bema_bema Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 1 144 (0,31 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (594 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 22 Июль 14
- Кароолор:
- 32 293
- Соңку аракети
- 28 Фев 2022 18:11
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 109 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 6, 1915
- Кызыгуусу:
- Китеп окуу
- Жынысы:
- Белгисиз
- Калаасы:
- Ош
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- E-mail дарегине кат жазуу
Мен ачкан темалар
-
Тамара Алиеванын калемине таандык ырлар
Жазылган күн: 25 Май 2016
Турмуш барактары
Сайт аркылуу тааныш болуп журушту.
Бири бирин корбой туруп суйушту.
Кундор менен эркелешип эзилип,
Жолугушу кунду дагы кутушту.
Косьтюм кийген апак жака койногу.
Кыз конулун азгырыка болоду.
Суйлогондо орус тилин так билген,
Озун сындуу ,ыйба кылып корсотуу.
Турмуш жолун жомок сымал суроттоп,
Ак суйууго болоп койду умуттоп.
Барып журду ал чакырган жерлерге,
Оз журогун алып учуп куйуттоп.
бир куну карызга акча сурап кайтарды.
Гул которуп колуна рахматын жайгарды.
Ишеничи арткан сайын жигиттин,
Кундон кунго суйуу женип баратты.
Дагы сурап акча керек дегенде .
Маянасын жетеби деп бергенде.
Жетет деди эртен эле берем деп.
Калып кетти кызбечара ишене.
Абанент очук номерлери иштебейт.
Сайтта жок кара тизме киргизбейт.
Уйку качып кундор отот арадан,
Ошондо да байкуш журок ишенбейт.
Ай откондо кош бойлугун байкады.
Тан аткыча эстен таанып ыйлады.
Олсомбу деп жипти алып колуна,
Бирок дагы оз омурун кыйбады.
кечир эне неберенди кызынды.
Коргум келбейт беттен акан ыйынды.
Алдап кетсе кыйын экен кызына
Турмуш деген ушунчалык кыйынбы.
Жазык жок наристени багышты.
Канча жылда ал баланы табышты.
Ар кимдерди алдап журуп акыры,
Сурак берип абакта деп айтышты .
Кезек келет кылган ишке жооп берет.
Балан дагы мезгил менен бой жетет.
Жолугушу кундор болсо алдыда.
Ата журтун тааныганы бир келет. -
Мезгил ызасы(Роман)
Жазылган күн: 29 Дек 2015
Токтогулов Айылчы
Мезгил ызасы
(Кадыр кыбачы жана башка белгилүү инсандар жөнүндө баян) -
"Эрксиз күндөрдө" чыгармасы
Жазылган күн: 5 Июн 2015
Сыдык Карачев
ЭРКСИЗ КҮНДӨРДӨ
Ачык аяз, күзгү түн...
I
Учу-кыйыры билинбеген, жайылган жазык теңизинин кучагында жаркырап-жайнап ай мелтирейт. Табиятты күмүш нурга чомдуруп, акырын, салмак менен кулачын жайып, жалтырап кетип бара жатат.
Ай нурунун жерге себилген жанга жагымдуу, көзгө көрүктүү сүттөй аппак шооласы менен жымжырттык ичине көмүлгөн жер жүзү жашырын, терең бир сыр ичинде термелип, көргөн бир жандын көңүлүн кытыгы-лап, боюн балжытып, черин таркатып, өчпөс-түгөнбөс шаттык, кубаныч туудурат.
Суулар, талаалар, токойлор айдын ажаардуу нуру астында тынччылык, сырдуу, шыйкырдуу муңга оролуп шир-ин, таттуу уйкуга берилген.
Күз мезгилинин көңүлсүз боштугу, ич күйдүргөн кө- рүнүштөрү түнкү айылдын жарыгы менен аралашып, жер жүзүн башка бир түс, башка бир ыраңга киргизген.
Тегеректин баары жымжырт... «шырп» эткен добуш жок. Ыраакта баштары көк тиреген типтик зоолуу бийик капчыгайлуу тоолор элес-булас көрүнүп, туманданып калкып турушат.
Тептегиз жайылып, кулачын керип мемиреп, мелтире-ген күзгү көл көйкөлүп, кара көк тартып жатат. Кечеки конур салкын сыдырымдын эркелеген зпкини менен ча-чылРан берметтей болуп кооздолуп, айдын күмүштөй аппак нурлары астында жоош жумшак термелип жатат.
Сыдырым менен теңселип, көйкөлгөн көлдүн тентек толкуңдары жар четине келип кагылып, кечки саламын -
Кыргыз аңгемелери.
Жазылган күн: 3 Июн 2015
Туйшук
Көз байланып, асмандагы жылдыздар чарактай баштаган маалда Кудайбердинин үйгө кабагы чытылуу кирип келгенин коңшунун уул тою үчүн бир чара камыр жууруп, аны эми эле дандырга жаап болгон сарамжалдуу аялы Зыйнат дароо сезди да, «бүгүн дагы кандай балээ басты экен?» деп ичинен кабатырланды. Сарамжалдуу демекчи, бу үйдүн зыйнаты чынында эле ушу аял. Таң заардан түн жарымгача көр оокат деп жан үзгөндүктөн, арыктап. сөөгү эле калган анын. Ошентсе да, Кудайбердинин бактысын ушу аял ачты. Эгер анын ордунда бөтен бир бошоңураак, нымжан аял болгондо өмүр бою төбөсү какшап, сыл кесел болот беле…
— Уф-ф, — деп супага көчүк басты Кудайберди. Анан алманын сабагындай ичкерген моюну акырын ийилип, башы шылкыйды. Тоокторго жем берип эшиктен кирип келген Зыйнат эринин бу кейпин көрүп, боору эзилди — Ай, сизге эмне болду? — деп сурады ал таңданып.
— Ээ, катын, эртеге дагы бир патаага барышым керек. — Кудайберди аргасы куруган кейпте аялына күңк этип жооп берди.
— Ботом, дагы ким?.. — Зыйнат сескенип алды. —- Лахшыдагы тууганыбыздын кайын энеси каза болуптур… Кудайберди каза тапкан адам менен ага бата үчүн алып барыла турган нерсенин азабын тартып, саргайып олтурду. Жакшылык болсун ылайым, өткөн айдын ичинде эле беш жерге батага барды. Бешөөнө тең союш, баш аяк… Кудайберди буларды жөндөн-жөн алып барган жок. Бу жарыктыкта «алмактын бермеги бар» эмеспи? Мындан жарым жыл илгери карыган атасы каза тапканда алар деле солкулдаган куйруктуу койлорун жетелеп, кездемелерин түйүп келишкен. Ошондо Кудайберди жаштык кылып, көңүл айтып келгендердин берген акчаларын, койлорун, кездемелерин тизмелебестен аңкайып отурганда, жакын амекиси: «Ой үкам, бу пулдар, койлор, кийимдиктер сага бекерге берилип жаткан жок. «Алмактын бермеги бар». Түшкөн нерселердин баарын тизмеле» деген. Кудайберди мына ошондо амекисинин сөзүн жерде калтырбаганынан кыйла пайда келтирди.
Кудайберди чала сабалган жыландын сыңарындай ордунан араң козголуп туруп, төрдөгү темир сандыктын кулпусун ачты. Андан атасы каза болгондо аманат акча, кой, кездемелердин тизмеси түзүлгөн дептерчени алып, көз жүгүрттү. Зыйнат ага астырттан тиктеп: «Бу дептерди не мынча тез-тез карайт болду экен?» деп терең улутунуп алды. «Мм.., — ичинен сызып ойлоду Кудайберди. — Ысмайыл таекем менен үкаси бир кой, үч кийимдик иш алып келишкен экен…» Ал сырдуу дептерчени көңүлсүз жаап, сандыкка салган соң, кулпуну бекитти. Анан керосинканын бир жак кулагында турган ширенкени алып, агылдын ичине кирди. Талаадан тоюнуп от жеп келип, кепшеп жаткан койлор беймаалда баш баккан адамдан үркүп, агылдын төр жагына топтоло калышты. «Үркпөгүлө, жаныбарларым, силер менден эмес, тиги дүйнөдөн чочугула. Анткени, силердин бир кабыргаңар да мага насип кылбайт. Бардыгыңар чирип кеткен эскинин саркындысы, баш айланткан барчылыктын көөнө каадасы үчүн гана багылып жатасыңар, —деп ал колун-дагы ширенкенин талын шыр эттирип тамызып, сөзүн улады. — Бечараларым, көзүңөр чанагыңардан чыгып кетчүдөй чекчейип калыптыр. Кана, бир аз жазылгылачы, Лакшыдагы таекемдин батасына кимиңер жарайт экенсиңер, кана, чачылгыла. Кош! Ии, тынчтангыла эми. Тиги бурчтагы чубалаң куйруктуу кой, сен Сайроондогу амекимдин тоюна, а сен, чунак кой, Жерге-Талдагы жээнимдин тоюна жарагыдайсың. Сен, боз коюм, Жол-Теректеги бөлөмдүн атасынын кудайысына арзыгыдайсың. Сен, ала коюм, уулум Худайназардын сүннөтүнө аталгансың. Тээ чунактын алдындагы тегерек куйрук. ушу сен эртенки патаага жарагыдайсың. Камыңды жегин, эртең Лакшыга кетебиз. Өзүнүн майына өзүн кууруйт» дегендей, сени патаага алып барсак, таекем өзүнүкүн эмес, кайра сени союп, бизди узатат…»
Кудайберди тышка чыгып, агылдын эшигини илгичин илип бекитти. Үйгө кирсе, Зыйнат дасторконун жазып. күтүп турган экен. Кенже уулу күндүзү иттей чарчаганбы, айтор эрте эле томолонуп калыптыр бечара.
—Балдарга ысык суу кылып берсең болмок. — дедн Кудайберди дасторкондун үстүндөгү куру нан менен чайнектегн сары чайды көргөндөн кийин.
—Ахвалды көрүп туруп сүйлөй берет экенсиз да. Тырмактай гөш болбосо, казанга санымды кесип салмак белем? Же район жактан гөш сатып келбесеңиз. — Зыйнат ачуу сөздөрдү усталык менен жумшартып айтты. Антпесе, эринин пейилин жакшы билет: жини келгенде төбөсүнө данек чаккандан да кайтпайт. Жаалы тез.
—Өзүң көрдүң катын, бу айда 130 эле сом айлык болду. Беш жерге 100 сомдон 500 сом алып, патаага бардым. Кардыбыз ач, кийимибиз жыртык болсо болсун, амелеки карыздан кутулалы.
—Анавы Худайназарыңыздын хазыр бир да ават кийими калбады. Шымынын көчүгү, тизелери тешилди. Кечээ ушу ахвалда Хыдырназардын тоюна алып бардым. Барба десем, жерди тепкилеп ээрчиди даюс! — Зыйнат көзүнө чайыла түшкөн жашты эрине билдирбестен жоолугунун учу менен сүртүп койду. — Хайыр, худайым тынччылыкты берсин…
ойлоду Кудайберди. — Ысмайыл таекем менен үкаси бир кой, үч кийимдик иш алып келишкен экен…» Ал сырдуу дептерчени көңүлсүз жаап, сандыкка салган соң, кулпуну бекитти. Анан керосинканын бир жак кулагында турган ширенкени алып, агылдын ичине кирди. Талаадан тоюнуп от жеп келип, кепшеп жаткан койлор беймаалда баш баккан адамдан үркүп, агылдын төр жагына топтоло калышты. «Үркпөгүлө, жаныбарларым, силер менден эмес, тиги дүйнөдөн чочугула. Анткени, силердин бир кабыргаңар да мага насип кылбайт. Бардыгыңар чирип кеткен эскинин саркындысы, баш айланткан барчылыктын көөнө каадасы үчүн гана багылып жатасыңар, —деп ал колун-дагы ширенкенин талын шыр эттирип тамызып, сөзүн улады. — Бечараларым, көзүңөр чанагыңардан чыгып кетчүдөй чекчейип калыптыр. Кана, бир аз жазылгылачы, Лакшыдагы таекемдин батасына кимиңер жарайт экенсиңер, кана, чачылгыла. Кош! Ии, тынчтангыла эми. Тиги бурчтагы чубалаң куйруктуу кой, сен Сайроондогу амекимдин тоюна, а сен, чунак кой, Жерге-Талдагы жээнимдин тоюна жарагыдайсың. Сен, боз коюм, Жол-Теректеги бөлөмдүн атасынын кудайысына арзыгыдайсың. Сен, ала коюм, уулум Худайназардын сүннөтүнө аталгансың. Тээ чунактын алдындагы тегерек куйрук. ушу сен эртенки патаага жарагыдайсың. Камыңды жегин, эртең Лакшыга кетебиз. Өзүнүн майына өзүн кууруйт» дегендей, сени патаага алып барсак, таекем өзүнүкүн эмес, кайра сени союп, бизди узатат…»
Кудайберди тышка чыгып, агылдын эшигини илгичин илип бекитти. Үйгө кирсе, Зыйнат дасторконун жазып. күтүп турган экен. Кенже уулу күндүзү иттей чарчаганбы, айтор эрте эле томолонуп калыптыр бечара.
—Балдарга ысык суу кылып берсең болмок. — дедн Кудайберди дасторкондун үстүндөгү куру нан менен чайнектегн сары чайды көргөндөн кийин.
—Ахвалды көрүп туруп сүйлөй берет экенсиз да. Тырмактай гөш болбосо, казанга санымды кесип салмак белем? Же район жактан гөш сатып келбесеңиз. — Зыйнат ачуу сөздөрдү усталык менен жумшартып айтты. Антпесе, эринин пейилин жакшы билет: жини келгенде төбөсүнө данек чаккандан да кайтпайт. Жаалы тез.
—Өзүң көрдүң катын, бу айда 130 эле сом айлык болду. Беш жерге 100 сомдон 500 сом алып, патаага бардым. Кардыбыз ач, кийимибиз жыртык болсо болсун, амелеки карыздан кутулалы.
—Анавы Худайназарыңыздын хазыр бир да ават кийими калбады. Шымынын көчүгү, тизелери тешилди. Кечээ ушу ахвалда Хыдырназардын тоюна алып бардым. Барба десем, жерди тепкилеп ээрчиди даюс! — Зыйнат көзүнө чайыла түшкөн жашты эрине билдирбестен жоолугунун учу менен сүртүп койду. — Хайыр, худайым тынччылыкты берсин… Кудайберди эртеси үрөң-бараңда уйкудан туруп, амеки агасы менен бирге агылдагы тегерек куйруктуу токтуну жана райондогу базадан «сүйлөшүп» алып чыккан үч кийимдик кымбат кездемени алышты да, Лакшыны көздей батага жөнөп кетишти. Зыйнат аларды узатып койгондон кийин балдарына чай демдеп берди. Анан төркү үйгө кирип, бурчтагы темир сандыкты ачты. Кийим-кеченин арасына колун сойлотуп, баягы дептерчени издеп тапты да, эки жакка элеңдей ичин ачты. Көрсө, анда көптөгөн адамдардын аттары тизмеленип, ар биринин тушунда: «бир кой, бир кийимдик иши бар эле», же «мынча сом… пулу бар болчу» деп ачык-дааналап жазылыптыр, узун тизменин баш жагындагы беш-алты адамдын аты эми өчүрүлүптүр.
Зыйнат сүрдүү дептерченин ичиндеги жазууларды окугандан кийин төбө чачы тик туруп, жаны кашая, заманасы тарыды. «Бу жарык Дүйнөдө жетинип жашоо деген нерсе бизге насип кылбаптыр да. Алдагы узун тизмедеги карыздар өчүрүлүп бүткүчө өзүбүз да шорубуз куруп, бу дүйнөдөн армандуу өтүп кетебиз окшойт…» деп ойлонгондо көзүнүн жашы шыр-р этип агып кетти.
Комментарийлер
X-peria
30 Янв 2015 - 08:45