Саламатсыздарбы?
Мен башталгыч класстын мугалимимин.
Декабрда кызым ооруп ооруканага жатууга туура келди. 7 кунго бюллетень алгам. Айлык маянам аз чыкты,болничный листке болсо 560 сом чыгыптыр. 8000ге жакын айлык алам.Кече жакында бир мугалимдин болничный листи келген экен коп экен,айлыгы да сакталыптыр.
Мыйзам боюнча кандай болушу керек? Жооп берип койунуздарчы?
Баракча 1 - 1
Бюллетень алсам, айлык маянам аз чыкты
#2 12 Май 2016 - 11:01
Mahabatym... (11 Май 2016 - 22:49) жазган:
Саламатсыздарбы?
Мен башталгыч класстын мугалимимин.
Декабрда кызым ооруп ооруканага жатууга туура келди. 7 кунго бюллетень алгам. Айлык маянам аз чыкты,болничный листке болсо 560 сом чыгыптыр. 8000ге жакын айлык алам.Кече жакында бир мугалимдин болничный листи келген экен коп экен,айлыгы да сакталыптыр.
Мыйзам боюнча кандай болушу керек? Жооп берип койунуздарчы?
Менин билишимче, айлык акынын сакталышы больничный алган учурда ошол адамдын эмгек стажынан коз каранды. стаж 10 жылдан ашса 10 кундук бюллетень толугу менен толонот болуш керек эле, андан коп кун болсо % кармалса керек эле...
#3 23 Май 2016 - 12:55
Mahabatym... (11 Май 2016 - 22:49) жазган:
Саламатсыздарбы? Мен башталгыч класстын мугалимимин. Декабрда кызым ооруп ооруканага жатууга туура келди. 7 кунго бюллетень алгам. Айлык маянам аз чыкты,болничный листке болсо 560 сом чыгыптыр. 8000ге жакын айлык алам.Кече жакында бир мугалимдин болничный листи келген экен коп экен,айлыгы да сакталыптыр. Мыйзам боюнча кандай болушу керек? Жооп берип койунуздарчы?
Суроого КРнын Блим берүү жана илим министрлигинин бухгалтердик эсеп жана отчёттуулук бөлүмүнүн башчысы Бегайым Мураталиева жооп берди:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11 ноябрдагы №272-жобосунун (убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө) негизинде иш алып барат.
Мыйзамдын негизинде мугалимдин ден соолугуна байланыштуу эмгек өргүүгө чыккан күндөн тартып, акыркы 3 айлык маянасын 3 бөлүп, айлык маянанын орточо эсеби чыгарылат. Андан соң орто эсеп менен чыккан маянаны кайсы айда ден соолукка байланыштуу эмгек өргүүсүнө чыккан болсо, ошол айдын жумуш күндөрүнө бөлүнөт. Чыккан сумманы канча күн эмгек өргүүгө чыккан болсо (мисалы 7 күн дейли), ошончо күнгө көбөйтүп, эмгекке жарамсыздык акысы накталай чыгат. Мугалимдин эмгек тажрыйбасына карата акы төлөнүшү керек. Мыйзамдын негизинде мугалимдердин 8 жылдан жогору эмгек тажрыйбасы бар болсо, ага эмгекке жарамсыздык акысы 100 пайыз, ал эми тажрыйбасы андан азыраактарга 60 пайызы гана төлөнөт.
Баракча 1 - 1