Кытайлык врачтар тырмак диагностикасын кылымдар бою изилдеп келишкен. Алардын изилдөөсүнүн натыйжасында бүгүнкү күндө тырмакка карап ар кандай ооруга диагноз коюуга болоору далилденген.
Эгер тырмактын түсү өзгөрүлсө, организмдеги бузулуу акыркы айларда болгон. Тырмактын түзүлүшү, формасы, сырты өзгөрсө, бул көп жылдардан бери "бышып калган" өнөкөт оорунун белгиси. Мисалы...
Баракча 1 - 1
Тырмак диагностикасы
#1 06 Ноябрь 2013 - 21:22
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#2 06 Ноябрь 2013 - 21:23
Формасы боюнча Кадимкидей тырмак - сиздин ден-соолугуңуз чың. Кыска, жалпак тырмак - жүрөк оорусунан кабар берет. Чоң, томпок тырмак - жеңил кургак учук. Томпок, жарым ай формасындагы тырмак - тубаса кургак учук. Жалпак кыйшык тырмак - бронхиалдык астма. Ичин көздөй чуңкурайган тырмак - тукум куума алкоголизм.
Тырмактагы катмарлар - ашказан-ичеги оорусу. Узун тырмак - кант диабети. Тырмактагы толкун сымал кан тамырлар - ревматизм. Кемирилген тырмак - невроз, гастрит. Тырмактагы сызыкча - көк боордогу жана ичегидеги оору. Үч бурчтук тырмак - омуртка оорусу. Тешиктери бар тырмак - көк боордун функциясынын бузулушу
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 06 Ноябрь 2013 - 21:24
Түсү боюнча Эгер сиздин жүрөгүңүз ооруса жана кан айланууңуз бузулса, анда тырмагыңыз көгүш түскө айланып кетет. Узунунан кеткен чуңкуру бар бопбоз тырмак - аз кандуулуктун,
темирдин жана витаминдердин жетишсиздигинин белгиси. Эгер тырмак жакшы өспөсө, эндокринологго кайрылуу керек. Жаш куракка карата тырмак саргыч түскө айланып кетет. Ошондой эле кан айлануу бузулганда да тырмактын түсүндө ушундай өзгөрүү болот. Көгүлтүр тырмак - кандагы кычкылтектин жетишсиздигинен пайда болгон жүрөк оорусунун белгиси. Бул адатта энтигүү жана алсыроо менен коштолот. Баш бармактын айланасындагы теринин жашыл же көгүлтүр түскө айланып кетиши - тамак сиңирүүдө маселе чыкканынан кабар берет. Никотин, боор оорулары, жугуштуу оорулар да тырмакты түсү жагынан өзгөрүүгө дуушар кылат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#4 06 Ноябрь 2013 - 21:25
Сырткы көрүнүшү боюнча Бир-эки тырмактагы ак тактар - борбордук нерв системасынын ишинин бузулушу. Тырмактагы тик сызыктар - тамактын организмге жакшы сиңбей жатканын кабарлайт. Эгер бир күнү эле тырмагыңызда туурасынын кеткен сызыктар пайда болуп калса, демек, сиздин тырмагыңыз өсүүсүн убактылуу токтотту. Бул жогорку температура менен коштолгон сасык тумоодон кийин, операциядан кийин, көпкө созулган диетадан кийин болушу мүмкүн. Бардык тырмактардагы ак так - канда канттын ашыкча болуп кеткендигинен кабар берет. Бир эле тырмакта ак чекиттердин көбөйүп кетиши - организмде кальцийдин жетишпестигин айтып турат. Сары чекиттер - май алмашуунун бузулушу.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 06 Ноябрь 2013 - 21:26
Тишти агартуунун элдик ыкмалары Оорубаган, аппак тиштер тууралуу баарыбыз кыялданабыз.
Бирок, ооз көңдөйүнүн туура эмес гигиенасы, ысык менен муздакты аралаштыруу тиштеги жука катмарлардын пайда болушуна алып келет. Мындай учурда эмне кылуу керек? Профессионалдык агартууга баруу керекпи? Туура, бирок, бул ырахат арзан турбайт. Бул жерде сизге элдик каражаттар жардамга келет. Тиш агартуу боюнча өтө эле көп элдик ыкмалар бар. Ошолордун ичинен эң натыйжалуулары төмөнкүлөр:
1. Активдештирилген көмүр. Дарыканаларда сатылган кадимки эле активдештирилген көмүрдүн бир таблеткасын алып, тиш щёткасынын жардамы менен тишиңизге сүртөсүз. Анан оозуңузду чайкап саласыз. Натыйжанын байкалышы тишиңиздеги жука катмарлардын деңгээлинен көз каранды. 2. Туз. Бинтке майда тузду ороп, жылуу сууга маласыз да, аны менен тишиңизди сүртөсүз. Бул ыкманы бир нече жолу кайталаган соң тиш чынында эле агарат. 3. Лимон ширеси. Тишти агартуу үчүн оозду лимон ширеси менен чайкоо керек, же болбосо лимондун кабыгынын ички жагы менен тишти сүртүү да жакшы жыйынтык берет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 06 Ноябрь 2013 - 21:27
Ооруга каршы ырым-жырымдар Ырым-жырымдар деле жок жерден чыккан эмес. Андыктан, аларга ишенбеген күндө деле кээде эске алып койгон оң. - Уктаганы жатканда дароо сол капталга оодарылууга болбойт. - Түнү мышыкты коюнга алып жатпоо керек. Мындан энергияңыз түгөнүп калат. Мышык адамдагы терс энергияны өзүнө тартып алат, бирок, уйку учурунда ал энерговампирге айланып кетет. - Эгер катуу оорулуу адам чүчкүрсө, демек, ал сакаят. - Эске сактооңузду начарлатууну каалабасаңыз,
тамактанып жатканда китеп окубаңыз. - Кечки тамактын калдыгын чычкандар жеп кетсе, жакында үйдүн кожоюнунун тиши ооруйт. - Калтырагыңыз келбесе, итке, өзгөчө күчүккө эч качан түкүрбөңүз.
- Тооктун жумурткасын жегенден кийин анын кабыгын майдалап же былчыйтып басып салуу керек. Болбосо андан таза эмес энергетика чыгат. - Баш оорубаш үчүн баш кийимди жогору ыргытпоо зарыл.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
Баракча 1 - 1