Аял заты шарыят жолунда турмушка чыккан күндөн тартып өз ата-энесинин алдындагы милдеттеринен толук бойдон күйөөсүнүн ыктыярына өтөт б.а. өз атасы кандайдыр бир жумуш буюрганболсо да өмүрлүк жолдошунун уруксатын албай туруп ошол атасы жумшаган жумушту аткара албайт.
Көпчүлүк аялдар мончо, той же сапарга эн,чырайлуу кийимдерин кийип барышат, бирок үйлөрүндө болсо өздөрүнө карашты унутуп коюшат. Мындай аялдар ушуну унутпашсын, байкуш күйөөлөрү күндө кечинде жүздөгөн аялдарды көрүп Шайтандын мизин такыбалык калканы менен тосуп көңулу чарчап, журөгү чарчап үйүнө кайтат. Ошол кезде аялынын жылмайыңкы жузу, ширин тили жана эн, негизгиси татынакай кийимдер менен жасалган тулку бою ага ырахат бериши мумкун. Азирети Умар (р.а.)- «менаялымды үч нерсе себептүү өтө сүйөм. Ал кийимдеримди жууйт, балдарымды тарбиялайт жана кунөө менен менин ортомдо тосуучу парда. Мен анын саясындакунөө жасабайм! » - деген экен. Аялдар куйөөлөрүн күнөөдөн сактаныштарына үйдөгү кийинүүлөрү менен жана өзүн алып журуусу менен гана тоскоол боло алышат.
Аял өз күйөөсүнө жаккан амалдарды жасоосу керек. Жасануу жана мода үчүнкүйөөсү жактырбаган баалуу кийимдерди кийсе, эч кандай пайда таппайт, өзүнүнда, жолдошунун да көңүлү кирлейт.
Аял кечеге чыкканда да өтө этият болушу керек. Ачык-чачыккийинген аялды ыймандуу мусулман киши жактырбайт. Аларды Алладан коркпогонайрым эркектер тийишип зрмек гана кылышат, андан башка пайдалуу маани да жок.Кала берсе ошол эркектер да мындай аялдарга үйлөнүүгө намыс кылышат. Таттуу турмуш издеген аял, эси барда этегини жыйнасын.
Ариет, намыстануу эркектер аялдарынын башка зркектердин алдында ачык-чачык журуусунө кандай чыдашы мумкун? Намысын сактабаган аялдан,ал канчалык сулуу болсо да, өз күйөөсү жийиркенет. Алар бир куну ажырашып кетиши мумкун. Аялдын намысын сактоосу күйөөсүнүн змес, балким Алланын ыраазычылыгы үчүн болуш керек. Уят жана ар-намыс, - бул шуру мончоктор менен жасанып, аялдынбашына кийиле турган тажыдан кабар берет. Мындай сыйлуу аялга ар ким суктануу жана урмат менен карашат. Арастунун кызынан сурашты:
- Аялдагы эң сулуу нерсе эмне?
- Уялуудан, аял жүзүнө пайда болгон кызылдык, деп жоопберген экен.
Өзордубузга кайталык.
Умаманын бешинчи насааты ушундай эле - кирдеген кийимдерди жана идиш-аяктарды жууганда гана эмес, балким таза, жаңы нерселерди таза сактоо да кирет. Өрдөккө окшобошу керек, анын бирбуту сууда бир буту балчыкта болот. Жуулган кийимдерди кургагандан кийин татынакай кылып тактап коюусу макул, жерге түшүп кетсе, кийилбестен туруп кайра кирдеп калат. Тазалаган жерде абайланбаса тез эле дагы кирдейт. Демек, тазалык таза нерсени же жерди узак мөөнөткө чейин сактоо. Тазаланган буюмдар ору-ордуна коюлгандан кийин, керек маалда этияттык менен иштетилет. Үйдөгу буюмдардын өз орду болуп, ошол жерде сакталышы керек. Ошол буюмдар маскарапоз (клоун) дун туйунундөй аралаш-куралаш болсо, мындай үйдө тазалык да тартип, тарбия да,береке да болбойт. Үй ээсинин мээнети текке кетет. Өзгөчө ашканада идиш-аяктараяк астына коюлганы туура болбойт.
Тамак бышырылып желгенден кийин тез арада идиштер жуулуп ордуна коюлганы дурус. Мүмкүн болсо идиштердин үстүнө таза нерсе жабып койгон жакшы. Ашкана аялдын ким экендигин көрсөтөт. Бирок кээ бир аялдар келип кетүүчүлөрдөн (коноктосуудан) жийиркенишет, бул адат эч качан жакшылыкка алып барбашы баарыбызга маалым. Ал эми кээ бир аялдар келип кетүүчүлөрдөн уялгандыгынан үй ичин жыйнашат, көз түшө тура турган жерлерди гана тазалашат. Бирок ашкананы эч ким көрбөйт деген ойдо ага көңул бурушпайт. Мындай аял эч ким көрбөйт, деген кыялда үстүндөгу кирлеген кийимин да чечпейт. Илгери жуучулука барган аялдар, эң биринчи кыздын ашканасын текшерушчу экен.
Аял киши тазалыкка адаттануу керек, мына ошондо бардык жагын таза сактайт. Инсан «азырынча бул иш тура-турсун, зыяны жок» - деген пикир менен көнүлсүз болсо, кийин ага эч нерсе жакпай калат. Кийин бир аз эле ооруп калса, ошону шылтоо кылып эч тазалыкка карабай койот. Үйүн тартиптүү сактаганга адаттанган аял, ар дайым тазалыкка карайт.
Бала жаштыгында эмнеге үйрөнсө ошого карап өсөт. Эрте менен турганда төшөктөрүн жыйноо, бети колун жууп, тиштерин тазалоо, жакшына жана таза кийинуу үчүн балдарга жардам берүү керек. Имам Газзалий бала тарбиясына тийиштуу болгон бир сөзуңдө мындай дейт: «Бала тарбиясы бекем, жөнөкөй эмес иштердин бири. Бала ата-энесине аманат, анын жүрөгү чансыз жана таза гаухарга окшойт. Эмнени,кандай үйрөтсөн ошондой кабыл алат. Каалагандай тарбиялап алышын. мүмкүн. Эгер жакшылык жана туурулукка жетелесен., ошол жолго кирет. Дүйнө жана акыретте бактылуу болот. Мындай жакшы тарбия учун тарбиячы да cooп алат. Эгер жамандыкка үйрөтүп, айбандар сыяктуу өзордуна ташталса бала адашат жана жаман жолдорго кирип кетет. Анын күнөөсүнө ушундай тарбия берген киши шерик болот»
Аллах Таала бир аятта мындай дейт: «Эй ыйман келтиргендер! өзүңдү жана үй-бүлөндү оттон сакта» ~ Бул аяттагы «оттон» - деген сөздө дозок отун айтып жатат.
Үй-булөө башчысы катары Ата бала-чакасын жана аялын жакшылыккы чакырып, жамандыктан кайтарса, жараткандын ушул буйругун аткарган болот. Кыскасы, ар бир адам үй-бүлөсүнө адалдыкты,туурулукту жана башка артыкчылыктарды синдириши керек. Жаман адамдар менен мамиле кылуунун зыяндуулугун түшүндүрүп, алар менен достошууга жол койбошкерек.
Бала өсүп чоңойгондон кийин, айрым кылыктарынан уяла баштайт. Бул уялуу андагы акыл нурунан пайда болот. Балага акыйкат тушундурулгөндугу жана жакшы тарбия берилгендиги билинсе, бул Аллах Тааланынага берген баа жеткис белеги жана ырысы, жүрөгүнүн таза жана кулк мүнөзүнүн жакшы болгондугу.
Мындай балдар бойго(балакатка) жеткенден кийин толук жана тура акыл ээлери болушат. Бул белгилер баланын келечектеги үмүт шооласы. Мындай балдарды өз оюна коюп шайтанга тутуп бербеш керек
Билдирүүнү түзөткөн: nuradyl88: 29 Январь 2013 - 22:01