Билдирүүнү түзөткөн: rnurzida: 27 Февраль 2019 - 20:32
Жүрөгүм издейт сендейди... Жон гана окуп койгула. Комментарий жазыш не ОБЯЗАТЕЛЬНО!!!
#821 27 Февраль 2019 - 20:27
#823 28 Февраль 2019 - 01:21
Озун каалагандай жашоо бул эгоизм эмес,эгоизм деп бул-башкалар да сен ойлогондой, сен каалагандай жашоо керек деген принципте жургонунду айтса болот.Туура, бул менин жашоом,кантип жашашты озум билем.Уйротуп, кенеш беруучулор бар,алар ата-энем! Болду.Алар дагы биз айткандай кылышын керек (!) дебейт,жон гана ушундай кылсан туура болот деген ой менен кенештерин айтышат.Анык бир чечимге келишин озундон,озундун чечиминен... Мына,арадан билинбей убакыт отуп 5 жылга жакындап кетти.Бул убакытта коп нерселер болду,коп нерсени тушундум дегендей." Лучше поздно чем никогда" деп орустар айтмакчы кеч болсо да ушул темамды аягына чыгарып коеюн деп чечтим.Диалогдорду кобойтуп турецкий сериалдардай кыла бербей кыска нуска кылып эле жазам.Анда эмесе кеттик...
2015-жыл.Эсимде жок кантип откону.
2016-жыл.Жай ортолоп калганда достор бака-шака тушо баштадык.Ким барат? Ким барбайт? Сентябрьда той.Кыргызстанда. Досубуз кеткен кыз издегени.Мен бир айдан кийин кетем,жакын досумун да,эртерээк барып кыз издешишим керек,эгер мен баргыча таппаса).Жок, таппады.Жогоруда ким бироо жазгандай туура эле,биз эркектер левый правый чапкылап журуп эле уйлоноорго келгенде айдан тушкон таза кыз издеп калабыз.Ал досум да коп тандады.Мен баргыча,мен баргандан кийин... Акыры бироого токтолдук.Ырас эле,ошондо Ошто кыз издоо процессинде жургондо Маркс менен Злойду кордум,Западный жактан,бильярддан.
Той башталды.Достор чогулуп кийим кылмай,кийимдерди жууп аш жемей,эхх озунчо бир керемет,жыргализм бир жагынан карасан... бир жагынан карасан ашыкча эле чыгымдар,эми кантейли,кыргызбыз да... Досум жаны аяшына фата тандашып кой,подружкасы менен келет экен дегенинен шерик болуп бардым.Бир досу менен келди,уялчаак коздору менен бизди карап биз менен таанышты.Жакшынакай, сонун,аппак кыз.Коздору жакты баарынан да кулмундоп.Аты Тансулуу экен.Той башталып бата тойдо,эртеси закста жакын болуп кеттик.2 кун чогуу журдук да.Почти эки кун.Ресторанда тунку саат 10дон кийинкиси эсимде жок,очуп калыпмын)))
2 кундон кийин озумо келдим.Телефонго акча салып ватсапты иштетсем Тансууудан смс келиптир.Кандайсыз, жакшысызбы,баштар кандай,тиги бу... Анын айтуусу боюнча очуп калып танцаны алыпмын,ха-ха кылып олгудой жыргапмын да бир маалда эшике чыгып кеткен бойдон жок имишмин.Кыжаалат болуптур.А менин эсимде да.Башым олгудой ооруп кускум келгенинен эшике чыгып бир машинага чыгып уктап турайын деген бойдон уктап калыптырмын. ..
Ошентип кайра эле Москвага кайттым.Тансулуу менен кабарлашып журдум.Кышкы каникулда келип апасынын жанында бир ай журуп кетти.Ар выходнойдо жолугуп журдук.Кундуго жазышабыз.Суйуп калдым деп айта албайм,бирок жакшы коруп калдым.Элестетем уйлонуп атканымды,мага кандай аял болуп бергенин,кантип тамашалашып жыргап жашап жургонубузду. .. Эхх,бирок жашоо татаал нерсе,ойлогон нерсени жон эле ишке ашыра бербейт,ойнотот, кыйнайт.
Жаздын баштапкы кундорунун бир кунундо Айдай пайда балду.Онумдо эмес,тушумдо. Жаман туш кордум.Туш да жон жерден кирбейт да.Соц.сеттерден издеп журуп акыры Вконтактеден таптым.Смс жазсам 2 кундон кийин жооп келди.Тынчсынбы дедим.Адатынча Ооо какие люди деп саламдашты. Тынч экен.Окуусунан кичине проблемалар болуп атат экен болгону.Ал акыбалды сурап коюп эле кайра коштоштук.Кийин да кээде ал акыбал сурашып калат элек.Жаз ортолоп эрге тийгенин жуктогон суротторунон кордум.Кийин эле интернетке такыр кирбей калды.Ошо менен связь узулду.
Жаз аяктап калганда Тансулууга жуучулар келе башташты.Тансулуу мени шаштырат.Тансулууну уйундогулору шаштырат,макул бол бирисине деп.Мен куздо дейм.Уйдун ички ремонту калган эле.Кузго чейин бутот болчу.Бир куну мага Кыргызстандын номеринен звонок келди.Алсам Тансулуунун апасы экен.Сразу эле беттен алды.Апасынын айтуусу боюнча Тансулуунун алыыс тага журт жагынан эле жуучулар келип атышат экен.Аларга жок деп жооп бере алышпайт экен,уят имиш.Кичине убакыт бергиле дешиптир.Ал убакыт бутойун деп калыптыр.А Тансулуу конбой атат экен.Себебин айтпай журуп кечээ айтыптыр жигити бар экенин.Макул дедим,ушунчалык эле шашылып атсаныздар суйлошуп уйдогулорду жиберейин,сойко салып коелу десем нары чайналып бер чайналып атып акыры макул болду.Бирок биринчи ата-эненди жибер,таанышалы дешти.
Эми апамдардын суйунгонун айтпа.Эртеси Оштогу кафелердин биринде жолугушуптур. Тансулуунун чон энеси,авасы келиптир апасы менен атасынан сырткары.Мен бул жакта отурам апамдардан звонок кутуп.Звонок келди бир маалда.Мен айткандай кылып айтышыптыр, дешиптир,жакшыы маанайлар менен эле кудаа-кудаагый болуп таркашыптыр. Алар ойлонолу дешиптир.Эртеси апасы конбой коюптур.Озгочо планы барбы же эмне тушуно албадым.Тансулуунун телефону очту.Бир айга жакындап калганда гана Однодон жазды,апасы ооруп калып ар нерсе болуп атып акыры кондуруптур. Эми ошо балага турмушка чыгып атат экен.Кечирим сурады.А мен эмне демекмин,бактылуу болсон болду дедим.Ошол бойдон бул жомок да бутту...
Куз келип кайра тойлор башталды.Айла жок дагы Кыргызстанга. Заодно уйдун бутконун кором деген максатта.Бирок бул жолкусунда жакын дос эмес жонокой эле досмун.Чынын айтайын жакын дос болуп чыкканга караганда жонокой эле дос болуп чыккан ары пайдалуу,ары кызыктуу.Только ойнойсун,жыргайсын, ичесин дегендей))).Бата тойдо,эртеси закста ушундай бир ойнопмун,айрыкча женелердин сазайын бердим,акыры менен качып калышты.Мен анда кайдан билмекмин кайра эле келип ушул уйдон дагы бир кызды оз уйумо алып кетээримди. Айтып атпаймбы,тагдыр оюну бул бир тушунуксуз, интригалуу,ары кызыктуу,ары тан калыштуу.Аяшибизга подружка болуп да коп кыз чыкты,балдардын баары заматта бойдок боло тушту)).Баары менен танцага тушуп,конечно градус ичке киргенден кийин,кызып алып кызытып атып той да бутту.
Баса,айылга жаны келгенде Керим досумун аялынан уккан элем Айдай айылда экенин.Кундо эрте менен кезууго уйларды айдап барчумун.Обратно келе жатканда жолду кыскартып бир кычык кочодон отуп кетчумун.Бир куну ошол кычык кочого кире бериштеги суу алчу крандын жанынан Айдайды коруп калдым,жанында дагы бир эки келин.Баш ийкешип учурашып отуп кеттим.Арыктап калыптыр байкушум,бирок мурдагыдай эле супсулуу.1-2 кундон кийин Керим уйуно чайга чакырып калды,келсем Айдай ошол жерде журуптур,кошунасы го.Суйлошуп отурдук.Ошол мурдагы эле коз караштар,ошол мурдагы эле ажарлуу Айдай.Тамашалашып отурдук.Корсо куйосу менен бир ай жашап эле баса бериптир.Начар чыгыптыр.Кыскасы баарын айткысы келбеди,жамандагысы келбеди.Боюна да болбоптур.Аяштан номерин алып жазышып баштадык кайра...
Жакында бир болсо Москвага барам деди,атам конду,апам конбой атат,консо эле деди.Бар дедим,жолугуп турабыз да дедим.Эмне максатта дейт,барганда айтам дедим.Чынын айтайынбы силерге? Колдо бар алтындын баркы жок дейт беле? Чын,кандай гана сонун кыз журсо мен ошону баалаган эмесмин убагында.Колдон учургам.Аракет кылган эмесмин... Эми бул жолкусунда колдон чыгарбайм дедим озумо.Москвага барса уйлонуп алам деп план кылдым.Эч карабайм эрге тийип чыкканына,бут айылдын билгенине дедим ызырынып.Мен деле озум айдан аппак эмесмин да.Баарынан экообуз бактылуу болсок болду деп ойлодум...
Тойго чейин уй кезуу келип калып уй кайтарып журсом Айдай жазып калды.Сиз мен жонундо бирдеме жазыпсыз го дейт.Эмне десем,баян дейт.Жогоруда бироо журот го мен сизди таанып калдым деп,ошо братишка айтыптыр.Ал дагы айылда жургон болчу ошондо.Ооба, бирок сен жонундо эмес дедим,мен жонундо дедим,сен барсын,бирок бир аз эле жеринде десем таарынымыш болуп атып акыры темамды таап окуп чыгыптыр.Окуп алып анан сайын таарынды.Неге мени эрке,таарынчак, кичинекей,чоное элек ж.б.у.с. кыз деп жаздыныз? деп.Ошондой эле го дедим)))
Той бутуп бир жумадан кийинкиге билет алдым.Айтсам мен дагы зээригет экенмин да деди.Ансыз деле уялып кочого чыга албай,эч ким менен суйлошо албай тунт болуп баратам дегендей кылды.Жолугалычы дедим.Ноябрь. Туну суук боло баштаган.Макул болбой журуп акыры эртеси кетем деген куну макул болду.Только атамдар уктагандан кийин деди.Атасы да кеч уктачу.Где-то тунку экилерде жазды келе бериниз деп.Айдоо жак менен отуп бардым.Суук аябай.Же чыкпайт.Бир маалда эшигин алдындагы светин куйгузуп там жагына отуп келди.Типа туалетке.Ушуй элексизби деп учурашып коюп азыр чыгам деп кайра кирип кетти.Жок деп коем сыр бербей,а так тонуп калгам.Бул чыкканы атасынын уктаганын же уктай элегин проверка болду окшойт,бул саам светти куйгузбой эле чыгып келди.Суйлошуп турдук.Колун кармадым.Ыссык. Озумо тарттым акырын.Оптум. Ушуп турган жаным заматта алоолонуп ысып кетти.Ушундай бир ысык,ушундай бир таттуу эриндер.Ичимден Москвага барса точно озумдук болот деп кыялданып алгам.Мен кирейин,жакшы жетип алыныз,тынч болунуз деп адатынча бекем кучактап алып кирип кетти.Азыркы эле даамын таткан эриндердин жытына балкып уйго кирип эми жатканымда Айдай дагы бир келип кетинизчи,дагы коргум келип атат сизди деп жазды.Заматта жетип бардым.Келдим деп жазсам тез эле чыкты.Дагы обуштук,кучакташып турдук.Бир нерсени сезгенби билбейм Айдайдын ыйлагысы келип аран турат,эмне болду? десем айтпайт. Москвага бар эптеп,мендик болосун,эчкимге бербейм дедим.Аракет кылам деди жер карап.Ошентип коштоштук.Ошол коштошуу туболуктуу экенин билгенимде мен кетпей тан агаргыча кучактап турмакмын... Корсо Айдай мага айтпай жургон экен,Апасы ага шарт коюп аткан экен эле ошол маалда.Же эрин менен жарашасын,же башка эрге тиесин деп.Мурдагы эринен ушунчалык конулу калганбы,айтор башка бироого тийип кетти.Ал дагы бир турмуш коруп ажырашкан эркек экен.Мен муну кийин Керимдин аялынан уктум.Ага айтыптыр,Апамдар капа болсо деле Москвага кетип калмакмын.Бирок Асан акенин эл караган бетин жер каратып,досторунан астында созу кыска болушун каалабайм,сиз озунуз айтып коюнчу ушинтип дептир.
Мына достор,эл эмне дейт деген биздеги стереотиптин, вирустун залакасы.Же мен коп куноо кылгам.Куноом коп.Анда эмнеге эми эле жакшы эле план кылып,жакшы ойлорду топтой баштаганда эле тупике камалам да калам? дечумун.Корсо Кудай ар бир пенденин пешенесине оз тенин жазып коет экен.Мына,канча кыз менен суйлоштум,канча план кылдым,бириси да ишке ашпады.Булар мага жон гана келечектеги турмушума сабак болгон сыяктуу.Ошол турмушума чейин тагдыр мени ар нерсе кылып калчап бышырат турбайбы деген ойдо калдым.
2018-жылы куздо уйлондум.Бир жыл мурунку досумдун балдызына.Бир тууган балдызы эмес,эки тууган балдызы.Ошол тойдо коргом.Кандай кыз экенинен так деле менин эсимде жок.Себеби мен закска чыккан кыздардын баары менен эле,баары эмес туш келгени менен эле жыртандашып тамашалашып, танцага тушуп эле жургом.Корсо досумдун балдызы менен да ошентипмин. Менен бир аз бою узун.Азыр го тен эле болуп калды)).Кош бойлуу,жай ортолоп буюрса кыздуу болом.Же уулдуу.Гинеколог так билип бере албай койду.Ары бери оонай берет экен шоктонуп,мени тарткан го сыягы.
Айдайдан умутту узуп жургон учурда ватсаптан смс келди.Кыргызстан номер.Мына сага,Айдай го дедим.Бирок ал мага эмнеге жазмак деген ой кетти.Бир жагынан суйунсом бир жагынан тан калдым.Зарулем кетип аткан элем сразу жолдун четине токтоттум.Ал эмес экен.Досумдун балдызы.Жазышып, тойдогу окуяларды эстешип калдык.Москвага жакында эле келиптир,документтери буткучо зээригип отуруп эжесинен менин номеримди алып жазып аткан учуру экен.Кичинекей кыз.10 жаш кичуу.Менин эн кичуу карындашымдай. Мен учун кичинекееей кыз.Ошентип кышы менен жазышып журуп эрте жазда жолуктук.Албетте жалгыз эмес.Анын эжеси,досум болуп.Кийинки жолугушубуз отдельно болду.Ошентип суйлошуп журуп куздо баш коштук.Суйо албадым,ачыгын айтайын.Бирок уйлонушум керек болчу.30-жашка чыгып уйлонбой журот деген эмне деген шумдук.суйуу никеден кийин келет деген создо болду умутум.Жылдыз жок.Коздор мундуу.Ой тооба кылдым,кичинекей кызсын,мектепти эми буттун,эмне мунаясын? Моогу эмне деген статустар? деп урушчумун кээде.Ватсапка ыйлап аткан кыздардын эле суротторун кое берчу.А корсо азыркы кыздардын почти баары эле ушундай турбайбы.Бешиктен бели чыга элек жатып эн бактысыз,эн таалайсыз адамдар ушулар экен))) Ой,жашоо жомок эмес,бул сыноо.Ал сени ар нерсе кылып сынайт.Эми эле ушинтсен эрге тийсен кантесин? деп калчумун.Эмне демек эле,жылмайып бул жон гана статус да Асан акее деп калчу.Чын,жон эле статус экен.Так что коп деле маани бере бербегиле бойдоктор... Башка жакка кетип калдым,артка кайтайын.Ооба, суйо албадым,же суйуудон конул калгангадыр, же чын суйуунун даамын таткандандыр. Жылдыз жок коздордо,бирок муноз жагынан мага жагат.Анын устуно аяшим дагы мага туртот,мага куйоо бала болунуз деп)).
Тойго даярдык кылып журдум.3 кун калганда озун ээрчитип алып фата тандап журдук.Мен ошондо тушундум кыздардын эмнеге фата кийгиси келе берээрин.Биринчи эле кирген салондогу койнок чак отурду,ушундай бир аппак,ушундай бир сулуу.Мен эки доско фата тандашканмын. Бирисинде да биринчи жолкусунда эле жарашкан эмес.Коздорундо жылдыз пайда болуп кеткенсиди бир караганда.Ушундай бир бактылуу,нары айланат,бери айланат,жомокто журот.А мумкун ошондо жангандыр...
Ушуну эле алалычы дейт.Жур бир аз айланып келели,сен не жылда эле эрге тийип атат белен,кичине айланып башка койнокторду да кийип кор деп алып чыгып кеттим.Бешинчи салонго келгенде чарчап калдык.Кайра биринчи салонго келип баасын келишип акча таштап кеттим.Той болду.Бутту. 2-3 кундон кийин байкадым,коздорундо ушундай бир жылдыздар пайда болуп сулуу болуп чыга келди.Же мен мурда коздоруно терен тушуп карап корбогон чыгаармын.Азыр бактылуумун! Откон кундорум мен учун жон гана сабак! Жашоонун сабагы.
"Постарайтесь получить то,что любите,иначе придется полюбить то,что получили" деп бироо айткандай учурунда баарын сактап калууга аракет кылгыла.Баарынарга бактылуулук каалайм!
Билдирүүнү түзөткөн: adidas.: 28 Февраль 2019 - 01:27
#824 28 Февраль 2019 - 09:43
#825 28 Февраль 2019 - 10:59
Билдирүүнү түзөткөн: insomnia: 28 Февраль 2019 - 11:28
#826 01 Март 2019 - 02:21
#827 01 Март 2019 - 03:26
#828 03 Март 2019 - 00:13
#829 03 Март 2019 - 11:25
#830 03 Март 2019 - 12:10
#831 03 Март 2019 - 16:28
#832 03 Март 2019 - 18:16
#835 07 Март 2019 - 14:46
Сүрөттөн олимпида болоору мүмкүн эмескоо дейм. Физика, кыргыз тили, орус тили, алгебра, тарых, англис тили, биология, химия (адашпасам информатика) сабагынан гана болот.
Жазгүлгө сен татыктуу эмессиң тарынба, чычалап бир нерсе дей турган болсоң жазгандарыңан бир эки мисал келтиришим мүмкүн.
Рахмат сага окурмандарды сыйлоо менен жакшы жазып, мыкты баяндап бериптирсиң. Ар дайым бар бол!
#836 09 Март 2019 - 01:56
#837 10 Март 2019 - 21:35
Мен да учурда ЗВЕРМИН!(тамаша). Мээдеги негативдин баары алынып ушул жактын кутусуна бекитилген. Азыр өсүү,өнүгүү, ийгиликтерге жетүү боюнча тренингдерди өтүп турам. Балким, ал жашоолор болбогондо, азыркыдай билимим болмок эместир. Сизге аллахым эң сонун жар таап бериптир. Баркын убагында билип, колдоп, коштоп, жардам берип, суукта жылуулук тартуулаган, жамгырда кол чатырын кармаган, куласа жөлөк болуп, ыйласа ийин тозуп, дүйнөдөгү эң бактылуу үй-бүлөлөрдөн болуңуздар!
Билдирүүнү түзөткөн: myrzayym: 10 Март 2019 - 21:52
#838 10 Март 2019 - 21:59
Кээ бир убакта ойлоп койчумун ушул теманы жазган автор бакыттын тапты бекен, сүйүүдөн жаралган жүрөгү айыгып,жашоосунда жакшы өзгөрүү болду бекен деп...
Абдан кубанычтамын. Жараткан никеңерди түбөлүктүү кылсын.Бактылуу гана болуңуз.
Билдирүүнү түзөткөн: Arinsa: 10 Март 2019 - 22:01
#839 12 Март 2019 - 22:40