Жашоонун айынан балдарын таштаган ата-энелер.
#41 30 Апрель 2016 - 10:45
#42 03 Май 2016 - 21:25
#43 03 Май 2016 - 23:34
2011 – жылдан бери эле бизде да ушул көйгөй. Менден кийинки эгиздерди мага кошуп беришкен. Чоң атамдын үйүндө калганбыз. Сага күйчүү чоң энең болсо го анча билинбейт, ал да жок. Жеңенин колунда элек.
Көп эле нерсени түшүндүм. Чоңойсом жакшы жеңе болом деп мээме түйүп алгам..
Дос кызымдын апасын кагып бергенин көрүп, менин да апам ушинтип жанымда эле болсо, айттырбай баарын эле өзүм кылмакмын деп ичтен сызчуумун.
Досторум мектептен үйгө шашса, мен тескерисинче мектептен кетким келчүү эмес. Үйдө күтүп алчуу апаң болбосо үйгө кантип баргың келет анан..
Азыр деле ошо. Ар суббота группалаштарым айылга барсамбы , барбасамбы дешсе таң калам. Менин да айылда күткөн апам менен атам болсо ойлонбой эле айылды көздөй учмакмын.
Тилеке каршы , ал жактын нанын жеп калган соң көнүп калышат экен да.
Куруп кеткир тиричилик дегиң келет..
Сиңдим менен иним чоңоюп, бейбаштык кылышса урушуп алып аяп кетем. Алар да мендей болуп ичтен сызып жүрүшсө керек деп. Кантсе да , өз апасы менен өз атасынан уруш угуп, алардын тарбиясын көргөнгө эмне жетсин. Эми келишсе, баарын өздөрүнө тапшырам.
Үйдө 3 мадыра баштар бар. Бирөөсүнүн тили аябай ширин болуп,сүйлөп калды. Аны сүйлөтүп жеңеме (бөлөмдүн аялы) жөнөтсөм ыйлайт, эзилип. Ушундай сонун мезгилин, кылыктарын көрбөй жүрөт. Аны көрүп мен сыгылып кетем.
Жана эле сиңдим айтат эжеме:
— Эламан мамасынан көрө сизди көбүрөөк жакшы көрөт э? десе:
— Мамамды аз көрөм. Ал дайыма алыста жүрсө, апамды жакшы көрөм да анан. – дейт..
Жеңем келсе ал менен жатпай коюшат. Көңүлүнө тийчүү сөз айтып, кээде ыйлачу.
Буларды көрүп, кийин ач калсам да баламды таштабайм, эч кимге калтырбайм деп ниет кылам..
Билдирүүнү түзөткөн: lazygirl: 03 Май 2016 - 23:40
#44 04 Май 2016 - 15:05
Апам Рассияга кетип,авамда артынан жонойт.Кызыл -кыяга келип коштошуп жатканда,мен ыйлап,авамды эрчигенимде, мени таштап кете албай,таанышынын кызынын документтини алып, мени да алып жонойт.
Бирок ал жака барып "энем сагындым" - деп 3-4 айда келе бергем..
Ошентип 4-классыма чейин энемдин,5-11 класста таенемдин колунда чоноюп,тарбиясын алдым.Авам,апам тез-тез келип,телефондо суйлошуп,жайкы каникулда озум барып тургангабы , апама,авама болгон мээримди жоготкон эмесмин...
Энеме,таенеме чоон рахмат,ошондой эле женелериме да ыраазымын,бир жолуда урушуп -талашпадык.
Бирок жакшы мамиле кылышып,урушпасалар деле,баары бир ата-эненин орду башкада..
Мектепте окуп жургондо,ата- энелер чогулушуна ,баарынын ата-энеси келгенде,менин да апам келсе жакшы болот эле дечу элем.
Тагам ,таженемдер балдары менен олтурганын коруп,"бизда буюрса, уй болубуз мн чогу жашайбыз" -деп кыялданчумун. .Ананда келечекте балдарымды озум кайсыл жерде болсом,ошол жерде багып, чонойтом деп тилек кылам..
Анткени туугандарын мин козуного караган чакта деле,ата-апанын орду башка...
ӨЗҮҢДҮН жакшы көргөн кесибиңди тандап,
ал аркылуу акча тап.
Ошондо сен акчага иштебей,
акча сага иштеген болот.
#45 06 Май 2016 - 12:54
#46 06 Май 2016 - 21:35
#47 06 Май 2016 - 22:00
Кааласам каалабасам иштешим керек, озумго иштегим келтат бирок, баламды караганы эчким жок. Кайненемден башкасына ишенбейм. Нянькаларга да ишенич жок. Кайненем берсенер алып кетем деп жатат, бир туруп макул болсом,бир туруп бергим келбейтат.
Ал жака барып дагы аба ылгап кыйналсачы деп былтыркыларды эстеп алып эле коркуп жатам. Атабыз болсо такыр эле каршы, баламды эчкимге бербейм деп жатат.
Билдирүүнү түзөткөн: Woman.: 06 Май 2016 - 22:01
#48 06 Май 2016 - 23:07
#49 06 Май 2016 - 23:33
Бир жолу сабактан эрте келип калдым. Эшик ачык экен, бутумдун учу менен акырын кирип барсам "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" деген ырды ушунчалык берилүү менен, үнүнүн болушунча кыйкырып ырдап атыптыр. Четте туруп алып мен да ыйлагам.
Балага канчалык мээрим төксөң да баарибир өз ата -энесиндей болбойт экен.
:)
#50 07 Май 2016 - 17:05
#51 07 Май 2016 - 17:07
#52 01 Декабрь 2016 - 21:50
#53 02 Декабрь 2016 - 10:15
#54 02 Декабрь 2016 - 12:45
gulzar_gulu (06 Май 2016 - 23:33) жазган:
Бир жолу сабактан эрте келип калдым. Эшик ачык экен, бутумдун учу менен акырын кирип барсам "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" деген ырды ушунчалык берилүү менен, үнүнүн болушунча кыйкырып ырдап атыптыр. Четте туруп алып мен да ыйлагам.
Балага канчалык мээрим төксөң да баарибир өз ата -энесиндей болбойт экен.
Ушул билдирүүнү окуп ыйлап алдымго((
#55 03 Декабрь 2016 - 13:53
#56 03 Декабрь 2016 - 14:16
#57 04 Декабрь 2016 - 00:04
Бир окуяны эстеп кеттим, анда биринчи наристем он айлык, экинчи наристем ичимде боюман козголуп лечение алганы жаткырып коюшту. Уч кун зорго чыдадым, отказной жазып чыгып келе бердим. Жожомо жеткиче убакыт токтоп калгандай сезилди мага. Уйго кирип эле, жожомду издеп журом комнаталардан, талпынып колун созгон жожомду кучагыма алып, шуу шуу эткизип жыттагылап, ыйлап да, жалбарып да жаттым. Козум мен сени эми эч качан таштабайым деп. Бутпосо бутпосун, жетпесе жетпесин, бутолбосо бутолбосун, бир сом тапсак да мейли, балдарым жанымда болсун, аларсыз жашоом кунарсыз болуп, ооруп калсам керек. Ал эми балдарынан алыста, тиргилик деп иштеп жургон энелерге сабыр. Эне бала эч качан алыстабасын.
Билдирүүнү түзөткөн: narime: 04 Декабрь 2016 - 00:06
#58 04 Декабрь 2016 - 15:21
Улам эле негедир жолду карайм,
Келип калат аз калды деп кунду санайм.
Биз учун, биздин жакшы жашоо учун,
Алыыстарда иштеп журот менин Апам.
#59 04 Декабрь 2016 - 21:39
Кечее апам жазыптыр ватсаптан" балаң ойгонупле апам 25күндөн кийин келет ээ,тайне" деп күн санап отурат"деп ,антсе ыйлагым келип кетти,азыр эле учуп баргым келип...
Азыркы замандын балдарына деле кыйын болду,байкуштарыбыз мееримге толбой чоңоюшуп,балалыктары куса мн өтө турган болду(((
Билдирүүнү түзөткөн: zzari-83: 04 Декабрь 2016 - 21:40
#60 04 Декабрь 2016 - 21:51
Mumu1986 (04 Декабрь 2016 - 15:21) жазган:
Улам эле негедир жолду карайм,
Келип калат аз калды деп кунду санайм.
Биз учун, биздин жакшы жашоо учун,
Алыыстарда иштеп журот менин Апам.
Ыйлатасынарда адамды,озу ыйлагым келип турганда табылбай эле калды мага да.