досу менен тери алып иштешип жаткан. Күн суук, элет жеринде акча жок. Бирок, жаңы жылга карата көпчүлүк мал союп, тери жакшы алынды. Бир күнү кечке жуук, өтө жупуну кийинген келинди көзү чалып, сугун арта карап, биринчи көз караштан эле ал келинди жүрөгү менен берилип жакшы көрүп калды. Көрсө сүйүү адам баласына не бир түркүн жол менен келет белем. Тураттын аң сезими алиги келинге урунду да калды. Назира, базардан чыгып бери басканда, Турат машинасы менен жакын келип:
-Чоң кыз, мүмкүн болсо Шопоков көсөчү кайда айтып коесузбу?-деди эле, Назира бейтааныш баланы уялыңкы түр менен карап:
-Мен ошол көчөгө барам-деп айтып алды. Бул сөз кантип оозунан чыгып кетти өзү дагы билбейт. Тураттын көктөн издегени жерден табылгандай сүйүнүп:
-Келиңиз анда, отуруп алыңыз. Чогуу баралы-деди. Назира кабагын түйүп:
-Менин күйөөм бар. Машинага түшкөнгө болбойт-деп, кадимки Афганистандагы түркөй аялдардай чочуп кетти. Турат күлүп:
-Күйөөңүз болсо эмне экен. Кайра жакшы эмеспи, суукта үйүңүзгө эрте жетип аласыз. Назира жылдыздуу балага арбалып:
-Түшүп алат болчумун машинаңызга, күйөөм абдан кызганчаак. Аны коюп түшүндүрүп эле айтып берейинчи. Турат:
-Эмне күйөөңүз молдобу?-деди эле Назира башын ийкеп:
-Ооба, аны сиз кайдан билдиңиз. Турат күлүп:
-Молдолор гана ашыкча кызганчаак болот. Сиз ушунчалык сулуу экенсиз, атыңыз ким?-деди Назираны сөзгө тартып. Назира жылуу сөзгө ыраазы боло
-Назира деп, үнүн акырын чыгарды. Турат өз ысмын айтып машинага олтурууну өтүндү. Элпек кыймылы менен Назира салондон орун алганын өзү дагы билбей калды.Турат, берилүү менен уялчаак келинге карап:
-Назира, сен мага абдан жагып калдың "сендей дагы сулуу жан болот" деп ойлобоптурмун деп, машинаны жай айдады, узагыраак сүйлөшүүнүн амалын кылып. Сөз арасында тери алып иштеп жатканын дагы учкай кеп кылып:
-Силерде тери жокпу?-деди эле Назира:
-Жок, кайдагы тери. Малыбыз жок болсо-деп, сөзү менен билгизип койду, жарды турушаарын. Турат учурдан пайдаланып,
-Назира, бир сөз айтсам макул болосуңбу?-деп, суроолуу карады эле, көздөр чагылышып кетти. Бул сөз караштан экөө бири бирине арбалып, бир саамга турушту. Тормозду кантип тепкенин да билген жок. Жүрүп бараткан машина токтоп, экөө үнсүз сүйлөшкөнгө өтүштү. Ушул жашка чыкканы Назира, ушундай жагымдуу көз карашты жолуктурган эмес. Убакыттын токтоп турушун миң мертебе тилеп дагы жиберди. Анан оозу бош:
-Айтып көрүңүз?-деди сылыктыгынан жазбай. Турат сулууга арбалып, машинаны скоросттон чыгарып:
-Назира, эгер мүмкүн болсо сунган колдуу суутпай, бул акчаны алып, шоколад алып жеп койчу-деп, эки жүз сомдук бир купюраны сунду. Назира чынында эле акчадан кыйналып турган. Кара күчкө:
-Жок, кереги жок-деген болду эле Турат:
-Мен, сенден сурандым го-деп, колуна карматып,
-Кайда айдайын?-деди сөздү бөлүп. Назира жолду карап:
-Мен тиги бурулуштан калам. Сиз оңго буруласыз-деди. Бул көчөнү билмек турсун канча жолу өттү. Назира менен таанышуунун гана бир жолу үчүн көчөнүн атын сураган. Турат чоң жетишкендикке жеткендей маңдайы жарыла сүйүнүп:
-Ырахмат, Назира, эми сизге качан жолугам. Мага ашыкча түйшүк жараттың. Айтмакчы, мен эртең шаарга кетем. Эгер, макул көрсөңүз эртең он экиде базарга келиңизчи. Жок дегенде карааныңды бир көрүп, анан көңүлүм жай кетейин-деди эле, Назира динге сугарылгандыктан андан дагы күйөөсүнүн "аял киши мындай болуш керек" деген тажатма сөзү мээсине сиңип калган үчүн:
-Жок, мен сизге жолуга албайм. Менин күйөөм бар да-деди. Турат кабагын түйүп:
-Келсең, мен сага миң сом берем. Болгону ошол, караңызчы кийимиңиз дагы жупуну экен. Менин сага карата оюм жакшы. Болгону "сага жардам берип койсом" деген эле тилек. Өзүң бил-деди да, Назираны чын ниетинен жактырып калганын жүзүнөн билгизди.
Назира айласы жок тетири бурулуп, үйүнө баратып, бакыт кушун кое берген адамдай, ойлуу алдыга кадам таштады. Алтурсун Турат берген эки жүз сомду кармаган колу чоктой ысып чыкты. Ал эми Тураттын абалы Назираныкынан жүз эсеге оор эле. Машинаны акырын айдап, Назира кайсы үйгө кирип кеткенин байкап туруп, анан Таланттын үйүнө абдан капалуу келген. Мына эми андан бери дээрлик эки жумага чукул убакыт өтүп отурат,бирок Турат баарын учурун келтирип өз нугу менен молдонун үй-бүлөсүн колго алганга үлгүрдү.
***************** *********************
Назира үйүнө келип, каратып туруп калпты айтты. Болбосо акчаны кайдан алдың-деп, Мустафа сурай берип жанды коймок эмес. Андан дагы балдары азык-түлүк жок, карандай чай менен отурушкан. Сырттан кирип эле Назира:
-Мен, кайра базарга барып келейин. Жолдон акча таап алдым. Бирөөлөр түшүрүп койсо керек-деди. Мустафанын көзү жайнап:
-Канча акча экен?-деди. Назира жер караган тейде:
-Эки жүз сомдук-деп Мустафага сунду. Мустафа:
-Мына буйрук деген ушул. Базарга экөөбүз барып келели. Мен бааны түшүрүп алам. Базардагылар обу жок акча кошуп сатышат-деп, жөн эле кенч табылгансып, сүйүнүп алган. Назира токтоолук кылып:
-Мен, эмне керек экенин акчанын суммасына жараша жазып алайын. Болбосо, унутуп калабыз-деди. Эх, "бирөөнө кор дүйнө, бирөөнө зар дүйнө" деген ушул эмей. Мустафа башын ийкеп:
-Макул анда бол тезде, базар тарап кете электе -деп шашып калды.
Калың жааган карды кычырата басып, экөө жол жээги менен келе жатты. Назира бир метрдей артына басып алган. Анын себеби шарият жолун жакшы билген молдоке, катар басканга уруксат бербейт. Оозунан келмеси түшпөгөн Мустафа алдынан чыгып учурашкандарга "иншалла, өзүң кандай"-деп, саламды алик алып, жөн эле бардар адамдай көңүлү көтөрүңкү.
Базарга келип соода кылган катын-калачтар менен талашып-тартышып, керектүү нерселерди алды. Назиранын ичи бышып араң чыдады. Жөн эле ак эмгеги менен таап алган акчадай, акчанын көзүн караганы жаккан жок. Андан дагы арыкчырай, кара тору келин:
-Ушул молдолордуку өттү. Биз деле акча табалы деп отурабыз да, сууктун күнүндө. Барып башка жактан соода кылыңызчы! Керек болсо, бир сом үчүн отурабыз. Эркек деген эркектей эле болсо-деп соода кылбай койгондо, Назира:
-Ала бериңизчи, бардык жерде эле баа ушундай. Дагы жакшы түшүп берди-дегенде, молдо куучуңдап, башка жерден андан кымбат баага алды, макаронду.
Болгон акчага соода кылып, жолдо экөө келатышканда Турат машинасы менен алдыдан чыгып калды да, Назираны көрүп, атайын токтотту, машинаны. Алтурсун өзү берген акчага азык-түлүк алып келатканынан бери баам салып, машинадан түшүп, молдоке менен учурашты.
-Саламалекум- деп, молдо чоочун баланын саламын алик алып, сен кимсиң деген таисте карады. Ал эми Назира уялганынан жер карап туруп калды да, дароо "эмнеге токтоду, балким мен жөнүндө бирдеме айтабы" деп, коркконунан жүрөгү бат-бат согуп, денесин майда калтырак басып кетти. Турат учурашкан соң:
-Молдоке, тери алып жүрдүм эле, сизде тери жокпу? Негизи молдолор малды көп соет эмеспи-деп, сөзүнүн аягын тамашага чалып сүйлөдү эле,Мустафа күлүп:
-Жок, менде кайдагы тери-деди. Турат сөз улансын үчүн:
-Көзүмө малы көп адамдай көрүнүп кеттиңиз. Андан дагы азыр элдер алдамчы болуп, иш жакшы алдыга жылбай жатат. Сиздей дин адамдар менен иштешкен жеңилби деп дагы, ойлойм. Эгер макул болсоңуз, акчасын таштайын элден тери алып бериңиз. Кийинки аптада келип, эсептешип, сиздин дагы эмгек акыңызды төлөп кетем-деп, Назира күтпөгөн сөздү айтты. Алтурсун бул сунушту эмне максат менен айтканын да дароо түшүнүп ичинен "Азамат бала экен, жоктон барды жасаган" деп ойлоп койду. Мустафа калп күлүп:
-Мен, соодага жокмун. Иштей аламбы аныңды?-деди эле Турат, көзүн жайнатып:
-Иштебегенде, мен тиги көчөдөгү Талант менен иштешип жаттым эле. Бирок, иш анча болбой жатат. Тааныш-билиш менен иштешкен негизи анча жемиш бербейт экен. Сиздей бейтааныш менен иштешкенде эсепке так, сөзүң да чоң чыгат эмеспи. Мен өзүм көргөзүп коем, кандай тери алыш керек экенин. Бат эле өздөштүрүп кетесиз-деди. Мустафа калп күлүп:
-Байкап көрөйүн. Бир чети жакшы болот эле деп, айта турган сөзүн таппай калды. Турат колун сунуп:
-Макул анда, мен келип сизге жолугуп кетем. И, баса сиздин үй кайда?-деди билмексен болуп. Мустафа колу менен көргөзүп:
-Тетиги оң жактагы дарбазасы сырдалбаган үй-деп, беш-алты үй нары жактагы үйдү көргөздү. Турат шаңдуу коштошуп:
-Болуптур молдоке, анан келип калам-деп, машинасына түштү да, ичинен эзилип Назираны аяды "кантип ушуну менен күн өткөрүп жүрөт болду экен, балким башын айлантып алып алдыбы" деп чындап Назирага боор тартты. Кызындай болуп артынан ээрчип баратканын күзгүдөн карап: "Ай курган кыз, ушуга кор болгон" деп, өкүнүп алды. Ал эми Мустафа кабагы ачык:
-Мына, эми буйруса иш дагы табылды. Тери алгандын эмнеси бар экен-деп кобуранып Назираны карады эле, оозуна сөз келбей "мунун баары бир мен үчүн болуп жатат кеңкелес" деп ичинен күйөөсүн тилдеди. Бирок сыртка чыгара алган жок. Ага күчү да жетпейт болчу.
Андан дагы Мустафа менен Туратты салыштырып кимиси адамгерчиликтүү экенин анализдеп да көрдү. Кереги эмне беш убак намаз окуп, динди жамынып элге жакшы көрүнгөнү менен ички дүйнөсү жарды адамдын. Ушул жашка келип Мустафа эч кимге жакшылык кылбаса керек-деп дагы ойлоп койду. Анткени анын болгон кулк мүнөзүн, кыял жоругун Назира беш колундай билет. Керек болсо бирөөнү алдап акча алганды жакшы көрөт. Кээ бир кеселдерге дем салып бергенин эстегенде жерге түкүрөт. "Ушунун деми кимге тиймек эле" деп. Бирок, эл деген эл да. Ишенип келе беришет. Андан дагы шарияттан сөз козгосо оозунан ак көбүк чыкканча сүйлөйт да, анын бирин дагы өзү аткарбайт. Артисттердей кооз сөзү эле болбосо, адамдык деңгээли абдан тайкы. Аны өзү деле билет.
Бир жолу нике кыйганы барган жерден бир аял абдан катуу уят кылган. Анда дагы Мустафа өзү оозунан жаңылган. Болбосо уят болмок эмес. Нике кыйып жатып "Аял алган адам, аялына алтын буюм алып бергени парз"-дегенде алиги аял:
-Ошол сиз айткан парзды өзүңүз аткардыңызбы? Алтын алып бермек турсун, жакшыраак кийим дагы алып бербептирсиң го. Карачы аялыңыз кызыңыздай эле экен, кийген киймин -дегенде, Мустафанын сөзү оозунан түшүп, ошондон кийин Назираны андай жерге ээрчитип барбай калган.
Мустафа үйгө келип эле:
-Назира, эми келиштирип бир тамак жасачы. Канча болду эттүү тамак жебегенибизге- деп, бир нерсени кыйратып келгенсип сүйлөдү. Назира эки уулуна чупачупс алып алган, Мустафа урушса болбой "кол карап калат" деп. Эки наристе чупачупска каниет кылып:
-Апа, эмне тамак жасайсыз?-дешти. Назира от жагып жатып:
-Жаркөп жасайын. Силер, мага тоскоол болбогула-деп, өз иши менен алек болуп жатып, Туратты эстеди. Бир күн илгери эле, алтурсун эки саат мурда аны таанычу эмес. Ушул аз убакыттын ичинде жүрөгү ага багынып, ал жөнүндө таттуу кыялга батып, Мустафага тийгенине дагы бир жолу өкүндү.
Убакыт шам намазына жакындап калган кезде сырттан Абдылда молдо келди. Мустафанын жакын досу. Алкаштын досу алкаш, молдонун досу молдо, окумуштуунун досу окумуштуу болот эмеспи. Анынсыңары Абдылда дагы Мустафанын эле өзү. Оозунан "иншалла" деген сөз түшпөйт, бирок абдан аялсаак неме, эки сөзүнүн бири эле аял. "Досуңду көргөз, мен сенин кандай адам экениңди айтып берем" деген бир акылман айткандай, Абдылда аркылуу эле Мустафанын кандай адам экенин билсе болот. Экөө шам намазын мечиттен окуп келиш үчүн сыртка чыгышты. Назира, бул кишини абдан жаман көрөт. Оозу балит, уят сөз кошуп сүйлөгөн, алтурсун Мустафа жокто тийишип да жиберген адаты бар.
Бир жолу үйгө келип, калжаңдап тийишкенде, катуу кагып койгон. Ошондон кийин учурашмак турсун, берген саламын алик албайт. Адам баласы көрсө өзүнүн терс сапаты менен чөйрөдөн алыстап, элге кошула албай калат эмеспи. Көл деле толкуну менен жаман нерселерди четке сүрүп салгандай, ичи тар ою жаман, бузуку, тилине алы келбеген алкаштар дагы өздөрүнүн жаман сапаты менен көпчүлүктөн сүрүлүп калгандай, Абдылда молдо дагы үйгө мурдагыдай эркин кире албай калган. Дагы жакшы анын жасаган аракетин Назира күйөөсүнө айтпаганы. Эгер, айтса экөөнүн достугунун ортосуна жарака кетмек.
Экөө, үйдөн чыкканда Абдылда маанилүү сөз айтчудай оозун таптап, анан сөздү алыстан баштады.
-Я, Мустафа, сени менен кеңешейин- дедим эле. Сага бир ооз сөз айтпай иш кылсам, көңүлүңө көлөкө түшүп калабы деп да ойлодум. Буга чейин эле айтсам болмок, бирок иш бышпай жатты. Акыры, сүйлөшүлүп бүткөндөн кийин, айтайын дегем. Мустафанын кызыгуусу арта эмне айтмакчысың? -дегенсип, суроолуу карады эле, Абдылда шар айтты:
-Буйруса жакын арада төшөк жаңыртсамбы деген ой бар. Өзүң нике кыйып бересиң да. Бул сөздү укканда Мустафанын көзү жайнай түштү. Ушул эле сөздү уга албай тургансып:
-Аялды кайдан алганы жатасың?-деп күч менен сурап жиберди, таң калганын билгизип. Абдылда кыт-кыт күлүп:
-Коңшу айылдан. Турмушу бузулуп келген экен. Бирок абдан эле жаш. Он тогузда экен жашы. Бул сөздү укканда Мустафа:
-Ох-деп жибергенин өзү дагы билбей калды. Аял дегенден көзү каткан Мустафа үчүн бул күтүлбөгөн жаңылык эле. Абдылда сөздү улап:
-Сен деле төшөк жаңыртпайсыңбы? Тиги Сатыбалдынын кызы эрден чыгып келгенине көп болду. Атасынын төрүндө жүргөнчө сага токол аял болгонго "лам"деп эле макул болот болушу керек. Алгач мен ага сөз айттырайын дегем. Бирок, анын апасы менен жылдызым келишпейт. Өзү макул болсо дагы, апасы көнмөк эмес. Мустафа сөздү бөлүп:
-Анан, аялың макул болдубу?-деди эле Абдылда колун шилтеп:
-Анын эмнеси бар экен. Эң негизгиси материалдык жактан камсыз кылсам болду да. Аял деген эбин тапсаң макул болбогондо кайда барат. Бирок, сенин аялың жаш. Азоо аттай секирип каршы болот болуш керек-деп сөзүнүн аягын кыска бүтүрдү эле, Мустафа үнсүз бир топ кадам басып:
-Мен дагы аракет кылышым керек- экен. Сен айткандай Сатыбалдынын кызы эрге тийбегенде, кимге тиймек эле-деп аял алганга көңүлү бар экенин бир ооз сөз менен билгизип койду. Шам намазын окуп келип, үйүнүн жанында токтоп турган машинаны көрүп, эң алгач Мустафанын кызганычы күч алды "Мен жокто ал эмнеге үйгө келет"-деп.
Турат, үйгө келгенде Мустафа жок экенин билип, абдан сүйүнүп кетти. Бирок, Назира коркуп сүйлөшкөнгө каршы болду. Анткен менен учурун келтирип суроо берип, көз карашы менен билгизип койду, көңүлү бар экенин. Турат учурун келтирип:
-Сени чын ниетимден аяп кеттим. Кантип жашап жатасың?-деди эле, Назира тамак жасаганын улантып жатып:
-Буйрук. Менин жаштыгымдан пайдаланып кетти. Атам болгондо буга тиймек эмес элем. Кыскасы, балдарым үчүн эле эптеп күн өткөрүп жүрөм. Экөө жаңы гана көнүшүп келатканда, дарбазадан кыйч деген үн угулганда, Назира ички бөлмөгө кирип кетти. Болбосо Мустафанын жоругу белгилүү да. Турат эки наристени сөзгө тартып, алар менен сүйлөшүп отуруп калды.
Мустафа сырттан кирип келип эле, үй ичин карап:
-Назира кана?!-деди эле, Турат учурдан пайдаланып:
-Сизди кызганат-деп ички үйгө кирип кетип, али чыга элек. Мен сүйлөшүлгөн сөз боюнча келгем-деп, сөздүн аягын сыпаа бүтүрдү. Мустафанын көңүлү калыбына келип:
-Келгениң ырас болуптур. Мен намаз окуганы мечитке кеткем. Ээ, Назира чык бери-деди. Жаңы келген келин кайын атасынан сүрдөгөнсүп Назира ички үйдөн иймене чыгып, жасап жаткан ишин улантты. Турат, Назирага көңүл бурбаган киши болуп:
-Молдоке, мындай эми. Негизги сөзгө өтөлү. Шашып жүрдүм эле. Сиз кандай тери алсаңыз да туз сүйкөп коюңуз. Мен сизге туз таштап кетем. Теринин кесилгени болсо арзан аласыз. Жакшы тери болсо жүз сомго чейин алсаңыз болот. Дарбазага "тери алынат" деп жазып койсоңуз, эл өзү эле алып келет. Менин сиз менен иштешип жатканымды тиги Талант билбесин. Анан ишке так болуп, эсептен жаңылышпайлы. Мен сизге үч миң сом таштайм. Эмки аптада келем. Ага чейин бул акчаны иштетип койсоңуз. Сезон учурунда акча таап албасак болбойт деп, терини кандай алыш керек экенин тактап көргөзүп, тамакка күтпөй кетип баратып:
-Жеңе, жакшы туруңуздар- деп, Мустафага билгизбей, көз кысып коштошуп койду. Назира, Турат үйдөн чыгып кеткенде, коңултуктай түштү. Мустафа кабагы ачык, Туратты узатып келип:
-Жакшы бала өңдөнөт. Мейли, тери алса алып акча таап көрөйүн-деди. Аңгыча тамак алдыга келди. Булоолонгон тамакты ичип отурушканда, Эсенгелдинин баласы кирип келип салам айтты да:
-Молдоке сизди тез келсин -деди. Шаардагы байкем аял алып келди. Нике кыйып берсин-дейт. Бул айтылган сөз менен Мустафа ичип жаткан тамагын токтотуп:
-Бара бер. Мен азыр чыгам-деди эле тиги бала:
-Мен машина менен келдим. "Салып кел"-деп жиберген. Анда сизди машинада күтөм-дегенде Назира:
-Даам ооз тий. Тамак ичпейсиңби? -деди эле Айбек нан ооз тийип:
-Шашылышмын- деп, тамактан ооз тийип. чыкканча шашты. Анткени, Айбек Мустафанын сырын билет. Кызганып кетпесин деген ойдо шашкалактады. Буга Мустафанын бир жолку жоругу себеп болгон. Ушул көчөдөн өтүп баратып, Назираны карап койгон. Мустафа алдын тосуп:
-Сен эмне аял киши көрө элексиңби? -деп оңураңдап, көңүлүн сындырган. Ошол окуя кайталанып кетпесин деген ойдо, аралыкты алыс кармаш үчүн үйдөн чыкканча шашканынын жөнү ушул эле:
Мустафа нике кыйып эки жүз сом таап келгенин милдет кылып:
-Назира, эртең базарга барып, бут кийимиңдин суу кирген жерин тиктирип, калган акчаны алып кел. "Самын алат элем" деп, болбогон нерсеге коротпой. Назирага самындан бери ченеп берген Мустафа, сараңдын- сараңы экенин жашырганга негиз жок эле.
Илгерки байлардын күңүндөй баш көтөрүп сүйлөмөк турсун ,оозунан чыккан сөздү аткаруу Назира үчүн жазылбаган мыйзам эле.
Мустафа эртең менен дарбазага "тери алынат" деп жазып коюп, үйдөн чыккан жок. Турат айткандай кечке дейре ондон ашык тери алып, иштин жүрүшү көңүлүн көтөрдү. Акча кармап көрбөгөн Мустафа жөн эле чоң бизнесмендей бир күндө эле каада күтүп, өзүнүн пастыгын дагы бир жолу көргөзүп койду. Иштеп жатканын милдет кылып. Эгер мындан чоң иш жасаса эмне болмок, аны так кесе айтуу кыйын эле. -
Үмүт шооласы
Жазылган күн: 9 Окт 2014
Сууктун күчүнөн ээрди кеберсип, бүткөн бою калтыраган Калбүбү жашоонун кызыгынан, эртеңки жарык таңдын бүдөмүктөгөн шаңынан үмүт үзбөй, таштанды аңтарып жүрдү. Целлофандарга салынган таштандылардын ичин тинтип отуруп, жарты бөтөлкө, көгөрүп кеткен сыр, салат таап алды. Тоңуп калган табылгалары муз болуп калгандыктан жанында ар качан алып жүрчү кирдеп-тытылып калган чаар баштыкка салды да, базарды көздөй илкиди: "ысыгыраак бирдеме ичпесем тоңуп өлөм го", деп ойлогондо муздап, ансыз да калтырап турган денеси "дүр" этип алды: "Баса, мен өлгөндө ким кейип коймок эле? Жашоо улана берет, менин өлгөнүм жер энени тойгузуп, бул дүйнө кемип калмак беле? Келип-кете берчү дүйнө да-аа" деген ойдо өзүн алаксыта кадамын тездетип кетип жатты. Бат эле Ош базарынын кыжы-кыйма шарына аралашып, отургандарды жал-жал карап баратып:
- Айланайындар, нанга жардам берип койгулачы, бала-чакам жок, жакыным да жок, боор ооруп койгулачы?! - деди тартынып. Жедеп кагуудан көңүлү калса да кара жанды калкалагысы келип.
- Барчы, сен эле жетишпей атсаң да, ушу суукта сен эмес, бала-чакамды зорго багып жатам! - Бир жаш эле келин силкинип ары карады. Сунулган колу таяктай катып калганга ачуу сөзгө ого бетер денеси калтырай түшүп, ары көздөй басты.
- Жардам бер-рип кой-гулачы-ы? ! - тиши тишине тийбей шакылдап, көгөргөн эриндери араң кыймылдады. Өтүп бараткандардын алсыз аял менен иши да болбоду, бутунда күзүндө таштандыдан таап алган эркектин батинкасы, башында кир эски жоолук, моюнуна жылуулук бере тургансып эски моюн орогучту тагып алган.
- Ме, менин балдарыма батаң тийсин, байкуш! - кычырай кийинген аял ага бир сомдуктардан жети кагаз сунду, - Имине болуп ушинтип калышат булар деги? Улгайып эле калыптыр, жылуу үйдө неберелерин багып эле отура турган убагы экен.. - Тигил аял кобурана басып кетти.
- Ылайым кудай жалгасын… - Калбүбү кубарып кеткен өңүн, көгөрүп турган эрдин кыбырата ары көздөй кетип баратты. Буттары титиреп шилтенбей калса да кете берди, колдору сунулган бойдон.
Туш келди кетип атып алаканына чогулган бир сомдуктарды бекем уучтап: "Канча болду экен, ысык бирдеме ичкенге жетсе.. " деп ойлоп алып, ашканалардын бирин көздөй бурулду. Демейде кийими жупуну адамдарды ашкана ээлери киргизбейт эмеспи. Эки жагын жалтаңдай карап, бош турган орундукка отурду да, жансыздай туурулуп колдоюп зорго ачылган колдорун ушалап алып, акчаларын санап кирди:
- Бир, эки, сегиз, он беш, отуз,. . Оо кудай, жакшы эле экен, - деп өзүнчө күбүрөнүп алды да, отуз сомду бөлүп, калганын санабай эле кунары кеткен эски куртканын чөнтөгүнө салды. Аңгыча жанына ашкананы тейлеген кыз келип жаман көзү менен карай:
- Сизге эмне керек? - деди.
- Кызым, отуз сомго келчү ысык тамагың болсо берип койчу, - тартынып, колдорун оозуна такай, калтыраган денеси ичиркене, алиги кызга унчукту.
- Отуз сомго келбейт, кырк беш сом!
- Аа-аа, мейли кызым, дагы он беш сом берем, - Кыз анын жообун угуп, ары басып кетти. Кайрадан чөнтөгүндөгү бир сомдуктарды алып санап атып, ичинен элүү сомдукту көрүп, кубанганынан көзүнөн чолок жаш агып кеткенин байкабай көпкө мелтиреп отуруп калды: "Оо кудай, мындай бечарага боору ооруган кайрымдуу адам бар тура" деп делдейе отурганда:
- Мынакей, сразы төлөп койуңуз! - деген официантканын үнү аны селт эттирди. Колундагы элүү сомду шаша сунду эле, жука төшүнө таккан фартугунан беш сом алып чыгып берди да, жолуна түштү. Суук, адам жоктугунан бул бечара аялдын берээр акчасына карап тим коюшкан эле. Болбосо мындай мусаапырларды: "Клиенттердин аппетитин бузат" дешип босогодон кууп чыгышчу. Калбүбү эти жок, ичинде бирин-серин сабиз менен картошкасы бар шорпону нан менен эптеп бир чыны чайды ичип топук кыла түштү. Жанатан калтырап аткан денеси да бир аз эс ала түшкөндөй бүткөн бою жибий отуруп калганда жанагы официантка жетип келди:
- Ичип бүтсөңүз туруңуз, биз жабабыз, тезирээк болуңуз! - деп шаштырганда баштыгын аяр алды да, ордунан туруп максатсыз басып сыртка чыкты: "Сыртта суук, кайра эле үшүйм го, жылуураак жатаар жер болсо, атаганат" деп алып кетип атып, али элдин тарай элегин көрүп: "кой, уялгыдай эмнем калды, дагы бир аз акча чогултуп алайын, же тигилерге окшоп уурулук кыла албасам.. " деген ойго келди да, базар ичин кыдырып колуна бир сомду кармап алып оозун кыбырата:
- Жардам берип койгулачы, айланайындар! - деп басып жүрүп, эл суюлгуча дагы алаканы толуп кетти. Аны бир колуна ооштуруп алып, жүрө берди. Кайрадан үшүп кетти. Чогулган акчаны ички жан чөнтөгүнө катты да, сырткысына он сомду салып жатаканасына илкип жөнөдү: "Ээ кудай, ушунуңа шүгүр, өлбөгөнгө өлүү балык кез келет деген ушул тура, эртең дагы ушинтсем акча топтоп алып соода кылайын", деп ойлонуп баратты. Көз алдында бала чагы…
***
Калбүбү бир кезде бир үйдүн кенжеси болчу. Жандан артыкча төрөлгөн кызын ата-эне абдан жакшы көрүп, айтканы менен болоор эле. Улуу агалары үйлөнүп, эки эжеси күйөөгө чыгып, балдарын ээрчитип үйлөрүнө чогулуп келишкенде бака-шака түшүп калчу. Ошондо тагдыры ушундай болоорун кайдан билди. Эжелери да, агалары да аны эркелетип, каалаганын алып берип, эркелик менен өткөн күндөрү алыстап, мектепти да ийгиликтүү аяктады..
Ата-эне кеңешип, Калбүбүнү жогорку окуу жайына жөнөттү. Шаарга келип, башка чөйрөгө аралашканча көнө албай үйүнө да кетип калгысы келип жүргөндө экзамендери келип, алардан такалбай эле жооп берип өтүп кетти. Жыйынтыгында ал мединституттун студенти болуп калды. Эч нерсе менен иши жок эрке кызды акмалап сөз айткан жигиттер бура бастырбай киного, концертке чакырышат. Жеринен текебер кыз аларды теңине албай, жалаң окуу менен алек болуп жүргөндө, бир группада окуган Айнура деген кыз:
- Калбүбү, бүгүн менин жердешим келип калыптыр, ал мени туулган күнгө чакырып атат, жалгыз баргандан уялып атам, - деп калды. - Экөөбүз барып келеличи?
- Туулган күнгө барганга көңүлүм жок, өзүң эле бара берчи, - Калбүбү аны жактырбай, китепке үңүлдү.
- Койчу, Калбүбү, мен сени жакын, сырдаш курбум катары көрүп жүрсөм, сен мени укпайсың, - Айнура таарына түштү эле, текебер болгону менен боорукерлиги жеңип, Калбүбү аны күлө карады:
- Болуптур, барса барып келели, таарынбачы эми?
- Бая эле ошентпейт белең. Бол тез, кийинип алып жөнөйлү! - Экөө сыртка чыкса эки-үч жигит күтүп турушкан экен. Алар менен барып тез эле көп кабаттуу үйлөрдүн биринчи кабатындагы үч бөлмөгө киришти.
Дасторкондо Калбүбү суз, өзүнө сугалактана караган жигиттерден жүзүн буруп, карабаска аракеттенип атты. Анда-мында ууртап-татып отурган винодон эки бети албырып чыккан. Келгенден бери өзүнө көңүл буруп отурган жигитти дилинде жактыргандай болду. Анын аты Тилек экен, шынаарлап улам тамаша сөз ыргытып отуруп, жакындан таанышып да алды. Айнуранын жигити да ага көз артып атты. Баарын байкап турган Калбүбү курбусунун көңүлү оорубасын деген ойдо Тилек менен сүйлөшүп, бийге чыкканда да аны менен бийлеп жатты. Чакан отуруш аяктап, экөөнү эки жигит коштоп жатаканага жеткирип коюшту. Ошондон баштап Тилек Калбүбүнүн жашоосунда пайда болуп, өзү деле ал кечиксе жол карай берчү болгон. Ортолорунда ысык сүйүү алоолонуп, төртүнчү курс болгондо үйлөнүүгө макулдашып коюшкан. Анан эле Тилек келбей кечигип жатты. Айнура бул кезде жигити экөө таарынышып кетишкен. Ал дагы өзүн мен сулуумун деген кыздардан эле. Жигитинин таштап кеткенине Калбүбүнү күнөөлүүдөй сезип, ал андан четтеп калган. Калбүбү Тилектин келбей калганына кыжаалат болуп, окууга да көңүлү чаппай жүргөндө анын кабатырланып жүргөнүн байкаган бир кыз атайы келип:
- Сен эмнеге окууга барбай жүрөсүң? - деп калды сөзгө тарта.
- Жөн эле… - Калбүбү көңүлсүз күңк этти.
- Ушу сен жигитиңдин азабын тартып жүрөсүң го, ээ?
- Эмнеге антип ойлойсуң? - Сүйбөгөндөй карап, бирок таң калгандай болуп турду.
- Эч нерсе билбейт деп ойлойсуң го. Мен билбеген балээ жок, сенин жигитиң Айнура менен жүрүп кеткенин али биле элексиңби?
- Эмне-е?! - Калбүбүнүн жалжылдаган көздөрү чоң ачылып, суроолуу карады. - Сен аны кайдан билесиң?
- Студенттердин баары эле билет!
- Кызык, Тилек ага барышы мүмкүн эмес?!
- Барбайт деп сен ага ишенгениң менен, ал сени таштап кеткени качан!
- Болду, Наргиза, андан аркысын мен уккум да келбейт! - Калбүбү эки кулагын баса отуруп калды, көздөрүндө ызанын жашы.
- Калбүбү, өз көзүң менен көрөм десең, эртең кечинде экөөнүн бир кечеде отурган жерине алпарам, - Наргиза сынай карады.
- Ойлоноюн, азыр барчы, Наргиза?! - Калбүбү эки бетин баса ыйлап отуруп аргасыз унчукту. Наргиза чыгып кеткенден кийин ал кроватка көмкөрөсүнөн жатып алып көпкө шолоктоп ыйлады: "Жок, мен аларды көргүм келбейт, намыс үчүн мен окууну гана ойлошум керек" деп бир ою айтса: "Эмнеге, Айнура менден ашык бекен, аларга мен сүйүшкөндү көрсөтөм" , - деп кекенип да жатты. Эртеси Наргиза аны ээрчитип алып отурушка тигилерден мурун барышты. Туулган күнгө келген эки жигиттин бири Калбүбүнү айланчыктап калды. Жаштар улам келип отуруп бөлмөгө толуп калган учурда Тилек менен Айнура туулган күн ээсине гүл көтөрүп кирип келишти. Кирип келаткан Тилек төрдө отурган Калбүбүнү көрүп, босогодо бир топко делдейе туруп калганда, аны колтуктаган Айнура:
- Сага эмне болду, Тилек? Биз бири бирибизди сүйсөк, эмнеге тартынмак элең, бол эми?! - жетелей кирип орун алып, Тилектин ийинине башын жөлөп алды, - Жаным, эмнеге чөгүп кеттиң заматта?
- Айнура, тынч отурчу? - Тилек аны акырын түртө үй ээсин карады, - Керим, туулган күнүңө кечигип калганыбыз үчүн кечирип кой.
- Эчтеке эмес, досум, башкысы келип калганыңар жакшы болду.
Алар сүйлөшүп жатканда Калбүбү эч нерсени байкамаксан отурганы менен, ою алда неден кыжаалаттанып, жанында сүйлөп жаткан жигиттин бир сөзүн укса бирин укпай алагды болуп атты. Тилек өзүн ыңгайсыз сезип, Айнурадан боюн оолактата, үй ээси менен сүйлөшүп жатып көз кыйыгын Калбүбүдөн ала албай отурду. Айнура аны сезди, өзүнчө туталанып, Тилекке улам жакындап, тизесине колун койо коюп, көңүлүн өзүнө бургусу келип жан алакетке түшө берди. Жаштар улам кезек менен каалоолорун айтып отуруп, сөз Калбүбүгө жетти.
- Кана эмесе достор, биздин арабызда укмуштай сулуу, келечектеги ак халатчан врач кыз Калбүбүгө сөз берип койолу, - деди отурушту тейлеген жигит. - Силер кандай дейсиңер?
- Оо мына, сөз ээсин тапты! Сөз сүйлөп, анан ырдап койсун!
- Туптуура, ырдап койсун! - дешип коштоп кетишти калгандары. Үнсүз гана эки жакты карап отурган Калбүбү акырын көз кыйыгын Тилекке жөнөттү. Ал башын жерге салып отурган экен.
- Керим, - Калбүбү стаканды колуна алып, туулган күн ээсин карай токтоо, салмактуу сөз баштады, - Бүгүнкү туулган күнүң кут болсун, өзүң тандаган кесипти аркалап, ар дайым эл керегине жараган жигиттерден болушуңа тилектешмин!
- Оой азамат, эми ырдап кой? - дешип чуулдап ийишти.
- Силердин суранычыңарды аткарып, "Коштошуу" деген ырды ырдап берейин, - Калбүбү дагы Тилекти карады. Ал дале баш көтөрө албай отурган. Айнура болсо өзүнөн өзү жинденгендей кабагы чытылып, сыртка чыгып кетти. Аны отургандардын баары байкашканы менен, үн дешпеди. Анткени баары Тилек менен Калбүбүнүн мамилесин билишчү. Калбүбү үнү дирилдей, ичтеги арманын ыр менен айтып жаткандай муңдуу ырдап жатты. Отурган жаштардын бири да унчукпай, ырдын ыргагына тунжурай телмире тиктеп калышты. Тилек сыртка чыгып кеталбай, же өйдө карай албай отура берди. Бу Калбүбүнүн Тилек менен коштошуп жатканы эле: "Мейли, мен ага жабышкан эмесмин, өпкө-жүрөгүн колуна кармап, сенсиз жашай албайм деген өзү болчу, болгону жүрөгүмдү оорутуп койду, бактылуу болсун", деген коштоо бар эле ырдын кайрыгында, дилинде да ошол ой жандүйнөсүн эзип жатты. Анын мукам үнүнөн желге ыргала шуудураган тал-теректердин да кыймылы жайлап, ыр угуп жаткандай. Эрте жаздагы жамыраган чымчыктар гана анын авазын коштогондой безилдеп сайрап жатышты. Калбүбүнүн үнү акырындап барып басылганда, отургандар аны коштоп кол чаап жиберишти. Өзүн зордоп жылмайган Калбүбү:
- Бул ырым Керимдин туулган күнүнө арналган белегим болсун, ырахмат! - деп койду.
- Азамат, Калбүбү, өзүңө жараша үнүң да укмуш экен, - дешип тамшанып жатышты. Андан кийин кезек менен ыр кесе узатышып ырдашып, бирок Калбүбүнүн үнүндөй боло бербеди. Ошондо Керим:
- Калбүбү, сенден өтөөрү жок экен, кана өзүң дагы бир жолу созуп койчу? - деп суранып койду эле, баары суранышып жаалап кетишти:
- Туура, Калбүбү ырдап койсун?!
- Ырда, Калбүбү, өнөрүң болсо өргө чап!
- Суранабыз, су-ра-на-быз!
- Болуптур… - Калбүбү токтолбой кайрадан мукам үнүн созуп, абада термеле сүйүүнүн алдамчылыгын, кыз жүрөгү назик, ишенчээк болоорун, өчкөн сүйүүнү жар сала ырдап жатты. Убакыт токтоп калгандай баары тыңшап отурганда:
- Тилек, сени Айнура чакырып жатат! - деди бирөө баш багып.
- Өзү келсин, - Тилек бурк эте жер карап отурганынан жазбады. Ошондо Айнура баш багып:
- Эмнеге сен чакырбаса да келип алып бизди бузуп жатасың? Тилек сени эмес, мени сүйөт! - деди көздөрүнөн заар чачырата Калбүбүнү карап.
- Болду, ал сага эчтеке деген жок! - Калбүбүдөн озуна Тилек аны кага сүйлөдү, - Сенсиң баарын кылган!
- Эмнеге анын таламын талашып жатасың, Тилек? Мен сени зордодум беле, өзүң мени сүйөм деп артымдан жүгүрбөдүң беле?! - Айнура ыйлап туруп өзүн унутуп койгондой бакыра сүйлөп жатты.
- Мен сени сүйөм деген эмесмин! - Тилек козголбой ушинткенде Айнура жулкуна чуркап барып Калбүбүгө жеткени калганда аны жанында отургандар кармап калды:
- Бети жок, сен кылып жатасың ушунун баарын! Тилек мени гана сүйөт, билдиңби? Сени сүйбөйт, мени гана сүйөт!
- Жалынып сүйдүрө албасыңды билип ал, кыйын болсоң азыр алып кет! - Калбүбү да өчөшкөндөй ага карап мисирейди, - кана, өзүңдүн сүйүүң үчүн күрөш!
- Ал мени гана сүйөт! - Айнура артына кайрылды, - Тилек, жүрү кетип калалычы, бул шуркуя экөөбүздү бузуп жатат!
- Бузуку деп сени айтат, жүрөк сүйгөн менен көңүл сүйүүнү алмаштырып алгансыңар, жүрөгү сүйбөсө жалынганың түккө турбайт!
- Туура! - беш-алты кыз Калбүбүнү коштоп жиберишти.
- Ал эми шуркуя деген сен өзүңсүң! - Калбүбү шердене түштү белем, тигини мазактоого өттү, - Бети жок шуркуя, бузуку!
- ######! - Айнуранын оозунан ушул сөз чыкканда Тилек ордунан туруп Айнуранын колунан кармап оозун басты:
- Бас оозуңду! Мындай жаман сөзгө ал татыктуу эмес!
- Билем сени, көзүн көрүп эле ага тартып жатасың. Жүрү, кетип калалычы, Тилек?! - Айнура Тилекке жалдыраганда, ал:
- Айнура, сен азыр бара берчи, мен досумдун туулган күнүнө келип, отурбай эле кетип калсам болбойт, - деди эле:
- Эмнеге сен мени анын астында басынтып жатасың? Аны көрүп эле ушинтип жатасың, туурабы? - деп көзүнүн жашы эки бетин жууй жалдырап ийди, - Азыр мени менен кетпесең атама айтып каматып салам!
Ошондо отурган кыздардын бири:
- Айнура, жалынып сүйдүрө албайсың, өзүңдү өзүң пас кылбай кетип калчы! - деди эле Айнура Калбүбүнү карап:
- Жала-аап, шуркуя-аа! - деп чаңырганда Тилек тура калып:
- Кечирип койгула, балдар, кыздар, жакшы отуруштун маанайын бузуп койгонубузга! - деди да, Айнураны колтуктай сыртка чыгып, кайра бат эле кирди. Ошол бойдон башка сөз уланбай, отуруштун шаңы кайрадан жанданды. Калбүбү эч нерсе болбогондой жадырап-жайнап отуруп, анан убакыт жеткен кезде:
- Керим, эми биз кайталы, вахта жабылып калбасын, ырахмат силерге?! - деп Наргиза экөө чыгып кетишти.
Айнура ичине кек сактап калды. Тилек аны менен жүрбөй калды. Ого бетер карарган Айнура Калбүбүгө жамандык ойлоп атты. Акыры ага калптан эле кечирим сураган болуп жатаканасына барды. Калбүбү жалгыз болчу.
- Калбүбү, кандайсың, мүмкүнбү киргенге? - деп босогодон баш бакканда, ал:
- Кире бер, - деп суз гана ооз учунан жооп берди.
- Калбүбү, мен өзүмдүн каталыгымды кеч сезип калдым, мени кечирип койоорсуң, эркектерге ишенип болбойт тура, - анын жанына барып, чындап кечирим сурап жаткандай туруп калды.
- Мен сени күнөөлөбөйм, Айнура. Баарына жаштыгыбыз күнөөлүү, жаштыгыбыздан көп нерседен адашабыз.
- Оо-ой алтыным десе, мен сенден муну күткөн эмесмин, ыраазымын сага?! - деп кучактап өөп калды Айнура. Калбүбү ордунан туруп китептерин аңтарып жатканда Айнура эшикти акырын кулпулап, чөнтөгүнө салып алган жипти оңтойлоп кайсалактап бөлмөнүн ичинде ары-бери басып сүйлөп жатты. Калбүбү эч нерседен бейкапар китептердин ичинен бирди алып ачып окуй баштады. Анын бул мамилесине ого бетер ичинен жини келген Айнура: "шашпа, мен сени биротоло жок кылам, китепти ошол жактан жакшылап окуй бересиң" деп ойлоп алды.
- Айнура, сен Тилекти чындап сүйүп калдыңбы? - Калбүбү капысынан сурап калды.
- Калбүбү, сен муну эмнеге сурап жатасың?
- Деги айтам да, эгер сүйүп калсаң мен силердин ортоңорго чагым кылып койгонумду кечир?
- Оо-оба, Калбүбү, мен аны жан дилим менен сүйгөмүн, бирок ал азыр мени карабай калды… - Калбүбү ары карап көздөрүн жумуп ийди. Айнуранын жообу анын жүрөгүн бычак мизи менен тилгендей тыз этип кетти. Айнура ары карап отурган Калбүбүнүн артынан жылаандай сойлогон ажалды алып келаткандай: "Оо кудай, кечире көр, мен өз сүйүүм үчүн күрөшүшүм керек, эгер Калбүбү бул дүйнөдө жок болсо, Тилек анда мени гана сүйөт", деп колу калтырай жипти анын мойнуна сала бергенде Калбүбү чоочуп кетип отурган столдон тайып жыгылып кетти. Экөө алышып жатты, Айнура жипти анын кекиртегине орой бекем кысып алып:
- Сен гана менин жашоомо тоскоол болуп атасың! Тилек меники гана болууга тийиш, сен өлүшүң керек, бузуку! - деп кыса баштаганда Калбүбү жанталаша мойнундагы жипти эки колдоп кармап алып муунтууга мүмкүнчүлүк бербей жатты. Экөө алышып жатканда бөлмөнүн ичи тарс-турс этип жаңырып жатты. Ошол убакта Калбүбү тыбырчылап атып оюна стол астындагы коробкага салып койгон кайчы түшүп, ошол жакты көздөй тыбырчылап жылып жетип, кайчыны алды да мойнундагы кекиртегин кыскан жипти бир колу менен кармап, бир колуна кайчыны кармап Айнуранын алдында жатып аны баш жагын көздөй шилтеп жиберди. "А-ай!" деген үндөн улам мойнун кыскан жип бошой калганда ал тура калды да, көзүн басып калган Айнураны туш келди кайчы менен ургулай берди. Заматта бөлмөнүн ичи кан жытына толуп кетти. Жансыз сулап калган Айнураны койо берип кара терге түшкөн кыз шалдая отуруп калды. Дал ошол тушта эшик тыкылдап калды. Жүрөгү шуу эткен кыз ошондо гана эсине келгендей колундагы кайчыны таштап жиберип шолоктоп ыйлап ийди.
Эшик такылдай берди. Акырын барып эшикти ачты эле, чогуу жашаган кыз экен. Калбүбүнүн түрүн көрүп чоочуп кетип ичке кирди да:
- Калбүбү, бул эмне кылганың? - деп бакырып жиберди.
- Ал өзү тийишти, мени өлтүрмөк болуп келиптир..
- Эми эмне кылабыз? - деп Айнуранын канга чыланып жаткан жансыз денесин кароого дити барбай бетин басты. Айнуранын колундагы жип бекем кармаган бойдон турганын көрдү.
- Милиция чакыр, Наргиза, мен киши өлтүрдүм, бирок өзүмдү коргоп өлтүрдүм, мунун баары Тилек үчүн болду, - деп Калбүбү нес болгондой отурган калыбында оозун күбүрөттү.
- Эми эмне болот, сени камап коюшат да? - Наргиза аны кучактай ыйлап жиберди.
- Бар, Наргиза, мен киши өлтүрдүм, чакыр! - Калбүбү дале бир калыптан жазбай күңгүрөдү. Наргиза чыгып кетти. Бир топтон кийин милиция келип, Калбүбүнү алып кетти.
Тергөөдө Калбүбүнүн чындыкты айтканы, жана анын далили - өлгөн кыздын колундагы бекем кармаган жип чындыктын бетин ачып, өзүн өзү коргогон деген ырастоо менен, сот Калбүбүнү беш жылга эркинен ажыратты. Ошол ошо болуп, ал окуя Калбүбүнүн тагдырын түп тамырынан башка нукка буруп салды. Ата-энеси, бир туугандары таптакыр кечип таштагандай басып келишпеди. Бир гана Тилек бир нече жолу жолугушууга чакырса да, болбоду. Калбүбү аны көргүсү келбеди. Акыркы жылы атасы келди, кызын көрүп абдан кейип ыйлады, апасынын жалгыз өзү үчүн күйүттөн азап тартып жакында өлгөнүн айтты. Калбүбү ботодой боздоп ыйлап жатты. Анын түрмөдөн үйрөнгөнү тамеки тартып, нашаа тарткан адаты болду.
Бошонуп чыккандан кийин айылга барууга дити барбай өз турмушун өзү өткөрө баштады. Айланасына өзүнө окшоп түрмө көргөн, үй-жайы жоктор чогулуп, күндө оюн-зоок, карта ойногондор да кошулуп жашоонун ырахаты ушул экен деп күн кечире баштады. Ошондой күндөрдүн биринде дагы бир укмуш окуя болуп өттү. Калбүбү ошол учурда тагдырдын таш боордугуна ичинен кейип, кайгырган менен жашоосу ошону менен бүтүп калгандай баарына кол шилтеп коюп Жанболот деген өзүнөн он жаш улуу түрмөдөн чыккан адам менен жашап жүргөн. Алар менен чогуу жашаган Кашымкан аттуу келин бар эле. Ал батирде калган. Калбүбү дүкөнгө кеткен болчу. Жанболот эртең менен эрте кайдадыр чыгып кеткен. Калбүбү үйгө келсе эшик бек, демейде бекибеген эшиктин илинип калганына таң калган Калбүбү терезеден шыкааласа Кашымкан менен эрим деп жүргөн Жанболот дырдай чечинип алышып төшөктө жаткан экен. Ачуусу ушунчалык келген ал: "тагдырыма ушундай жазылган тура, муну да жайлап салайын, кандай эле менин жолума бөгөт болуп тура калышат?!" деген ойдо эшикти күч менен тээп ачып столдо турган аш бычакты ала койуп:
- Эми экөөң тең тирүү чыга албайсыңар, силер өлөсүңөр, а мен кайрадан түрмөгө… - деп бакырып бычак шилтегенде Кашымкан эки колу менен башын калкалай жалынып-жалбарып кирди:
- Калбүбү, кечирип кой, менде күнөө жок, Жанболот болбой эле өзү.. - дегенде ачуусу келгенинен көзү кызарып чыккан Калбүбү аны жүрөк тушка сайып:
- Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт деген, сен мага актанбай эле кой! - деп жиниккендей ургулап атканда Жанболот кийимдерин көтөрүп качып чыкты. Аны таппай колундагы кан шоргологон бычакты кармаган бойдон эшикке атып чыкканда аны көргөндөр жаа бою качып жоголушту. Заматта милиция келип, Калбүбүнү алып кетти. Кашымкандын денесине сегиз жолу бычак тийиптир, ошондон мүрт кеткен экен. Калбүбү он эки жылга оор жаза менен кесилди. Ошентип гүлгүндөй жаштыгы, гүлдөй жайнаган жүзү кайрадан түрмө артында калууга аргасыз болду..
Калбүбү күчөтүлгөн жаза менен отурду. Бул анын түрмөгө экинчи жолу жатып жатканы эле. Баардык мыйзам ага тааныш. Отуз эки жаш күлгүндөй курак эмеспи. Бирок Калбүбүнүн асыл максаттарынын баары талкаланып, жүрөгү муз болуп, мерез аялга айланткан. Бир үйдө эркелеп, гүлдөй үлпүлдөп өскөн кыз минтип тагдырдын тамашасына айланганы анын жандүйнөсүн кейитип катаал кылып таштаган: "Ошондо Айнуранын колу бошоп, көзүнө кайчы кирип кеткенден кийин өлтүрбөй койсом эмне, ачуум келип өзүмдү билбей калбадымбы" деп көп ойлонот. Бирок баары өтүп кеткен, кеч болуп калган. Хатада төрт аял, ар биринин ар кандай жаза өтөө убактылары бар. Бири Калбүбүдөн улуу, экөөсү жаш балдарды уурдап сатып кармалган. Ал экөө тең жаш, эч нерсе капарында жок, тамеки чегип, күлүп сүйлөп отура беришет. Калбүбү үчүн убакыттын өтүшү кыйын, жанындагылардын сүйлөп атканына маани берип көңүл бурбай, өз ойлору менен алек. Түрмөнүн ичинде өткөн өмүрү тозокко тете: "Баары бүттү, - дейт ал оюнда, - менин тагдырым ушул тура, эми мен үчүн түн менен күндүн, жаз менен кыштын, күлкү менен ыйдын айрымасы кайсы, өлүктөн айрымам жок! Бирөө үчүн бул жашоодо гүл турмуш өтүп жатса, бирөө үчүн ар бир мүнөт тозокко айланып, не деген гана өмүрлөр кумга сиңген суудай жок болуп, тирүүлүк улана берет". Ошондой күндөрдүн биринде:
- Кабылбекова, сага бирөө келди, чык бери! - деди кароолдо турган милиционер. Ордунан туруп баратып: "Ким? Атамбы, агамбы, же эжелерим эстеп келди бекен?" деген ойдо:
- Ким деген экен? - деп сурап ийди.
- Аны өзүң көрөсүң, - деп койду да, милиционер ары басып кетти. Жолугушууга эки күн келип атып, зорго мүмкүнчүлүк алган Тилек өзүн айтпоосун өтүнгөн эле. Калбүбү "Ким болду экен?" деп эки жакты элеңдей бөлмөгө кирип келип ары карап турган узун бойлуу, кең далылуу жигиттин ким экенин тааныбаса да:
- Сиз кимсиз, менде кандай жумушуңуз бар? - деди үнүн калтырак баса.
- Кандай, Калбүбү, денсоолук жакшыбы? - Тилек ары караган бойдон үн катты.
- Кимсиз деп атам? - Калбүбү бу жолу өктөм үн катты.
- Мен… мен элемин, Калбүбү, - ал бери бурула бергенде Тилекти тааный калган Калбүбү артына кетенчиктей берди:
- Эмнеге келдиң? Табалаганы турасыңбы?!
- Жок-жок, , Калбүбү, антип ойлой көрбө, мен сени көргөнү келдим, - Тилек жетип аны эки карыдан ала, - мен сени табалап эмес, көргүм келип келдим, сагынып келдим, өз каталыгым үчүн кечирим сураганы келдим.
- Баары кеч, эми сөз кылуунун кереги да жок, ушундайда тез кетип кал, мен сени көрөйүн деген көзүм жок! - Калбүбү аны түртүп жиберип бөлмөдөн чыгып кетээрде Тилек кармап калды:
- Токто деп атам, сен мен үчүн кымбатсың, керексиң! Сен деп эс-учумду билбей ооруп калып, жакында гана айыгып чыктым - адам катары бир ооз сүйлөшүүгө болбойбу?! - Тилек аны карысынан булка өзүнө каратты. Калбүбү селдейе түштү: "Эмне дейт, менин да бирөөгө керегим бар беле, оо кудай?! Сен мага керексиң дейби?" деп аны жал-жал тиктей көзүнүн жашы мөндүрдөй тоголонуп, жүзүн чайып агып жатканын байкабай туруп калды:
- Тилек…
- Болду, ашыкча сүйлөбө, - Тилек аны колтуктай орундукка отургузуп, өзү тике маңдайына отурду, - Ырас, мен күнөөлүүмүн баардыгына, бирок менин өзүңдү кандай сүйөөрүмдү да билесиң. Айнура мени алдап чакырып алып, бир кечте өзүнөн кеталгыс кылып байлап койгон. Ооба, аны менен түнөп калдым, анан… Сенин жүзүңдү кароого батынбай кыйналып жүргөндө…
- Анын эмнесин кеп кылып жатасың, баары өттү-кетти, менин сага да, башкага да керегим жок, адам катары эмес, өлүү жан катары күн кечирип калгам, көрсө сен деле мен сыяктуу күн көрүп жаткан турбайсыңбы - бир эмес, эки адамды өлтүргөн турбайымбы? !
- Аның туура, күнөө менден кетти, чечкиндүүлүк кыла албадым, - Тилек башын эки колдоп мыкчып отуруп калды, - Балким Айнура барып сени өзү өлтүрмөк болбогондо сен бул абалга келмек эмессиң, чынбы?
- Чын, жамандык кылуу оюма да келген эмес. Баары бир бул менин тагдырымдын тайкылыгы… - Калбүбү ойлуу чылым түтөтүп киргенде Тилек туруп барып колунан алып:
- Бекер кыласың, өзүңдү өзүң карма, мен сени бул жерден алып чыгып кетем, жашоо али алдыда! - деп ийининен кармай таптап койду.
- Күлкү келээрлик сөздү айтпачы, ушул сөзүң менин тоңгон жүрөгүмдү жибитет деп турасыңбы? - Калбүбү анын көздөрүнө жылмая тигилди. Анын көздөрүндө ыза, өкүнүч, арман сезилип турду.
- Билесиңби Калбүбү, сенин Айнураны өлтүрүп камалганыңды угуп жаман абалда калдым, күнү-түнү ойлоно берип катуу ооруп калдым, болгондо да өзүмдү билбей оорудум, оозумдан сенин атыңды уккан ата-энем кайгырып, эмне болсо да алып берүүгө акылдашып калышты. Мен сенин мен үчүн түрмөгө отурганыңды айттым…
- Анан?
- Анан алар үндөбөй калышты, өздөрүнчө кеңешсе керек, мени алар өз билгениңди кыл деп коюшкан, анан мен сага жолугууга келип отурам.
- Мени ушу сөзүңө ишенип, көңүлү тынып, макул болот деп ойлодуңбу?
- Сен макул болосуңбу же болбойсуңбу, баары бир көргүм келди, сенин алдыңда күнөөмдү мойнума алып, чындыкты айтайын, дагы эле сүйөөрүмдү билдирейин деп келдим.
- Эгер сен Айнура менен кетип калбаганда баары жайында болмок. Ал сага ишенип алып менден сени кызганып, өлтүргөнү келген да… - Калбүбү ойлуу мелтиреп, көпкө отурду, - Сен аны сүйөм, күйөм дебесең, ал сага ишенмек эмес да?
- Мен аны сүйөм деген эмесмин… - Тилек ушул учурда Айнура менен болгон күндөрүн көз алдына келтирип атты…
***
Айнура ошол күнү жасана кийинип алып Калбүбү менен Тилектин жолугушчу жерине эртелеп келип, акмалап турду. Эки жагын каранып, колуна гүл кармап келаткан Тилекти көрүп алдынан күлүп-жайнап чыга калды:
- Оой Тилек, кандай денсоолук, окуулар?
- Өзүң кандайсың, Айнура, окуулар жакшыбы?
- Баары жакшы. Биерде эмнеге турасың?
- Аа-аа.. мен.. - Тилек тайсалдай туруп калды. Анысын жаземдебей байкап, ал турсун сезип эле турган Айнура Калбүбү келип калгыча эптеп ээрчитип кетүүгө далалаттанып:
- Тилек, сен кызыксың го, Калбүбүнү күтүп турганыңды мен сопсонун билем, бирок ал азыр эле бирөө менен кафеге кетпедиби, мен аны көрүп таң калып калдым - деги ал сени чындап сүйбөсө керек? - Кытмырлана жылмайып койду.
- Койчу, кантип эле кетип калсын, ал менин күтүп жатканымды билет эле да, андай болушу мүмкүн эмес, - Тилек өзүн ыңгайсыз сезе жол тарапты карап койду.
- О-ой, мен сага калп айтып кара жаныма не күч келди дейсиң?! Эмеле экөөнүн кетип атканын көрдүм, чамасы жаңы таанышкан окшойт, машинасы бар, чыштай жасанган жигит экен, - эки жакты карай: "Калбүбү көрүнүп калса уят боломбу" деп ойлоп ичтен тынчсызданып жатканын Тилек байкабады. Калбүбү ошол күнү апасы айылдан келип калып чыга албай кечигип жаткан.
- Кандай машина экен?
- Капкара ауди менен кетти, тим эле Калбүбүнү гүл менен тосуп алып, бетинен өөп, машинага колунан алып отургузганын көрдүм.
- Кызык, андай болушу мүмкүн эмес эле, Калбүбү ага барбайт болчу.. - Тилектин эки көзү анын күндө келчү жагын карап жаман абалда болуп турду.
- Сен сүйгөндөй ал сени сүйсө башка жигит менен басып кетпейт эле, сүйүүңө татыбаган кызды сүйгөнүңө жол болсун. Ал мурун деле жигиттерди биринен бирин алмаштырып жүргөнүн билбейт окшойсуң?
- Айнура, мен сага ишенбей турам, Калбүбү андайлардан эмес!
- Тилек, сен аны билбейт экенсиң, чынында ал сени жөн эле сүйөм деп алдап жүргөн. Мага да айткан болчу. "Ал эмнең, Тилек сени кандай сүйөөрүн билип туруп минткениң туура эмес го", десем: "Ой койчу, мен али жашмын, бир Тилек деп жашымда жалгыз ошонун көзүн карап жүрө бермек белем", - деп койгон. Мен сенин жүрөгүңдү оорутпайын деп айтчу эмесмин, эми сага боорум ооруп турат.
- Айнура, мен аны чын жүрөгүмдөн сүйгөм, ал мени башкага алмаштырышы мүмкүн эмес?!
- Ишенбесең кой, мен билгенимди айттым!
Айнура андан алыстай жөнөп баратканда Тилек үнсүз кыжаалаттана жолдон көзүн албай көпкө турду. Бирок Калбүбүнүн карааны көрүнбөдү. Тилек колундагы гүлдү таштап коюп илкип кетип атты. Аны тигиндейрээкте карап турган Айнура мазактагандай күлүп алды да, өз жолуна түштү. Ошол бойдон Тилек Калбүбүгө да барбай, санаага батып жүргөндө кокусунан жолуккан болуп, алдынан Айнура чыга калды.
- Ай Тилек, кайдан?
- Ушу жактан эле.. а өзүңчү?
- Мен деле… сени көрүп калып… - Айнура мукактана башка сөз табалбай туруп калды.
- Мен үйгө бараткам, - Тилек маршрутка келчү тарапты карап туруп калды.
- Тилек, мен сенден бир нерсе суранайын, макул болосуңбу?
- Эмнени? - Тилек аны көңүл бура карады.
- Бүгүн менин жакын курбумдун туулган күнү, мени менен барып келбейсиңби?
- Кечирип кой, Айнура, менин убактым жок, сабакка даярданышым керек, капа болбо!
- Койчу, Тилек, бир жолу макул болуп койчу, эмне мен жигиттер карабай турган кыз бекем? - Айнура таарынгандай тултуя калды.
- Андай деле эмес, менин чынында убактым жок, бара албайм го..
- Тилек, пожалуйста, бир эле жолу? - Айнура андан суранып кирди эле, аны карап турган жигит: "Барса барып көңүл ачып келбейинби, менин эмнем кетип атты эле, бу деле сулуу кыз экен" деген ойдо:
- Таарынбачы эми, макул, барса барайын, - деп күлө карады.
- О-ой алтыным десе! - Айнура аны жетип келип бетинен чоп эттире өөп алды, - Рахмат!
- Убактым тар, жакында экзамен, болбосо сендей сулуу кыздын шагын сындырып болобу? - Тилек да аны тамашалай карап койду.
- Тилек, мен чын эле сулуумунбу?
- Укмуш, көп кыздардан сулуусуң, ошого жараша акылың да бар, келечектин ак халат врачысың.
- А мен чын эле сулуу болсом, сен эмнеге көңүл бурбайсың, мен болсо жалгыз сени сүйүп азап чегип жүрөм.
- Койчу?
- Чын эле, сен баары бир билмексен боло бересиң.
- Айнура, сулуулук башка, ал эми сүйүү деген башка да, өзүң да билбей каласың арбалып калганыңды… - Тилек ойлуу жер карады.
- Аа-а, мейли, мен сени тамашалайын десе тим эле ойго чөгүп баратасың да, жүрү кеттик! - Айнура Тилекти колтуктап жөнөдү, - Бизди күтүп жатышат.
- Айнура, Дайыр менен эмнеге сүйлөшпөй калдың? - Тилек анын жүзүнө эңиле сурап калды.
- Койсоңчу, Тилек, аны досуңдан алигиче уккандырсың, - Айнура кабак чытый жооп берди.
- Ишенсең эчтеке укканым жок.
- Чындыгын билгиң келсе мен башканы сүйүп, жалындап от болуп күйүп жүрөм… - Бара турган жерди унута, бакты аралай ары-бери басты.
- Ошондой де. Кыздардын баары ушундайсыңар да. Эмне, ал сен сүйгөн жигит өтө эле сулуу же бай бекен?
- Тилек, мен өзүм сүйгөн адамдын сулуу же бай экенине деле карабайм, бирок ал менин сүйөөрүмдү билбейт да?
- Эмнеге? - Тилек Айнуранын сумсайыңкы жүзүнө тигилип бир азга ойлуу туруп, - Жолугуп жүрөсүңөрбү?
- Ооба, азыр да жолуктум, дайыма жолугам, тааныш катары гана сүйлөшкөнүбүзгө жүрөгүм ооруйт, ал мени сүйөбү же сүйбөйбү, билбейм… - Айнура терс бурула ары карап туруп калды. Артынан келип ийинине колун койгон Тилекти жалт карай берген Айнуранын көздөрүндөгү мөлтүлдөгөн жашты көргөн Тилек анын жүзүнө эңиле калып колу менен жашты сүртө жылмайды:
- Айнура, сен абдан жакшы кызсың, сулуусуң, мынчалык ызакор болбо да, сени кандай жигит сүйбөсүн! Чыныгы сүйүүгө жолугасың, көрөсүң го, жомоктогудай.
- Сүйүүгө ишенбей кетем, Тилек. Өзүң сүйүп турсаң да, ал байкамаксанга салып жүрө берсе, чыныгы сүйүүнү кайдан табасың, айтчы?
- Билесиңби, Айнура, чыныгы сүйүү деген экөө тең бир бирин сүйгөндө гана болот. Сен аны сүйүп, бирок анда сага деген жылуу сезим болбосо, анда ал сүйүү эмес, ал убактылуу гана өтүп кетчү нерсе, - Тилек Айнураны жеңил гана колтуктай бак аралай басып жүрдү. Жаштыктын кайталангыс асыл мүнөттөрү, күзгү жалбырактай үбөлөнүп таман алдында тебеленген сезимдерди эргитип эки жашты бир үзүм бакытка бөлөп турду. Тилек да ушул сааттарда Калбүбүгө деген таарынычын азга унуткусу келгендей, Айнуранын көңүлүн көтөрүп койгусу келип, тамаша сөздөн ыргыта, ар бир кыймылында Айнурага имериле калып жатты. Бул күнү экөө көпкө бак аралап жүрүп, кечке маал Айнура Тилекти карап сунуш киргизип калды:
- Тилек, бүгүн менин туулган күнүм, эч кимге айткан эмесмин, жүрү менин үйүмө баралы, жалгыз мага көңүлсүз экен.
- Туулган күнүң болсо албетте барам! - Тилек эңкейе Айнураны эки бетинен сүйдү, - Туулган күнүң кут болсун, сулуу!
- Рахмат, жүрөгүмдө ат көтөргүс арман турганда сенин жолугуп калганың дагы жакшы болбодубу, - Айнура жадырай күлүп Тилекти карап колун сунду, - Жүр тезирээк үйгө баралы!
- Кеттик! Мен азыр дүкөнгө кайрылышым керек, бүгүнкү күндү куру кол тосконубуз кантип болсун, - Экөө кол кармаша дүкөн аралап жүрүп, Айнурага өзүнө жаккан белектерди тандашып алып берди да, анын үйүнө жөнөштү. Айнура дал ушул учурда чексиз бактылуу эле, мен деген жигиттен каалагандай белек алып, жанында кыналышып кетип баратканы өзүнчө эле керемет. Оюнда Калбүбүнү мазактагандай Тилекке байкатпай кытмыр жылмайып алды: "Көрөм эми, Тилек меники, намысыңдан өлүп албасаң болду, мен муну сага эч качан бербейм" деп ойлоп кетип атып Тилектин сүйлөгөн сөздөрүнүн бирин укса бирин укпай кете берди. Үйгө келгенден кийин арыдан бери газга тамак жасап, стол үстүн жайнатып койду.
- Ушул үйдү атам сатып берген, студент болсоң батирде жашасаң кыйналып каласың дейт.
- Жакшы экен. Анан өзүң жалгыз турасыңбы?
- Жо-ок, иним бар эле, ал бүгүн айылга кеткен. Эртең келип калат ко. - Айнура жаркылдай Тилектин жанына отуруп сүйлөп жатты. Ушул учурда аны карап турган Тилек: "Кандай жакшынакай кыз, Дайыр жакшы жигит эмес окшойт, эмнеге таштап кетти? Аттиң, мен Калбүбүнү жан дилим менен сүйүп калганымды кара, ал мени таштап кетти, эртең мен ага сөзсүз жолугуп, ачык эле сүйлөшүп, анан кол үзөм" деп ойлонуп атканда Айнура булоолонгон табакты столго алып келип койду.
- О-ой сулуу кыз, тамагың даяр болдубу?! Сендей кызга туш болгон жигиттин бактысы зор болот го дейм? - Тилек тамашалай кетти.
- Таалайыма жазганын көрөрмүн, бирок сүйүүсүз кантип жашоо болмок эле, Тилек, - Айнура ойлуу чыныларга чай куюп отуруп Тилекти телмире карады, - А мен сага жагамбы?
- Жагасың, сендей сулуу кызды ким гана жактырбасын.
- Жөн гана, жакшы адам катарыбы, же…
- Албетте, адам катары дагы, жакын көргөн селки катары дагы… - Тилек буйдала ойлонуп, Айнурадан көзүн ала качты, - Кел эмесе, , сенин туулган күнүңдү белгилеп койолу, - деп стол үстүндөгү винону ачып эки рюмкага куйду. - Туулган күнүң кут болсун, Айнура! Жашоодо эмнени кааласаң ошого жетип, бактылуу адамдардын катарын толукта. Өзүң сүйгөн кесибиңдин үзүрүн көр, ушуну сенин бактың үчүн алып койолу!
- Рахмат Тилек, өзүң дагы, - Экөө тең рюмканы көтөрүп жиберишти, - Тилек, кечирип койчу, сени курбумдун туулган күнү деп алдадым..
- Түшүнөм.
Андан кийин жан эргитип, адам көңүлүн көкөлөткөн жакшы сөздөр менен винодон алып отуруп, экөө бир аз кызып калышты. Кеч болуп калгандыктан Тилек кетмек болду эле, Айнура аны кетирбей койду. Ары ойлонуп, бери ойлонгон Тилек түнөп калууну чечти. Көпкө чейин кобурашып отурган соң, Айнура экөөнө эки бөлмөгө төшөк салып, өзү ордуна жатканы баратып:
- Тилек, түнүң бейпил болсун, жакшы түш көрүп жат! - деп кирип кетти. Анын башы айланып, бир топ кызып калганы көрүнүп турду.
- Рахмат, Айнура, сен дагы жакшы уктап, жакшы түш көр! - Тилек бөлмөгө кирип чечинип жатып калды. Дароо эле уктап кала албай, ары оонап, бери оонап тынчы кете берди. Айнура: "Мен муну өзүмдөн кете алгыс кылышым керек. Эгер бүгүн максатыма жеталбасам, анда бул экинчи келбей калышы мүмкүн. Калбүбүгө жолукса калпым чыгып калат, экөөнө жолугууга мүмкүнчүлүк бербешим керек!" деген чечимге келип, ичкен винонун деми менен ордунан туруп келип Тилектин жанына аста дем чыгара жатып алды. Жүрөгү ээ-жаа бербей дүк-дүк согуп, дабышы кулагына угулуп атты. Тилек аны сезди, бирок эч нерсе сезбегендей ары караган калыбында былк этпей жата берди. Анын да жүрөгү ойноп, жанында тал чыбыктай буралган сулуунун дем алганы, буркураган атырдын жыты эркектик делебесин козгоп, ушул азыр анын өмүр жолунда бир бурулуш болгону турганынан кабар бергендей, жүрөгү зырп этип алды. Бирок жаштыгы денесине сыйбай, жандүйнөсүндө дүрбөлөң түшүп, не кылаар айласын таппай турганда кыздын назик колдору далысына тийгенде дароо бурула калып кызды кучактай өпкүлөп кирди. Ушуну гана күтүп турган кыз бүт денесин бош коюп, жигиттин эркине берди. Ошол түн экөөнү бир бирине жипсиз байлап, өмүр жолун бириктирет деп ойлогон кыз өз максатына жетип, жаштыгын, балалыгын өз каалоосу менен Тилекке арнап: "Эми Тилек меники гана, эч кимге кетпейт" деген ойдо эртеси турганда анын алдына таттуулап жасаган тамагын коюп, мойнуна колун оролто эркелеп:
- Тилек, айтсаң: менин сени сүйөөрүмө ишенесиңби? - деди.
- Кызык, мен андайыңды билбептирмин. Дайыр сени сүйөөрүн билем, неге экөөңөрдүн ортоңор алыстап кеткенин түшүнбөй калдым.
- Аны койчу, андан көрө эми эмне кылабыз, мен болсо өз сүйүүм үчүн күрөшүп, мына бүгүн кыз атымдан жаңылдым, алтындай болгон аялуу сезимимди сага арнап койдум, не дейсиң, Тилек?
- Айнура, аны көрө жатаарбыз, мен баары бир Калбүбүгө бир жолу жолугушум керек, анан экөөбүз ачыкка чыгабыз.
- Ага жолукканда эмне, жүрөгүңдү оорутасың, көңүлүң чөгөт. Андан көрө жаныңда не десең каалооңду аткарып көзүң менен тең айланган мени менен көңүлүңдү ач, сабакка барып кайра келе бер, атам керек болсо "күйөө бала болчу жигитке жолуксаң ачыгын айт, машина алып берем" деген - Айнура Тилекти мойнунан кучактап алып көздөрүн жалжылдата жалооруй сүйлөдү, - Тилек, сен макул болуп үйлөнүүгө сөз берсең эртең эле атама айттырып жиберем, дароо келишет.
- Жо-жок, Айнура, ашыкпайлычы, али убакыт бар эмеспи. Менин Калбүбүнү кандай сүйөөрүмдү сен билесиң да, жок дегенде анын чындап менден көңүлү болбой, башканы таап алганы анык болсо сөзсүз сага келем.
Достору
-
mkt -
aijan -
arxinur -
Barika -
REKETIR -
joysin77 -
admin_supe... -
Altyshok -
Dan1105 -
Adilet7717 -
azik.mail.... -
konuratM10 -
jonokoi_myrza -
kg_salim -
rios.07 -
Kanat.tls -
erketai91 -
Gupa -
Case -
AtankulovaB -
talant.elmira -
Emil.87 -
Dinarajusu... -
meri6ka -
muxammet -
al11tun -
Aijan1968 -
eldiyarmacho -
happy02 -
Doritos -
mskkg88 -
doni89 -
aipo89 -
Lenin -
Zhan.Choyu... -
mdma -
Pupush4ik -
argeN_23 -
julduzbek82 -
Ali.12 -
Ku5a -
volk9494 -
mun -
Aza791218 -
Kasymbekova -
azamat4ik -
Nelli85 -
askar_myrza -
lxxl_momol... -
zamir2017
Показать 50 случайных друзей 150 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
bekatalas
20 Ноя 2016 - 23:07bekatalas
20 Ноя 2016 - 23:07janym_eka
01 Авг 2016 - 11:40Rinatik94
24 Июл 2016 - 00:27Rinatik94
18 Июл 2016 - 15:48rnurzida
14 Июн 2016 - 13:04rnurzida
01 Апр 2016 - 15:31turi80
10 Мар 2016 - 11:38MoXiTo
31 Янв 2016 - 13:39sayana
22 Апр 2015 - 02:49Askarchik91
07 Ноя 2014 - 12:30kanat4ik
03 Июн 2014 - 10:18kanat4ik
28 Май 2014 - 20:26Askarchik91
27 Май 2014 - 23:36Askarchik91
12 Май 2014 - 22:41