#Биздин гана дүйнө...
1-БӨЛҮМҮ...
Автор: Жалгызым(Назик).
.
—Сен жылдыз болосуң! Асмандагы эң жарык жылдыз сен!
—Менин ишеничим сенсиң!
—Сенин жашооң башка!
—Алдыдагы кароо сынакты гана ойлон!
Эдем караңгы бөлмөсүнүн бурчунда эки колу менен кулагын жаап алып олтурду. Уккусу келбеген, тагыраагы уга берип тажаган заар үн ансайын күчөп, бийиктеп жаткандай. Бул сөздөр кулак түбүнөн эмес, Эдемдин ичинен, мээсинен, а балким жүрөгүнөн жаңырып жатты. Канчалык уккусу келбей кулактарын жапырт жаап алса да ал үн кеткен жок. Ага кошул ташыл болуп бир убакта көз алдына балалыктын эски элестери чууруп келе баштады. Балалык демекчи Эдем ал күндөрүн балалык деп деле айта албайт. Бала болуп чуркап ойноп же куурчак көтөрбөптүр.
Качан көрбө чачын төбөсүнө байлап машыгуу залында жүргөн болот. Күнүнүн бүт бөлүгү жалаң күзгү менен айланта кооздолгон,
жарык, аппак бөлмөнүн ичинде өтөт. Мээсине "машыгуу,
машыгуу жана машыгуу"-
деген апасынын сөздөрү сиңип калган. Апасы "сен аял болосуң, сен деген бактылуу болосуң, сен убагы келгенде өзүңдүн жарыңды таап бактылуу жашоо кечиресиң"
- деп саамайынан сылап өстүргөн жок. Атүгүл тизесине башын коюп жатканын да эстей албайт. Ал "сенин дүйнөгө келген миссияң бөлөк! Сенин милдетиң жылдыз болуу, менин жолумду улоо!" - деп уктурду. Кулагына, мээсине ушул гана сөздөрдү сиңирди.
Дилкумар Асановна!
Өлкөгө белгилүү бийчи, көркөм гимнастика боюнча Азиянын бир нече жолку чемпиону. Мамлекетке бир топ эле утуштары менен пайда алып келген,желегибизди көп өлкөнүн арасында бийик көтөрүп желбиретип келген айым. Келишимдүү дене мүчөсү, суйкайган жүзү, аккуудай созулган мойну... Аны эл арасында экинчи Таттыбүбү деп коюшчу. Дилкумар бүт өмүрүн, керек болсо өзүн да сахнага арнап койгон. Жашоосун, аялдык бакытын, энелик парзын ушул сахнага байлады. Үйүндөгү коломтосунун отун, күйөөсүнүн мээримин, атүгүл кызынын бактылуу балалыгын да элдердин шатырата кол чаап сүрөгөнүнө,
өзүнө суктана караган каректерине,
атактуулукка алмаштырды.
Сынакта биринчи орунду алып желек желбиреп,гимн жаңыргандагы сезим үчүн баарын курмандыкка чалган. Көрсө бул башкача азарт, кумар окшобойбу? Ошону менен гана токтоп калсачы. Атактуулуктун азарты ошончо күчтүү белем же баш тартуу кыйынга турдубу Дилкумар токтогон жок. Көпчүлүк эле билгендей гимнастика,
бий дүйнөсүндө жаштык чоң рол ойнойт эмеспи? Ал муну өтө жакшы түшүнчү. Бир күн келип өзү бул бийиктиктен түшүүгө туура келерин эң жакшы билчү. Атүгүл ошол күнгө даярданып келген. Ордун эч ким басуусун каалаган жок. Өзүндөгү атактуулукту,
даңкты башка бирөөгө ыраа көрбөй турду. Дилкумар баарын алдын алып жалгыз кызынын жашоосун башкара баштаган. Эдемди үч жашынан көркөм гимнастикага берсе, жети жашынан башка бий ийримдерине катыштыра баштады. Эдем балалыктын башкача доору бар экенин билбей чоңойду. Тагыраагы балалык десе башка адамдардай акылына көчө чаңытып ойногон элестер эмес, тескерисинче өзүнүн сааттап машыгуу залында жүргөн күндөрү, буттары кечке машыгуудан ооруп зыркырап ыйлап чыккан түндөрү келет. Эдемди апасы башкача тарбиялады.
"Сен жылдызсың!
" - деген сөздү күнүнө кеминде жүз ирет укчу. Адамга тике караган курч каректери, тайманбастыгы,
башын бийик көтөрүп башкаларды теңсинбей караганы да ошол тарбиянын натыйжасы.
Беш жашынан кыз чоң сахнага кадам койгон. Жеткинчектер арасында уюштурулган кароо - сынактарда Эдем ар дайым биринчиликти алат. Мейли көркөм гимнастика,
мейли бий. Бүт жагынан алдыңкы гана орунда жүргөн. Ал ансайын Дилкумардын дымагы көтөрүлө кубанып, андан бетер текеберлиги күчөйт. Эми анын оюнда Эдем Кыргызстанды гана эмес, бүтүн дүйнөнү багынтуу керек деген максат турду. Бул планды ойлоп алган аялдын көздөрү болуп көрбөгөндөй жайнап тим эле бакыттан жүзү кулпуруп чыкты. Бирок бир нерсе ошол убакта оюна келген жок. Ал Эдемдин сезими менен эсептешкенди,
кызынын каалоосун анын кызыгуусун сураганды таптакыр унутту. Кызы апасынын колунда атактуулугун улантууга, өз наамын сактап калууга керек курал гана болуп баратты.
—Мама мен чарчадым, - эрте мененки тамакка отурганда колундагы кашыкты кармалаган Эдем көңүлсүз унчукту.
—Эмне? Чарчадың? - Дилкумар ары карап жасап жаткан жумушун таштап кызынын алдына келип көздөрүнө карады. Наристенин топтоголок кара карегинде мөлтүрөгөн,
мына кулап түшүүгө даяр тамчыны көрдү. Чын эле чарчаганы көздөрүнөн билинет. Жаш баланын көзүндөй шоктонуп турбай муңдуу тарткан каректер. Апасынын тике караган жаалдуу көзүнөн сестенип колундагы кашыгын кармалап алды. Муну сезди Дилкумар. Кипкичине быйтыйган колдору менен кашыгын кармалап аткан кызын аяп кетти. Бооруна алып кучактагысы келди. Ушул бир саамда тээ жүрөк түпкүрүндөгү энелик сезими тыз эте ойгонду. Бирок... Шарт башын чулгуп алган аял ары карап көзүнүн кычыгына келген жашты шашыла сүртүп ийди да катуу сүйлөдү.
—Азыр чарчай турган убак эмес!
Баягы текебердиги,
өзүмчүлдүгү баары бир үстөмдүк кылды.
—Эдем сен мага рахмат айтасың! Ишенип кой. Сенин келечегиң үчүн мунун баары.
Эдем апасынын бул сөздөрүн уккан жок, чынында уккусу келбегендир.
Укканда эмне,күндө уккан баягы эле сөздөрү. Көңүлсүз тамагын ичип ордунан туруп кетти. Жети жаштагы бала үчүн мындай сүйлөшүү, мындай мамиле өтө эле оор болчу. Эдем жаш бала болгон жок. Ал эсин тааныганы чоң адамдарга аралашты, алардын жашоосун көрдү.
Кыз жашы жетиге толгондо апасы менен атасы эки ажырым жолго түшүштү. Анын себеби Дилкумар Москвага кетебиз деп чыгарган чечими болчу. Ал эми атасы университетте сабак берет.
—Сага эмне жетишпей жатат Диля?
—Көп нерсе! Сен ушул арзыбаган маянаңа канаат кылып жашай бер! Биздин жолубуз болсо башка! - деген аял кийимдерин чемоданга салыштырып жатып сүйлөп жатты
—Кызды кыйнабачы эч дегенде, - деди күйөөсү чарчаңкы.
—Кыйналган жок. Кийин мага рахмат айтат Эдем. Мунун баары анын келечеги үчүн. Бул кичине өлкөдө өсө албайт. Эдем чоң арена үчүн жаралган. Бул жерде өсүүгө эч кандай шарт жок.
—Дилкумар. Жоок, мунун баары сенин өзүңдүн жеке кызыкчылыгың үчүн. Кызыңдын каалоосун сурадыңбы сен? Бир жолу анын айтканын кылдыңбы? Уктуңбу? Сүйлөштүңбү?
—Канат?! Бул сөздөрүңдү студенттериңе айтасың! Кызым ар дайым мени менен, андыктан ага эмне жакшы болоорун мен гана жакшы билем!
Дилкумар күйөөсүн уккан жок. Кийимдерин жыйнап эшик оозунда көзү жашылданып турган кызын ээрчитип таксиге түшүп кете берди. Канат болсо аны азыр токтотуп калуу пайдасыз экенин эң жакшы билчү. Ал Дилкумар менен жашаган бул жылдар аралыгында аялынын кыялын беш колдой билип бүткөн эле. Аялы өз кызыкчылыгы үчүн, өзү үчүн баарын курмандыкка чалууга даяр эле.
Уландысы бар...
Баракча 1 - 1
Баракча 1 - 1